Ынак Осмоналиевдин кызы Айдай:«АПАМ МЕНЕН АТАМ УНЧУКПАЙ ЭЛЕ ТАМАК ЖЕЙ БЕРИШЕТ»

№552 31-май-6-июнь, 2013-ж

Кичинекей бөбөктүн аруулугу, тазалыгы турмуш арабасында кылдыраган адамдын баарын суктантып келет. Бөбөктөрдүн тунук жан дүйнөсү адам өмүрү өткүчө сакталса кандай керемет болор эле. «Муну айтып койсом эжекем урушат, апам капа болот» деп ойлогонду билбеген жан дүйнөсү таза бөбөгүбүз – Ынак кызы Айдай бүгүн бизде мейманда.

– Айдай, канча жаштасың?
– Бештемин.

– Бала бакчага барат турбайсыңбы анда?
– Барам, күнүгө баргым келет. Азыр каникулдабыз. Адеми, Медина деген досторум бар. Аларды дайыма көргүм келет. Экөө бүгүн мени Айдай деп чакырышты.

– Бала бакчадан кыздар, балдар урушпайбы?
– Балдарды жаман көрөм. Мени тээп, тийише беришет. Мен дагы чуркап барып тебейин деп кубалайм, бирок жетпей калам.

– Эжекеңер жакшыбы, оюндарды үйрөтөбү?
– Венера эжекебиз мени жакшы көрөт. Тентектерди урушат. Мен тентек кылбайм да. Венера эжебиз сыртка чыгарып ар түрдүү оюндарды ойнотот, чуркатат, уктатат. Мен кээде такыр уктабайм, эжеке келе жатканда уктамыш болуп калам. Куурчак, жумуртка оюнчуктарды жакшы көрөм. 

– Бакчадан кандай тамактарды жейсиңер, курсагыңар ачпайбы?
– Борщ, плов, каша, гречка, макарон, нан жейбиз. Чай, компот да ичебиз. Курсагыбыз кээде ачат.

– Бакчага сени эртең менен ким алып барат да, кечинде ким алып келет?
– Эртең менен уйкум келип араң турам. Апам алып барат, кечинде Элиза эжем алып келет.

– Эки эжекең бар да, алар сени урушпайбы?
– Сумая, анан Элес деген эки эжекем тең мени урушушат. Жинине тийсем Элес чабат.

– Кантип жинине тиесиң?
– «Тигини алып кел, муну алып кел» деп жумшай берет. Мен тил албайм, анткени жаткым келет, бутум ооруп калат да. Чапканда «жинди, эшек» десем, алар «апама айтам» дешет. «Сен айтсаң, мен деле айтам» дейм.

– Сумаяны жакшы көрөсүңбү же Элестиби?
– Сумаяны жакшы көрөм. Анткени ал мени көп урушпайт, чаппайт. Элес мени туалетке камап коёт. Бакырып ыйласам, анан чыгарат.

– Ырдап, бийлегенди жакшы көрөсүңбү?
– Чыгыш бийин бийлейм. Бала бакчадан эжеке үйрөткөн. Орусча ырларды ырдайм. Анан да атамдын «Аппак кар», «Менин гүлүм», «Таласым», «Сени күтөм» деген ырларынын дискин коюп алып кыйкырып ырдайм.

– Апаң менен атаң сени эркелетишеби?
– Атам «күнүм, күчүгүм» деп эркелетет, Сумая экөөбүздү. «Элес урушту биринчи баштайт» деп айтабыз да, ошон үчүн аны көп эркелетпейт. Апам болсо мени «Элеске каяша айтасың» деп кичине урат.

– Апаң менен атаң эмне деп сүйлөшүшөт?
– Экөө унчукпай эле тамак жей беришет. Атам кеч келет. Тойго барып ырдап акча таап келет да. Апам болсо бизге тамак жасап берет.

– Атаң тойдон көп акча алып келеби?
– Ырдап аз эле акча алып келет. Бизге мороженое алып бергенде акчасы аз экенин көргөм.

– Чоңойгондо ким болгуң келет?
– Бала бакчада тарбиячы болгум келет. Тентек кылгандарды сабайм. Жана да чаң сүрткүч болгум келет. Азыр чаң сүртөйүн десем, Сумая майлык бербейт.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(28)
03.06.2013. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой эн мыкты маек болуптур, супер! аябай кулдумго,бактылуу таалайлуу кыздардан болгула келечекте, Элес кыйынго
03.06.2013. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат омурун узууун болсун бактылуу кыз бол.
атасы менен апасынын унчукпай тамак жегени соонун экен
03.06.2013. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооба,сонун маек,боорум эзилди кобунчо арты жагындагы создоруно.
03.06.2013. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чан сургуч болгусу келгени кызык экен.
03.06.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ынактын алтын кыздары,аман болгула!
03.06.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омурун уззун болсун,алтын кыз экенсин.
03.06.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чан сурткуч болгусу келгени жактыыы!омурунду берсин бактылуу бол!
03.06.2013. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун маек болуптур...
03.06.2013. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ичинде эч арамы жок наристе машаллах
03.06.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооии маеги сонун болуптур, бир каткырып алдым. Эжелерин сындаганын тим эле:)). Бактылуу, ыймандуу кыздардан болсун.
03.06.2013. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
))))))азамат!!!Омурлуу бол.
03.06.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии сасык десе чан сурткуч дегени жакты... Чонойсо буйруса ой максаты озгоруп кетет.
03.06.2013. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээх балалык кез кандай жакшы ээ?
04.06.2013. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
booooooruuuuuum)))) omurundu bersin.......
04.06.2013. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой алтын кыз, эл керегине жараган мыкты кыздардан бол, ыйлайым алла таала колдосун
04.06.2013. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ширин кыз ата энесине кайрымдуу кыздардан болсун
05.06.2013. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай кудай боорду эзетко Айдайка.Жумуштан чарчап келдим эле окуп чарчоом жазылып калды куло берип.Бактылуу бол Айдайка.Келечекте Ынактын кызы деп сыймыктана турган болойлу.Тулаетке камап коет дегендери жакты.Сонун маек болубтур.Ынак сизге ийгилик.Кызыныз аябай жакты.
05.06.2013. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ширин кыз го бал тилдуу,карындашымы сагынып кеттим окуп олтуруп,бактылуу кыздардан бол Айдай.
05.06.2013. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiabai ukmush maek boluptur baktiluu bol.el keregine jaragan kyzdardan bol!
05.06.2013. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай ширин так кыз экен, майлык бербей, туалетке камаганы жакты, омурлуу ырыс кешиктуу болсун.
06.06.2013. 05:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптуп. Бактылуу кыздардан болсун! Ынак агабыз учунчу кызы торолгондо торот уйуно барбай аябай капаланыптыр деп укканым бар эле. Ушак болсо кечирим сурайм.
06.06.2013. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы кичинекей кезимде эмнегедир Клуб ачкыч болом дей берчумун.Клубка келген кишилерди киргизип коюп акча алып концерт кором деп ойлосом керек.Ушул кичинекей кыздын айткандарын окуп алып озумдун бала кезим эске тушту.
06.06.2013. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык экен
07.06.2013. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"– Атаң тойдон көп акча алып келеби?
– Ырдап аз эле акча алып келет. Бизге мороженое алып бергенде акчасы аз экенин көргөм."-,ушул жери өзгөчө жакты!
09.06.2013. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек куруп бериптир! Азамат! Кыргыздын атын чыгарган акылдуу кыздардан бол!
09.06.2013. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтын кыз Айдай!бактылуу,омурлуу,ыймандуу кыргызымдын сыймыктанчу кыздарынан бол!тентек,бал тилдуу,МАЙЛЫК менен чан сурткон тазалыкты суйгон татына кыз экенсин.Кудайым сага омур,бактылуу балалык берсин Алтын кыз Айдай!
09.06.2013. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мойтойгон божок десе)))Бир жакшына жооп бериптир)))Чан сурткон эн сонун жумуш корунсо керек да...
10.06.2013. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичинде кири жок, айткандарын окуп алып оло кулдум... Балада эч нерсе жашырбай бар жокту айткан... Бактылуу кыздардан бол!...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо