ЭЛДИН ЭСЕБИНЕН КАЙРАДАН АКЧА ЖАСАМАЙ...

№551 24-май-30-май, 2013-ж

Өкмөт автоунааларга милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүүнү ниеттенип жатат. Жантөрө Сатыбалдиевдин отчётун угуп жатканда депутат Дастан Бекешев Кыргызстан жол кырсыгындагы өлүмдөр боюнча 180 өлкөнүн ичинен 123-орунда экендигин айтып, «абалды жакшыртуу үчүн өкмөт эмне кылмакчы?» деп суроо узатты. Ага жооп кылып өкмөт башчысы «мурун автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү жоюлган эле, муну кайра киргизүүнү көздөп жатабыз» деп билдирди. Өкмөт башчы адатта кырсыктарга көбүрөөк себепчи боло турган жолдордун абалынын начардыгын, көптөн бери ич ара интригалар менен убара болуп кыйратып иштебей жаткан Жол кайгуул кызматынын абалын айткан жок. Мисалы, учурда оң рулдуу 7 кишилик автоунаалар менен эл ташууга тыюу салынып жатат. «Ош-Бишкек кан жолунда мындай унаалар катышкан жол кырсыктары көп» деген маалыматты негиз тутушууда. Ошол эле учурда өкмөт аталган жолдун көп бөлүгү өтө начар абалда экендигин, Суусамыр өрөөнүн аралап өткөн бөлүгү «мина катылган талаага» айланып, тешиктерге толуп кеткендигин айтпайт. Оор жүк ташуучу автоунаалар уруксат берилгенден алда канча оор жүк менен жүрүп жолдордун өмүрүн кыскартып жатышканын, тиешелүү кызматтар аларга көз жумуп коюшарын эч ким айтпайт.
Ал эми вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев «автоунааларды техникалык кароодон өткөрүүнү менчик уюмдарга берүү керек» деп билдирип чыкты. Дагы бирөөлөрдүн чөнтөгү үчүн иштейбизби?
Милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү жол кырсыктарын азайтып ийбейт. Жол кырсыгы азайсын десек Жол кайгуул кызматынын ишин, жарандарга айдоочулук күбөлүктү окутпай эле акчага берип коюп жаткан мектептердин ишин катуу көзөмөлгө алып, жолдордун абалын жакшыртуу керек.
Эске салсак, автоунаа каражаттарын милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү жоюу тууралуу мыйзамга өткөн жылдын 22-майында президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
27.05.2013. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча эле керек деп айтса болмок! Техосмотр баары бир акча менен бутот да?!
27.05.2013. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайра эле корупция да.
28.05.2013. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанторонун ойу жаман го.
28.05.2013. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жерден жанылышты Сатыбалдиев, техосмотр бул мамлекетке эмес, ошол ДПСниктерге акча алып келет.
28.05.2013. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул макоолор качан пайдалуу иш жасашчу эле пр.рулъныйды куноолоп бутушуп эми тех.осмот.а асыла башташты,жолду ондойлу права берген органдарды ,таксистердин стажысын,текшерели дегенге мээлери жетпейт.опыты жок бироо терек сузсо машына ментехосмот.н отком деп теректен буйтап кетеби.
31.05.2013. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nasyrkg, :))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо