№551 24-май-30-май, 2013-ж
Жалал-Абад облусундагы Майлы-Суу шаарында 18-май күнү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын облустук спартакиадасы болуп өттү. Ага жалпы облустун аймагынан жана Бишкек шаарынан 71 катышуучу катышкан. Алар спорттун шахмат, шашки, гиря көтөрүү, кол күрөш жана майыптардын арабасында жарышуу түрлөрү боюнча оюн өткөрүштү. Спартакиаданын жалпы сыйлоо фонду 102 миң сомду түзгөн.
Эскерте кетсек, 7-майда Майлы-Суу шаарында аталган спартакиаданы өткөрүү максатында марафон өткөрүлгөн. Өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан 30 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө медалдар, дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Элира Чынтемир кызы
jalalabad@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |