Нурмат Садыров:«СҮЙГӨНҮМДҮН КҮЙӨӨСҮ БАР, МЕН СҮЙГӨН МЕНЕН ПАЙДА ЖОК»

№552 31-май-6-июнь, 2013-ж

«Мен сүйгөн менен пайда жок,
Кантейин, жаным, айлам жок...»
деген керемет обондор кимге арналууда? Кимди сүйгөн менен пайда жок? Нурматтын күйөрмандарына бул суроолорго жооп алыш, албетте, кызык болсо керек.

Толук аты-жөнү – Садыров Нурмат Садырович
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 19-октябрь
Кичи мекени – Токтогулдун Торкен айылы
Бою – 171 см
Билими – М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын салттык аспаптар бөлүмүн аяктаган. Учурда Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда окуйт.
Хоббиси – Ыр жазуу, эргүү издөө

– Нурмат, «Мен сүйгөн менен пайда жок» деп сыздап калыптырсың, ким анчалык айлаңды кетирди?
-Негизи, өмүрүмдө бир гана жолу сүйгөм. Аны айтып эле келатам. Бул ыр сыздагандан эмес, жөн гана чыгармачылык эргүүдөн пайда болгон. Бирок турмушумдун бир үзүмүн чагылдырып турган жайы бар.

– «Нурмат кыздарды четинен алмаштырат, ал «бабник» деген сөздөрдү кулагым чалды эле...
-Кудай сактасын, анчалык кыздарды сүйдүрүп алып, анан сыздатып таштап кеткен учур боло элек. Чындыгында, эркекмин да, өзү кылгырып карап «повод» берип жатса, эмнеге сүйлөшпөшүм керек? Интернеттен жазышат «жолугалы» деп, жолугам. Эч бир кыздын көңүлүн калтыргым келбейт. Бир убакта мени теңсинбей кеткен кыздар, ырдагандан кийин чалып калышат, түн жарымда. Алар менен деле сүйлөшүп коё берем. Көңүлү калбасын дейм да. Жакшы мамиле кылып койсом, жыргап калышат окшойт да, жигитим деп.

– Жумшактыгыңдын айынан сулуулардын капканына түшүп калып жүрбө...
-Кана эми, көптөн бери түгөйүмдү издеп жүрөм. Былтыр сокулуктук Айпери деген кыз менен сүйлөшүп жүрдүм. Сүйөм дебегем, бирок «жактырам» десем, такыр ишенбей койду. Ошол кыз мага «сени менен бирге болуу да кыйын, сенсиз жашаш да кыйын» деди эле. Ушул сөздүн маңызын дагы да болсо түшүнө элекмин. Балким, менин чыгармачылыгым тоскоол болуп койду окшойт. Андан кийин эч ким менен мамиле курган жокмун. «Мени, ырчыны эмес, жөнөкөй Нурматты чындап сүйө турган жар кайдасың?» деп издеп жүрөм. Айланамда кыздар толтура, бирок алардын баарына ырчы Нурмат керек. Менин жашоом, көйгөйлөрүм менен бирөөсүнүн да иши жок. Болгону «Нурмат менен жүргөм, таштап кеткем, ишенбесеңер мына, чогуу түшкөн сүрөттөрүбүз» деп мактана беришет экен, тобо. Менин оюмча, мээси бар кыз антип айтпашы керек.

– Байкашымча, турмуш курса да мурунку кызыңды унуталбай жүрөт окшойсуң...
-Мен табиятымдан сүйүүгө туруктуумун. Бир сүйсөм болду, бул өмүр бою. Ошондуктан болсо керек, алгачкы сүйүүмө баарын салыштыра берем, андай жароокер, мээримдүү кызды табалбай койдум. Аны сүйгөн менен пайда жок, билем.

– Анда кайрылып келсе үйлөнгөнгө даяр турбайсыңбы?
-Жо-ок, андай ишке баралбайм. Ал кызды сыйлайм, ошондуктан бакыт каалайм, кайрылбай эле жолдошу менен жашай берсин. Мени да арзып күткөн айым бардыр, мына ошого жолугуп, турмуш жолуна аттанам. Жаштык жайым калган жок, ашып кетсе 2 жылдын ичинде үйлөнөм. Өзүм катуу сүйгөн кызга гана башымды байлайм, болор-болбос арзууга алданбайм. Анан ысытма-суутма кылып алам деген кыздар, эч үмүттөнбөгүлө, баары бир болочоктогу келинчегимди өзүм тандайм. Жадакалса апам да «бул артистке биз тапкан кыздар жакпайт, ырдап жүрүп өзү табат» дейт (күлүп).

– Сенин оюңча, кыз бала биринчи сүйүүсүн билдирсе болобу?
-Эгерде бала чечкиндүү эмес болуп жатса, эмнеге болбосун? Ар бир адам өз бакыты үчүн күрөшүүгө укуктуу.

– Кызык, анда эркектердин бири-бирине болгон сүйүүсүнө кандай карайсың?
-Итиркейим келет, өздөрү менен өздөрү жыргаша берсин, мага тийбесин. Мен айылда, күнгө күйүп, кыздарды эле сүйүп, аларга кат жазып, чыныгы эркектердей чоңойгом. Бир жолу Таласка гастролдоп барганбыз, анан концерттин уюштуруучуларынын бири келип мага көйнөк берип жатпайбы. Эркек башы менен кылжыңдап тийишип. Ошондогу абалымды айта албайм, тумшукка бир коёюн дедим. Бирок «байке, не болуп жатасың, бар ары» деп айдап салдым. Андайдан Кудай сактасын.

– Дагы кандай адамдардан алысыраак болгонго аракет жасайсың?
-Тез арада жакын дос болууга умтулгандардан. Өзүм ачык-айрым адаммын, бат эле тил табышып кетем. Ушунумдан пайдаланып тез эле дос болуп чыга келишет. Анан жабышып телефон чала беришет. Ошолор канча жакындаган сайын, качканга аракеттенем.

– Артисттер айтмакчы, өмүрүң дөңгөлөк үстүндө өтүп жатабы анан?
-Ооба. Той, концерттерде жүрөбүз да. Былтыр бир тойдон келатып автокырсыкка учурагам. Негизги кан тамырым көрүнүп калган, аябай оор абалда ооруканага түшкөм. Дарыгерлерди таң калтырган нерсе – тамырымдын үзүлүп кетпегени. Кудай өзү сактаптыр да мени. Моюнумдагы тырык өзүмө да такыр жакпайт. Алдырып салам деп канча аракет жасадым. Бирок кайра тырык чыныгы эркектиктин белгиси деп өзүмдү-өзүм сооротуп койдум.

– Үйдөгүлөр сени кантип эркелетет?
-Эң кичүүсү болгондуктан, болгон таттуу сөздөр менен эркелетишет, анан апамдын бир сонун эркелетмейи бар «сары, сары, сапсары, солдаттардын аттары» деп эле жиниме тие берет (күлүп).

– Ичимдик ичип, тамеки тартасыңбы?
-Жок, андайга такыр жолобойм. Улуу агаларым да андай шайтандын ишине жакын эмес. Муну менен сыймыктанам. Мында апамдын эмгеги чоң болуш керек. Себеби ал өмүр бою мектепте иштеген адам, бизге тарбияны да мыкты берди десем жаңылышпайм.

– Кайсы күндү чыдамсыздык менен күтөсүң?
-Баарынан мурда апамдын туулган күнүн күтөм, анан өзүмдүн туулган күнүмдү. Белектерди алып жыргап калам да.

– Сенин оюңча, шоу-бизнестен ордуңду таптыңбы?
-Чыгармачылыкты баштаганыма көп болгон. Ортодо көпкө чайналып калдым. Же атым чыкпайт, же ырым чыкпайт. Башкалардай аткаруучулукту гана тандаган эмесмин, чыгармачылыктын болгон түйшүгүн моюнума алдым. Жалгыз бардык нерсеге жетишиш кыйын, ошондуктан азырынча ордумду таптым деп айта албайм.

– Маегиңе ыраазычылык.
-Рахмат, сиздерге да албан ийгиликтер келсин!

Нуркыз Курманбек кызы
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Сүйгөнүмдүн күйөөсү бар" дейт Нурмат Садыров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(72)
03.06.2013. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
назира кадыева менен маек кургулачы суранам кутом супер инфо маек жуктоп койгулачы
SUPER.KG видео
04.06.2013. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozun taanybachum jakynda ele yryn ugup klibin korup kozumdon jaw ailantkam, ayabai syiga tatyktuu tunuk , suilogonu jaiynda , jakshy tarbiya alyp chonoigondoi korunot! Chygarmqchylygyna iygilik , bulbuldai unundu sozup, eline bergen ubadanda bekem turup oilogon oi maksatyna jet! Myndan ary senin yrlaryndy tyndap ugup , jany yrlaryndy kutobuz!!!!
04.06.2013. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшына эле берип жатпайбы маекти,биздин ушул адатыбыз эч калбадыда,жакшы жактарын деле айтып койсонор боло,ачык-айрым маек бериптир,болгонун болгондой эле менимче,анан эле звезда болуп кетиптир деп жибериптирсинер баарынар.Болгонун болгондой кабыл алышты уйронолучу!Ийгилик сага Нурмат,чыгармачылыгына да,жеке жашооно да!
04.06.2013. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооуууу бул Нукебиз катырган го маекти 0))))
04.06.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай ырчы да барбы? Азыр таш ыргытсаң, ырчынын башына тийип калган го. Ушул жаш ырчылар тажатты, эки сап ыры менен. Андан көрө Гульнур, Роза, Алина эжелер менен маек кургулачы.
04.06.2013. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырыны тааныбайт экенмин.
04.06.2013. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саби,
Ыр, клиптерин шилтеме аркылуу кирип угуп, көрсөңүз болот)
http://www.super.kg/media/?search_term=издөө...&search_author=683&media_search=1&x=6&y=4
SUPER.KG видео
04.06.2013. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nur4ik ayabai talanttuu jigit da! Saga iygilikterdi kaalaim!
SUPER.KG видео
04.06.2013. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун балаго, жылдыздуу!!!
04.06.2013. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маеги жакшы эле.Биздин кыкендер алдыга чыксан бутундан тартышат,артта калсан тебелеп салышат.
04.06.2013. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул менен Нелянын жылдыздуу асманы чыгарбапсынар го бул санында
SUPER.KG видео
05.06.2013. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ainura eje tuura aitasyz Nurmat baike chynygy talant el syiyna tatyiberinizder bizdin suiuktuu talanttar el ozu tandap ugup alat sizderdei talanttardy
05.06.2013. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adam el kozuno korunup sozuno ilinip el chordonunda bolgon bul jakwy jaman synoo baardyk jerde aitylat senin emgekterindi baalabagandar alar seni taanybaska salgan alar ozundun arandagy ele yrhylar.elge jagat baardygy menin biliwimche suiup ugup jatywat jaman yrdagan emessin baary soonun!bala kezinizden yrdap uwul synoogo kyiynchulyka oto oor kesipti kotorup aluu bul sizden ichi taarlyk koro albasty jakwy soz jaza albai andygandar al adamdy da jaratkan bir kunu synait eldin batasyn alyp juro
05.06.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба жылдыз сезип алыптыр адам
05.06.2013. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантын тартуулай берсин,1-5 ыр менен "звездааа" болбой,дагы жакшы ырларды кутобуз...
05.06.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yrlarynyzdyn baary jagat soonun buga cheiin jazgan yrlarynyzdyn aurasy bawka, men suigon menen paida jok bul yrynyzda ozgocho buga cheiinki jazgan yrlarynyzdy suiup ukkandar tooltura, jyldyz bolup janaber ozundu ozun kotorboson tebelep ketet degen sozda tuura, bolgonun bolgondoi aityptyrsyn birok jawyryp koison nabarot emkide syryndy tuwunbogondor maktanyp jatkandai dele ech nerse aitpaptyrsyz jonok jakwy maek boluptur chestno)))i love you!
05.06.2013. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аааа эми мынча жаман эле болдунарго какшыктап силер ошентип ырдап чыккылачы биринчи сындатып эле койсо озу билетта кандай,журсо кандай суйлосо,кандай ырдаса!!!!!Ийгилик каалайм!!!
05.06.2013. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озун бийик сезсе ага акысы бар ылдыйга тушсо кадыры бар Манастан Чубак кем экенби бир ыры менен болсо болот атактуу эч ким бут тосо албайт Омар Арсен Мирбек дегеле алардан жогоруу турган атактуу ырчыларыбызда бир ыры менен таанылган!озго келгенди оттой бекерчиден бекер соз дейт.Ийгилик кыбырап кыр ашып,Чын журоктон ыр жазып,Аты тигилерди кыйратып журо бер
SUPER.KG видео
06.06.2013. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурмат Садыров деген да ырчы жигитибиз бар экенин бугун биринчи жолу билип отурам, Супер-Инфону окубаганымда мындай ырчы балабыз бар экенин билмек эмесмин, анткени акыркы учурларда ирчылар жазгы козукарындай болуп чыга келип эле кайра бат эле жок болуп кетип жатышбайбы, ырына келсек создорунун эч бир мааниси жок, аранжировкасы кичине окшошуптур
SUPER.KG видео
07.06.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жигиттин эриндери аябай жагат да:)Жеп койгум келет да:D)))
07.06.2013. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деле ырын уккан эмесмин, атын уккам. Бирок мактанбай эле, озун звезда сезбей эле маек берген. Болгону мага окшоп ачык- айрым экен да,:) оюндагысын жашырбай, болгонун болгондой эле айтып салат экен. Жасалма суйлой албаса кантсин. Ийгилик, маеги жакты.
07.06.2013. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ты кто такой?
07.06.2013. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болгону бир ырчы экен(чынында мен тааныбайм), тимеле kg кыздарынын баары ушуну эрчип жургондой суйлоптур! Жакшы ата чыкпайт бул жигиттен.
08.06.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нурмат деген ырчы бар беле неге менин кабарым жок)))биринчи корушум?
09.06.2013. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнегедир Нурматтын берген интервьсу менен журналисттердин гезит бетиндеги жазылган создордо айырма бир топ эле байкалып калгандай
09.06.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурматтын ыры жагат... "Мен суйгон менен пайда жок" деген чыгармасын угуудан тажабайм
09.06.2013. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу эл-журт кабардар болуп койгула Нурмат деген ырчы бар.... Силер билбесенер эле элдин баары билбейт деген кеп эмес... Ал эми Нурматка Ийгилик!!!
09.06.2013. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
-Баарынан мурда апамдын туулган күнүн күтөм, анан өзүмдүн туулган күнүмдү. Белектерди алып жыргап калам да" деп айтпаптыр го... Уйлонуу тоюмду кутом, ата болгонумду кыялданам деп айтыптыр го... Эмнеге журналисттер каалагандай жаза береби
09.06.2013. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Душасы таза жигит бирок, минтип элдин алдында мурунку суйгону менен учурдагы девушкасынын аттарын жар салбай эле турса болмок!
09.06.2013. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу силерге эчнерсе жакпайт....... Жылдыз болсо жылдызмын дейтта, артынан кыздар чуркаса артыман кыздар чуркады дейтта
25.06.2013. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eee dostor, munun yry sonun da . Suiuusu jakty ai
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо