Бакыт Тынайбеков:«КЭЭДЕ КӨҢҮЛ АЧУУ ҮЧҮН КЫЗДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП КОЁМ»

№552 31-май-6-июнь, 2013-ж

Бул жигит чыгармачылыгын куудулдуктан баштап, кийин гана кино дүйнөсүнө кадам таштаган. Алгач «Саяктар» командасынын курамында ойноп, «Тамашоунун» экинчи сезонунун чемпиону аталышкан. Андан соң «Саяктар» командасынын жигиттери тарткан «Көк салкын» тасмасында Бакулянын ролун аткарып, өзүнүн актёрдук дареметин көрсөтө алды. Бүгүнкү маектешим жаш актёр Бакыт Тынайбеков болмокчу.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жери – Нарын шаары
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 27-июнь
Тартылган тасмалары – «Көк салкын», «Сүйөм дечи» жана жарнамалык түрмөктөргө тартылган
Терс сапаты – Кээде сөгүнүп коёт

– Салам, Бакыт! Алгач чыгармачылыгыңды элди күлдүрүү менен баштаган экенсиң...
-Ооба, Нарын шаарында окуп жүргөндө «Нарынский вариант» командасы менен Евгений Акопяндын оюнуна катышып турчумун. Кийин «Тамашоу» ачылып, «Нарынский вариант» командасы «Саяктар» болуп өзгөрүп алдык. «Саяктар» чемпион аталгандан кийин «Тамашоудон» кетишти. Ал эми биз кайра «Нарын Юнайтед» командасын түзүп, Нарындын атынан чыга баштаганбыз. Бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу, анан да окуубузга тоскоол болуп, тамаша жаратканга убакыт таппай команда жоюлуп кеткен. Андан кийин жарнамага, «Көк салкын» тасмасына тартылып, актёрдук карьерамды улантып келе жатам.

– «Көк салкын» демекчи, аталган комедияга тартылууга сунуш түшкөндө дароо эле макул болгонсуңбу?
-Башында айтышкан, кыздын ролун ойнойсуң деп. Мен «ойлонуп көрөм, ойлонуп көрөм» деп жатып эле тартылып калдым. Башында бир аз чочулагам, «тууган-урук кандай кабыл алат, достор шылдыңдабаса экен...» деп. Жыйынтыгы жакшы чыкты, эч кимден деле терс пикир уга элекмин.

– «Жоолукчан сүрөтүмдү чыгарбай эле койчу» дебедиңби, эмне, уяласыңбы?
-Жок, уялбайм деле, жөн эле бир ролго таңууланып калгым келбейт. Себеби бардык жерде эле менин жоолукчан түшкөн сүрөтүмдү бере беришет.

– Кинодогу кайсы каарманың өзүңө окшош?
-Жакында эле «Сүйөм дечи» тасмасына тартылып, Адыл деген нукура кыргыз жигитинин ролун жараткам. Негизинен кыргыздын жигиттери оңой менен сүйөм деп айтпайт эмеспи. Адылдын кээ бир мүнөздөрүн өзүмө окшоштуруп жиберем. Мен да баарын ичке катып, оңой менен сүйөм деп айта албайм.

– Акыркы жолу сүйөм деп качан айттың эле?
-Мм... Качан айттым эле?.. Эстей албай жатам, жок, эч кимге айтып көрбөптүрмүн.

– Койчу?
-Чын, кинодо эле айтпасам, жашоодо айткан эмесмин (күлүп).

– Кинодогу сүйүү менен турмуштагы сүйүүнүн айырмасы эмнеде деп ойлойсуң?
-Экөө бирдей эле. Кино деле турмуштан алынып тартылат да. Бирок кинодо кичине көркөмдөлүп, кооздолуп кетет, анан сүйүүнүн кызыктуу жерлери гана сүрөттөлөт. Ал эми турмушта кызыктуусун да, кызыксызын да кезиктирүүгө болот.

– Кандай селкилерге көз кырыңды саласың?
-Мага кара чачтуу кыздар жагат. Капкара болгон чачын көрсөм, кадимкидей делебем козголуп кетет. Мага деле сулуу кыздар жагат. Мисалы, мага жаккан кыз бардык досторума жагат. Ал эми досторума жаккан кыздар мага жакпай калышы мүмкүн. Сулуу кыздарды тандоодо табитим мыкты.

– Демек, сулуу кыздарды көчөдөн көрүп калсаң мойнуңду 90 градуска буруп карайт экенсиң да?
-Билдирбей караганга аракет кылам. Алыстан келе жатканын көрүп калсам, «повод» бербей өтүп кетем. Алдымда баратса жакын басып, ашып кетпегенге аракет кылам .

– Кыздар менен кандай максатта таанышасың?
-Жакшы эле максатта таанышам. Кээде жаман ой келип калса, көңүл ачуу үчүн деле таанышып коё берем, ха-ха... Апам өлтүрөт го мени.

– Неге? Чоң эле жигитсиң го?
-Ата-эне деген ата-эне да эми (күлүп).

– Учурда жүрөгүң бошпу?
-Бош эмес. Же бош деп койсом боло береби? Бирок таарынат да (күлүп).

– Демек, сүйлөшкөн кызың бар экен да?
-Ооба. Аты – Эсена, таластык болот. Жашы өзүм менен тең. Сүйлөшкөнүбүзгө 1 жыл 2 ай болду. Кудай буюрса, үйлөнөбүз деген тилектерибиз бар.

– Сүйүктүүң эмнеси менен сени арбап алды?
-Мындай да. Мисалы, мен бир сулуу кыз менен таанышсам, аны менен жөн эле кыз-жигит болуп басканга эле таанышам. Кыз-жигит мамилесинен ары өтпөйм. Ал эми үйлөнө турган кыз менен сүйлөшсөм, анда сулуулугунан башка сапаттарын да байкаштырганга туура келет. Мүнөзүн, жан дүйнөсүн дегендей. Учурдагы сүйүктүүм үйлөнө турган кыз.

– Келинчегиң кандай адам болсо деп кыялданасың?
-Мен бир үйдүн жалгыз баласымын. Эң улуусумун, менден кийин төрт карындашым бар. Жубайым ата-энемди, бир туугандарымды өзүнүкүндөй көрүп, сыйлап берсе эле болду. Калганына, мисалы, ызы-чуу салса деле кайыл элем (күлүп). Мага ачык мүнөз, тарс-турс сүйлөгөн, далдаке, «дикий» кыздар жагат.

– Эс алуунун кайсы түрүн жакшы көрөсүң?
-Түнкү клубдарга барып бийлейм. Бийлегенди жактырам. Бая күнү досум экөөбүз супермаркетке кирсек, ритмикалуу музыка болуп жатыптыр. Аябай бийлеп, каткырып чыктык. Мурун түнкү клуб десе өлүп-талып бара берчүмүн. Азыр балык уулоого көп чыгып калдым, токтолуп калганымдын белгиси окшойт.

Балалыгың тууралуу кеп салып берсең...
-Нарын шаарында төрөлгөм. Бала кезимде бир кызды жакшы көрчүмүн. Кошуналарым ошол кызга тийиш десе, мен башына сөөк менен бир чаап, башы канап кеткен эле. Үйгө качып барып керебеттин алдына жашынып алгам. Анан апасы келип ызы-чуу салганы эсимде. Кичинемде мени «Китайский ниндзя» деген кличкам менен чакырышчу. Бала кезде абдан тентек экенмин. Карындашым кур менен мени аябай сабачу, ал сабаса каткырып эле туруп берчүмүн.

– Бир нече сыйлыктарга көрсөтүлүп келесиң, сен үчүн сыйлык алуу маанилүүбү?
-Бизде сыйлык берилет, бирок анын сүрү жок. Алсаң деле «ии, баланча ушундай сыйлык алыптыр» деген баркы жок, баалуулугу жок. Албасаң деле ичиң ачышпайт. Тескерисинче, «мен ошол сыйлыкка жетишим керек, алышым керек» деп жан талашчудай болсо кана...

Лунара Бекиева
(Айрым сүрөттөр актёрдун өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Сүйөм дечи" тасмасы жүрөгүмө так калтырды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(28)
SUPER.KG видео
31.05.2013. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Molodets, uilonson baktiluu bol! ja mechtau vyiti za narinskogo))))
SUPER.KG видео
02.06.2013. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жүрөгүнө так калганынын себеби 7:45тен башталат, матайте ;)
03.06.2013. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kok salkynda jakwy oinogon...
03.06.2013. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менден 2 кун чон экен.
03.06.2013. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жагат да ушу жигит. Болгонун болгондой ачык айтат экен, Жаапжашырып отурбай. Создору жакты баарынан"далдаке, дикий, олуп-талып" ой бооорум ай.)))))
03.06.2013. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
25 тен кийин токтолуп калат. ар бир айткан созун таразалап суйлоп
03.06.2013. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын ролун оло аткарган,мага жагат,ананда ачык суйлогону жакты.
03.06.2013. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kok salkyndy sonun atkargan,kantseda tamawouda oinogonda sozgo chechen jakshy suiloit eken.
03.06.2013. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саяктар командасы тамашоуга келсе соонун болмок, жакшы ойношчу
03.06.2013. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарайсын. Онорун оссун!
SUPER.KG видео
04.06.2013. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodets.o4en' talatliviy paren' ))))
SUPER.KG видео
04.06.2013. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат орундуу суйлогон бала экен.
04.06.2013. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дикий далдаке дегени жакшы экен жасалма кыздардан жадап калса керек да ой боорум олтурдуго жигит......... молодец кыздын ролдорун жакшы ойнойт
SUPER.KG видео
04.06.2013. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат!!!!!!! жакшы бала экен!
SUPER.KG видео
04.06.2013. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы таланттуу жигит,ишине ийгилик!!!
04.06.2013. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кок салкында эн сонун ойногон.Ийгилик.
SUPER.KG видео
04.06.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
90-julku boloby e,uluu korunot go ozy...
SUPER.KG видео
04.06.2013. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodets,jonokoi a4uk airum jigit eken,,,a suilowkon kuzun ekoon kop 4yrlardy 4ygara berbegile eeee:)))) Kuzdun konulu gul su9ktuu dep koiot,owonduktan al kuzdu a9rla eeee.....
baktylyy bol,4ugarma4uluk yigilikterdi kaalaim...
07.06.2013. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кок салкында вообще эле сонун ойногон, боёнсо анча-мынча кыздарга караганда сулуураак экен. Молодец, ишине Кудай ийгилик берсин.
07.06.2013. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suiom dechi de da jakshy aitakrgan.Ozu da jagat
08.06.2013. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оригинал маек болуптур:)
08.06.2013. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кок салкында бийлегени жагат клубда))))))))))))
08.06.2013. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага абдан жагат ушул бала
09.06.2013. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Женил муноз жигит окшойт, бирок таланты бар
SUPER.KG видео
12.06.2013. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарында азыр деле жок болсо керек!
SUPER.KG видео
12.06.2013. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Китайский бандит дечубуз ниндзья мес эле:)))
SUPER.KG видео
29.08.2013. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат экен китайский бандит же ниндья болсо деле :-)))
11.01.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Бакыт! Кок салкында аябай жакшы аткаргансын,коруп алып боорум бир эзилген.Суйлошкон кызы Таластын кайсы жагынан болду экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо