Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Муктар Гаимов, ырчы:«ОЮМА ОБОН КЕЛГЕНДЕ ДАРОО ТЕЛЕФОНГО ТҮШҮРҮП КОЁМ»

№552 31-май-6-июнь, 2013-ж

Ырчыны ыры элге таанытат, ыры аны атактуу да, барктуу да кылат. Биз маектешкен Муктар Гаимов Жалал-Абад облусунда төбөсү көрүнгөн ырчы.
Репертуарындагы «Сезим бар», «Элде болсо менде жокту табармын», «Көгүчкөнүм», «Кол шилтедик сүйүүгө» аттуу ырларын жаш-карысы сүйүп угушат.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
МУКТАР ГАИМОВ АСАМИДИНОВИЧ
Туулган жылы, күнү
– 1980-жыл, 20-апрель
Туулган жери – Ош облусу, Чоң-Алай району, Жекенди айылы
Учурда – Жалал-Абад шаарындагы Т.Тыныбеков атындагы филармониянын артисти
Үй-бүлөлүү

– Саламатсызбы, маегибизди ширин балалыктан баштайлы деп турам...
– Саламатчылык, жакшы болот. Атам аккордеондо ойнойт, обон чыгарат, азыркыга чейин эле ырга жакын. Менден эки жаш улуу агам экөөбүз аккордеон талашып көп уруштук. Ошентип, үйрөнчүк болуп жүрүп эле «чыйп-чыйп жөжөлөрүм» деген ыр саптары бар го, ошонун кайрыктарын чертип салсам болобу?! Анда мектепке бара элек кезим. Атам аябай кубанган. Кийин агам ошол кайрыкты менден үйрөнгөн. Экөөбүз эриш-аркак атаандаша ырдап жүрүп, агам 8-класста сүрөтчүлүккө кызыгып кетти. А азыр болсо таптакыр башка кесиптин ээси. Үй-бүлөдө 4 кыз, 3 уулбуз. Уулдардын баары аккордеондо ойнойбуз, кыздар комуз чертишет. Кичинекей кезимде үй-бүлөбүз менен ырдап гастролго чыкчубуз. Тажикстанга чейин барып келгенбиз.

– Алгачкы сахнага чыккан күнүңүз эсиңиздеби?
– Эң биринчи сахнага чыккан кезимде 5-класста окучумун. Райондук деңгээлдеги сынакка катышып, Чубак Сатаев агабыздын «Кең дүйнө» аттуу ырын аткарганмын. Боюм кыска, аккордеон тиземе чейин жетип калган. Аны көтөрө албай, бир чети энтигип, ырдап жатып чарчап кеткем.

– Кайсы аспаптарда кол ойното аласыз?
– Комузда, гитарада, урма аспапта да ойнойм. Негизи, кызыккан аспапта бат эле кол ойнотуп кете алам.

– Музыкалык билимиңиз барбы?
– Музыкалык билимим жок, шартка байланыштуу окуган эмесмин. Обондорум оюма келип калганда дароо телефондогу диктофонго жаздырып коём. Анан аккордеон менен жетишпеген кайрыктарын толуктайм. Эми азыр экономистикке окуп жатам, биринчи курсту бүттүм. Мектепти бүткөндөн кийин райондун борборундагы маданият үйүнө көркөм жетекчи болуп ишке кирип, ал жерде 3 жылдай иштедим. Анан Жалал-Абадга келип «филармонияда орун бар экен» дегенди угуп, талантымды көрсөтүп, аспаптарда ойноп берип жумушка киргем. Мына ошондон бери ушул жерде иштеп келе жатам.

– Сахнадагы кызыктуу окуялардан бир үзүм...
– Филармонияга келгенден баштап 6 жылдык өмүрүм талаада эле өтүп кетти окшойт. Филармонияда «Зор» тамаша-куудулдар театры бар. Гастролго барганда 5-6 адам эле барчубуз. Упахан Бекеева деген ырчы эже бар эле. Бир күнү кечигип келди да, үкү топусунун үстүнө тагылчу канатты шашыла тагып ырдаганы түптүз болуп сахнага чыкты. Жанында мен турам, ары жагында Нарынбек деген агабыз комузун ойноп жатат. «Сүрөлү доорун жаштыктын» деген ырды ырдап баштады. Биринчи куплетти ырдап бүткөндөн кийин тиги топудагы үкү акырын кулап маңдайына келип калды. Ыр бүткөндөн кийин Нарынбек ага «техникалык себептерге байланыштуу Упахандын үкү топусу кулап калды» деп айтса, Упахан эже чочуп кетип «атаңдын башы» деп салса болобу. Залдагы көрүүчүлөр кыраан-каткы күлүшкөн.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып кетпесеңиз болбос...
– Бир эле жубайым бар (күлүп). Айпери мени эң жакшы түшүнгөн аялзаты. Бир көрүп эле жактырып калгам. Кээ бир күйөрмандар чалып калса деле обу жок кызгана бербейт. Ошонусун жогору баалайм.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
04.06.2013. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Упахан Бекеева ejenin unu ukmush ele.Men kichine kezimde bizdin aiylga konsert koiup keleer elener Naarynbek baikenin aiali bizge konshu ele.Konsert kelgende 6;7jashtarda bolsom da sizdi korgonu baraar elem.Jakshy konsertter bolot ele.sizge yigylik
06.06.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуясы боорду эздиго.
08.06.2013. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик,онорунуз оркундой берсин.
08.06.2013. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик. Топу жонундо окуясы кулбогонду кулдурот экен:)
29.02.2016. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Номерин алсак болобу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо