№552 31-май-6-июнь, 2013-ж
«Даңазалуу кылым» аттуу түрк сериалында Хүрремдин ролун аткарган актриса Мерьем Узерли тартуу аянтына кайра келбей калышы мүмкүн. Анткени актриса бир нече убакыт мурун өзү жашаган Германияга кетип, кайра тартуу иштерине Түркияга келбей койгон. Себебин Мерьем моралдык жактан чарчап, бейтапканага жатканы менен түшүндүргөн. Маалымат айдыңында Германияга кеткиче актриса сериалдын продюсерлеринен гонорарын эки эсе көтөрүүнү сунуштаганы жөнүндө айтылып жүрөт. Популярдуу сериалда баш каармандын ролун жараткан Мерьем бир серия үчүн 13 миң еврого жакын гонорар алары белгилүү. Бирок бул да аздык кылып, актриса сериалдын продюсерлерине кыр көрсөтүп көрөйүн деген окшойт.
Лунара Бекиева
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |