«СИҢДИМ ЭКӨӨБҮЗ БИР ЖИГИТТИ СҮЙДҮК»

№552 31-май-6-июнь, 2013-ж

«Түйүнчөктөй орун алып денеден,
Сырдуу келип, океандай кең экен.
Азап, кайгы, сүйүүгө да чыдаган,
Биздин жүрөк абдан эле эр экен!» деген ыр саптары мага аябай жагат. Анткени жер көтөрө алгыс азап-тозокту адам баласы башына түшсө «кыңк» этпей эле көтөрөт экен» деп кеп баштады менин каарманым сырын ачып отуруп. Эмесе, анын сөзүнө кезек берели...

«ШИРЕЛИШКЕН КОШ ЖҮРӨК»
Мират экөөбүз жаркыраган жаздын май айында тааныштык. Ал күнү мен жумуштан чыгып, үйдү көздөй шашыла баратсам, чөнтөк телефонумдан Омардын «ширелишкен кош жүрөк, шарт бөлүнүп кетеби» деген ыр жаңырып калды. Ушу ырды да аябай жакшы көрөм. Алсам эле курбу кызым группалашыбыз Айдинанын туулган күнү экендигин айтып, «даяр тур, азыр сага барам» деди. Ошентип, баарыбыз чогулуп Талас шаарындагы кафелердин бирине бардык. Бир кезде бардыгы келип бүттү, бирок «дагы бир-эки жигит келмек эле, бир аз кармалып жатышат» деп күтүп отурдук. Ошентип, туулган күн да башталды. Белектер, каалоо-тилектер Айдинанын дарегине жаады. Бир кезде менин чөнтөк телефонума бейтааныш номерден СМС келди. Көнүп калган адат менен ошол замат эле окуй коёюн деп ачтым.
– Сен жомоктон келген турбайсыңбы...- деген кыска эле билдирүү.
– А сен кимсиң?- деп жаздым мен.
– Сени жактырып калдым,- деген жооп тез эле келди.
– Сол жагыңды карасаң, маданияттуу болуп этти да вилка менен жеп жатам,- деген СМС келди бир кезде. Күлүп, сол жагымды карасам, кечигип келген эки жигиттин бири экен. Мен тарапты карабастан эле вилкага сайылган этти жылмайып туруп оозуна салып койду. Ошондон тарта күлкүлүү билдирүүлөрдү ал жигиттен көп ала баштадым. Күндөрдүн биринде көчөнүн ары жагына өтүп жатканымды билем. Андан аркысы эсимде жок. Көзүмдү ачсам, ак халатчандар жанымда жүрүшөт.
– Мага эмне болду, мен кайдамын?- дедим.
– Сиз ооруканадасыз,- деген кыска жооп айтышты. Көрсө, машина уруп кеткен экен. Бир топ убакыттан кийин гана тулку боюм бүт ооруп, этим ысып чыкты. Эртеси көзүмдү ачсам, мени тиктеп жанымда баягы «этти вилка менен жеген маданияттуу» жигит отурат. Мени сүзүп кеткен автоунаанын ээси ушул экендигин түшүндүм. Башымдан алган жаракат, сол бутумдун сынышы мени көп эле кыйнады. Кыскасы, оорукананын жыты мурдума сиңип калгыча жаттым. Ал эми баягы жигит күндө эки маал мен жаткан жерге гүл көтөрүп келгенди адатка айлантып алды. Ошентип жатып ооруканадан да чыктым.
Эртеси ден соолугумду сурамыш этип дагы келди. Башында сиңдимдин «оо, эже, жездем болобу?» деген сөзүнө теригип, ал берген гүлдү ыргытып салган күндөрүм да болду. Сиңдим «андан көрө ушул гүлдөрдү мага берсе го, сизге кор болгон байкуш гүлдөр» деп вазага салып койчу. Бара-бара мен да ага көнүп, телефон «чырр» десе эле аны күтүп жашап калдым. Арадан эки жыл өттү. Бир күнү жумуштан келсем, сиңдим Жазгүл ыйлап отурат. Кандай сурасам да айтпай, буркурап эле ыйлай берди.

«СИЗ СҮЙГӨН ЖИГИТТИ МЕН ДА СҮЙӨМ...»
Аргам түгөнүп Миратка телефон чалып, баарын айтып бердим. Ал шашылып келип, эмне болгондугун экөөлөп сурадык. Бир кезде «Мират байке, мен сизди сүйөм, кандай түшүнбөйсүңөр?» деп ыйлаган бойдон чуркап сыртка чыгып кетти. Мират экөөбүз тең ордубуздан козголо албай тиктешип гана туруп калдык. Ошол күндөн тарта сиңдим мага сүйлөбөйт, мен ага сүйлөй албайм. Кээде кучакташып алып ыйласак, кээде өз бөлмөлөрүбүзгө камалып, бири-бирибизди бир нече күн көрбөй да жашап калдык. Эч кимге алмаштыргыс Миратым болсо саат сайын чалат, экөөбүз бири-бирибиздин дем алганыбызды тыңшагандай эле үн-сөзсүз отура берчү болдук. Менин иштеген ишим калды, сиңдимдин окуусу калды. Эки бир туугандын сүйүүсүнө арзып алып Мират өзүн күнөөлүү сезип жүргөнүн байкап жүрдүм. Кээде өз бир тууганымды жек көрүп кетем. Бир күнү болгон күчүмдү жыйып, сиңдим жаткан бөлмөгө кирсем, ал мени көрө коюп эле терс бурулуп жатып алды. Жанына басып бардым да «эмне кылабыз?» деп кыска гана сурадым.
– Эже, Миратты сиз кандай сүйсөңүз, мен андан миң эсе катуу сүйөм.
– Кантип сүйүп калдың?
– Сен кантип сүйүп калсаң, мен да ошентип сүйүп калдым!
Анын «сен» деген сөзү кулагымды жарып өттү. Оозума келмем келбей бурулдум да, чыгып кеттим. Бир күнү мага жумуштан «арызың менен келип, директорго кол койдуруп ал» дешти. Ошентип, жумуштан да чыгып калдым. Жашоом астын-үстүн болуп калды. «Эмнеге менин сүйүүмдү талашат?» деп сиңдиме болгон жек көрүү сезими күндөн-күнгө күчөп барат. Бир-эки айдан бери бир үйдө отуруп, бирок жарытарлык жүз көрүшпөгөн сиңдим «жиндидей түш көрдүм, эже» деп калды. Түшүндө экөөбүздүн тең гороскоп белгилери менен чай ичип жүргөн кружкаларыбыз сынып калыптыр.

«АВТОКЫРСЫККА УЧУРАП, ООРУКАНАДА...»
Кырсык кийинки күнү айттырбай каптады. «Мират автокырсыкка учурап, ооруканада» деген кабарга ишенбей, дендароо болуп туруп калдым. Ооруканага барсак, Мират оор абалда экен, бизди киргизбей коюшту. 3 күн эсине келе албай жатты. Ал күндөрү Жазгүл экөөбүздүн абалыбызды түшүнүү кыйын эле. Мираттын кырсыкка учураганына ар кимибиз өз ичибизде бири-бирибизди күнөөлөп жаттык. Ошентип, Мират үч күндөн кийин ооруканадан чыкпай жатып 27 жаш курагында кете берди. Бул суук кабарды мен телефондон уктум. Өмүрдөгү бул жоготуу жүрөгүмдүн жарымын кесип кеткендей эле болду. Сиңдимдин абалы андан да оор эле. Окуусун таштап, айылга кетип калды.
Мираттан айрылганыма 2 жылдын жүзү болсо да, жалгыздыкка көнө албай жабыркап келем. Ал эми сиңдим кийинки жылы эле турмушка чыгып, азыр бала-бакыралуу. Бирок ортобузду суук аралагандай бири-бирибизге сузбуз.
Мират, сендей адамды сүйүп, ушундай улуу «махабат» деген сыноону жүрөгүмдөн, жан дүйнөмдөн өткөрүп, ошол «сүйүү» деген кең дайрада калагы жок кайыкта жалгыз сүзүп жүргөнүм үчүн өзүмдү бактылуу сезем. Махабатты даңазалап, аны жашоонун ыйык туусу катары бийик көтөрүп, өмүрүм өткөнчө «сен» деген арзуунун азабына чыдайт окшойм.

Мээргүл
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(79)
05.06.2013. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
салам достор эже синдиси жинди экен ченеп суйгулода кашкалдакатар.
05.06.2013. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bishkek90, "кашкалдакатар" дегендин маанисин жаза кетсениз,биз да уйронуп алалы?... :-))
05.06.2013. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sindisi 1000 ese kuchturook suiso azyr balaluu chakaluu bolo albait ele,demek suiuusu jalgan .........
05.06.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бишкек90 бир созуно тушунсом буйрубасын. Кашкалдакатар дейби)))))Тилин сынатго))))))Би эмес уч жолу окудум, кыргыз тилиндеги жаны созбу)))))))
05.06.2013. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашоо кыска дегенибиз менен адам баласы ошол аз жашоодо башынан коп нерсени откозот, болушу мумкун!!!
06.06.2013. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тоба кылдым ушундай да болчу беле, кичине окшоштуруп жазыш керек да жазат десе эле жаза бербей, эже синди бир жигитти катуу суйуп калып анан анысы жол кырсыгына учурап каза болуп чамасы бул ангемени жазган авторубуз Кореиский сериялдарды коп коргон неме го...
06.06.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Emilbek.kg.ru, Биздин жашоо озу эле сериал, мен билген бир байке бир тууган балдызын алып алган балдызы да ал кезде 2 балалуу болчу, шылтоолору СУЙУУ.Акмак экен да балдызы кайсы бети менен жездесине тийет, эжесинин жашы менен бактысын кура алган жок, ал байке озунон 2 эсе жаш кыз алып алган. Окунучтуусу ал байке рактан каза болуп калды. Мына сага жалган дуйно, болбосо анда баары бар эле: акча,кызмат,адамкерчилик,боорукерлик деги жакшы сапаттары коп адам эле. Так что мен ишенем мындай окуяларга.
10.06.2013. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jonsons, бул окуя балыкчыдагы Доку байкенин жашоосуна окшош экен. Балким аялдары байлыгына кызыккандыр, бирок ал битир неме жыргаткан деле жокко байлыкка тундургандай. Балким, ким билет, бироонун куноосун албайынчы. Жер жамандап барбасын. Жаткан жери жайлуу болсун
06.06.2013. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Синдиси эмне мынча уялбаган неме,эжесинин суйгонун суйуп алып деле"эже мен Миратты суйом,байкабайсынарбы дегенин"жадакалса ушунча тултундаптыр,синдисине жаным кашайып жатат
06.06.2013. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фантазияго.... кандай еле ушундай болсун е? ....
06.06.2013. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да жон эле фантазия деп ойлойм ишенген жокмун
07.06.2013. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан окунучтуу,албетте. Суйуу денег бир туугандарды жат кылат тура. Эмнеси болсо да бактылуу болунуз!
07.06.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге кыйын болуптур баарынан да.Кучтуу кыз экенсиз.Бактылуу болунуз!Бул турмуш сынагы...
07.06.2013. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sindisi kandai jenil suiso, oshondoi jenil unuttu
07.06.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоодо баардык нерсе болот,бирок кызыгы жигиттин суйуусу менен эч ким эсептешкен эмес го???)))))))
08.06.2013. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эже-синди болгондон кийин экоонун тандаганы окшош да
08.06.2013. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлаймда мындай суйуу жонундо нерселерди окуусам.Бактылуу болосун кудай бешенеге жазганын корот экенбиз.Баарын унутканы аракет кыл.Кудай насип этсин бактылуу кундорду.Синдинди кечирип ысык мамиле жасаганы аракет кыл.
08.06.2013. 06:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул жерде синдиси ач коздук кылган эжесинин суйуусуно,акылсыздык.тескерсинче эжесине колдоо корсотпойбу.
08.06.2013. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне эжесинин суйуусуно бут тосот,башы жок синди экен,билип туруп аны жактырбаганга аракет кылуу керек болчу.
08.06.2013. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуу бул страшная сила экенин танбай бирок бир тууганым мен учун андан жогору, бир тууганымды эч бир эркекке болгон суйууго алмаштыра албайм..синдиси туура эмес кылыптыр
08.06.2013. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
синдиси кичине акылсыздык кылыптыр, жигиттиго тааптыр кийин, кокус эжеси олгондо табат беле башка..... терениреек ойлонсо болмок, бирок эжеси азамат экен
08.06.2013. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Синдин жаштык кылыптыр Экоон бири биринди ойлобой Миратыда ойлободунарбы.Жайы жанаттан болсун!
08.06.2013. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сериал тартып койсонор болмок
08.06.2013. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тоба бул жашоодо эмнелер гана болбойт,келнчегинизди ойлонунуз келечек алдыда,Мираттын омуру кыска экен бешенеге жазганы жараткандын.Отуп кеткен нерсе менен жашасаныз,келечек болбойт,жараткан жакшылыгын аябасын сизден,синдинизди кечирин бир тууган,бул бир тууган!
08.06.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга окшогон окуялар турмушта деле кездешип жатпайбы.
09.06.2013. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эжесинен ушундай талашып жатышат анда,мен жон эле барып тартып алсам болот экен да суйгонумду
09.06.2013. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх бул жашоодо эмнелер гана болбойт мумкун азыр синдиниз сизге айталбаса деле ичинен катту окунуп жургондур а сиз омур бою жалгыздыктан кудай сактасын озунузду алаксытыныз иштениз ал менен жургон жерлерде журбонуз мукун болсо чет-олколорго кетиниз ар нерселер менен алектенип бара-бара унуту да болуп калышы мумкун...
10.06.2013. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okup jatyp yilagym keldi..
14.06.2013. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwy eken.
31.10.2013. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуго айла док тугандар...
26.05.2015. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХсизге жардам берсин.
10.10.2016. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык жашоода эми. Балким синдиси уялып жургондуп,
17.05.2018. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элаааа синдиси башы жок неме экенда мен учун бир тууган жогору мисалы суй бирок акылын мн болда эби жоктонбой
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо