Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КООГАЛАҢГА АЙЛАНГАН ТУУЛГАН КҮН

№552 31-май-6-июнь, 2013-ж

2010-жылдын жай айы. Азиз демейдегиден бүгүн эрте турду. Аңгыча телефону чырылдап калды. Апасы экен. «Уулум, туулган күнүң менен! Сендей уулум бар экенине сыймыктанам!» Азиз уялып калды. «Мени жарык дүйнөгө алып келген адамга мен биринчи болуп чалышым керек эле. Эх, жумуштун көптүгүнөн баары эстен чыгыптыр. Туулган күн демекчи, бүгүн эмне кылсам?» Жигит көпкө ойлонду да, шаша-буша кийинип квартирасынан чыкты. 
Жумушка келсе пол жууган Мухабат апа муңдуу отуруптур.»Сизге эмне болду?» деген үндөн чочуган Мухабат «эч нерсе, тынччылык эле» деп чакасын көтөрө басты. Кызык, дайыма жетекчисин жаркылдап тосуп алган бул аялды эмне кыйнап калды? Кабинетине кирген Азиз катчы кызга кайрылды.
– Мухабат эжени ким капа кылды?
– Эч ким, Азиз Оморович. Бул аял бүгүн жинге тийди.
– Мына айтпадым беле, күнөө сенде окшойт.
– Жо-ок, ал жөндөн жөн эле «бизди батырбайсыңар» деп сүйлөгөндө чыдабай кеттим.
– Аксана, сенин жумушуң апаңдай болгон аял менен айтышуубу? Андан көрө мен дайындаган документтерди алып кир.
Кеч кирди. Туулган күнүн белгилегенге кафеге жөнөдү. Достору менен отурушкан. Бир убакта кафенин администратору официанттарды күтүүсүз чакыртып, топтолуп калышты. Чайын ичип-ичпей туруп кетип жаткандар, бири-бири менен шыбырашкандар... Түк түшүнбөдү. Бир олбурлуу досу сыртка чыгып эле бозоруп келди.
– Кыргыз-өзбек чыры чыгыптыр. Кеттик, балдар, үйүбүзгө.
Баары таңдана карап, кафеден чыкканча шашышты. Азиз шаардын Курманжан датка көчөсү менен бараткан эле. Жоон топ адамдар, ызы-чуу, кыйкырык-өкүрүк. Шарт машинасын буруп айдап жөнөдү. Үйүнө келсе ата-энеси чалып «Ошто уруш чыгыптыр, айылга кел» деп айтышты. «Тынч элебиз, паникага алдырбагыла» деп аларды жооткоткон жигит эмне кыларын билбей башы катты. Улам бирөө чалып шумдуктуудай кабар айтышат. Эмне кылуу керек? Бир убакта үйүнүн коңгуроосу кагылды. Бет маңдайында кароолчу турат.
– Азиз Оморович, иш чатак.
– Билем, кир үйгө.
Бутун чечпей кирген кароолчу ишкананы адамдар басып алганын айтты.
– Эки жаат болуп тирешип жатабыз, азыр өрттөшөт,- деп ыйламсырап жиберди кароолчу.
– Жүрү кеттик, ишкана өрттөлсө мейли, адам өлбөсүн, адам өлбөсүн.
Келсе чын эле Азиздин ишканасынын жанындагы дүкөндөр күйүп жатыптыр. Машинанын жолун тороп, таш бараңга алып киришти. Бир заматта түшкө кирбес иш болду, кароолчу
экөө эптеп машинадан түшүп, элге аралашты.
– Өрттөбөгүлө! Мен ушул жерден нан таап жейм...
Өзбекче сүйлөгөн тааныш үн. Мухабат эже тура. Чачы жайылып бакырып ыйлап жүрөт, имараттын жанында.
– Анда сени кошо сабайлыбы? Сен да тоого кет булар менен кошо! Ош биздики!
Аялды эч ким уккан жок, былчылдаша сабашкан жаштар, кыргызы-өзбеги аралаш. «Чыкпаңыз, атып салышат сизди» дегенге болбой Азиз кошулду аларга.
– Мына кожоюну келди, эми муну куруталы, көөп кеткен эле!- деди ары жактан бирөө. Баары тегеректеп алышты.
– Өзүңөрдү баскыла! Бир чыккынчынын сөзүнө кирип эки элди бөлбөгүлө! Эзелтен мекендеп келген жериңерге түкүрбөгүлө! Бириңден коон сатып алсам, экинчиң мени менен
иштейсиң. Имаратты өрттөп эмне табасыңар?- деди Азиз.
– Бизди коон саттырган ким? Сен, сага окшогондор! Ургула муну!
Олбурлуу Азизге алы жетпей бешөө жабалактап ур-тепкиге алып киришти.
– Айланайындар! Сабабагыла бул жигитти!
Мухабат эне Азиздин үстүнө үйрүлө түшө калды.
– Сен өзбекти туудуң беле же мунубу?
– Мен энемин, эне улутка карап бапестебейт баланы!
Ушинтип арага түшө калган энеге ары жактан бирөө кошулду.
– Келгиле, бул экөөнү мага бергиле, өзүм жайлайм! Энени калтырсам да, мына бул ит кыргыздарды мага койгула, көзүн тазалайм!
Ушул кишинин сөзүнөн кийин алар башка тарапка чурулдап жөнөштү. Бети-башы кан болгон Азиз менен Мухабатты, кароолчуну ээрчиткен өзбек жигит Азизге карап:
– Азиз аке, качыңыз! Мухабат энени да ала кетиңиз, мен сизди көргөн жокмун, сиз мени...
Андан бери үч жыл өттү. Азиз баягы жумушунда. Мухабат эжесине башка жумуш таап берген, ашпозчулардын чоңу кылып дайындаган. Бул өзбек аял жетекчисине өз колу менен
түрдүү тамактарды жасап берип кубантат, Азиз болсо айлыгына кошуп сыйлык да берип коёт кээде.
Азиз мурда ушул жерде иштеген, өзүн өлүмдөн алып калган адамды издей берет. Адамдын башка мүчөсү өзгөрсө да, көзү ошол бойдон калат экен, боорукер ошол кишинин көз
карашы дале эсинен чыга элек. Аны миң кишинин арасынан жазбай тааныры турган кеп. Бирок аны менен тагдыр кездештире элек азырынча... Азиз үч жылдан бери «жаман улут
болбойт, жаман адамдар болот»
дегенге ишенип калды. Чагымчынын сөзүнө кирип, баш көтөрүп, колтугуна суу бүрккөн адамдарды жек көрөт. Ошол кандуу, каргашалуу күндү
эстегиси келбейт...

Жаңыл Калыкова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(30)
03.06.2013. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
иии ош окуясы ар бир адамдын журогуно так калтырды!менин таятам таенемдерге да озбек коншулары оздорунун жардамын корсотушкон, жаман улут болбойт жаман адам болот.
03.06.2013. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aika2009, tuura aitasyz jaman ulut bolboit,jaman adam bolot. men mektepte okup jurgondo bawka uluttun elderi kelgen ele,alar bizge karap ozbekterdi jakwy korosunorbu dep suraganda baarybyz jer karap kalsak,direktorubuz kelip "biz bularga jek koruunu, kek saktoonu uirotpoibuz,biz bulardy jakwi adam bolsun dep tarbiyalaybiz" dep aitkany dale esimde.
03.06.2013. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен дагы кошулам силерге.
03.06.2013. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош окуясы ар бир адамды кейитет кандай гана окуялар болбоду мен Жалалабаттагы окуяларга оз козум менен кубо болгом Батыровдун университетин автоматтар менен атып талкалашканын, Бакиевдин уйунун орттонуп атканын, администрацияга ашып кирип тополон кылгандарын ошол мезгилде студент элем аябай коркком.
03.06.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бирок мындай удача 10дон 8ине гана жылмайганда аттин, калгандар типа реалити шоу болуп кеткенго "остатъся в живых" , Пила деген кино шерменде Ош окуясынын астында, эхх эстесен журок тушот эми жаман улут жок жаман адам бар деп озубузду озубуз алаксытып коёбузда башка эмне дейбиз
03.06.2013. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"мин уккандан бир коргон" ким Ошто болгон болсо ошол тушунот "хаос" кандай болорун
03.06.2013. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен Ошто кан менен оттун арасында жургом, анда озбектерге болгон жек коруу чегине жеткен эле, себеби: жолдо жаткан олук денелер кыргыздар болчу, биз аларды коруп олумдон кайра тарткан эмесбиз, жанымда бараткан досум бир кыйкырып турган жок ок тийген, азыр ошол кундорду эстесем журогум титирейт, озбектерге болгон биздин оч алуубуз бар и мындан ары да боло берет, себеби алар 1чи башташкан
03.06.2013. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ош окуясында менда болгом 15- июнга чейин шаардан чыгып кете алган эмесмин, түшкө кирипда канча коркуп жүрдүк. Ур токмок, кыйкырык түтүн, кан эстесем ыйлагым келет. Өзбектер ошол убакта чектен чыгып көөп кетишкен. Группалаштарым өзбек согушка чейин алар башкача андан кийин башкача болуп өзгөрүштү. Өзбектер эки жүздүү, куу эч ишенбегиле өздөрүнчө бечара боло беришет
09.06.2013. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shazi, туура айтасын,биздин озбек коншубуз да кочуп кетти эч теке дебестен эле эмесе чогуу 20 жыл жашадык коншу болуп ,уруштан киин ким кандай экени билинип калат экен да,а таятамдар жашаган жакта коншулары аябай жакшы кантсе да карыялар тушунот!согушту эч ким корбосун согуш болбосун эми ,озбектерге акыл и бул согуш сабак болгондур!!!
04.06.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ооба озбек менен дос болсон бычагын жанында журсун деген соз бар эч озбектердин жакшысы жок аларга вообще ишенбеш керек озбектерди коргонго коз жок айла жок жашаган жургон жерлерибиз бир бирок буларды коптурбой басып турушубуз керек
04.06.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жек кором!!!!!
04.06.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектерди озбектер озулору жек корот экен. Мен россия жергесиндемин. Коп озбектерден уккам,бири бирин жамандап атканын. Ананда болок жерде журсода президенти Каримовту жамандагандан коркушат экен шумдук. Эмнеге коркосунар десек айтышпайт.
04.06.2013. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamo, аларго олуп кетсин мине болушса ошо болушпайбы Каримов жеп салабы ,сыгып согун ичеби, биз тиги озубуздун уйдогулорду айтып атабыз ошолордон коркуш керек тымызын тагалап журуп акырында ишти бышырып койушат экен
05.06.2013. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
toxa-90-kg,
Сиз бир эле убакта эки жакта тең башка улутту кемсинттип жана ат коюп жазганыңыз үчүн эскертүү берилген! Дагы кайталасаңыз сайттан четтетүүгө аргасызбыз!
05.06.2013. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baxa1980,
Сизге улутуна, динине жараша бөлүп жарууга тыюу салынат деп эскертүү берилген! Эрежелер менен дагы бир ирет таанышып келиңиз! 5 күн банга!
05.06.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал-Абадда лагман саткан чайканада озбектер иштешчу,анан кассири бар эле бою пас,арык,кичинекей бала,жакшы эле суйлоп ишин так аткарчу.Ошол жигит 6 кыргызды мууздап салыптыр деп уктум,азыр турмодо экен.Тообоооооо,кантип колу бардыыыыы,Аллах Тааладан корксо боло,ошондон кийин озбектер эки жуздуу болот дегенге чындап ишендим.
06.06.2013. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Этият болуш керек дагы башташы мумкун ушунчалык коздорундо жек коруу бар биз кыргыздар момун калкпыз да жаман ойлобойбуз
06.06.2013. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштогу окуяда мен балкондон баарын байкап отургам куйоом экообуз, 3 айлык кызым бар болчу, азыр кызым 3 жаш 3 айлык болуп калды, бирок ошол мезгилдеги сезимдер дагы деле бар, кошуналарыбыз эле, 2-3 кун мурун сизге продукта алып келип берейинби деген чон озбек киши, жок куйом келет эртен десем, эртенге чейин алып келип берейинби деген болчу, ошондон кийин 2 кундон кийин эле башталып кетпедиби, мени уурдап кетишине аз калган, бир тал гана жолтоо болуп калган.
06.06.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондон кийин гана оз башымдан откондон кийин гана билип калдым озбектерге ишенич ото кыйынга турат, чындап озбек менен дос болсон жанында бычак журушу шарт.
06.06.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжемдерди бир озбек киши 3 баласы менен махалладан алып чыгып койгон кыргыздар тарапка, бирок озу олгучо келтек жеген озбектерден эле, ошолдон да улам байкаса болот, жаман улут эмес, жаман адамдар коп экенин.
06.06.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай окуялардын кообун айтсам болот, неге дегенде оз козум менен гана коруп отургам, Оштон эч жака чыккан эмеспиз. Кообу качып кетишкен, ошондо кордум адамдардын коркоктугун, адамдардын эки жуздуулугун. Жардамы жок калып кеткен адамдарды ж.б.у.с. ...
06.06.2013. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
озбек эмес куну келсе кыргыздар да бири бирине жакшылык кылбайт ,бийликтеги чондорубуз элли ойлобой талап тоноп жеп атат,анан кантип башка улут бизге жакшылык кылсын .
06.06.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ылайым тынччылык болсунчу олкобуздо. азыр квартирамда бир озбек аял турат. куйоом кыргыз, ош окуясынан кийин балдарымды озумду сабаганынан качып чыктым деп кирген. ушул дем алыш кошуналардан жалоб тушконунон барсак бир баласын жетимдер уйуно тапшырып, эки баласынын козунчо сойкулук кесипти кылып атыптыр. чык десем ининди олтуруп коем деп коркутат. боор оорусан боорго тебет деген ушул экен да. Баарынан да 12-14 жаштагы кызы, 2 жаштагы баласына боорум ооруп атат. экоо энесинин ыплас нерселерин тер
06.06.2013. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ROUSE, боор оорубай тез чыгарып жиберин, сойку болсо кандай адамдарды алып келип жатат сиздин кв-а, кийинкиге калтырбан..
06.06.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
терип уйду жыйнамыш болушат.
06.06.2013. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сулайман тоо тараптан жамгырдай жааган октон качып, 20жаштагы синдимди которуп алып /майып/ автобуска чуркаганыбыз эсимде. 'баарынар терезеден ылдый болгула, махалла аралап кетебиз, бизге карай атышы мумкун !деп кыйкырып жатышты. Акырыын башымды чыгарып карасам дарбазаларынан биздин качканыбызды тамаша кылып турушат. Аябай окундум, качандыр бир келип калган элди кучак жайып орун берип, наныбызды тен болуп жеп анан минтип биз чыркырап ыйлап качып а булар оз уйундо туруп бизди шылдындап жатты...ай
07.06.2013. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир чыккынчылардын тукурганынан улам канчалаган адам наабыт болду! Окуя куну бугункудой коз алдымда турат Бирок улут аралык чырга ушак соз, калп создор да, атайлап чыгарылган соз да чон таасир этет.
07.06.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аягына чыгабыз!
07.06.2013. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар баарыбыз этажный домдордо байкуштай бп кысылып калабериптирбиз а тигилер короолору чон, огороддору мн ананда так шаардын ортосунда..
10.06.2013. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazmar, aizish, башка бирөөлөрдүн улутун кемсинткен жана улутуна жараша бөлүп жарган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Азырынча эскертүү!
Модератор admin_superstan түзөттү 10.06.2013 09:46
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо