БАТУКАЕВДИН АРТЫНАН ЧОҢДОР КЫЗМАТЫНАН КУРЖАЛАК КАЛАБЫ?

№552 31-май-6-июнь, 2013-ж

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте бошотулушун иликтеген депутаттык комиссия бирдиктүү чечим чыгарды. Комиссия жетекчиси Болот Шердин айтымында, акыркы чечимге комиссиянын бардык мүчөлөрү – 9 депутат кол койгон. «Азиз Батукаевдин ишин иликтеген депутаттык комиссия вице-премьер Шамиль Атахановдун, башкы прокурор Аида Салянованын, ИИМ башчысы Абдылда Суранчиевдин, Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын отставкасын талап кылат»,- деди ал. Ошондой эле акыйкатчы Турсунбек Акунду мыйзам чегинде кызматынан мөөнөтүнөн мурда чакырып алуу чечими чыгарылган.
Талкууда «Республика» фракциясынан Алтынбек Сулайманов «Азиз Батукаевдин жан-жөкөрлөрү Орусиядагы баш көтөргөн кыргыз бизнесмен жигиттерин кордоп жатканын билесизби?» деп ИИМдин жетекчиси Абдылда Суранчиевге суроо салды. ИИМдин жетекчиси «билебиз» деп тим болду. Эмнеси болсо да жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап болду. Кримавторитеттин чыгарылышына кам көргөндүн баары тиешелүү жазасын тартса гана кийинки мындай иштерге сабак болот. Жыйынтык чыкпаса, депутаттардын кезектеги «шоусу» катары кала бериши мүмкүн.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
04.06.2013. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынын айтсам ушул депутатарды с........п с......п уч тамга кылып койсо жакшы болот эле
05.06.2013. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогоруда аты аталгандар отставкага кетсе эле мукумум канбайт. Алар кылмыш кылган, кылмышы далилденип мыйзам чегинде жазалануусу зарыл!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо