Ильяз Абдыразаков:«АЯЛДАРДЫН РУЛДА ОТУРГАНЫНА КАРШЫМЫН»

№552 31-май-6-июнь, 2013-ж

«Жылына эки жолудан машина алмаштыра баштадым»,- дейт темир тулпары тууралуу кеп салган Ильяз Абдыразаков. Анан да үй-бүлөсү, чыгармачылыгы тууралуу да айтып өттү.

– Ильяз, рулда жүргөнүңө канча жыл болуп калды? Алгачкы унааң кандай үлгүдө эле?
– 5-класстан бери рулдамын. Ошондо 10 жылдан ашык убакыт болуп калат экен. 2006-жылы алгачкы жеке концертимди берип, ошондон түшкөн каражатка Гольф-3 үлгүсүндөгү алгачкы унаамды сатып алгам.

– Машина аларда эмнесине көңүл бурасың? Баасынабы же үлгүсүнөбү?
– Эч качан баасына көңүл бурган эмесмин. Эгерде машинанын абалы ойдогудай болуп, жолдо калтырбашына көзүм жетсе, сатып ала берем.

– Эң кымбат жана эң арзан машинаң канча акчаны чапчыды эле?
– Эң кымбаты Ленд Крузер 35 миң доллар болсо, алгачкы алган унаам Гольф-3 3500 долларды түзгөн.

– Эгер унааң бузулуп калса, өзүң оңдой аласыңбы?
– Жок, эгерде ошентип ара жолдо калтырса, мен үчүн оңдоо кыйынга турмак. Бирок кайсы тетиги бузулганын, эмнесинен кеткенин билүүгө баш жетет.

– Ушул кезге чейин ара жолдо калган учур болду беле?
– Ооба, болгон. Тойота Марк 2   үлгүсүндөгү машинам бар болчу. Бир жолу досум экөөбүз Оштон келатып Токтогулга жеткенде кыймылдаткычы иштебей калып жатпайбы. Айла кеткенде бир КамАЗдын айдоочусу менен сүйлөшүп, ошого жүктөп алып араң Бишкекке жеткенбиз.

– Азыр Мерседес минип жүрөсүң...
– Негизи, немистердин өндүрүшүнөн чыккан автоунаалардын баары бааланат эмеспи. Анан да алардын ичинен айрыкча Мерседеске жакшы мүнөздөмө берип жүрүшөт. Ошондой эле жогорку ылдамдыкты камсыздашына көзүм жетет. Биздин жумуш графигибиз абдан жыш болуп, дайыма гастролдордо жүргөндүктөн, чыдамкай машина керек болду. Менин оюмча, Мерседес абдан сүрдүү, мырзаларга ылайык келген машина. Ошондуктан буга токтолдум.

– Унаага байланыштуу ырым-жырым колдоносуңбу?
– Ырым-жырымдарга ишенбейм. Ошон үчүн колдонбойм. Ар бир айдоочу жол эрежелерин туура сактап, чектен ашпаса эле, баары жайында болот.

– Күнүнө бензинге канча акча сарптайсың?
– 500, 1000 сомдун тегерегиндеги акча кетет.

– Унааны дайым «эркелетип» турбаса, «характерин» көргөзөт дешет...
– Чынын айтсам, меники ылай болуп кирдесе да жуудурбай айдап жүрө берем. «Мүнөзүн» көрсөтпөйт деле. Кээ бирөөлөр өтө камкор мамиле жасап жүрүп, өздөрү «нежный» кылып алышат да, анан кантип жаман жагын көрсөтпөсүн.

– Чынын айтчы, унаага көп акча коротосуңбу же жубайың Мединагабы?
– Албетте, жубайыма көп акча коротом. Андайда, тескерисинче, Медина «машинаңды жакшылап кара, ичи-сыртын жаңылап алсаң боло» деп мага эскертип турат.

– Жол эрежесин бузуп көп кармаласыңбы? Эң көп канча сом айыпка жыгылгансың?
– Ооба, көп эле кармалам. МАИчилердин кээ бири «аа, ырчы Ильяз турбайсыңбы» деп таанып, жөн гана коё беришсе, айрымдары «ырчы болсоң өзүңө» деп айып салып коюшат. Телефон номеримди алып калып, кийин чалышып, ушул убакытка чейин дос болуп жүргөндөрү да бар. Чоң суммадагы айыпка жыгылып көргөн эмесмин. Ашып кетсе 300 сомго чейин болгон.

– Медина машина айдаганды билеби?
– Ал «мага деле айдаганды үйрөтүп койсоң боло» деп айтып эле жүрөт. Бирок биз турганда аялзатынын рулда отурбай эле койгону жакшы. Мен буга каршымын.

– Машинаны канча убакытта жана эмне үчүн алмаштырасың?
– Жогоруда айткан, мени ара жолдо калтырган машинамды эле эки жыл айдадым окшойт. Андан кийинкилерин жарым, бир жылдын ичинде эле алмаштырып келатам. Негизи, кичине эле кемчилиги билине баштаса, дароо сатып, башкасын алам. Кудай сактасын, учурдагы тулпарым мени таарынта элек.

– Эми үй-бүлө, чыгармачылыгыңа да кайрыла кетели. Неге мурункудай сахнага көп чыкпай калдың? Үй-бүлө түйшүгүн тартыппы?
– Сахнага чыкпаганым менен, чет өлкөлөргө гастролдоп көп чыгып жүрөм. Жакында эле Кытай, АКШга чейин барып, ал жактагы мекендештерибизге кыргыз ырларын тартуулап кайттым. Кытайдан жөн келбей, «Таарынба» деген ырыма клип тарта келдим. Ошондой эле май айында казак жергесинде болуп өткөн сынакка катышып,  алдыңкы 7 катышуучунун катарына кошулдум. Баш байгеге жетпей калдым, тилекке каршы. Бирок казак боордоштор куру койбой
30 миң теңге (10 миң сом) байгесин берип узатышты.

– Сага чалсак эле балаңдын үнү угулат. Балага Мединага караганда сен жакыныраак болуп кеттиң окшойт...
– Туура. Бала жыты башкача экен да. Мен эле эмес, үйдөгүлөрдүн баары баламды көргөндө эзилип турушат. Кадимкидей бири-бирибизден талашабыз. Жашырганда эмне, кээде Медина бошобой жатса, тамагын берип, памперсин которуп дегендей, аталык милдетимди аткарып жатам. Эгерде менин жумуштарым чыгып калса, чоң ата-чоң апасы, инилерим каралашып турушат.

– Уулуң Розандын кандай өнөрлөрү чыгып жатат?
– Кээде мен студияда ыр жазып отурганда музыка чыгып калса, бир нерсе деп эле кыйкырып, башын кыймылдатып бийлеп кирет.

– Маегиңе рахмат!

Асел Асанова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(46)
03.06.2013. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Ильяз азаматсың, талантыңа таазим, чыгармачылык ийгилик жана үй бүлөөлүк бакыт каалайм. Ырларың ар дайым мыкты, өнөрүң өркүндөй берсин.
03.06.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
5-класстан бери рулдамын дейби?!
03.06.2013. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алса алгандырда силерге не деймда, ар ким айтса мактанса озу учун туурабы,так что Ильязга ийгилик каалап эле жазып койгула чукубай!!Ийгилик сага Ильяз!!!!
03.06.2013. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolsun! Yrlary abdan jakshy,ozgocho ''azap''değen yry!Chygarmachylykta iygilikter bolo bersin!
03.06.2013. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильяз жарайсын! Дайыма жонокой,адамгерчилигинен жазба. Бирок айтарым мурункудай шандуу ырларды жаратып ,жарыла жарыла эле ырдачы.
03.06.2013. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концерт берип эле 35 миң доллардык Ленд Крузер ала алабы? же жеке бизнеси деле бар го. эмнеси болсо дагы жапжаш туруп коп нерселерге жетишиптир! азамат, кыргыздын балдары ушинтип тын болушсун!
07.06.2013. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LadyD,
Концерттен тушкон каражатка гольф-3 унасын сатып алганмын деп атпайбы.
14.07.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LadyD, Ушул сиз жаман коп какшыктап коммент жазат экенсиз, мындай комментерди жазуунузга себеп эмне? Ильяз Братка болсо соз жок, коро албагандарга Ильяз братка эмес иниси Ниязга жете албайсыздар! так что отдыхайте!
Модератор admin_media түзөттү 15.07.2013 10:08
15.07.2013. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AZAP_2009,
Билдирүүңүз түзөтүлдү.
Ар бир колдонуучу эрежеге ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар!
03.06.2013. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чон чон Ийгиликтер жарала берсин алгаа Кадамжайдын кулуну
03.06.2013. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
.Талантына таазим этем Иляз,жана да уй-булолук бакыт каалайм.
03.06.2013. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baike siz menin kumirimsiz
03.06.2013. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ilyazdyn yrlaryn suyup ugam kobun4o azapty.uwunday yrlardan kutobuz.talantyn orkundoy bersin.
03.06.2013. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иляз чыгармана ийгилик Иляз 1999 жылы биздин закста ямаха чертип апасы экоосу ырдап берген эле кийин телевзордон чыгып папулардуу болгонун кордум касетамды койсом чын элеошол бала иляз экен
03.06.2013. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантын оркундой берсин мен дагы азапты коп угам жагат
04.06.2013. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз онорун оркундой берсин,элдерди кубантып журо бер.
04.06.2013. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жонокойлугун баалап келем,азамат.Ата-эне болуп,оз ата-эненердин кадырын билип турган чагынар,жакшылыктын устундо журо бергиле.Аллах Таалам ишине ийгилик,уй-булоно бакубат жашоо берсин.
04.06.2013. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кооптон бери корунбой кетти эле.Ийгилик жаны ырларды кутобуз!
04.06.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын!ийгилик,бактылуулук каалайм.
04.06.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аа базар жоок
04.06.2013. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
n
04.06.2013. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин эн суйуктуу ырчым.
04.06.2013. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азап ыры кээде радиолордон коюлуп калса алтымыштагы абышка кемпири да кошо ырдап калат.:-)))жакшы ырлар жарата берсин.
04.06.2013. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы оркундой бер келечек али да алдыда
05.06.2013. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик Ильяз,сен биздин сыймыгыбызсын,сага таазим этебиз.бактылуу болгула Медина экоонор.
05.06.2013. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20'000$ алса болот. орточо баасы го. потолок эмес.
05.06.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
патсан маалында эле чагатай болчу! биздин айылга комсомольский тойго келип ырдаганы эсимде!
07.06.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяс чыныгы мырза жигит, туптуз, эки жуздуулук менен иши жок, курулай ооз коптурбойт. Анан да аялынын машина айдаганын туура корбогондугу жакты, эмне кылат эээ аялын озу менен кошо жарыштырып. Туптуура айтыптыр. А ырларына келгенде талаш жок мыкты ырлар, ырларынын баары "песни моей души" суйуп угам. Негизгиси адал жигит!
07.06.2013. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janysy 20 mindei ele turat
08.06.2013. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
уф ушул Ильязга эле тийип алсам болмок экен коп акча коротмок экен мага арманым ай)
08.06.2013. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырлары баары хит болот создун кыскасы
08.06.2013. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат иштерине ийгилик!
09.06.2013. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялына деле уйротуп койо бербейсинби анын эмнеси бар экен? Кайра жакшы эмеспи анча-мынча градус бар кундору кочодо жоо калбайсын))))))))
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо