«10 ЖЫЛДЫК – ОЙНОО, 20 ЖЫЛДЫК – СЫНДОО»

№551 24-май-30-май, 2013-ж

Мектеп уясынан алыс учуп, алда качан адам суктанчу бийиктикти багындырган чыгармачыл инсандар 10, 20 жылдыктарга камынып, балалыктын даамын бирге сызган классташтары менен чогулганы жатышат.

Мирбек Иманбеков:«КЛАССТАШТАР ОЙНОГОНУ БАРАТАБЫЗ»
– Мезгилдин учканын кара, минтип 10 жылды артка таштап, классташтардын жолугушуусуна камынып жатам. Негизи,
«10 жылдык – ойноо, 20 жылдык – сындашуу, 30 жылдык – сырдашуу» деп коёт эмеспи. Мына ошого биз ойногону баратабыз. Классташтар баарыбыз 15 миң сомдон топтомой болдук, максатыбыз – биздин ак бантик тагып, жанаша чоңойгон кыздарды, анан да акылын айткан эжекелерибизди мүмкүн болушунча сыйлоо. Алар үчүн атайын кече уюштурабыз, кийин Кара-Буура жайлоосуна эс алып келебиз. Жакшысы, ынтымактуу чоңойгонбуз, ошондуктан даярдык талапка жооп берчү деңгээлде. Учурдан пайдаланып менин класс жетекчим Бурма эжекемди куттуктагым келип турат, мына балапандарыңыз канат кагып кайра учуп келишмекчи.

Тынай Алыбаев:«ТЕНТЕКТИГИБИЗГЕ МУГАЛИМДЕР ЧЫДАЙ АЛБАЙТ ЭЛЕ»
– Эх, окуучулук кезимди эстесем, кадимкидей ичим жылый түшөт. Ал убактагы тентектигибизди айтпа. Класс жетекчилерибиз бизге чыдай албай, бат-бат эле алмаша берчү. Эми минтип белекке келгенде кимисине беришибизди билбей калдык (күлүп).
Классташтарым менен аябай жакшы катышып, кезигип турам. Алыска турмушка чыгып кеткен кыздар гана жолугушууларга келбей жатышкан. Бирок 20 жылдыкка баарыбыз чогулабыз деп чечтик. Кудайга шүгүр, колунда бар адамдарданбыз. Биз окуган Байтик айылындагы үч мектептен алдын ала кемчиликтерин сурап алдык. Эми аларды белектерибиз менен сүйүнтөбүз.

Жеңишбек Айтиев:«20 ЖЫЛДЫКТЫ ЭКИ МЕКТЕПТЕН ТОСОМ»
– Мен 7-класска чейин Ноокатта, кийин Ош шаарында окудум. Ошондуктан 20 жылдык мааракени да эки жакта тосом. 23-майда Оштогу классташтарым менен бирге 11ди кантип бүткөнүбүздү эстесем, андан кийин 7-классты кантип бүткөнүмдү эстейм.
Негизи, чоң мааракени Ноокатта уюштуруп жатабыз, балдар 7 миңден, кыздар 3 миңден чогултмай болдук. Борбор калаабыздан ырчы-чоорчу, комузчусу, айтор, баарын чакырдык. Эх, чиркин, бир жыргайбыз го. Классташтарым менен чогулуп аш басып жей беребиз. Бирок кантсе да бүткөнүбүзгө 20 жыл болуп калыптыр, даярдык абдан катуу.

Асел Касымова:«10 ЖЫЛДЫКТЫН КӨП ДЕЛЕ КЫЗЫГЫ ЖОК»
– Мектепти бүтүп жатканда бир башкача кыйналгам, балалыкты бирөө колумдан тартып алып жаткандай томсоруп жүргөм. Мектептеги ызы-чуу күндөр, эже-агайлар, ии, эстесем ыйлагым келет. Быйыл 10 жылдыгыбыз болот, бирок даярдык деле жок. Баарыбыз борбордобуз, бат-баттан көрүшүп тургангабы, анчейин кызык эмес болуп жатат. Анан да баары өз жолуна түшкөн, кыздар турмушка чыгып дегендей. Бирин жолдошу жиберсе, бирин жибербейт. Эгер чакырып калышса, албетте, барам. Классташтарым менен балалыкка бир кайтып келем го. Эгер чогулбай калсак, бизди окуткан мектептин жамаатын башкалар белексиз калтырбайт деп ишенем (күлүп).

Аскат Мусабеков:«МУГАЛИМДЕРГЕ СТИПЕНДИЯ БЕРЕМ»
– 11-классты бүткөнүбүзгө билинбей эле 10 жылдын жүзү болуп калыптыр. Сагынышып калсак керек аябай, классташтар бир жыргайлы деп камынып жатабыз. Жубайымды ээрчитип мектебимдин астанасын кайрадан аттап, бытыкый парталарга отуруп окуучулук күндөрүмдү эскерип келем, буюрса. Чоң атам өмүр бою мектепте эмгектенген киши, ошонун урматына эже-агайларыма жардам болсун деп жыл сайын берилчү стипендия уюштуруп жатам. Өзүм билим алган Ак-Моюн айылындагы Абыш Койчуманов атындагы орто мектептин мыкты мугалимдерине жана жакшы окуган окуучуларга стипендия берем.

Мындан сырткары ырчы Дайыр Исмадияров, алпаруучулар Эрмек Нурбаев, Жанар Акаев 10 жылдык, диктор Чынар Капарова, спорт баяндамачы Кубан Атабеков, ырчы Санжар Кошбай уулу 20 жылдык жолугушууга камынып жүрүшөт.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Мирбек Иманбеков: "10 жылдык – ойноо, 20 жылдык – сындоо"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(38)
SUPER.KG видео
25.05.2013. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа кандай гана бат убакыттар учуп кетет,жениш ака кутттуктайм,кайнар булакта окусаныз керек ээ,жакшы маанайда откорунуздор
SUPER.KG видео
25.05.2013. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10жылдыктагыларды майрамы менен куттуктайм иштерине ийгилик ден соолук уй булоолук бакыт каалайм
SUPER.KG видео
25.05.2013. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ооо Мирбек байкенин кызы соонун ырдайт экен!!! )))
SUPER.KG видео
26.05.2013. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
okuu4uluk kurak en sonun ubak...men da mektebimdi sagyndym...mn da butkonumo 5 jul bolup kaluptyr,,,
SUPER.KG видео
26.05.2013. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ырчынын баласы ырчы кетменчини баласы кетменчи болот деген чын ырдаганын карачы тим эле тыпылдайт)
SUPER.KG видео
26.05.2013. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирбектин кызы ырчы боло турган туру баргоо соонун ырдайтго ээ
SUPER.KG видео
26.05.2013. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mirbek Imanbekov molodes, kyzy ayabai sonun, shirin eken!!! Ui-bulon menen baktyluu bol, ijilik kaalaim!
SUPER.KG видео
26.05.2013. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мирбек Иманбековдун кызы, чындыгында талаттуу ырчы болгудай. Эгерде таланттын таптаса. Аскат Мусабеков 10 жылдыка барганын угуп тан калдым,мен ойлодум 20 жылдык болуш керек деп.... аябай чырымы чоон корунотда))))
SUPER.KG видео
27.05.2013. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Кара-Буура деген район сонун жер да. Суу сактагыч дагы бар ал жакта. Жайлоосу да керемет жер.
27.05.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх,окуучулук кундор кайда кетти! Тема боюнча,Женишбек,Мирбек жана башка байке,эжелерге ак жол жакшы майрамдап келишсин!
SUPER.KG видео
27.05.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Atamdynkyzymyn,
Рахмат! Ката түзөтүлдү.
SUPER.KG видео
27.05.2013. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Надо же, как этот Иманбеков постарел и пострашнел
27.05.2013. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агып кеткен окуучулук кайыгым,эми издеп таппай калдым дайынын... :-((
SUPER.KG видео
27.05.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш Иманбеков жудоп алыптыр го .
SUPER.KG видео
27.05.2013. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин окууну бутконумо 6 жыл отуп кетти..эх,окуучулук кундорум...
27.05.2013. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окучулук кундорум менин кайда кетти сагынам....
27.05.2013. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз туулса да олсо да койлордун шору ):
27.05.2013. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kandai sonun kundor!Anan 25i bir jagynan jakshy bir jagynan jaman,yilamai,koshtoshmoi,ishi kylyp...yilagym kelip ketti!
27.05.2013. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуучулук кундор баа жеткис. Эхх чиркин кайра кайтарыш колдон келсе эээ тугандар.
28.05.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okuuchuluk kundordu estesem yilagim ele kelet.Ehh kandai sonun kundor.........
SUPER.KG видео
28.05.2013. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ммммм убакыт учкан куш деген туура. Мен дагы мектепти бутконумо мына туура 13 жыл болуптур, ушул убакта эмне кылдым и эмнеге жетиштим экен.
SUPER.KG видео
28.05.2013. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектептин жузун коро элегиме 6 жыл экен. Бирок бул жыл аралыгында коп деген ийгилике жетиштим.
SUPER.KG видео
28.05.2013. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асель Касымова тырмагын шашып боегон го
SUPER.KG видео
28.05.2013. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еххх... аттин менин алтындай болгон окуучулук кундорум ))
SUPER.KG видео
28.05.2013. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызынын шириндигин омурун берсин кудайым)))
SUPER.KG видео
29.05.2013. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуучулук кундор ай......
SUPER.KG видео
29.05.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сагындым окуучулук кундорумду!!!!!!!!
31.05.2013. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуучулук кундордон Айла жок эээххх, деген бойдон калат экенбиз. Буйруса 2023-жылы менин да 10 жылдыгъм болот экен.
31.05.2013. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20 жылдык чындап еле сындашуу
31.05.2013. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чиркин сабактан экинчи кабаттан секирип качат элек!мына эми мектепти сагынып жатам.атин эмнеге сабактан качтык экен э?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо