Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ЖҮРӨГҮМ ЫСЫК ЭЛЕ, КҮЙҮП КАЛБА...»

№551 24-май-30-май, 2013-ж

«БАШЫН АЙЛАНТЫП АЛДЫҢ»
Көзүмдү ачпай жаттым. Көзүмдү ачып жиберсем эле ажылдаган аялдар «биздин уулубуздун башын айлантып алдың. Тиги, бу...» дешкени, эзилип турган жан дүйнөмө кол салып, сөөмөй кезеп кыйкырышканы элестейт. Көп нерсени көтөргөм Рустам үчүн, бирок бул жолкусун көтөрө албайм. «Дүйнөдөгү акыркы эркек сен болсоң да эмне болуптур. Жетишет!» дейм деп чымырканып күч топтоп жатам. Бирок аста эшик ачылып анын күнөөлүү жылмайган түрүн көргөндө эле шалдайып кайра туткунга түшкөн немистей отуруп берем. Ооба, чын. Анткени мен бул жылмаюусуз жашай албайм. Өзүмдү көп сынадым. Атайы телефон чалса албай, жолуккандан качып, ашып кетсе бир ай чыдайм. Анан кимдир бирөө алкымдан алып муунтуп бараткансып, дем жетпей, ааламым айлангөчөк болуп, кубарып, кумсарып ооруп баштайм. Күн санап, саат санап, секунд санап эшиктин коңгуроосун күтүп думанадай абалга түшүп калганымды айт. Ал дагы келет. А мен кайрадан баш тарта албайм. Оо, көп болду биздин минтип нары кете албай же бери кете албай эки ортодо чайналып жүргөнүбүзгө. Экөөбүздүн болгон күнөөбүз мен түштүктүн кызы, ал түндүктүн уулу. Анан мен андан мурун жан талашып 5 жыл мурун төрөлүп алганым. Аттиң деп алам, эгерде ушул беш жыл кимдир бирөө үчүн аябай маанилүү болсо, тең эле төрөлүп калбай эмне болдук?
Биздин таанышуубуз да кызыктай болгон. Чогуу иштеген кыздын тоюнда мен курбу болсом, ал күйөө баланын жолдошу экен. Өзүм шок, бир орунга тура албаган кыз болгондуктан, анын сыпайы сүйлөп, табышмактуу жылмайганына кыжырым келип отурдум. «Капырай, эркектей эле болбойбу созулбай, Көлдүн жигиттери деги эле ушундай чоюлуп...» деп жактырбай жаткам. Бир кезде эле ыр-бий башталып, баягы менин созулуп отурган кошунам ачылып чыга келсе болобу?! Үнү да мукам экен, ырдап, лезгинка бийлеп төгүлүп чачылып эле болбой калды. Тамашалары «Тамашоунун» жигиттерин артка таштачудай...
– Кымыйып отуруп кылыктын баары сенде тура, ээ...- дедим ал отургандан кийин.
– Ашыкпа, сулуу, дагы далай өнөр бар,- деп жарк эте көзүн кысып койду.
Жүзү тамылжып, жеңишке жетишкендей күлүңдөп турган экен, эч качан көзүмдү тартып албаган жаным алгачкы жолу көзүмдү тартып алдым.
Эртеси жумуштан үйгө келе жатсам, колумдан булка кармап бирөө токтотуп калды. Чочуп кетип кыйкырып жиберсем алдымда Рустам турган экен.
– Ээ, жүрөгүмдү да түшүрүп салдың...
– Менмин.
– Бул жерден эмне жоготтуң?
– Бир кызды. Ал кече күнү жүрөгүмдү колуна кармаган бойдон кетти. Жүрөктү жоготуп көпкө жашай албайт экенсиң. Ошон үчүн аркасынан издеп келдим.
– Кеттим мен. Шашып баратат элем,- деп колумду булкуп алып жөнөй бердим.
Адамда укмуштай энергия болот. Рустамдын да бир түшүнүксүз энергиясы бар болчу. Кызарып-татарып кеткен жүзүмдү колум менен басып жөнөп калдым.
– Абайла, менин жүрөгүм ысык эле, колуң күйүп калбасын. Ошону эскерткени келдим,- деди Рустам артымдан кыйкырып.

«АБАЙЛА, АЯБАЙ «БАБНИК»
Жараткан дилибизге сөздү салып коёт деген чын болуш керек. Чын эле ошол убакыттан бери куйкаланып жүргөнүм жүргөн. Рустам мени таң калтырганын койбоду. Акыры аябай жакын болуп кеттик. «Абайла, ал аябай «бабник», кыздардын башын имерип алат да, кайдан көрдүм кара эшек деп жоголуп кетет. Канча кызды көрдүм, анын аркасынан ээрчип ыйлап жүргөн» деп курбумдун айтканы да көөдөнүмдө. Алгач такыр эле сыртымды салып, жиним келсе айтышып, какшыкташып кетчүмүн. Бара-бара эч кандай деле муз жүрөк, кыз жандуу жигит эмес экенин байкап калдым. Мени менен жүргөндө деле сулуу кыз көрүп калса көзүн албай сынай тигилип калганын байкачумун.
– Эй, мойнуң сынып калбасын,- дейм андайда кызганып кеткенимди жашыра албай.
– Суктанууга жаралган аялзатын кантип карабайм? Аларды сүйүп караган жокмун,- деп калчу.
Ушундай чырмалышкан күндөр өтүп жатты. Биз бактылуу болчубуз. Ортобузда «алам-тием» деген сөз болгон эмес. Ар бир күнүбүзгө бактылуу болуп, кийин эмне кылабыз деген ойду айта албай, ошондон рахат алып көз ирмемдик бактыбызга ыраазы болуп жүрө бердик. Менимче, арты кандай болорун билип туруп эле бири-бирибизди алдадык окшойт.
– Мен сендей кыз көрө элекмин. Мени токтото алган жан жарала элек деп ойлогом,- дечү Рустам.
– Эч бири сени менчелик сүйгөн эмес, ошон үчүн токтото алышпаган,- дейм мен кең көөдөнүнө жүзүмдү катып. Сүйлөшүп маегибиз, кучакташып кумарыбыз тойбой жүрүп 3 жыл өтүп кетти. Биздин ааламга сыйбас сүйүүбүз минтип тез эле адамдардын алаканына сыйып каларын билбеген элем...
Туулган күнүм эле. Рустамды күтүп жасанып отурсам эшиктин коңгуроосу чырылдады. Атып туруп эшикти ачкан жаным алдымда турган бейтааныш төрт аялды көрүп селдейип калдым.
– Кундуз деген сенсиңби?- деди бири өктөм.
– М-мен...
– Ай, кандай ары жок, акылы жок кызсың? Биздин балабыздын башын айлантып, таптакыр эле торпок кылып жетелеп алган турбайсыңбы, ия?!- деп кой-айга келбей кыйкырып кирди алдымдагы аял.
– Кечиресиз, сиз кимсиз?
– Мен Рустамдын жеңеси болом, бул таежеси, апасы жалгыз уулун кара далы, өзүнөн улуу кыз башын айлантып алганын билгенден бери ооруп калды.
– Деги сен тарбия көргөн кызсыңбы?
Айтор, мен айыпкер, алар сот болуп ийне-жибиме чейин, кызматымдан үйүмө чейин талкуулашты. Эжеси, жеңеси дагы далайлар... Рустам бул окуяны уккандан кийин мына эмесе дедиби, мурун жашап жүргөн батиринен көчүп мени менен бирге туруп алды. Баары көзүн карап бөпөлөп турган жалгыз уулдун бул кылыгын актабайм. Өзүмдү апасы жана башкалардын ордуна да коюп көрдүм. Бирок кантели? Айткылачы, бири-бирибизсиз жашай албай калсак кантели?.. Баары бир башка аял алса да жүрөгү мен деп турарына, а меники ал деп турарына көзүм жетер эле. Акыры ал да туңгуюктан жол таба албай чет өлкөгө кете турган болду.
– Кундуз, мен сенден качып кетип жатканым жок. Болгону азыр айрылыша турганыбыз оң.
– Макул, сенин кыйналып жүргөнүңдү көрүү мага да оор.
Кетер күнү экөөбүз үн-сөз жок тек гана кучакташып жата бердик. Көзүмдөн аккан жаштарды улам колу менен аарчып, үшкүрүп «ай, бли-ин» деп ойдолоп кетет. Ага деле мендей эле оор болуп жатканын, эркектик кылып ичине катып жатканын да билип турдум.
– Жүрү, эшикке чыгып келели,- деди бир кезде.
– Жытыңды өзүмө сиңирип алайын, ушундай жата туралычы,- дедим мен.
– Койчу, мен кайра келем. Өзүңө кайрылып келем,- дейт үнү бош.
Менин абалым начарлап, Рустам жанымдан кете албай калды. Кечки сааттарда анын учагы учмак. «Кете бер» десем укпай, кан басымым түшүп кеткен экен, дарыгер жазган дарыларды алып келмекке чыгып кеткен. Ал кеткенден кийин эшик коңгуроосу чырылдап калды. Көңүлүм калып калган эле, титиреп ача албай отуруп калдым. Бир кезде ордумдан туруп аргасыз ачтым. Босогодо жүзүнөн мээрими төгүлгөн ак калпакчан орто жаштагы ата туруптур.
– Кундуз, балам, сенсиңби?- деди ал өмүр бою мени билген адамдай.
– Ооба.
– Мен Рустамдын атасы болом. Үйгө кирели...
Үйгө кирип жайгашып отургандан кийин сөздү жай баштады.
– Балам, сен тууралуу көп уктум. 5 жыл билген адамга оңой эмес. Ошондон бери Рустам экөөң кол үзүшө албадыңар. Жашырганда эмне, чындыгында, башка кызды келин кылууга көздөп жүргөн жайыбыз бар эле. Бел куда болуп коюп ошол сөздөн өтө албай, салттын туткуну болуп калдык. Аялдык кылып апаңар да арадай жерге жыйын куруп жеңелериңди жиберип ийиптир. Сен дагы бирөөнүн чолпондой болгон кызысың. Убалыңдан корком. Рустам эч кайда барбай эле койсун. Мен экөөңө батамды бергени келдим. Апасы деле азырынча көнбөй жатат, бирок эркимден чыгып эч кайда барбайт. Рустам кетем деп телефон чалары менен бул жакка жөнөдүм. Бактылуу болгула, балдарым!
Жардын учунда бутум менен туруп секиргенге бир кадам калганда кимдир бирөөнүн колдору келип сени куткарып алса... Ошол кездеги абалымды ушинтип сүрөттөсөм окшошот
болуш керек. Атам, тирегим, акылманым биздин бактыбызды колдоп берди. Ал никебизди кыйганга катышып, тез арада айылга тойго барып калышыбызды айтты. Мен бактылуумун! Кайыптан кабыл болгон тилегимди, ак сүйүүмдү жүрөгүмө кысып Рустамымдын ата журтуна, менин болочок балдарымдын ата журтуна ашыгып келем...

Кундуз
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  18 
Комментарийлер(43)
27.05.2013. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп отуруп, аягында кубангандан айладым. Бактылуу болушсунчу, ылайым. Биздин менталитетке синип калган да, аялы куйоосунон улуу болсо, окутту- чокутту деп чыгышат. Суйуу жашка карабаса не кылышсын. Жакшы аталары тушунуптур акыры.
27.05.2013. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай корунучтор азыр деле болуп жатат 5 жаш эмес 10 жаш болсо деле бири бирин суйуушуп.
28.05.2013. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошону айтпайсынбы бактылуу болушсун
27.05.2013. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Maga ardaktuu atanyn tuwunuktuulugu m.n bata bergeni jakty. Uwundai atalar mandaiybyzda ar daiym boluwsun! Anan apalarybyz tuwunuktuu boluwsun, tuugandarym tunduk tuwtuk bolup bolunboiluchu?! Kaarmandarybyz omur boyu baktyluu boluwsun!
27.05.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kandai gana baktylyysyz .....okup alup uilagym kelip ketti ...suiuwkondor baktylyy boluwsun....
27.05.2013. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tyndyk tywtyk bolup bolunboilu kurguz
elim....baarybyz kyrgyzbyz...
28.05.2013. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sara90, Сизге кошулам! Тундук-туштук деп болунгонубуз бир гана кыргыздын душмандарына пайдалуу!!
27.05.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо, менин досумдун тагдырын жазып койгон го. Мен билген ситуацияда бала оштон, кыз колдон... Кыз баладан7-8 жашка улуу.. Кыргызстанда эмес, океандын ары жагында болду. 3-4 жыл чоогу жашап, айла жоктон ажырашышты. Баланын башы чындап эле айланып калган болчу. Атасы которо албай журоктон операция, апасы инсулть болгонго чейин барды. Суйуу озунун жолуна, бирок здравый смысл болуш керек го. Мен лично озунун жашоосун усложнять эткендерди тушунбойм.
27.05.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolunuz,Allah bar!Al dele sizdin biri-birinizge bolgon tunuk suiuunuzgo kuboda! Baary jakwy bolot,biroo sizdin myshygynyzdy''pysh''dese,ata turat korkponuz,atanyn omuru uzuuun bolsun!
28.05.2013. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охх-хх-хх-хх-хх-ооооооооооооооо:-)
28.05.2013. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен КЫРГЫЗДЫМА эч качан жамандык каалабайм деп баштайынчы, болбосо ЖАМАН тушунуп алгандар да чыгаар. ООБА тундук-туштук деп болунууго коп нерсе себепкер:КААДА-САЛТ, МЕНТАЛИТЕТ, ТИЛ, УРУУЧУЛУК ж.б.у.с. Анын ичинен биз жаштар бир нерсени озгорто алабыз ал тил маселеси.Ар кимибиз жеке инсан болгондон кийин, атам, агам дебей озубуздон баштасак, дегеним она ана дебей аке ука дебей апче атыр жатыр дебей кичине болсо да кыргызчараак суйлогонго аракет кылалы. Кыргыз тилинин келечеги ЖАШТАРДЫН колунда!
28.05.2013. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RIO, Кана эле баары ошентип кыпкыргызча суйлоп калса,ар жакта жашап оздорунун "жаргондору" менен суйлой берсин,бир гана кыргызбы кыргыз,демек туштук болобу,тундук болобу кыргыз болгондон кийин жон коюшса.Туштукко тушсон эртен менен ээрте туруп эшик шыпырасын деп эле коркута беришет эй тообоо,эрте турган баарына эле пайда!Тундукко тушсон да бир маселелерин айтышат,ушундай кантип болсун?!Андан коро кой,башка улутка уйлонгучо,тийгиче кыргыздан ал,тий десе болот да.Ал туштуктон,тундуктон дей бербей.
29.05.2013. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RIO, Диалект деген дайыма болуп келген, мындан кийин да болуп келет. Башка бизден чон мамлекеттер бул нерсени проблема кылбай, биздин алакандай эл укмуш оор корду. Энисейдин боорундагы эстеликтерди окуп коргуло, азыркы укмуш таза кыргызча суйлогондордун тилине канчалык денгээлде окшош экенин коросунор. Тил деген нерсе адам менен кошо озгорот, бул мыйзам ченемдуу корунуш. Адам колдогу суу эмес, ордунда турбайт. Турк тилинен келип чыгып, ушул денгээлге чейин озгоруптур, мындан кийин да озгорот
30.05.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bzkgn,озгорулот деп эле, анда жети дубан жети башкача суйлоп калалыбы? Менин жазганымдын эч таарына турган нерсеси жок, тек кана туз коз караш.
30.05.2013. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RIO, Биздин азыркы билген кыргыз тилинин озундо, кунумдук жашоодо колдонулган создордун копчулугу башка тилден келген. Араб, фарс, грек ж.б.у.с... Ал да болсо тилдин замандын талабына жараша озгорулушу менен тушундурулсо керек. Мисалы туштуктогулор испанча, таластыктар япончо суйлоп бири бирибизди тушунбой калсак, проблема катары которсо болмок. Мисалы туштукто башка дубандардын суйлогонун катуу сындаганын коро элекмин. Баарыбыз кыпкыргызча суйлоп, тушунушуп эле жатабыз...
30.05.2013. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RIO, Болгону географиялык жайгашуусуна жараша азыраак айырма бергени болбосо, баары кыпкыргызча суйлоп эле жатат. Тил маселесин которуу каалоосу тынчсыздандырып жатса, кыргызча суйлобой орусча пикир алышкандардан баштайлы...
31.05.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bzkgn, хорошо
28.05.2013. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түндүк-түштүк деп маселе жаратпагылачы, сураныч. Баарыбыз эле адамбыз го...Окуянын бактылуу аяктаганына абдан кубандым.
28.05.2013. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ushu Nurzhamal Jiydebaevanyn 4ygarmalary maga abdan jagat ayryk4a "cygan kyz" degen kitebi.birok 4ynygy jashoododa mynday u4urlar kezdeshet.
28.05.2013. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн сонун! Ушунчалык кызыгуу мн окудум. Happy End мени кубандырды
29.05.2013. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээээээх суйуу суйуу суйуу. Очпос махабат. Биздин окуя мындан жаман. Менин суйуум озумдон 12жаш улуу. Бизди уйлондурбой менин энем ,ага-эжелерим каршы чыккан. Окуу дешип. Жигитим болбой ала качып кеткенде энем ,агам апкплип алган. Агам жигитимди сабап бир жыл ызы чуу болуп жургонбуз. Энем менен агам атама жеткизбей угузбай жасашкан. Акыры окууга тапшырып окуп жургонумдо жигитим менен россияга качып кеткенбиз мына эмесе деп. Биз кеткенден кийин 1 ай бизди издеп таппай айлалары кеткен агам эжемдер
29.05.2013. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Агам эжемдер атама болгонун барын ачык айтып берген экен. Россиядан атам чакырып, куйоо баласы менен таанышып , мага сойко салып ,той откозуп атам ак батасын берип узаткан турмуш жолуна. Кудайга шугур эки балалуу болуп бактылуу уй булонун катарын толуктайбыз. Жолдошум экообуздун махабатыбызды очурбой туболуко сактап калабыз деп антташканбыз. Жолдошум азыр атамдын козунун агы менен айланып турат . Оз атасындай корот. Албетте биз бактылуубуз!
29.05.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм менин башым башканыкынан эмне озгочолугу бар экенин. Эч эле бироону суйо алган жокмун. Кээде эле ишенимш болбосом ушундай чыгармага дээрлик ишенгим келбейт. Азыр турмуштамын алып качып кеткен, неге андай кылдын десем "сага башка жол менен жеталбайт экем"-деп кутулган. Айлажок тагдырга башты ийип олтурам.
30.05.2013. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягы жакшылык менен аяктаганына аябай кубандым бактылуу болгула бул жашоодо суйгон адамын менен жашабасан жашоо кызыксыз ар бир адам озунун бактысын табып бактылуу жашашын каалайт элем
30.05.2013. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suyuu bar eken da e
30.05.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козумдон жаш айланып кетти...Суйуу, суйуу дегени менен кыз бала учун жигити озунон улуу болсо турмушу оной болот. Аял киши кайгыга коп баткангабы бат карыйт экен. Бала болгондон кийин эле мурункудай аяр мамиле да калбайт эркектерде. Чет мамлекетте билинбейт жашай берсе болот, бирок бизде кайнежелер созсуз каршы чыгышат. Ушул макалада туптуура эле жазылыптыр. Эми бактылуу болгула. Эн негизгиси сый урмат менен жашагыла. Суйуу болсо бир жанып бир очуп турат экен.
30.05.2013. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх суйуу.....
Ылайым бактылуу болгула.
30.05.2013. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп алып ыйладым,узак убакытка созулуп, бирок happy end менен бутпогон суйуумду эстетти...
30.05.2013. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оюнан чыгарсада турмушта болуп эле келе аткан коз ирмемдер го, жакшы жазыптыр... Бундай суйуулор аз болсо керек.
30.05.2013. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен суйууго игенем!
31.05.2013. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун . Мен дагы суйууго ишенем куйоом менен 19жыл жашасам дагы жанымдай кором ансыз жашоомду элестете албаймын
31.05.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуунун кермети, кучу.. эх бактылуу болгула!
31.05.2013. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин классташымдын окуясына куюп койгондой окшош!Алар да "мини" той берип,азыр айылда,колдо. Буюрса кузундо чон той болот,урааа!
01.06.2013. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээх ар бир адам суйгонуно жетсинчи.
02.06.2013. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо историялардан кобурок жазгылачы.
03.06.2013. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sonun goooooo baktyluu boluwsun4uuuuuuuuuuuuuuuuuuuuuuuuu
08.06.2013. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы келин болгом,анан кайненем эч эле жактырбай койду,ортодо бир уулдуу болгондо ажыраштырып тынды,менин ата энем туура эмес кылган нерсеси же куноосу барбы десе,магаг мындайдын кереги док,балама башканы алып бермекмин,,мен айтканды албай койду деди....ошону менен ата энем мени алып кетишти.....Эми эн кызыктуусу баласын оз канынан жаралган баланы менин балам десе,эжелери,карындаштары сен башкадан туугансын дейт тообоо.....Бирок кудайдын козу туз болсо экен деп тилейм..
Модератор admin_superstan түзөттү 10.06.2013 10:27
08.06.2013. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балам жанымда ,атабыз бар,баламды оз атасынан артык коргон атасы бар,Балам чоноет жетилет...баары алдыда..
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо