БАШЫМДЫ ИЙДИМ, МЕНДЕГИ ТИРҮҮЛҮККӨ…

№550 17-май-23-май, 2013-ж

Аял жан жаратып, өмүр берет. Айрымдарды ыйлатып, ал, балким, түбөлүк арман болуп кала берет. Кимдир бирөөнүн очогун бузуп, тагдырынын таш-талканын чыгаргандар да жок эмес. Аялдардын дал ушундай ар түрдүү кырдаалы, кыялы акындардын ыр сабында.

«КҮН БАЛА»
Фатима Абдалова
Жүрөгүмдүн астына жүрөк бүттү,
Жүз тамылжып, аялуу сезим үрктү.
Колум менен өпкүлөп сонуркадым,
Колум менен тыңшадым кош жүрөктү.
Кош жүрөктүү болупмун чогуу соккон,
Эне сезип, эзилдим Улуу Жолго.
Өзүмө өзүм ичимден куттук айттым,
Бир керемет кубантып акты бойдо.
Өзүм үчүн жашаган күндөр бүттү,
Карбаластап кам көрдүм Улуу Күнгө.
Балам үчүн өзүмдү аяй түштүм,
Башымды ийдим, мендеги тирүүлүккө.
Көрбөй жатып көзүңдү сүйдүм сени,
Тепкилесең, элжиреп күлкүм келди.
Сыймык артып сыладым курсагымды,
Мен көтөрүп тургандай Улуу Жерди.

«ӨКҮНҮЧ»
Сатывалды Сайпидин уулу
Муңдуу пери, көзүнөн тамчы кулап,
Карт даракка жөлөнүп ойлуу турат.
Сулуу жүзү, көзүнөн аккан жашы,
Байкаган ар бир жандын оюн бурат.
Ыйлайт пери, кулаган жашын сезбей,
Жүрөк согот өкүнгөнсүп улам тездей.
Аттиң, ай, жыргал күндөр кайтар бекен,
Сагындырган ойлору жок бала кездей.
Төрт күн болду, наристесин таштаган,
Кутулдум деп жаңы жашоо баштаган.
Түшкө кирип наристеси бейкүнөө,
Уктай албай, ыйлап көзүн жаштаган.
Эмне кылат, кандай арга табылат?
Кайра алса, ал каран түнгө кабылат.
«Кыз кезинде төрөп салган кыз да» деп,
Бир өмүрү жек көрүүгө кабылат.
Жардам берчи бир пендеңе, Жараткан,
Күндөн-күнгө өңдөн азып бараткан.
Ыраазы болом, эмчегимди эмизип,
Жок дегенде бир түн бала каратсаң. 

«ЭХ, АЙБАНДАР,КЫРГЫЗ КЫЗЫН САБАГАН»
Эх, жырткычтар, акылы жок айбандар,
Кыргыз болуп, адепсиздик жайгандар.Мыкаачылык – патриоттук эмес бул,
Мындай кылбайт эл деп башын сайгандар.
Көз көрүнөө зордук кылган аялга,
Эй, бурадар, сөзүмдү укчу, аярла.
Байкасаңар, силер тепкен топ эмес,
Биз сыйлаган ал ыйык зат аял да!
Кандай барды ошол буттар тепкенге?
Жарабайт го ошол колдор кетменге.
Кыргыз болсо салым кошот беле дейм,
Жакшылыктын үрөндөрүн сепкенге.
Эй, акмактар, бычак менен ойногон,
Силер, чөөлөр, өзүн арстан ойлогон.
Кыргызымда кол көтөрбөйт аялга,
Жылансыңар ичтен чыгып сойлогон.
Ойлодуңбу тагдырын сен ал кыздын?
Уят кылдың, аялзатын кыргыздын.
Кайда кетти кадырлоочу аялды,
Урпактары Манас менен Чыңгыздын?
Эй, бейадеп, оозу жаман булганган,
Из жашырып, динди бетке чулганган.
Айбансыңар, силер кыргыз уулу эмес,
Намыс деген улуу заттан кур калган!...

«АЙЫМАЙ БУЛАК»
Шайлообек Дүйшеев
Үкү түнгө нурлары агып Айдын,
Үлп эткенде айылга жарык айдың.
Үлбүл-үлбүл акемди азгырган үй,
Үйү болчу жароокер Айымайдын.
Үйдүн үстү гүл өндүр булак эле,
Үйгө акем, булакка ат кумар эле.
Аркы өйүздө дүкөнчү бойдок келин,
Айымай, ай, чүрөктөй жубан эле.
Багелекти суу кылып ала качып,
Бара калсам, колумдан алып басып.
«Акжалыңар үйдөбү?» дечү менден,
Чөнтөгүмө момпосуй салып жатып.
Айдын жолун махабат улаганын,
Агыш таңга шүүдүрүм кулаганын.
Айымайдын мен анда кайдан билдим,
Акжал эмес, акемди сураганын?..
Деп келишчү келиндер жайып айыбын,
Дебейсиңби: «Аныңды алып алгын!»
Деп келишчү келиндер: «Билесиңби,
Атын көрдүк үйүнөн Айымайдын».
Атын кээде шылтоолоп сугарууга,
Акем кетчү Айымай булагына.
Жеңем, жеңем… Бирок негедир коргой берчү,
Жел сөздөрдү жеткирбей кулагына.
Алтын жеңем… Жарк этип күлүп эле,Акем болсо дооранын сүрүп эле.
Айымайдын үйүнө кетип калчу,
А деп, бу деп урушпай жүрүп эле.
Акем кетчү жөн кетпей атын алып,
Жеңем ишке киришчү жашып алып.
Чочулачу белем же бактысынан,
Чогулта албай калчудай чачып алып.
«Асек кетти» деген сөз «катын алып»,
Аркы өйүздөн бүйүзгө ташып агып.
Алты айдан соң үйүнөн Айымайдын,
Акем кайра келчү эле атын алып.
Ушак жүргөн жолдордон чаң учурбай,
Ушул үйдүн абийири, намысындай.
Жашай берди жеңем да, Айымай да,
Жатындашка баш кошкон абысындай...

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(21)
20.05.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элибизде талант коп ээ. Онорунор оркундой берсин чыныгы жашоодон алынган
20.05.2013. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
" эх айбандар кырзыз кызын сабаган " деген эн туура жазыптыр.
20.05.2013. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатышты мен тааныймын, аябай калеми курч жигит, талантын ташкындай берсин,сага чыгармачылык ийгиликтери каалап кетемин,азаматсын, баракелде...
20.05.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сат сат сат сат сааааааааат! дегендин переводун таптым
20.05.2013. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сат! это Продал или продай!
Горныйю чистую воду продай!
Жемчуженй озеро продай!
Сны свои продай!
если есть блохи у тебя их тоже продай!
весь скот даже собкау продай!
Если карман уже дрявый то уже золотой зуб продай! рукава костюма продай!
Невестки продайте девственость!

куплет!
ПРОДАЙ! ПРОДАЙ ПРОДАЙ!
ЕСЛИ ЗАКОНЧИТСЯ ЗОЛОТО У ТЕБЯ!
ПРОДАЙ ЫСЫКУЛЬСКУЮ ЗЕМЛЮЮ!
ЕСЛИ СКАЖУТ ПРОДАЙ ОПТОМ ТО И НАРОД ТОЖЕ ПРОД
20.05.2013. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Продай продай всё продай!
Хлеб картошку всё продай,
Может быт разбогатеешь?!
Кровь и душу всё отдай!
А не это, ту продай
За чмок щёку ты отдай.
Раздели овец своих
Продавай разделив дом.
Продавай ты прах костра
Если нечего продать
«ЭХ мой НАРОД!»

Продай, Волосы свои из подмышек.
20.05.2013. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шекербек рэперсинго тим эле класс...онорун куч екен туптура айтын..братан..
22.05.2013. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sobr_89kG, бул ырдын кыргызчасы илгери эле бар болчу. Аксылык жигиттики.
20.05.2013. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сабагандар айбан болсо, а эки минуталык кумарга намысын арнагандар ким болот?!
21.05.2013. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлообек Дуйшеевдин ырлары абдан жагат. Укмуш жазат.
21.05.2013. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч убакта энелер балага зар болбосун!
22.05.2013. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатывалды Сайпидин уулу менин жердеш акем болот. Ырлары соонун. Ушинтип супер инфого ырларды жарыялап турса соонун болмок.
22.05.2013. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кунөө койбо, күнөөсү жок заманга.
Кайгы келет, ыйманы жок жаманга.
Кейип турсаң, кудай берген өмүргө.
Катып койот, сендейди кир таманга.

Каниет кыл, азга дагы кубанып.
Күндөр өтөт, бир-бирине уланып.
Көпкөндөрдүн көзүн басып ала чаң.
Кези келсе, калат сазга чыланып..

Сабыр түбү сары алтындан жасалып
22.05.2013. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shekerbek ырындын катасын карап чыксан болмок жонотоордун алдында.
22.05.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
PROS ко мен дагы кошулам, чындап эле ошол 2 муноттук кумар менен озунун арын кордоткондору аз келгенсип, улуттун намысын тебелеп жатышпайбы. Адепсиздикти, кир-ыплас иштерди жасап анан ага демократиянын козу менен жооп издоо Кыргыз учун конумуш адат бирок кыргыздын улуттук ар-намысы эч кандай буга жол бербейт жа батыштын кулкулуу саясий демократиясы, кыргыздын каада-салт,урп-адат,адеп-ахлагынын жанында бир тыйынчылыкка да арзыбайт!!!
23.05.2013. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлообек Дуйшеев, Сатывалды аганы жакшы тааныйм, Калеми курч мыкты агалар
23.05.2013. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи жазылган ыр саптары эн сонун экен окуп жатып тим эле мурашки побежали. Мен жаза турчу создор экен аттин талантым жокда
23.05.2013. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мусулмандар бирини бирин жамандап ,башкаларга уят болгондон ,уялыш керек
24.05.2013. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кун бала" деген чыгарма абдан жакты.Өзүм андай абалда болбосом да мага жакшы таасир калтырды.Ушундай чыгармалар көбөйө берсин.
29.05.2013. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатывалды байкенин ырларын окуп калдык. Тим эле жаттап алчу ырларды жазат экен.. "Күн бала" менен "Өкүнүч" аябай таасир этти. Фатима эженин, Шайлообек байкенин ырларын кайсы интернет булагынан окусак болот? Айтып коюңуздарчы, сураныч
11.06.2013. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жазылыптыр абдан курч жазылган азамат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо