БААТЫР КАЙТЫП КЕЛГЕНДЕЙ ЖЕ БАЯМАНДЫН ЖЭЭНИ ЧЕМПИОН!

№550 17-май-23-май, 2013-ж

МАЙ АЙЫ КҮРӨШТҮН ТАГДЫРЫН ӨЗГӨРТӨБҮ?
Үстүбүздөгү жылдын май айы күрөштүн тарыхында жазылып калмакчы. Анткени 18-майда Москвада FILA`нын (Эл аралык күрөш федерациясы) кезектеги отурумунда жаңы президент шайланат жана классикалык күрөштүн атайын иштелип чыккан жоболору бекитилет. 30-майда болсо ЭОКтун (Эл аралык олимпиада комитети) аткаруу комитети күрөштү Олимпиада оюндарынын курамында калтыруу же алып салуу боюнча жыл башында козголгон маселени карап, акыркы чечимди чыгарат. Учурда дүйнөдө күрөштү сактап калууну каалаган мамлекеттер атайын мелдештерди уюштуруп жатышат. Ал эми күрөш өнөрүн аздектеген Кыргызстанда ала жаздан тарта эле уюшулуп келет. Бул мелдештердин бири 9-май күнү Ноокат районундагы Сахаба кыштагында орун алып, Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына арналды.

САХАБА – КҮРӨШТҮН БОРБОРУ
Ноокат районундагы Сахаба гүлбагын уксаңыз керек? Пайгамбар жашаган заманда ислам динин жайылтуу максатында анын сахабалары келип түшкөн экен. Кийин ушундай аталышты алып, ыйык жерлердин катарына кирген. Сахаба 6 жылдан бери жылына бир ирет өлкөдөгү күрөштүн борборуна айланат. Бул жерде быйыл 6-ирет бел боо күрөшү боюнча расмий эмес түрдө Азия чемпиондугу өттү. Мелдешти ЖКнын депутаты Алтынбек Сулайманов демилгелеп, жыл сайын өткөрүп келет. Бул жылкы мелдешке Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан чогулган 300гө чукул балбан катышты.

БЫЙЫЛ 10 000 АДАМ ЧОГУЛДУ
Мелдеш 80 килограмм салмактык бөлүккө чейин жана 100 килограмм салмактан өйдөкүлөр арасында орун алды. Башкы байгеге коюлган 2 унаа жеңүүчүсүн күн аркан бою көтөрүлгөндөн тарта тээ күн баткан убакка чейин ушул салмактар боюнча күтүп турду. Сүрөөн дегенди Ноокат элинен үйрөнсөк болчудай.
Алгач бардык балбандар олимпиадалык систем боюнча чүчүкулактын негизинде атаандаштарын тапты. Анан утулгандар улам унаа утууга болгон мүмкүнчүлүгүн жоготуп, күчтүүлөр иргеле берди. Сахабадагы чакан стадион калпакчан кыргыз улутундагы жарандарга жана топу кийген өзбек туугандарга жык-жыйма толуп, мелдешке так эмес маалыматтарга караганда, 10 000 киши күбө болду.

КӨП МЕЛДЕШТИ УТУП КЕЛГЕН НУРБЕК
Күн козголуп ордунан жыла берди. Бирок тегерек аянтчада күрөшүп жаткан балбандарды жардана карап турган эл ордунан жылбады. Тээ күн батарда барып мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. 80 килограммга чейинки салмакта Ноокаттын кулуну Мирбек Карабаев чемпион аталса, абсолюттук салмакта чемпиондук айтылуу Баямандын жээни Нурбек Акановго тийди. Акановдун жеңишин эл «Баяман тирилип келгендей болду. Азамат!» деп кабылдап, катуу сүрөп турушту. Тажикстандан келген балбандар да жеңишке жакын болчу. Бирок өз үйүндө намысты бере коё турган түрү жок кыргыз жигиттери аларды финалга да жеткирбеди. Улам уу-дуу жарылып жаткан элдин сүрөөнү да конокторду баш байгеге коюлган Ауди жана Одиссей унааларынан куру калтырып, эки унаанын тең Ош жергесинде калуусуна шарт түздү.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(32)
20.05.2013. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын, былтыркы жылы да ушул жигит утуп алган.
20.05.2013. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азамат! Баяман тируусундо ала чапандар машине сатып алышса уруксат сурап анан алышчу деген кептер бар, эми тайкесинин жолун жолдосун деген илгери умут.
20.05.2013. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Кучагы толгон ооматка куш келипсинер Ноокатка" Ноокат менен сыймыктанам!
20.05.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коз тийбесин онорун оркундой берсин
20.05.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Красавчик алга дайыма алдыга кыргыздан башка улуттарды баш көтөрбөй турган кыл
20.05.2013. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын оркундой бер алга.
20.05.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мынакей чыныгы кыргыздар!!! Анча мынча биринчи сорттогу кыргыз сезген адамдарга караганда кобуроок куйгон кишилер. Таза кыргызча суйлогон кыргыз эмес, иш жузундо куйгонун корсоткон адам кыргыз!!! Ызы чууларды, кооп бараткан туугандарды жайына койгон балдар ошолор. Кээ бирлерине окшоп кыпкыргыз эле адамды душманындай жаман коруп, жерлигине карап мамиле кылбайт бизде. Намысты бизде башка элдин алдында коргойт, кыргыз кыргыздын алдында эмес. Молодцы балдар!!!
20.05.2013. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bzкgn Кощулам.
20.05.2013. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул эле жакшы эмеспи, жанагы панкратионду коюп.
20.05.2013. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бали оркундой бер осо бер!
20.05.2013. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эр тагасын тартат дейт,азаматсын!!!!
Тиги аксакалдарыбызда кыйынго,соз жок!!!!
20.05.2013. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Нурбек!!!!
21.05.2013. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз нурбек аке алга кара-дарыя
21.05.2013. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар чыныгы кара кучту балбандар.
21.05.2013. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар!ушундай азаматтар кыргыз элимде коп болсо экен.Баяамандын жолун жолдосун.
22.05.2013. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат кыргыздын чыныгы уулу.
22.05.2013. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балбанды картайганда кор.
22.05.2013. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нокат ели балбандарга бай келет бирок чучук емне екенин билишпейт мына сага кыргыз
24.05.2013. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгы эмес болуш керек.
22.05.2013. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жигиттер!!!
23.05.2013. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул куроштун видеосунда жуктоп койгулачы
23.05.2013. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baha100117,
Саламатсызбы! Тилекке каршы видеосу тартылган эмес.
23.05.2013. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат кыргызстандын афтартетин тушурбой,ушундай патриот жигиттер кобойо берсин.
24.05.2013. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар, кыргыздын желегин желбиретчуу жигиттер экен.
25.05.2013. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурбек аке Ноокатан эмес Джалал-Абад Кара-Дарыядан болот.
25.05.2013. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ernis.94, Саламатсызбы!
Ноокаттын кулуну деп Мирбек Карабаев жазылган.
26.05.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал-Абадбы Ноокатбы баарибир кыргызго.мынча эле болнунуп кетесинер.Нурбек ийгилик сага.кудай сени колдосун 37-ирет унаа утту десе оозум ачылды.Оштуктар кыйынбызда ушундай.
26.05.2013. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Algan baigener kut bolsun, jakshylyktarga gana buirusun!!!
26.05.2013. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар дайым ушунсунан жазбасын,ийгилик каалайм.
27.05.2013. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар балдарым,Силерди кудайым суук коздон сактасын! Кыргыздын намсысына жарай бергиле!
19.06.2013. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Дублер палбан
24.06.2013. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нурбек брат алга карадарья!!!!!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо