№551 24-май-30-май, 2013-ж
Пайгамбарга үч адам келет. Анын бири «мен күнөөлөрүмдүн кечирилиши үчүн мындан ары түнү бою уктабай намаз окуп чыгам» дейт. Экинчиси «мен бир да күндү калтырбай орозо кармайм» дейт. Үчүнчүсү «а мен аялдарга такыр жолобойм жана эч качан үйлөнбөйм» дейт. Муну уккан Мухаммед пайгамбар: «Мен Алланын азабынан, силерден да катуу корком, бирок мен намаз окуп бүтүп уктайм, орозо кармайм жана орозо кармабай оозумду ачып да жүрөм, ошондой эле аялдарга үйлөнгөм. Ким менин сүннөтүмдөн четтесе, ал мени менен эмес»,- деген.
Нике – арабчадан которгондо «байлануу» дегенди түшүндүрөт. Шариятта үйлөнбөсө деле бузукулуктан сактана алган орто темпераменттеги адамдарга турмуш курууну сүннөт десе, сексуалдык темпераменти жогору адамдарга турмуш курууну милдет деп бекитти. Дагы бир хадистерде сахабалардын бирөөсүнөн пайгамбарыбыз «эмнеге үйлөнбөйсүң?» деп сураптыр. Ал «аялды багууга каражатым жок» дейт. Анда Мухаммед пайгамбар «үйлөнө бер. Балким, сенин берекең ал аялдын колундадыр» дептир. Бул «алгач үй салам, иш табам» деп үйлөнүүнү арткы планга чыгарып жүргөн жаштарга сабак болор.
Кыргыздарда да байыртадан никеге чоң маани берип келишкен. Күйөөсүнүн көңүлүн калтырбаган, келип-кетип турган тууган-уруктарын сүйлөгөн сөзү, кылган мамилеси, жайган дасторкону, коюлган тамагы менен тамшандырып, үй ичин таза кармап, балдарын куурчактай кийинтип, өзү ак маңдай жар болгон аялды урматташат. Андай асыл заттарды кыргыз эли ырыс-кешик, байлыкка теңеген. Маңдайы жарык, келген коногуна бар-жоктон сыр алдырбай, ыраазы кылып узаткан зайыпты кыргыздар «дилбар, дилди, көңүлдү тартып турган адам» дешет. Андай эненин кызы талашка түшүп, аны алуу ар бир үйгө сыймык болгон. Алгач кыздын атасын, анын үйдөгү кадырын, элге сиңген баркын сүрүштүрүп, энесин, бир туугандарын сурамжылаган. Анан гана атайы сынчы жиберишип, кызды сындатышкан. Сынчы кыздын басканынан баштап, чай куйганы, малга, тиричиликке жөндөмү, сүйлөп-ойлогону, кебетеси, күлүп-каткырганына чейин байкаган. Албетте, жакшы энеден жакшы кыз чыгат жана андай кыздын кабары кыргызда ооздон-оозго көчүп бат тараган.
(Уландысы кийинки сандарда)
Нуржамал Жийдебаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
tyyra aitasyn kowulam saga....jawtarga din jonundo keneenirek maalumattardan jazsanyzdar jakwu bolot ele....
Супер инфонун кызматкерлерине сунуш киргизет элем. Гезиттин бир бетин Ислам жонундо жазсанар ,нусканар дагы кобойот эле. Ислам динине бир бетинерди арнап койсонор чоон сооп болмок. Сунушумду четке какпай жооп бересиздер деп ойлойм. Алдын ала чон рахмат.