«УУРДАЛГАН» КЛИПТЕР ЖЕ ИДЕЯ ТҮГӨНҮП КАЛГАНДА...

№550 17-май-23-май, 2013-ж

Мындан 10-20 жыл илгери аска-тоонун башында, көк жайытта артисттер ырдап, клиптерин тартышчу эле. Андан бери заман өзгөрүп, клиптер сюжет камтып, улам жаңыланып чыгып келатат. Анан да кээде чет өлкөнүн клиптеринен «чымчып үзүп» алып, өзүнүкүнө кошуп алмайлар көбөйдү.

ДАНИЯР МЕНЕН ЭНРИКЕНИ ЖАКЫНДАТКАН КЛИП
Данияр Эрматовдун «Сага» аттуу клибинин идеясы клипмейкер Эрнист Сыдыковго таандык. Бир көргөндө оригиналдуу жаралган бул клип super.kg порталына жүк­төлөрү менен «плагиат» деген чабуулга кабылды. «Чын эле Эрнист бирөөнүн идея­сын уурдады беле?» деп эл окшоштуруп жаткан Энрике Иглесиас­тын «Сен билесиңби?» («Do you know?») ырынын клибине көз салып көрдүк. Балким, дал келүүбү же чын эле идея «уурдалганбы», айтор, эки клипте тең үч жигит отуруп алып жаңы клиптин сценарийин ойлоп табуу менен алек болот. Ал эле эмес, биринин идеясы бирине жакпай, изденгендери, достордун талкуусунан клип жаралганы коёндой окшош тура, тобо! Испан ырчысы Энрике Даниярдын «Сага» деген клибин көрүп таасирленгенби дейин десек, ал качанкы клип. Сыягы, клиптерди катарынан тарта берип Эрнистте идея түгөнүп калган окшойт.

ЖИГИТТИ ОТУРГУЧКА БАЙЛАГАН МОДАБЫ?
«Кыз-Бурак» тобунун ырчысы Аида Маканбаеванын «Таарынба» аттуу клибин көрдүңүз беле? Ошол клипти көрсөм эле мурун бир жерден көргөндөй ой жарала берчү. Көпкө ойлонуп-толгонуп отуруп кайдан көр­гөнүмдү эстедим. Орусиялык ди-джей Леонид Руденконун «Баары» («Everybody») аттуу клибин көрсөңүз керек, бир жигитти тегеректеп бир топ кыз айласын кетирет эмеспи. Дал ошол клиптин айрым жерлери «Таарынба» клибинде көрүнүп турат. Болгону Руденконукунда жарым жылаңач көп кыздар жигитти отургучка байлап алып, алдында ырдап-чоордоп жыргай беришсе, Аида тушалган жигитти өзү эле тегеренип жыргай берет. Клипмейкерлерде жигиттерди отургучка байлаган мода окшойт.

ЖӨНӨКӨЙ БАЛА МЕНЕН БАЙ КЫЗДЫН СҮЙҮҮСҮ
Нурмат Садыров «Мен сүйгөн менен пайда жок» деп сыздап отуруп жаңы идеяга убакыт таппай калганбы же жалкоолукка алдырып койгонбу? Ырчынын аталган клибинен орусиялык «Звери» тобунун «Жолукканча» («До скорой встречи») аттуу клибинин «жыты» уруп, окшошуп турат. Эки клипте тең негизги ролдогу бала унаа оңдоп иштейт, колунда бар кызга ашык болуп калат. Көп убакытка чейин чындык ачыкка чыкпай, сүйгөнүнө бай адам болуп көрүнгүсү келген жигиттин сыры акырында ачылат. Нурмат орустардын клиптерин такыр көрбөйбү же биздин клипмейкерлер чет өлкөнүкүндөй ойлонуп калышканбы, айтыш кыйын. Плагиат десе эле идеяны «уурдап», жаңылык деле кылбаган турбайбы деп ойлобоңуздар, клипте башка кошумчалар деле бар.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(11)
20.05.2013. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клиптин озогу табылса, кошумчасын ар ким ар кандай кошо берет экен да.
20.05.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
osobenno nurmat sadirovtuku
20.05.2013. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик Сынчыдан оттуб сындабсыздарго.Сиздер суперсиздер суперчилер.
20.05.2013. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми азыркы мезгилде коп ырчылар биздин 20-кылымдагы залкар,атактууларыбыздын Ырдын-пири Ырыспай, Асанкалый, АКсуубай, Туголбай ж.б эмгегинин натыйжасында нанын таап жеп жатышат, бешенелери бар экен же болбосо тигинтип клиптерди уурдашып дегендей ;) Эми арасынла бар созун да обонун да элдин табитине ылайык кылып эмгектенгендер, алар деле аз коп болсо 10го чамалуу.
20.05.2013. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боорду эздинер супер! суперсинер!
20.05.2013. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аида озу эле жалгыз жыргай берет деген жерине кулуп алдым
21.05.2013. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окшоштуктар болот да.кызыктуурак нерсе табылбадывы.мен ийлопмун клиптин башынан аягына чеин окшойт деп.
22.05.2013. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойлой турган идея деле калбады окшойт! эми бул сын келээрки клиптерине жардам берет болсо керек.
23.05.2013. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул клипти одноклассникте дос кызым коруп Эрнист аке комментари жазат бул орус группасы Зверинин клипин эле тартып коюпсуз деп,анан Эрнист аке комментариге жооп бербей аны очуруп дос кызымды черный списокко киргизип салган??? Эрнист аке жакшы тартат бирок коп клиптер чет элдин клиптерине окшош!
27.05.2013. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фантазерлор кыргызстанда ото аз
жокко эсе
фантазерлор негизи идеямды уурдап алыптыр деп коркпойт алар себеби башкасын кайрале тузуп алыша
14.07.2013. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akrosa, акыйкат соз! =)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо