ҮЧ НАРИСТЕНИ ӨЛҮМДӨН АЛЫП КАЛГАН ОКУУЧУЛАР

№551 24-май-30-май, 2013-ж

Ата-энелер «барбайсың, ай, барбайсың» деп урушкан отуруштун деле кээде пайдасы тийип калат тура. «Эмнеге?» дебейсизби. Анткени Ош шаарында 7-класстын окуучулары классташ кызынын үйүнө туулган күн кечесине барып, каналда агып бараткан үч кичине баланы куткарып калышкан. Окуяга кененирээк токтолсок...

«ЧОҢ АДАМДАР СҮЗӨ АЛБАЙБЫЗ ДЕП КОЮШТУ»
Мектепте туулган күн сыяктуу кечелерге барууга тыюу салынгандыктан, Ош шаарындагы Ломоносов атындагы №3-мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучулары Южный кичи районуна классташ кызынын үйүнө күндүзгү саат 10дордо барышкан. Кечки саат 18дер чамасында отуруштан чыккан достор канал бойлоп келатышкан. Алар күндүн ысыгынан сууга түшсөкпү деп ойлошот. Анан ошол жерден сууда агып бара жаткан үч баланы көрүп калышат. Окуяны баатырлар минтип сүрөттөп беришти.

Азамат: – Алгач көргөнүбүздө булар да сууга түшүп жатышат го деп ойлодук. Карасак андай түрү жок, сууга чөгүп, кайра чыгып жатышат. Сүйүнтбек «булар агып баратышат, жардам берели» деп кыйкырып калды. Аны угарым менен сууга боюмду таштадым. Менин артымдан Сыймык деген досубуз түштү, экөөбүз бирден баланы тартып чыгып балдарга узаттык. Суу билинбегени менен аябай терең экен. Мени да тарта баштады. Бизди карап турган элди жардамга чакырсак, «сууда сүзө албайбыз» деп келбей коюшту. Үчүнчү баланы куткаруу кыйынга тургандыктан, балдарды чынжырча болуп кармашууга үндөдүм. Баарыбыз сегиз болчубуз, бири-бирибиздин колубузду кармашып, үчүнчү баланы да куткарып алдык.


Сыймык: – Балдар суу жутуп алышкан экен. Куткаруу кыйын болду. Үчүнчү балага жетип барып, дем алсын деп бир аз көтөрүп турдум. Мен көтөргөндө кусуп жиберди. Суунун күчүнөн алым кете баштап, мени да агызып кетмекчи болгондо келме келтирдим. Балдар эстерин жоготуп коюшуптур, биз 10 мүнөт кечиккенибизде өлүп калышмак. Арслан келип калып, колумдагы баланы жээкке алып чыгып, «Тез жардам» машинасына жеткирдик. Бети-башыбыз кусунду болуп калган. Көтөрүп келе жатсак балдардын оозунан суу агып жатат. Көп суу жутуп алышыптыр.


БАЛЫК КАРМАЙБЫЗ ДЕП КАНАЛГА КУЛАП КЕТИШКЕН
Сууга аккан балдардын экөөсү бир тууган ага-инилер. Бири 7 жашар, экинчиси 5 жашар. Ал эми үчүнчү бала алардын 4 жашар кошунасы болгон. Балдардын үйү менен каналдын аралыгы бир топ алыс. Ойноп жүрүп каналга келип калышат да, балык кармайбыз деп бирөөсү сууга кулап түшүп, бири-бирин куткарабыз деп үчөө тең агып кетишет.
Биз сууга аккан балдар менен баарлашууга барсак, коркуп калышканбы, жакшы сүйлөп бере алышпады. 7 жаштагы сууга аккан балдардын бири буларды айтып берди:

– Ганижан, ден соолугуң жакшыбы?
– Ооба, жакшы болуп калдым.

– Сууга кантип чөгүп кеттиң?
– Балык кармайлы дегенбиз. Биринчи бул түшүп кетти (инисин көрсөтүп), анан артынан мен түштүм. Менден кийин берки бала түштү. Бири-бирибизди куткарабыз деп ойлогонбуз, үчөөбүз тең агып кеттик.

«Бали, азаматтар!» деп айтканга арзыган бул өспүрүмдөргө балдардын ата-энеси өмүр бою алкыш айтары турган кеп. 21-май күнү ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгынын өкүлү Нурланбек Баймуратов шаардагы Ломоносов атындагы №3-орто мектепте чакан жыйын өткөрүп, мектептин 8 окуучусуна салтанаттуу түрдө Ардак грамоталарды тапшырды. Учурда балдардын абалы жакшы. «Мындан кийин каналга барып балык кармабайбыз» деп сөз беришүүдө.

Элира Чынтемир кызы
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(72)
28.05.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyngar baldar biz siler menen syimyktanabyz!
28.05.2013. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chon rahmat silerge, abdan jakshy ish kuluptursynar! Ushintip mekteptin, ui bulonordyn, jana kyrgyz elimdin syimugu bolup juro bergile, jana men ishenem kelechekte mykty azamattar bolup, elimdin dagy dagy kop keregine jaragan jigitteri bolosunar, Allah byursyn! Ozunordon kichiilorgo da uluularga da ulgu boluptyrsynar!
28.05.2013. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсынар кичинекей балапан канат баатырларым! Кыргызымдын сыймыгы болуп жургуло. Оркунунор оссун. АЛЛАХ ТАЛЛАМ колдосун.!!!
28.05.2013. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Сузгонду билбейбиз" деп оз жандарын ойлоп ,жардамга келбей койгон адамдар аман болсун.
28.05.2013. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен дагы бул балдарга аябай ыраазы болдум, макаланы окууп жатып аябай ыйлагым келди бар болгула садага болойундар бала деген бала да
28.05.2013. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла ыраазы болсун!
28.05.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат балдар, 2 уйго эрдигинер мн майрам тартууладынар!!! 3омурду сактоо бул баарынын колунан келе бербейт! азаматсынар
28.05.2013. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз агып кеткенде озбектер куткарбайт эле.
Модератор admin_media түзөттү 29.05.2013 10:09
30.05.2013. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adivai, 5 кол тен эмес, озбектин да жакшысы бар, жаманы бар, ынтымакта болсок эле баары жакшы болот.Аллах Таалам баарына ыйман нысап берсинч
28.05.2013. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Таала 2 дуйнодо ыраазы болсун, азаматтар чоон ишке жарапсынар.
29.05.2013. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар кыргыздын балдары ар дайым бири бирине жардам бериши керек,аллах ыраазы болсун силерге.
29.05.2013. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kydaim au jyrogym ooryp ketti okyp jatup..baldaribiz ar daim bar bolsyn...
29.05.2013. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsynar altyndarym,omurdu jaratkanym uzun bersin, aman bolgula!!!
29.05.2013. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыныгы кыргызымдын жигитери екен азаматсынар кудай силерге ыйман жана ушундай патирот жигитерибиз коп болсо дейм азамат
30.05.2013. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsynar bar bolgula ar daiym!
30.05.2013. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замандаштар!кыргыз,озбек деп ушу бир олумдон калган наристелерди да улутка болосунорбу?Ата Мекендик согушта деле немистин балдарын биздин чон аталарыбыз куткарышкан!кырсык каш-кабактын ортосунда,ал нерсе баарыбыздын башыбызда бар.Тооба келтиреличи!
30.05.2013. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атынарга жарашкан жигиттер экенсинер силердин ата эненерге рахмат кыргыздын чыгаан жигиттери алла раазы болсун
30.05.2013. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай азаматтарыбыз аман болушсун !Кыргызстандын келечеги кен экенине ишенип жатам мындай балдарды коруп .
30.05.2013. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар.
30.05.2013. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой азаматтаар! кыргызымдын жигиттери деген ушундай болот!!!
31.05.2013. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар Аллах раазы болсун
31.05.2013. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар балдар, силерге алкыш!!!
Ар дайым эл керегине жараган жаштардан боло беришинерге тилектешмин.
31.05.2013. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурлорун берсин Кудайым. Азаматтар бар болгула
31.05.2013. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы жигиттин ишин кылыптырсынар,Манас,Курманбек,Эртоштук,Чолпонбайлардын урпактары экенибизди унутпагыла.
01.06.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол аккан балдардын ата энеси уялышса керек, согушту баштаганын эстешип
01.06.2013. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле баатырлардын ишин кылыпсынар азаматтар
02.06.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтар
02.06.2013. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок жигиттерге...
02.06.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар жигиттер, Кыргыз жигитеринин баардыгы силердей болуп чоноё берсин.
03.06.2013. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adivai,
Сизге эскертүү!
Улутуна, динине жараша бөлүп жарууга тыюу салынат!
09.06.2013. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kelechekte kyrgyz elinin keregine jaragan patriot jigitterden bolup chonoigula! azamattar! bar bolgula!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо