№552 31-май-6-июнь, 2013-ж

2013-жылдын 5 ай ичинде «Арсенал» операциясынын жүрүшүндө Кадамжай районунун аймагында мыйзамсыз сакталган 6 даана ок атуучу курал табылды.
Баткен ОИИБинин маалымат катчысынын айтымында, аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми атайын каттоодо турган мыйзамсыз ок атуучу куралы бар 118 жаран текшерилип, 28 жаранга административдик тартипте протокол түзүлүп, чара көрүлгөн. 33 жаран ок атуучу куралын мыйзамдаштырып берүүнү суранып, өз ыктыяры менен милиция бөлүмүнө тапшырышкан.
2010-жылдын апрель жана июнь айларында жоголгон мыйзамсыз ок атуучу курал-жарак, жардыргыч заттарды сактап жүргөн жарандарды аныктоо жана кайтарып алуу максатында Кадамжай районунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Сизге эскертүү!
Улутуна, динине жараша бөлүп жарууга тыюу салынат! Билдирүүңүз өчүрүлдү!
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Биз эрежеге таянып жазалайбыз! Эске алып коюңуз.