№552 31-май-6-июнь, 2013-ж

«Ош-тазалык» ишканасынын кызматкери Акылбек Кадырбеков 17-май күнү Ош шаарынын Западный кичи районунда өз ишин аткарып жаткан мезгилде кокустукка кабылды. Күнүнө 15-20 жолбун иттерди аткан Акылбек Кадырбеков бир адамды жаңылыш атып алган.
Бул тууралуу: «Өзүм деле түшүнбөй калдым. Мен итти атып жатканда эч ким жок болчу, ок тийген киши арт жактан келди. Кыязы, жердеги чачыраган таштардан тийген го»,- дейт.Жабырлануучунун каражаттарын өз эсебинен төлөп берген.
Ишкананын башкы инженери Турдали Жоробаев: «Окуя болгон жерге мен да бардым, ок тийген эмес. Сотмедэкспертизанын жыйынтыгы чыкты, тергөө болуп, кызматкерибиз Акылбек Кадырбеков акталып, учурда өз жумушун аткарып жүргөн кези»,- деп билдирди.
Элира Чынтемир кызы
osh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |