«АТА-ЭНЕМ КАНДАЙ АДАМДАР БОЛДУ ЭКЕН?..»

№552 31-май-6-июнь, 2013-ж

Бул жолу 1-июнь – Балдарды коргоо күнүн утурлай Каракол шаарындагы «Ирада» балдар үйүнө сапар алып, балдар менен жакындан таанышууну көздөдүк.
Караколдогу «Ирада» аттуу балдар үйү 2007-жылы уюшулган. Тагдыр балдарды бул жерге ар кандай жол менен алып келген. Алар ата камкордугун, эне мээримин балдар үйүнөн тапкандай сезилди. Маегибизди балдар үйүнүн жетекчиси АЙНАГҮЛ ӨМҮРБАЕВА менен баштадык.
– Мен балдар үйү ачылгандан үч айдан кийин келдим. Учурда тарбиячы, медайым жана директор болуп үч кызматкер иштейбиз. Негизи, бул балдар үйү 12 балага ылайыкталып, 3 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүмдөрдү кабыл алуубуз керек. Бирок айрым учурда 1 жашка чыга элек балдарды да кабыл алуубузга туура келет. Кыш мезгилинде кароосуз өспүрүмдөрдүн саны көбөйүп кеткендиктен, 12 балага ылайыкталган үйгө 20сын багууга туура келет. Балдар үйү ачылганына беш жыл убакыт өтүп, ал убакытта 168 бала тарбиялап чыгардык. Азыр бизде 12 бала тарбияланып жатат. Алардын төртөө кыз, сегизи эркек.
Жергиликтүү бюджет тарабынан бөлүнгөн каражат кийим-кече, оюнчук, балдардын тамак-ашына сарпталат. Андан тышкары жергиликтүү тургундар балдарга колунан келген ки­йим-кече, оюнчуктарды белек катары алып келишет. 17 жашка чыккан алгачкы бүтүрүүчүлөрдү жакында узатабыз. Быйылкы жылы биринчи тарбиялануучу мектепти аяктап жатат. Ал бала ашпозчу болом деп эңсеп жатканын көрүп, ашпозчулук окууга өткөрөлү деп аракет кылуудабыз.

Жетекчи менен сүйлөшкөндөн кийин балдарды кепке тарттым. Өспүрүмдөр колумдагы фотоаппарат, диктофонго тигиле карашып, «мен сүйлөп берем» деп талаша да кетишти.
Земфира: – Балдар үйүнө жакын жайгашкан мектепте 3-класста окуйм. Мектеп­те жакшы окуйм, бүгүн грамота алып келдим. Чоңойгондо Неля эжедей ырчы болгум келет. Ата-энем тирүү экенин билем. Бирок мени үч жашымда бул жакка таштаган боюнча келбей жатышат.

 

 


Бакыт: – Мени кичине чагымда ата-энем балдар үйүнө өткөрүшкөн экен, бирок эмне себептен экенин билбейм. Ата-энемди көргөн жокмун. Айрым учурда алар кандай адамдар болду экен деп ойлоп кетем. Балдар үйүндө жашап жүргөндө, 11 жашымда Ак-Суу айылынан бир үй-бүлө мени багып алышкан. Бирок ал жакка такыр көнө албай койдум. Эртеден кечке жумуш жасап, бутум менен ылай эзем. Ойногонго убакыт табылбай, кичине бир нерсе болсо эле жеме угуп, таяк жейм. Акырында чыдай албай бул жерге кайра кайтып келдим.

 


Асема: – Мен 14 жаштамын. Апам каза болуп калган, атам тирүү, бирок кайда экенин билбейм. Учурда убактылуу мектептен окубай элемин. Себеби тийиштүү документтеримди жоготуп алгам. Жакында кайра мектепке барам.

«Өлүм айтып, кырсык күттүрүп келбейт» демекчи, ата-энени баладан айрыган ажалга арга жок. Ал эми балдарды ара жолго таштоо, тирүү ата-энеси туруп, жетим балдар үйүндө тарбияланышы – коомдун көйгөйү.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(15)
03.06.2013. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии карап отурсан мындай балдардын саны азайгандан кобойуп кетип атат!АЛЛАХ коруп турат го ата энелерин!а балдар байкуштарда эмне куноо?ким жардам берет?
03.06.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу жазаласын бечара кара коздорду кордогондор
03.06.2013. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен балага зар болуп журсом, башка ата энелер кор кылганы окундурот.
03.06.2013. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироого зар бироого кор деген ушу бага албагандан кийин эмнеге тууйт аял кишиде куноо эмес эркеги эркек башы мн неге баккандан качат
03.06.2013. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир кем дуйно, бироого зар, бироого кор! Жашоодо тагдырдын жетимдери жылдан кобойгондон кобоюп жатат! Анын баарын оз колу менен адам баласы жасап жатат, жалгандагы куноо экенин билип! Илгери кыйын кундо да ата- бабабыз 10дон ашык баланы тарбиялап остургон!
04.06.2013. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эххх!!!!!!!! жашоо!!! неге,неге,неге ушундай деп жоопсуз кала беребиз.жетимдин башын сылаган ушул жетекчилерге чоон рахмат.
04.06.2013. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мончоктой балдар экен.
04.06.2013. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Караколдо Кыргыз Турк лицеинде окуганымда Ак суу балдар уйуно коп барып турчук озубуз мектеп окуучусу болсок да калем сап, дептер, кийим кечектен бери береер элек. Бир жолу жаны жылдык концерт коюп бермей болуп барсак бир кичинекей бала мени кучактап алып коё бергиси келбей мени кечке карап турду, сыягы мени бироого окшоштуруп алып кетет десе керек... Лицейге кайтканыбызда баарыбыз ошо балдарга боор оруганданбы айтор тып тынч келдик, ошондон тартып ошо баланын элеси коз алдыман кетпейт...
04.06.2013. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнегедир козумдун жашы тыйылбай жатат...Молтурогон дили та3а аруу балдар.Ата-энесине мин наалат!
04.06.2013. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум ооруп, козумдон жаш кетти, байкуш балдар ай. Аталуу арсыз жетим, энелуу эрке жетим деп койот экен, буларчы.. Энелерге ыйман берип, эч ким баласын таштабасынчы
05.06.2013. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч бир баланы ата-энесинен айырбасынчы Кудайым, Жаныбарды да баласынан айырбасынчы....
05.06.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана окунучтуу...
05.06.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдар уйундогу бобоктор силер эн мыкты инсандардан болосунар!!!!! Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин доолотту дейт ко, бир аз чоноюп алгыла андан сон баары жакшы болот бобоктор!!!!
06.06.2013. 07:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baarinar baktiluu jakwi jawtardan bolgula!
08.06.2013. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
okuup jatip jurogum sizdap ketti min naalat kara kozdordu kordogon ata soroigo min naalat ene soroigo
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо