№550 17-май-23-май, 2013-ж
Май айынын ортосунда Казакстандын Тараз шаарында казак композитору Алтынбек Коразбаевдин ырларын аткаруу боюнча эл аралык сынак болуп өттү. Сынакка Кыргызстандан Султан Садыралиев менен Ильяз Абдыразаков барып катышып, Султан олжолуу кайтты. 40 катышуучунун ичинен биринчиликти багындырган ырчы мырза «Мыкты аткаруучу» деген дипломго жана акчалай сыйлыкка ээ болуптур. «Сынактын шартына ылайык, Алтынбек Коразбаевдин репертуарынан эки, кыргызча ырлардан «Жамгыр төктү» менен «Гүзал кызды» аткарып бердим. Сынак абдан кызыктуу болду»,- дейт утушунун суммасын сыр туткан Султан.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |