Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨКМӨТ ЖООП БЕРЕТ

№550 17-май-23-май, 2013-ж

Урматтуу окурман, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Супер-Инфо» гезитиндеги «Өкмөт жооп берет» рубрикасына кайрылыңыз же www.super.kg порталына кирип, «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Соболдоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-22

«БААТЫР ЭНЕЛЕРГЕ КОШУМЧА ЖӨЛӨКПУЛ БЕРИЛЕБИ?»
– Жашым 39да, жети балам бар. Күйөөмдүн, менин, улуу баламдын үлүшкө алынган 24 сотых жерибиз бар. Балдарыма жөлөкпул алам, кошумча дагы берилеби? Ошентип уктум эле.

Бактыкан Айтиева, Араван

– Баатыр энелердин чектелген пенсияларына кошумча үстөк чектөөгө мамлекетке сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия бел­гилөө боюнча комиссиянын чечими керек болот. Ошондой эле пенсиялык камсыздандырууга укугу жок болгон пенсия курагына жеткен Баатыр энелерге 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул каралган.

«ЧЕРНОБЫЛЬ КАТЫШУУЧУЛАРЫ БАЛА БАГЫП АЛСА ЖЕҢИЛДИКТЕР БОЛОБУ?»
– Күйөөм Чернобыль окуясынын катышуучусу, жакында бала багып алганбыз. Же­ңил­диктер болобу?

– Чернобыль окуясына катышкан адамдардын 18 жашка че­йинки балдары үчүн ата-энеси ра­дио­активдүү нурланышынын мүмкүн болгон генетикалык кесепети менен шартталган тукум кууган оорулар болгон учурда жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация дайындалат.
Ал эми багып алган балдарга жеңилдиктер каралган эмес.

«4 ЖЫЛДАН БЕРИ БААТЫР ЭНЕ СТАТУСУН БЕРБЕЙ ЖАТЫШАТ»
– 4 жылдан бери Баатыр эне статусун ала албай келем. Кандай документтер керек? Кантип алам?

Айзат Арзымканова, Кочкор району

– Мыйзамга ылайык, «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жөнүндөгү расмий өтүнмө айылдык, райондук, облустук кеңештер менен макулдашкандан кийин сыйлоо жөнүндөгү расмий өтүнмөнү керектүү документтер менен облмамадминистрацияга, алар президенттин алдындагы сыйлоо боюнча комиссиянын кароосуна жө­нө­түшөт.
«Баатыр эне» ордени менен сыйлоодо аскердик, кызматтык жана жарандык милдетин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон, ошондой эле мындай учурда алган жарадарлыктан, мертинүүгө учуроодон же ооруга чалдыгуудан, болбосо эмгектик мертинүүгө учуроодон же кесиптик ооруга чалдыгуунун кесепетинен өлгөн балдары эске алынат.

«2-ТОПТОГУ МАЙЫПТАРГА КАНДАЙ ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛГАН?»
– 2-топтогу майыпмын. Жарыктын төлөмдөрү, курорт, транспорт акылары боюнча же­ңилдиктер каралганбы?

Токтогул Султаналиев

– Өкмөттүн токтомунун негизинде, медициналык көрсөтмөгө ылайык, беш жылда бир жолу республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен II-топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 50 пайыз жеңилдик каралган.
Жолдомону алууда жарандар туруктуу жашаган жериндеги социалдык өнүгүү башкармалыгына арызы жана дарыгердин атайын курортко багытталган маалым каты менен кайрылуусу зарыл.
Мындан тышкары бийик тоолуу шарттарда жашаган адамдарга электр энергиядан 50 пайыз жеңилдиктер менен төлөө жүр­гүзүлөт.

Суроолорго Социалдык камсыздоо департаментинин социалдык коргоо бөлүмүнүн башкы адиси М.Тургунбаева жооп берди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
11.06.2013. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балама 3 ай болгондо нике куболугун алганбыз, Ысыкколдо торогом баламды. Азыр Нарында жашайм. кантип балама метрика алам, жолдорун айтып койгулачы?
08.11.2013. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз ата энебиз менен чогуу жашайбыз уч балабыз бар куйоом экообуз иштебейбиз пособие албайбыз бизге болбойбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо