Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АКЧА БЕРСЕҢ, БӨЙРӨГҮМДҮ САТАМ ДЕШЕТ...»

№553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж

Жакында эле парламентте «Адамдардын органдарын же ткандарын трансплантациялоо жөнүндө» мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору угузулуп баштады. Бул мыйзам өлкөбүзгө канчалык пайда, зыян алып келерин иликтеп көрүүнү чечтик.

ОРГАН АЛМАШТЫРУУ УКУГУН ЖЕКЕ МЕНЧИК ООРУКАНАЛАРГА БЕРИШ КЕРЕКПИ?
Бул мыйзам долбоорун иштеп чыккан эл өкүлү Игорь Гусаровдун айтымында, Кыргызстандагы Адам органдарын трансплантациялоо институтунун негизделгенине 10 жылга чукул убакыт өтсө да, бул аралыкта бөйрөктү алмаштыруу боюнча болгону 8 гана операция жасалган. ИГОРЬ ГУСАРОВ парламент жыйынында буларга токтолду:
– Адамдын денесиндеги кандайдыр бир орган жетишпеген учурда аны алмаштыруу туура чечим болот. Мисалы, бөйрөктү алмаштырбаса бейтап өлөт же болбосо өмүр бою гемодиализге (бөйрөктүн ордуна 1 жумада 3 ирет 4 саатка атайын медициналык аппарат аркылуу адамдын канын тазалап туруу) муктаж болуп калат.
Учурда 260 адам өлкө бюджетинин эсебинен бекер гемодиализ алып турат. Мындан тышкары дагы 740 адам кезек күтүүдө. Бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасоого бүгүнкү күндө мамлекет техникалык жактан даяр эмес. Ал эми гемодиализ алуунун баасы өтө кымбат. Ошондуктан адам органдарын которууга жеке менчик ооруканаларга уруксат беришибиз зарыл. Донор болууга макулдугун берген туугандардын тектештигин паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк аркылуу оңой эле билүүгө болот. Биз мындан коркпошубуз керек, бул органдарды трансплантациялоого муктаж оорулуулар үчүн маанилүү.

«БАРА-БАРА БУЛ ЖОЛ КРИМИНАЛДАШЫП КЕТҮҮСҮ МҮМКҮН»
Эл өкүлүнүн бул демилгесине Саламаттыкты сактоо министрлиги кошулбайт. Себебин Жүрөк хирургия жана органдарды алмаштыруу илимий изилдөө институтунун трансплантация бөлүмүнүн башчысы, медицина илиминин доктору ЖАМАЛБЕК АШИМОВ мындайча түшүндүрдү:
– Биз адамдардын органдарын алмаштыруу боюнча жеке клиникаларга уруксат берүүгө такыр эле каршы эмеспиз. Бирок азыр эрте, анткени коркунучтуу жагдайлар бар. Биринчиден, органдарды алмаштыруу өкмөттүн көзөмөлүндө болуп, мындай операциялар акысыз жасалышы керек. Анткени бөйрөк оорусу менен ооругандардын басымдуу бөлүгү колунда жок адамдар. Бирок биздин мамлекеттин бюджетинде акча таңсык болгондуктан, ооруган адамдар өзүнүн эсебинен 417 700 сомдун тегерегинде акча төлөп, операция жолу менен бөйрөгүн алмаштырат. Бул акча биздин операция жасаган акыбызга же айлыгыбызга кетпейт, болгону оорулуунун операциясына жумшалуучу дары-дармекке, керектүү наркоздорго гана жумшалат. Жогорудагы минималдык суммадагы бааны монополияга каршы комитет менен бирге бекиттик.
Экинчиден, бир мүчө берүүчү ошондой эле алуучу киши экөө генетикалык жактан айкашуусу же тууган болушу зарыл. Аны тактоо аябай татаал, ал үчүн көптөгөн лабораториялык изилдөөлөр керек. Бара-бара бул жол криминалдашып кетүүсү мүмкүн. Бирөөлөрдү коркутуп-үркүтүп, тууган-урук деп документтерин жасатуу коркунучтары бар. Өзүңүздөр билгендей, биздин өлкөдө паспорт маселеси деген бар. Мисалы, чет өлкөдө деле кыргыз паспорту менен кармалгандар кездешет. Мындан тышкары дагы бир чоң маселе: бизде азыр орган которуу боюнча 2 гана мекеме иштеп жатат, адистер жетиштүү эмес. Эгер жеке ооруканаларга органдарды которууга уруксат бериле турган болсо, анда адистер жеке ооруканаларга кетип калышы мүмкүн. Болбосо жеке ооруканалар чет өлкөдөн адистерди чакырып, операция жасатышы ыктымал. Эгерде чет өлкөдөн жогорку билимдүү, тажрыйбалуу адистер келип, бизди үйрөтүп кетсе жакшы. Бирок тажрыйбасы аз же адам органдарын бул жактан чет өлкөгө сатуу ою бар адистер да келиши мүмкүн. Мындай болбойт деген кепилдик жок.
«Жүрөк хирургия жана органдарды алмаштыруу илимий изилдөө институтунда 10 жыл аралыгында болгону 8 гана орган алмаштыруу операциясы жасалган» деген туура эмес маалыматтар кетип жатат. Биз 10 жылдан бери 8 операция жасаган эмеспиз. 10 жылдан бери даярдык көрүп келдик. Анткени өкмөттө акча жок, жетишпеген жабдыктарды өзүбүз демөөрчү издеп, кошумча каржылоо булактарын таап, адистерди чет өлкөлөрдөн даярдап келип, 2012-жылдан тартып операция жасап баштаганбыз. Ошентип, 1 жылга жетпеген мөөнөттө 8 операция жасалган.

«ЖЕКЕ МЕНЧИК ООРУКАНАЛАР ӨЗ КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН ОЙЛОП ЖАТЫШАТ»
Жүрөк хирургия жана органдарды алмаштыруу илимий изилдөө институтунун башкы дарыгери АРТУР ЖУМАНАЗАРОВ буларды кошумчалай кетти:
– Бизге жапжаш балдар «каалаган суммадагы акча берсеңер, бир бөйрөгүмдү сатам» деп көп кайрылышат. Кредит алып, төлөй албай калган кары кишилер да келишет. Ал байкуштар ошого мажбур. Эгерде органдарды которууга жеке менчик клиникаларга уруксат берилсе, ошолорду аз акча үчүн алдап макулдугун алып, жасалма документ менен тууган-туушканы кылып органдарын албайт деп ким кепилдик берет?! Мисалы, азыр гинекологияны алалы. Бизде аборт жасатууга уруксат жок деп жатат. Ал эми жеке клиникаларда канчалаган аборттор жасалууда. Аны ким көзөмөлдөп жатат? Ошол сыяктуу биз бөйрөк же башка органдарды сатканга бүт дүйнөгө база болуп калбайбызбы? Бул өтө коркунучтуу.
«Башка дарыгерлер келип операция жасайт, анан бизге пайда түшпөй калат» деп корккон жокпуз. Мекендештерибиздин келечегин ойлоп жатабыз. Бизге келип, «эптеп менин бөйрөгүмдү сатып бергиле» дегендер да бар. «Андай мыйзам жок» деп айтабыз, себеби бизди өкмөт көзөмөлдөйт. Түнкүсүн операция жасап жаткан жеке клиникалар бар. Ошолорду ким карайт?! Паспорт жасоону жакшылап көзөмөлдөй албаган өкмөттүк органдар ошол жеке клиникаларды көзөмөлдөй алабы? Жеке ооруканалар орган алмаштырууга эмнеге кызыгып жатат? Себеби мындан пайда түшөт. Медицина жактан кайсы тармагынан пайда түшсө, ошону алар талашат. Мисалы, стоматология, гинекология – кирешелүү иш да, ээ? Караңыздарчы, азыр жадакалса бир базарда эле 20-30 жеке стоматология бар. Булардан киреше көп түшкөн үчүн жеке клиника ачууга кызыкдар. А эмнеге жүрөккө операция кылууну талашпайт? Себеби аларга көп дары-дармек кетет, чыгашасы көп. Ал эми бөйрөктү алмаштыргандан кийин ага бирөө жооп бериш керек да. Мындайда эми жеке ооруканалар жооп береби? Чет өлкөдөн келген адистер кымбат баада операция жасайт да, акчасынын жарымын өзү алып, жарымын жеке ооруканага таштап, кайра кетип калат. Анан кайра эле өкмөт дарысын алып бериш керек.
Муну чындыгында жеке клиникасы бар ишкерлер ушул маселени көтөргөн депутаттар аркылуу өз кызыкчылыгын көздөп жатышат. Эгерде милиция, прокуратура сыяктуу органдарыбыз таза иштесе, мыйзам таза иштесе, анда бир жөн эле. Ошонун баарын таразага салып, туурабы же туура эмеспи, элдин ал-акыбалына жараша чечим кабыл алыш керек. Эгер бүгүн бул мыйзамга уруксат берсе, анда жанагы көчөдө кредитинен кутулам деп бөйрөгүн сатмакчы болгон аялдардын бардыгы эртеңки күнү эле ыйлап чыгышат. Жеке оорукананы бирөө бекер операция жасайм деп ачмак беле? Эгер чындап эле патриот, билими жогору адистер болсо келсин, бизге жардам берип, биз алган айлыкты алып иштешсин! Эгер чындап эли үчүн күйсө.

Бул маселе чындыгында эле элибиздин келечеги, ден соолугу үчүн олуттуу. Мындан сырткары, кинолордо көрүп жүргөндөй, адамдарды уурдап кетип, денесинин бир мүчөсүн алып, таштап кетсечи... Мындайда жети өлчөп, бир кесиш керек.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
10.06.2013. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
0ргандарды сатканга Эч качан макул б0лб0шубуз керек!
10.06.2013. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
satpagan bur ele organdar kaldy

emi....
15.06.2013. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sara90, баарын сатып буткон сон колтугунун жунун сат кыргызым!
10.06.2013. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвада грузда иштеген балдардын кобу бойроктон кыйналышат. Эми точно бизнеске айланбаса болду.
10.06.2013. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жогорку 2 дарыгердин созуно 100% кошулам. Элге жардам беребиз дегенге жамынып, орган сатуу бизнесин жургузгусу келип жатышат да, оз комочуно кул тарткан заманда алар элли кайдан ойлосун. Бизде документти оной эле жасап берип коюшат го.
10.06.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошто областтык балдар оруканасында,частная орукана ачылган болчуу,Тажикстандан тааныш келин бойрогу ооруп,операция керек экен, 10мин сомго операция жасап айыктырабыз дешкен,операциядан айыкпай отуп кеткен. Кийин олгондон кийин текшерген тажик врачтар,анын керектуу органын алып коюшкан деп айтышты. Андан сон баякы больница тып тыйпыл жоголуп кетти. Мен частная больница болушуна каршымын.
14.06.2013. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gutler, бизде адамдардын тушунугу ото томон,чет олколордо орган сатып алган атайын донордук клиникалар бар,анан жанагы ооруканада каза болгондордун баарысынын органдарын ооруканадан эле алып койушат антпесе,адамдын ичи тез бузулуп жыттанып кетет.......
10.06.2013. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Al satkan adamdyn den solugu ne bolot? Adamdar akcha dep atyp bul jolgo dele barabyz go?!
10.06.2013. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай адамга ээнчилеп берген нерсени товар сыяктуу сатсак куноого батпайбызбы?!
11.06.2013. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындай болсо точна кыргызстан адам запчасынын борбору болуп кетет бул нерсеге жол бербеш керек менин да бир досум кредит алышкан екен еле толой албай апараттарымы сатам кымбат акча болот екен карыздардан кутулуп анан олом деп зорго алдап алып калганбыз.
11.06.2013. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул кредитти албай эле койгулачы окмотко ишенип болбойт биздин.
11.06.2013. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми акча учун органдарын саткандар чекесинен чыгат.Кудай озун эле сакта.
11.06.2013. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жеке менчик клиника дегенди биз акчабыз болсо карайт деп ойлойбуз, а андай эмес, алардын кызыкчылыгы башка жакта болушу да ыктымал... Сенин канын туура келсе сен берген акчандан 10 эсе коп берем деп темный бироо турса врачтын артында, миллионнун кармап, врач сиз айыкпас дартка кабылыпсыз дейт да... анан иштин буткону... сен кете бересин, а бироо жашай берет... Жеке клиникаларга каршы болушубуз керек.
11.06.2013. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тишти деле тузук даарылай алышпай эле журушот ко жеке клиникалар... Акча гана алардын максаттары... Азыр заман заман дейбиз, бирок пейилибиз бузулган...
11.06.2013. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба жогорудагы врачтардын айтканы туура.Бул нерсе бизнеске айланып кете турганы корунуп эле турат.Кандай болгондо да элди,келечек муунду ойлоп жети олчоп, бир кескендери он.
11.06.2013. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден соолукту да-сатып аласын,азыркы заманда!-деген ушул экен да....
12.06.2013. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баягы кайсы акындын ыры экенин билбей жатам, сат сат сат сат, колтуктагы жунун сат, койнундагы эрин сат, Жулуп алтын тишин сат дагы эмне деген саптар бар эле, ошондой эле заман дааа...
12.06.2013. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озулорунун ден соолугуна кайдыгер караган адамдан андан бироолорго жакшылык кутпой эле кой. Озундун кызыкчылыгынды коргоп башканы майып кылуу бул сенин барындан жогун жакшы
12.06.2013. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Артур аганын айтканына 100% кошулам...ансыз деле элин ойлобогон акмак наадандар баарын сатып бутушту...эми кыргыздын колу бутун ичеги карынын сатканы калыштыбы?..
12.06.2013. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоонун аккан сyусyн сат, тооктyн чычкан богун сат. Толдоттyрyп торyно тай торпоктой итин сат. Сат сата бер сата бер ар бир кызыка бата бер, баарын сатып буткон сон эй саткын колтyгундун жунун сат эй
13.06.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ай, эл жарты нанга жетпеген заманда да мындай инсан калыбынан чыккан иштер болбогон эле.
14.06.2013. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жок,мекендештер,бул туура идея,эгерде ар бирибиздин бир тууганыбыз ооруп калса баарыбыз эле даяр болушубуз керек да бойрок бергенге,чем аны жоготуп алганга караганда,ошондуктан бул туура идея,
14.06.2013. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш кыргыз элим, эмне эле болуп баратабыз билбейм
14.06.2013. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бугун органынды сат эртен элинди, жеринди, дининди,дененди, анан канындан буткон баланды да,Ааламды да кошо сат сат
14.06.2013. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура жеке больницаларга мен да каршымын. аларда опуту ашкан врачтар жок. акчаны алып жакшы да карай алышпайт. журок алмаштырууну аларга бергенден коро озубуздун больницага керектелуучу апарат сатып берген эн туура болот.
16.06.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azur bizdin olko jeke klinikalardu achuuga dengeeli jete elek. Medaakademiada proftor jetishpeyt,bytyp chukkan adistter kompetentyy emes. Bul sunush ishke kirizilse sapattuuluktun konkurenziasu emes akcha tabuunun konkurenziasu bolot
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо