№551 24-май-30-май, 2013-ж

Динди ар ким ар кандай түшүнүүгө акысы бар. Бирок азыркы күндө дин менен мектепти барабар коюп, тандоо кылган жагдайлар кездешүүдө. Мындай түшүнбөстүктөр боло берсе, акыры эмне болот деп коңгуроо кагууну чечтик.
Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Күрмөнтү айылынан бир үй-бүлөнүн мектеп жашындагы эки баласы мектепке барбай жатканына бир жылга жакындап калды. Аталган айылдагы Жээнбай Муканбаев атындагы орто мектептин директору АДЫЛБЕК ТАКАЕВ буларды белгиледи:
– Айылда дин жолуна түшүп, намаз окуган үй-бүлөлөр бар, алардын арасында Бекбоосун Шакенбаев. Ал мектеп жашындагы бир уул, бир кызын мектептен окутпай жатат. 15 жашар Адинай 7-классты аяктап, мектепке келүүнү токтотсо, 1-класста эки ай гана окуган Бекназар тамгаларды деле тааныганга үлгүрбөй калды. Бул үй-бүлөнүн үч баласы мектепти өзгөчө жетишкендиктер менен аяктап, бир уулу шахмат боюнча республикалык мелдештерге катышып жүрчү. Жогорку окуу жайларына да өз күчтөрү менен өтүшкөн эле. Алар да билим алууну токтотуп коюшуптур.
Башында балдар класс жетекчилер үйүнө барса, кучактап ыйлап ийишчү экен. Азыр болсо «мектепке баргыбыз келбейт, биздин апабыздын кесиби мугалим. Биз үйдөн эле окуйбуз» деп таң калтырышууда. Мыкты окуган окуучулар мектептен четтеп калганына ичибиз ачышат. Алар сөзсүз түрдө мамлекетке пайдасы тие турган келечек ээлери болчу.
Мугалимдердин мындай сөздөрүн угуп, мектептен баш тарткан окуучуларга жолугууну көздөп, алар жашаган үйгө бет алдык. Балдардын атасы БЕКБООСУН ШАКЕНБАЕВ:
– Мектепте кыз-балдар аралашып бирге жүрүшөт. Бири-биринен жаман сөздөрдү үйрөнүп, терс көрүнүштөрдү көрүшөт. Анын баарын билип туруп, балдарыма андай шартты түзүп бере албайм. Уул-кыздарыбызды мектептен эмес, медреседен окутабыз. Кызыбызды Ислам университетин аяктаган келинибиз үйдөн окутат. Уулубузду болсо аракет кылып Бангладешке жиберсекпи деп жатабыз.
Бул маселеге байланыштуу Ысык-Көл облусунун казысы АЛМАЗ САГЫНДЫКОВ мырзага кайрылып, жооп алдык:
– Облус боюнча ушундай онго жакын үй-бүлө бар. Кыргызстандагы медреселерге 9-классты аяктап, колуна күбөлүк алган улан-кыздар кабыл алынат. Себеби балдар мектептен да билим алуусу керек. Мектептен туура эмес нерселерди үйрөнөт деген түшүнүктөн ата-энелер алыс болушса дээр элем.
Окуучу кыздардын мектепке жоолук салынып келүүсү боюнча чындап түшүнбөстүктөр көп. Билим берүү министрлиги «окуучу кыздардын мектепке жоолук салынып келүүсүнө каршы эмеспиз» деген буйрук чыгарган. Буга байланыштуу учурда жоолук салынган мугалимдер иштеп, окуучулар окуп эле жүрүшөт. Балким, убакыттын өтүшү менен мектеп формасына ылайыктуу бир түстөгү жоолуктар тигилип калар деп үмүттөнүп туралы.
Кээ бир ата-энелер «пайгамбарыбыз мындай кылган эмес» деп балдарын үналгы, сыналгы, компьютер деген нерселерге жакындатпайт экен. Компьютер менен иштеп киреше тапса, үналгыдан тарбия бере турган берүүлөрдү угууга неге болбосун, таң калычтуу. Илимсиздиктен акмакчылыкка барып, өзүбүздү пайгамбарга теңеп жиберип жатабыз.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
бул Медресеге мектепти кошпой эле койгула
Анын сынарындай, кээ бири билип-билбей, тушунуп-тушунбой эле бир нерселерди кыла беришет (дин маселесине келгенде).