КАРГАШАЛУУ КЕСИП

№550 17-май-23-май, 2013-ж

Алим бири-биринен өткөн шылуун жигиттерди карап туруп чочуп жатты. Мээсинде "каап, бекер эле келген окшойм" деген өкүнүч сызылып өттү. Бирок акчанын тартыштыгы, анан калса таанышы Сабиттин үндөөсү мында келгенге аргасыз кылган эле. "Сен ал бизнести тез эле өздөштүрүп кетесиң. Баары эле сага окшогон балдар. Алгач алардын ишенимине кириш үчүн иштейсиң, анан сага да "доля" бөлүнө баштайт. Мен ал иштен чыгып жатам. Өзүңө окшогон жигиттерден таап кел дешкенинен сага келдим. Болбосо кароолчунун акчасы менен канчага чейин чыдамак элең?" деп көндүргөн эле Сабит.
Мына ошондуктан булардын жашыруун чогулган жерине келип отурат. Тиги үчөө өздөрүнчө күбүрөшүп ортодогу акчаларды бөлүшүп бүткөн соң гана селдейип турган жигитке көз жүгүртүштү.
– Кел, дос, Сабитжан өзү келбейм дедиби?
– ...
Бөлмөдөгүлөр өзүн сынай карап жатышканын сезген жигит жини келе түштү. "Булар эмне мынча мени жеп жиберчүдөй карашат?"
– Атың ким?
– Алим.
– Кайда иштечү элең?
– Окуйм, анан кароолчу болуп иштейм.– Окуйм дечи?!
Бири-бирине карап алышты. Анан улуураагы сөз баштады.
– Алим, биздин ишибиз жөнүндө Сабит айтып бергендир. Бизди "куурайчылар" деп коюшат. Баңгизат сатып оокат кылабыз. Шаардагы белгилүү "точкалар" биздин колдо. "Заманың бөрү болсо бөрү бол" деп койчу беле... Биздики да ошондой. Сен эң биринчи биздин ишенимибизге киришиң керек. Азыр "клиент топтогонду" үйрөнүп башта, андан кийин "товар сүрүп келгенди" үйрөнөсүң.
Алим мостоюп угуп жатты. Эшикти «тарс» жаап кетип калайын деп барып, кичинекей карындашын, оорулуу апасын ойлоп токтоду.
– Түшүндүңбү, балакай?
 Алим "түшүндүм" дегендей башын ийкеп чыгып кетти.
Чатак ойдо жок жерден чыкты. Көлдөн алып келишкен "долянын" эсебин таба албай  бирин-бири жеп жиберчүдөй болуп турганда Алим кирип келди.
– Ана, эч нерсени билбеген кишидей болуп келе калганын... Ушул келгенден бери ишибиз жүрүшпөй калды,- деди ызырына  маңдайына келген Расул аттуу жигит.
– Эмне-е?!
Алимди ээктен ары уруп жиберди Расул. Башкалары да жабыла Алимди тепкилеп киришти. Эч нерсени түшүнбөй калган Алим ызадан буулугуп чыкты. Расул атайылап жалаа жаап,
кутум иш ойлоп турганын сезе койду.
– Эмне кылыптырмын силерге? Энтиге дем алып суроо узатты.
– Алим, сен бизге карыз болуп калдың, иничек.
– Кандайча?
– Ошондойчо! Мына булардын баары айтып жатышат. Сен саткан  "товардын" акчасы  чыкпай жатат. 100 миң сом.
Оозуна сөз кирбей отуруп калды.
– Ошо, балакай, көрсө, колуңдан келбеген ишке чарпылып алган экенсиң. Эми акчаны төк... Эки күндөн кийин акчаны алып кел же болбосо бизден жакшылык үмүт кылба.
Баары мелтейип карап турушту. Бир нерсе деп каяша айтса, бул жерден соо чыгарышпасын билет. Шалдайып эшикти көздөй басты.
Айтылган эки күн өттү. Ошол күнү короосуна жакындап калганда кимдир бирөө ыйлап жатканын укту. Жакындаган сайын жанагы ый катуулап угула баштады. Тыңшаса карындашы
Наргизанын үнүнө окшош. Кирип барды да, денеси дүркүрөй түштү. Карындашы жарым жылаңач болуп, чачтары жазылып, ыйлап отурган экен.
– Наргиз...
Башын көтөргөн кыз агасын көргөндө денесин тытылган көйнөктөрү менен жаба салды. Каны башына тээп чыкты Алимдин.
– Ким кылды?! Ким?! Азыр өлтүрөм! Айт деп жатам! 
Кыз онтоп алды.
– Билбейм, университеттен чыгып келе жаткам. Тааныбайм. Байкеңдин карызы үчүн дешти...
Алимдин бүткөн бою солкулдап кетти. Жерди муштап жиберди да, үйгө чуркап кирди. Көзүнө атасынан калган мергенчи мылтык урунду. Төрдө илинип турган жеринен жулуп алды да, караңгы түндө жүгүрүп жөнөдү. Таксиден жулунуп түштү. Калтылдаган колдору менен айдоочуга акчаны берди да, чуркап жөнөдү.
Өңү купкуу болуп мылтык кармап кирип барган Алимди көрүп ордуларынан тура калышты.
– Эй-й...
Селдейген калыбында баары катып калышты.
– Карызымдан кутулайын деп келдим,- деди кекээр жылмайган Алим.
Калтаарыган жигиттердин арасынан Расулду жана дагы өзүн өчү бардай тепкилеген жигиттердин бирин тааныды. Тарс-тарс... Эстерин жыйганча экөө эки жерге жыгылып түштү.
Кыйкырып жиберген жигиттерди, өзүн корко караган кыздарды карап туруп эмне кылып жибергенин түшүндү. Көзүнө боздогон апасы, темир тордун артында өтчү күндөрү элестей калды. "Жок, антип жашагыча өзүмдү..." деди да, мылтыктын оозун өзүнө каратты. Бир нерсени кыйбай жаткандай терезеге акыркы жолу көз жиберип алды да, мылтыктын машасын басып калды. Ал өзүнө өкүмдү өзү чыгарып, эки өлүктүн жанына кулап түштү.

Асия Алиева
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(15)
20.05.2013. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлонбой жасалган кадамдын акыры ушундай болот го дейм
20.05.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ, жаман болгон экен.
20.05.2013. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eeex... okunuchtuu okuya eken... arkandy uzuun tawtap, jeti olchop bir keskende myndai bolboit bele...
20.05.2013. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оной оокат аш болбойт
20.05.2013. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне дешти да билбей турам. Аянычтуу окуя экен. Кайдан да кирип окуй калдым эле, журогум ооруп чыкты:(
20.05.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baykuw jigit! Owon uchun dostukka iwenbeym da!
20.05.2013. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карындашы эмне болот эми
20.05.2013. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каракулжада болгон окуя го
20.05.2013. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх,эх,арам тамак аш болбойт!!!
21.05.2013. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уй булосуно эле кыйын
21.05.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон учун тапканын арамдан эмес,адалдан болсун дейтта!
21.05.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туулдун калдын баалеге
21.05.2013. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мандай тер менен тапкан ашка жетпейт да! Пенде болуп баарыбыз жанылабыз, бизге берген ыйман жолун бат эле унутабыз! Жамандан болгону сабак алып, алыс болуу ар бирибизге тийиш! Илгертеден намыс, абийирдин баасы олум менен тен келген!ошон учун кыздар абийирин бийик тутуп, зоокур айбандар карындаш, эжелерин ойлоп койсо!
23.05.2013. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундон-кунго оорлогон жашоо кандай гана кадамдарга алып барбайт, жаман болуптур, карындашы менен апасын боздоткон бойдон кете берген тура. Ал эми жанагы куурайчылардын арты суюлбас болду го.
07.06.2013. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Блин, окубай эле койбой! :-(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо