Султан Садыралиев:«КЫЗДАРДЫН КАДЫРЫН КЫЗДУУ БОЛГОНДО БИЛДИМ»

№551 24-май-30-май, 2013-ж

Бир кездерде көп кыздардын жүрөк оорусу болгон Султан азыр бир эмес, эки баланын атасы. Ал көпчүлүк сахналаштарынан айырмаланып сөзгө чечен. Суроо берсең дароо илип кетет. Бул ирет да кызыктуу маек куруп берди.

– Султан, кыздуу болуптурсуң, бешик боо бек болсун! Атын ким койдуңар?
– Чоң рахмат! Баламдын атын чоң атасы койду эле, эми кезекти тайларына бердик. Таенеси көптөн бери тандап жүрүп Айсанат деген ысым ыйгарды.

– Келинчегиң «экинчи наристебизди күтүп жатабыз» деп жарыялаганда сен «андай эмес» деп танып койдуң эле...
– Ооба, жашырып жүргөм. Өзүм ырымчылмын, мындай нерселерге абдан чоң маани берем. Жарык дүйнөгө келе элек баламды элге жар салгым келген эмес.

– Уулуң төрөлгөндө төрөт үйүнүн астында «концерт койдум» дедиң эле, мында канттиң?
– Ха-ха... Мында «концерт койгон» жокмун. Эми алгач балалуу болгондо толкунданбай койбойт экенсиң. Уулум төрөлгөндө достор чогулуп мени куттуктап, шампан аттырып, бир аз майрамдаган элек. Кызым төрөлгөндө келечекте таза, ыймандуу кыздардан болсун деген ниетте андай шаан-шөкөт, ичимдикке жол берген жокмун.

– Кыздуу болгон кандай экен?
– Кыз болгон үчүнбү, ошол күнү жан дүйнөмдү сөз менен жеткире алгыс назик сезимдер ээлеп турду. Кудай мени уулдан да, кыздан да куру кылбаганына өтө сүйүндүм.

– Уулуң канчага чыгып калды? Өнөрү чыгып жаткандыр?..
– Акмырза эки жарым жашка толуп, чоң жигит болуп калды. Менин ырдап жатканымды көрсө кадимкидей таанып, «телевизордун ичине кирем, атага барам» деп чаң салат. «Балама» деген ырымдын клибине уулум тартылбады беле, аны коюп берип койсок, «ляля Акмырза» деп баарыбызды күлдүрөт. Менин геним күчтүү окшойт, уулум дагы, кызым дагы мага окшош.

– Эки баланын атасы болдуң. Сага мурункудан дагы чоң жоопкерчилик жүктөлдү да...
– Ооба, мурун ойноп-күлүп, эч нерседен капарсыз жүргөн болсом, азыр жашоого олуттуу карап калдым. «Эми сен эки балалуу болдуң. Аларга татыктуу тарбия беришиң керек» деп өзүм менен өзүм сүйлөшүп, жоопкерчиликти жакшы эле сезип жатам. Кийин «Бул баягы ырчы Султандын балдары. Кандай азаматтар!» деп элим сыймыктанса экен дейм.

– Мындайда жубайыңа болгон сүйүүң да күч алса керек. Же өзүң айткандай, кыздарды көргөндө көзүң ойноктоп кетчү адат кала элекпи?
– Сулуу кыздарды көргөндө көздөрүм жалжылдап калчу адаттан жүз пайыз арылдым деп ишенимдүү айта алам. Кыздардын кадырын кыздуу болгондо түшүндүм, билдим.

– Анда кепти чыгармачылыкка буралы. Жакында казак жергесинен байгелүү кайттың. Жеңишиң тууралуу да кобурап берсең...
– Казактардын Алтынбек Коразбаев деген мыкты композитору бар. Май айынын башында ошол кишинин ырларын аткаруу боюнча сынак болгон. Ал сынак тууралуу мен бир ай калганда угуп, даярдана баштагам. Ошентсе да 42 катышуучунун ичинен 1-орунду алып, диплом, акчалай байге менен сыйландым. Ошондой эле Алтынбек ага мага «Кара чал» деген дастанын ырдап жүр деп белек кылды.

– Ар бир ырыңды жүрөккө жеткире ырдайсың. Мунун сыры эмнеде? Ошол ырлардагы ашыктык окуясы өз башыңдан өткөн үчүнбү?
– Бардык ырларымдагы окуялар менин турмушумдан алынган десем калп айткан болом. Мисалы, «Эгиз жүрөк» аттуу чыгармамда жубайым Асел экөөбүздүн чыныгы сүйүүбүз баяндалат. Жашоомдун маңызы болгон адамды акыры таптым деп сүйүүгө мас болуп турганда ырдап чыкканмын. Ырыңды угармандын жүрөгүнө жеткире албасаң, анда ырчы болбой эле коюш керек го. «Он үч жашар баланын арманы» деген дастанды ырдап чыкканда да «сизге рахмат, ушул дастаныңыздан таасирленип, атам мага кайтып келди» деп чалгандар болгон.

– Мурунку Султан менен азыркы балалуу Султандын айырмасы эмнеде? «Рейтингимди сактай алдым» деп ойлойсуңбу?
– Ал учурдун убакыт-сааты бүттү. Анда кыздардын уюлдук телефонунан түшпөгөн, анча-мынчалардын арзуусуна айланган Султан болсом, учурда бир үйдүн кожоюнумун. Чыныгы талант ээсин эл кандай шартта болсо да унутпайт. Ошол кездеги кадыр-баркым азыр деле сакталуу.

– Ушинтип үй-бүлө менен алышып жүрүп сахнага көп чыкпай, эл унутуп калат деп коркпойсуңбу?
– Коркпойм. «Ырчы менен молдону эл багат» дегендей, биздин чыгармачылыгыбыз элдин сыны, колдоосу менен алга жылат. Бирок мен үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болгонумдан улам эл унутуп, чыгармачылыгымды сыйлабай калса, анда өздөрүнүн иши да. Келечекте эстрададан алыстап, фольклордук ырларды, дастандарды аткарууга өтөм. Ошон үчүн жаштардын эсинен чыксам да, жалаң улуу муундан күйөрман күтөм деп ойлойм.

– Мектепти бүткөнүңө быйыл он жыл болуптур. Классташтар, эски сүйүүлөрдү көрөм деп толкунданып жаткандырсың?
– Албетте, аябай толкунданып, кубанып турам. Он жылдан бери көрө элек классташтар, билимге сугарып, уядан учурган агай-эжейлер менен жүз көрүшүп, сагынычты таратабыз деп жатабыз. Тилекке каршы, бала чактагы сүйүүлөрүмдү көрбөй калам го. Анткени алар менден үч-төрт класс кийин бүткөн кыздар болчу. Классташ кыздарым мени менен жигит катары сүйлөшүшчү эмес. Анткени абдан арык, кичинекей бала элем да.

– Сүйүү балага өтүп кетет дешет эмеспи, сенин буга оюң кандай?
– Жок, буга кошулбайм. Аялыңа болгон сүйүү эч качан өчпөш керек. Ал эми балдарга болгон сүйүүнүн орду башка.

– Сени молдо болуп кетиптир деп да айтып жүрүштү эле...
– Молдо деле болуп кеткен жокмун. Намаз үйрөнүп жатам. Кийинчерээк беш маал окуюн деп ниет кылып жүрөм. Балдарымды да дин жолунда жүрүүгө тарбияласамбы деген оюм бар.

– Маегиңе рахмат!
– Сиздерге да рахмат!

Асел Асанова
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(27)
27.05.2013. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге видеосу жок
27.05.2013. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бешик боонуз бек болсун!бактылуу болунуз!
27.05.2013. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodes kuttuktaim
27.05.2013. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарыныздын омуру узуун,бактылуу болушсун,эмнеге анча чыкпай калды десе ушундааай дегиле...Кыргыз элинин керегине жараган уул,кыздардан болушсун...
27.05.2013. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боонуз бек болсун.
27.05.2013. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иши кылып кадырына жеткен болсо тообо кылсын, куноолору барбы дейм. эми бир иш кыларда озунун кызын да ойлоор
27.05.2013. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боонуз бек болуп уй булонуз менен бактылуу болушунузду каалайм.
27.05.2013. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура кылат фольклор жагына кетем деп, бешик боосу бек болсун!!!
27.05.2013. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булолук бакыт каалайм.
27.05.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боосу бек болуп, бактылуу болсун. Чыгармачылык ийгилик!
27.05.2013. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
баарынан мыктысын коркпо эл унутат деп. жаны ырларды кутобуз
27.05.2013. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
омурун берсин кызынын..талантына таазим ар дайым алга.
27.05.2013. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Султан, Асель бешик боо бек болсун, кызынарды акыл-эси, омуру менен берген болсун, уй булолу бакыт каалайм. Талантына да ийгилик.
28.05.2013. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баладарындын омурун берсин,амн-эсен чоноюшсун.сага болсо ийгилик.
28.05.2013. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баардык эркек балдар кыздуу болгондо акылына киришсе анда тез эле онолмокпуз, балдарынын омуру узун болсун, уй-булолук бакыт каалайм...
28.05.2013. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талантына таазим
28.05.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээх мурун бул байкенин ырын жата калып уккан ,талантын баалаган куйорман кызы элем. Азыр ал ата болуптур,мен эне болдум Кудайыма шугур. Султанда чонойду,менда чонойдум дегендей. Султан байке Бешик боонуз бек болсун! Намазга жыгылганы атам деген тилегиниз ишке ашсын. АЛЛАХЫМ колдосун. Кудайым деген пенде куру калбайт.
28.05.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Унунуз не обычный . Башка ырчыларга караганда. Бар болунуз!
28.05.2013. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боон бек болсун!!! Уул-кыздарын ыйман-ынсаптуу,омурлуу,ден-соолугу чын болуп чоноюшсун.Талантына таазим,ар дайым бар бол,элдин эсинде бол.
28.05.2013. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ото сыйлайм .молодец.бактылуу бол .балдарындын омурун берсин .оло жагасын да.чиркин .
28.05.2013. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
28.05.2013. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула, абдан ширин уулун барда. Омурлорун берсин кудайым. Чыгармачылыгына ийгилик.Жаштар унутса да биз унутпайбыз эч убакта)))
29.05.2013. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
балдарын омурлуу болсун,ар дайым талантына таазим этебиз,ийгилик жана бакыт каалайм
29.05.2013. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sany bar sapaty joktor. Je jok bolbodu je bar bolbodu
30.05.2013. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сапаты жоктордун ичинде эн сапатысуу султанда!
31.05.2013. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боонор бек болсун! Бактылуу болгула уй-булолук бакыт каалайм!
02.06.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешик боонуз бек болсун!Иншшаллах Балдарыныз сиз сыймыктанган инсандардан болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо