Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОКШОШ ДАТАДА ТӨРӨЛГӨН БАЛАКАЙЛАР

№551 24-май-30-май, 2013-ж

Кыргызда «балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар» деген жакшы кеп бар. 3 баласын жетелеп, «жакында «Гиннестин рекорддор китебине» кирип калышыбыз мүмкүн» дешип көздөрүнөн бакыттын учкундары чачыраган ата-эне кеңсебизге кирип келди. Бакытка балкыган ата-эненин кубанычына ортоктош болдук.

«ИШЕНБЕГЕНДЕР КӨП»
Ооба. «3 баласы бар болсо эмне экен?» деген окурмандар да четтен чыгышы ыктымал. Бирок, кызыгы, бул үй-бүлөнүн балдары үчөө тең окшош датада төрөлгөндүгүндө. Балким, бул Жараткандын белеги чыгар. Кубанычы менен балдардын атасы КАНЫБЕК КЕНЖЕБАЕВ төмөнкүчө бөлүштү:
– Келинчегим экөөбүз баш кошконубузга 6 жылдын жүзү болду. Экөөбүз сүйүшүп, сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Ортобузда окшош датада төрөлгөн 3 балабыз бар. Мындайды күткөн эмеспиз, өзүбүз да аябай кубанычтабыз. Алгач улуу кызым Арууке 08.08.08 датасында төрөлдү. Анда анча деле маани берген жокпуз. Кийин экинчи уулум Рамиз 10.10.10 датасында төрөлгөндө абдан кубандык. Бул Жараткандын белеги болсо керек дедик. Анан, чынын айтсам, үчүнчү кызыбыз Алияны да окшош датада төрөлсүн деп жылнаама аркылуу алдын ала даярдандык. Тилегибиз ишке ашып, кызыбыз 12.12.12 датасында жарык дүйнөгө келди. Муну уккан тааныштарымдын көбү «чын эле ушундай болдубу?» дешип таң калышты.
Үчүнчү кызым төрөлгөндө төрөтканада «кантип эле ушундай болсун, күбөлүгүн көрсөткүлөчү улуу балдарыңардын» деп калышты. Айла жок үйгө барып, балдарымдын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрүн алып келип ынандыргам. Жакындарым биз менен кошо кубанып, куттуктап жатышты. Досторум болсо «табышмактуу жылнаамаңды бизге да бер» деп тамашалап калышат. Балдарыбыз окшош датада төрөлгөнү ортодогу сүйүүдөн да болуш керек. Сүйүү болбосо мындай сонун даталарда балдарыбыз төрөлмөк эмес чыгар. Кудайга шүгүр, азыр балдарымдын ден соолугу жакшы. Жумуштан келгенде балдарың алдыңдан чуркап чыгып тосуп алса чарчаганыңды да унутуп калат экенсиң. 
Интернет аркылуу «Гиннестин рекорддор китебине» кирүүгө арыз кат жөнөткөнбүз. Ал жактан «азыр карап жатабыз, бир айдан соң жообун беребиз» дешти. Интернеттен карасак, мындай окшош датада төрөлгөн балдар бир гана АКШда бар экен. Алар 08.08.08, 09.09.09 жана 10.10.10 датасында төрөлүптүр.

«ВРАЧ БОЛУП АТАМДЫ ДАРЫЛАЙМ»
Андан соң эртеден бери атасы менен апасы сүйлөп жатканда алмак-салмак таңдана карап отурган улуу кызы АРУУКЕНИ кепке тарттым.

– Чоңойгондо ким болосуң?
– Врач болом. Анан атам ооруса ага укол саям.
Анан ал «Ала-Тоонун ары жагында кыздар ойноп жатышат» деп ырдап берип ыраазы кылды.

«Баланы тарбиялоо – ташты кемиргенге тете» деген сөз бар эмеспи кыргызда. Анын сыңарындай, баланы табуу бир кеп. Ал эми аны жакшы тарбиялоо да өзүнчө бир кеп.  Окшош датада төрөлгөн бир туугандар аман-эсен, акылдуу болуп чоңоюшсун. Бар болгула, бал тилдүү балакайлар!

АКШда ДА БАР
3 баласы тең окшош датада төрөлгөн үй-бүлө Кыргызстандан тышкары АКШнын Мичиган штатында гана бар. 2010-жылы 10-октябрда 36 жаштагы Барбара Сопер кыз төрөгөн. Андан сырткары да жолдошу Чад Сопер экөөнүн ортосунда 2008-жылдын 8-августунда (08.08.08) төрөлгөн Хлоя аттуу кызы, 2009-жылдын 9-сентябрында (09.09.09) төрөлгөн Кэмерон аттуу баласы бар. Кызыгы, алар да биздин каармандарга окшоп үчүнчү кызы Кеарраны алдын ала атайын ушул датада төрөө үчүн жылнаама менен пландашкан. Жыйынтыгында «магиялуу даталарда» төрөлгөн балдары аркылуу ата-энеси бат эле бүтүндөй АКШга таанылган.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(23)
27.05.2013. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдан сонунго, бирок тан калыштуу!
27.05.2013. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мына сага
27.05.2013. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алла Таала жаман создон,суук коздон сактап,акылдуу,бактылуу болуп чоноюшсун.
27.05.2013. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да баламды 28.08.2008 торогом.
27.05.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арифметика
27.05.2013. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун го өмүрлүү болушсун.
27.05.2013. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ваау бизге да насип этсин , омурлуу ден соолуктуу болушсун чынында тан калыштуу
27.05.2013. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз кыргыздар дуйнодо эки тонкоруш кылып президенттерди кетирип, биринчилерден болуп дуйного таанылдык. Эми мынтип жакшы жагбызды таанытышка да аз калыптыр туугандар. Омуру узун болсун кыргыз элине жардамы тийген патриоттордон болсун жана гинестер китебине киришине тилектешмин.Жана откондогу биринчи апрелде бир кыргыз аял торогон 10 баланы кошуп.
27.05.2013. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сонунго ылайым гинеске кирип кыргыздын атагы чыга берсин. Ал эми бул уй булого бакыт жана тынчтык каалайм. Чындыгында ишенбегидей даиалар экен тобоо.
28.05.2013. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу менин окшош даталар еми тугонду го дейм
28.05.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АКЩда жасалмалуулук болушу мумкун, мисалы баласын именно ошол дата болгон куну даары сайып (искуственно). Анткени аларда баланы сактап кала алышат да. Гинесчилер алардын торотканасына барып ошондой болгон болбогондугун тастыктай алышат.
28.05.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болуптурго.... бакыт каалайм уй-булого., балдарга ден-соолук, узун омур, анан да акылдуу, мээримдуу болуп чоноюшуна тилектешмин ... Азаматсынар!!!
28.05.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата-энеге кайрымдуу болушсун.......
28.05.2013. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин кызым 14.03.13 то торолду :)
28.05.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Машааллах! Аллахым бактылуу омур берсин.
30.05.2013. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин да балам 06.06.11 жарык дуйного келген
30.05.2013. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ну и чтож?мен тан калбайм))
30.05.2013. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акылдуу болуп чоноюшсун.гинеске киргендерге акча толоп береби
30.05.2013. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонунго. бактылуу болушсун.
02.06.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен паспорт алган датам 06.06.06.мен аны такыр байкабаптырмын.байкем коруп сонун дата экен деди эле
13.06.2013. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарынардын омурун берсин!
01.07.2013. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тан калычтуу, эмнеси болсода омурлуу болушсун!!!
14.08.2013. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин племяннигим 06.06.06 (2006) торолгон, Бостон шаарында жашайт, 50% кыргыз))).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо