Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МОНИКА БЕЛЛУЧЧИ» – ЧЕМПИОН!

№552 31-май-6-июнь, 2013-ж

Кубаныч, ыза, толкуп-ташкан эмоциянын баары 26-май күнү өткөн «Тамашоу» Жогорку Лигасынын 5-сезонунда болду. «Тамашоунун» карт бойдокторуна айланган көзүрлөрдүн тиреши катуу өткөнүн айтпасак деле белгилүүдүр.

ЖЫГЫЛГАН КҮРӨШКӨ ТОЙБОЙТ...
4-сезондун финалы эсиңиздердеби? «Моника Беллуччи» командасынын жигиттери көзүнө жаш алып, «эми ойнобойбуз» деп коркутушкан. А бирок «тамашоучулардын» кумарына айланып калган оюндан баш тартып коюу оңой эмес. «Жыгылган күрөшкө тойбойт» демекчи, команда 5-сезонго кайра катуу күч топтоп катышып, атаандаштары «Ак кеме», «No name», «Тамадалар» командасын артка таштады.
Жалпысынан финалчылар «Саламдашуу», «СТЕМ», «Ким тапан?», «Видеосынак», «Музыкалык үй тапшырма» номерлери менен күч сынашты.
Жыйынтыгында «Ак кеме» командасы 4-орунга татып, 3-орун «No name», 2-орун «Тамадаларга» буюруп, 5-сезондун талашсыз чемпиондору деп «Моника Беллуччи» аталды. Ии, баса, «сулуулукту туу туткан» жигиттердин айрымдары жеңишин көз жаш менен жуушту. Акыркы кездерде коштошуу сөздөрүсүз сезон аяктабай калбадыбы, бул ирет «No name» командасынын «эмки сезондо көрүшөбүзбү, көрүшпөйбүзбү, ал белгисиз» деп күйөрмандарына жагымсыз кабар айтканы жаман болду.

РОЗА ОТУНБАЕВА – СЫЙЛУУ КОНОК
Мындан эки жыл мурун 3-сезондун финалына экс-президент Роза Отунбаева чакырылып, келбей калган эле. Бул ирет Роза Исаковна «тамашоучуларды» чын дилинен колдогонун билдирип, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев менен чогуу конок болушту. Ошондой эле «No name» командасы жалгызсырап калбасын деген окшойт, алыстан ат арытып Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков да келиптир.

ТАМАШАЛАР
Бүтүрүүчүлөр эстеликке сүрөткө түшүп жатышат.
– Улан, сен ким болсом дейсиң?
– Мен мыйзамдарды жакшы көрөм.
– Аа, юрист болот турбайсыңбы.
– Айбек, сенчи?
– Мен китеп таратканды жакшы көрөм.
– Аа, баптист болот экенсиң да...

(«Ак кеме»)

2013-жылдын сулуулар сынагынын финалы. Жеңилип калган кыздар сүйлөшүп жатышат.
– Хм, стерва! 25 миң сомго атайын платье сатып алсам өтпөй калдым...
– Ха-ха, ал платьени өзүң алган жоксуң да. Аны сага спонсоруң сатып берди. Ии, баса, спонсоруң канча жашта?
– Сенин спонсоруңдан 10 жашка кичүү.
– Эмне, 64төбү?

Музыкалык сынак.
Өзүн карабаган модель кызга арналат
(Аваз Акимовдун «Айганыш» ырына пародия)
Сулуу, сулуу, сулуу Айганыш,
Жаш жүрөгүм сага байланыш.
Жок дегенде бир жумада бир,
Башың жууп койчу, Айганыш.
Алдыгы чачың слишком
майланыш.

«Арык күйөөнүн ыры» (Гүлнур Сатылганованын «Сени эстеп» ырына пародия)
Сени эстеп бүгүн түнү ойгоо жаттым,
Оодарылса басып калат деп
коркуп жаттым.
Ошентип түнү бою уктабастан,
Кошунаныкына барып
норма-ально жаттым.

Жаңы конуштарга арналган ыр (Т.Казаковдун «Жамгыр төктү» ырына пародия)
Жамгыр төктү эч басылбай,
Көчөлөр ылай, машинелер ылай.
Адамдар ыла-аай, бардыгы ылай,
Ак-Ордодо жашоо ушундай.
Күн суук болуп, кар да жаады,
Бүт айлана акка айланды.
А бирок Ак-Ордо баягыдай ыла-аай,
Ак-Ордодо кыш ушундай.
Жылдар учуп, кырк жыл өттү,
Жаңы конуштар бүт өнүктү,
А бирок Ак-Ордо баягыдай ыла-ай...

(«Тамадалар»)

«Кара далылар» коому:
– Келечекке кандай пландар бар? Эртерээк күйөөгө тийүү тууралуу ой барбы?
– Ансыз деле бизди «отуруп калган кары кыз» деп жатышат. Күйөөгө тийиш керек го батыраак.
– Жинди, антпе, «карысы бардын ырысы бар» деген сөз бар. Биз отура беребиз, зато ырыс алып келебиз.

No name»)

КИМ ТАПАН?
Замира Молдошева:
– Аялдар модасы ар түрдүү болсо, эркектердики чектелүү. Бул биздин демократиялык коомдо гендердик теңсиздик эмеспи?
– Жок, баары эле нормальный, бизде деле мода өнүгөт. Просто, силер, кыздар, байкабайсыңар да, эркектерде ич кийим мода болот. («Ак кеме»)
– Биздин деле мода өнүкмөк, эгер Замирбек Молдошев болсо. («Тамадалар»)
– Эми кыздар биздин шымдарыбызды кийип алышса эмне кылалы? («Моника Беллуччи»)
– Эже, генден башка суроо жокпу?.. («No name»)

Эрнест Абдыжапаров:
– Кыргызда «ак-кара эриш-аркак жүрөт» деген сөз бар. Силер өзүңөрдүн ак-караңарды айтып коёсуңарбы?
– Анысын билбейм, сиздин кашыңыз кара, бирок чачыңыз... («No name»)

Омар:
– Кал, калыңдан, калыңдан. Кайкалап бүткөн далыңдан... Уланткыла калганын.
– Ай, Омар, сенин жаныңдан... («No name»)

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Моника Беллуччи" - чемпион!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  18 
Комментарийлер(69)
04.06.2013. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизигиси Тамашоунун "Тамадалар", "No Nаmе", "Моника белуччи", "Ак кеме", "Ак Орго city" , "Kg 77" ж.б. командаларын эл суйуп корот.Эми баардык нерсе "оз ирети" менен болот да,биздин "кара кылды как жарган" калыстардын" чечими менен ;)
04.06.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
но нейм эн жакшы ийгилик силерди жакшы коробуз ар дайым алгааааааа
04.06.2013. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчики, молодцы!!!!!!!!!!!! Эрмек, сизге чоон рахмат!!!!!!! Кыргызстанды эл жузуно тааныта бергиле!!!!!!!!!
04.06.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ сонун болуптур го баардык командаларга ийгилик
04.06.2013. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4.sezondo Monika ketebiz dep kapa bolushkan ele.myna chempion bolushtu 5.sezondo no name ketebiz dep atat.ketpey ele koygula 6.sezon chempion bolosunar.. :)) tamashownun politikasi.. :))
SUPER.KG видео
04.06.2013. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкты оюн болуптур алга тамашоу!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
04.06.2013. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NONAME!!! алга!!!ийгилик силерге.
04.06.2013. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Финалда калыстар тобунда Омар менен юрист байке туура бааларды коюшту. Гулнур баш болуп Урмат каш болуп Замира эжелер сатылганын байкатып коюшту. Аларды калыстыктан алып салбасанар тамашоунун денгээли тушуп кетет.no name бар учун мен тамашоу кором. А мониканы утушу менен куттуктайм.
04.06.2013. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар бирок дагы иштешинер керек ийгилик
05.06.2013. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай боорум эзилди,Айрыкча NO NAME ге сонун аткарышыптыр.Алга NO NAME ийгилик силерге гозуларым менин,силерге таазим.
05.06.2013. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Моника Беллучи командасын жениши менен куттуктайбыз!Бирок, кантсе да"Nо name" эн,эн,эн супер команда!
SUPER.KG видео
05.06.2013. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Моника Беллуччи эн мыкты команда!!!
05.06.2013. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Былтырда деле но нейм жениш керек болчу,статистика боюнча,быйылда женишти беришпептир,эмики жылы точно женишет.Ийигилик силерге оштуктар (мен оштук эмесмин).....ваааатяять!
05.06.2013. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Судьи кроме Омара все подкупные, сколько Вам заплатили, уят
05.06.2013. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оюн тууралуу айта кетчу болсом, баары татыктуу орундарды алышты деп ойлойм. NO NAME командасынын "духун" башында эле калыстар тобу тушуруп койду окшойт... 6-сезондон созсуз жаны жанр, жаны имидж жана кулкулуу тамашалар менен кутобуз, АЛГА!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 10.06.2013 09:19
05.06.2013. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
No name luchshe vseh.Algaaaaaaaaa. Murat. jenish silerdiki.Gulnurdu ignor kylyp salysh kerek eken.
06.06.2013. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en mykty komanda " NO NAME" daaa
06.06.2013. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"NО NAME" эн мыкты команда ошолор утуш керек болчу бул жерде калыстар туура эмес иш жургузду сатылгандар. Калыстарды башка коюш керек былтыркы эле саткындар. Бирок Моника белучиге ийгилик.
SUPER.KG видео
06.06.2013. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
no name finalga chygyw kerek bolchu!!!!!!! monika azamatsynar!!!!!!!
06.06.2013. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болуптур ийгилик силерге
06.06.2013. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы даярданышбаптыр, сыйлуу коноктор келгенден кийин жакшы оюн корсотушсо болмок.
07.06.2013. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myndai kop dele kyzykchu emesmin,birok bizdin okuu jaiga kelishkende boorubuz ezilgenche kulgonbuz,alga!
07.06.2013. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгы мыкты командалар! Азаматтар!
08.06.2013. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Monika belluchi super komanda.
08.06.2013. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Гулнур менен Урматтын ырын атып жиберсе да укпаймын эми мурда суйуп укчу элем. Эрмек эл билет калыстарга айт реально карашсын. No name жакшы чыкты моника менен бирдей чыкса эмнеге моника чемпион? Гулнур спонсор да аларга э? Бирок эмки жылы бербесенер силерден Ош нааразы болот. Мен Оштук эмесмин.
08.06.2013. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuura aityshat ozu No Name komandasy ozgo4o,daiym ele any artka kaltyryp koiuwat,kalystar degenden kiyin kalys boluw kerek da, meili birok No Name tensiz komandalardan bir kun bolboso bir kun sozsuz Champion boluwat. anan Monika Belluchini kuttuktaym !
09.06.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калыстарга моника чемпион. А элге болсо НО НЕЙМ чемпион.. Муну баары билет.. Но нейм алга.. Тамашоудан кетпегиле созсуз кийинкиде чемпион болушунарга ишенем...
Модератор admin_superstan түзөттү 10.06.2013 09:21
09.06.2013. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
):-( дайым эле моникага тарта берет.
Мага Но Нейм, Аккеме менен Kg77 жагат, калганына калыстар жан тартып коюшат.
Калыстар ууяаааааааааааааатт!
Модератор admin_superstan түзөттү 10.06.2013 08:41
10.06.2013. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zulik_julik.kg, баш тамгаларды грамматикалык эрежеге ылайык колдонуу керек.
Далили жок жалаа жабуудан алыс болуңуздар!
SUPER.KG видео
28.07.2013. 04:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
no name, Таластыктарды окшоштургунар келсе апче деген созду абже дебейт.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо