Нурлан, Асел:«ДОСТУКТАН СҮЙҮҮГӨ БИР КАДАМ»

№553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж

Бул ирет биз менен маектешкен «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2012-жылдын супер ырчы мырзасы» наамын алган Нурлан Насип жана назик ырчы Асел Кадырбекова болду. Эки жаш аларды ээрчиген түркүн кептерге чекит коюшмакчы.

– Салам, Нурлан! Такыр тааныш эмес адамдын сага болгон сынына кандай карайсың?
-Андай учур көп болот, бирок сынды укчу адамдардан гана кабыл алам. Ар кимдин табити ар кандай да, бирине менин кийингеним жакпайт, экинчисине өзүм жакпайм. Кээде интернеттеги баракчамда күйөрмандарым урушуп да кетишет. Алардын баарын окуп жетишпейм. Учурдан пайдаланып, кыздарга жеке баракчаңардан урушкула, менин талкууларымды көбөйтпөй демекмин (күлүп).

– Эгер бир күнгө кызга айлануу мүмкүнчүлүгүн алсаң, эмне кылмаксың?
-Ой, мен эгер сулуу, өң-келбетим келишкен кыз болсом, кыздардын аң-сезимин билгенге аракет жасамакмын. Алардын негизги сырлары кандай, жигиттер менен таанышуудагы «фишкасы» эмне экенин билгим келет. «Подружкаларды» таап алып жигиттерди сындырмакмын, ха-ха.

– Сен үчүн өбүшүү – бул...
-Мен ар кайсы кыз менен эле өбүшө бербейм. Өбүшүүнү жан дүйнөмө жакын кызга ичимдеги сезимимди, ага болгон жылуу мамилемди чагылдыруучу күзгү деп эсептейм. «Улуу сөздө уят жок» демекчи, адамдар ар кандай болушат. Балдар бар, убактылуу кызыкчылык үчүн түркүн нерселерге барышат. Менин жан дүйнөм ага жол бербейт.

– «Айта албайм» деген ырыңды Аселдин туулган күнүнө арнап, көчөдө ырдап куттуктаган экенсиң...
-Кудай сактасын, башка ырды ырдагам, ха-ха. Андай болгон эмес. Өзүмдү анчалык романтик деп ойлобогон экем, андай да колдон келет бекен? Таң каларлык... Эч нерсе дей албайм, муну угуп оозум ачылып калды.

– Бир учурда «Асел менен чогуу жашайт» деген сөз тараган эле...
-Бул кеп бизге жабышты да калды. Мындай кеп ата-энеме өзгөчө катуу тийди. Андан кийин үйдө чоң чогулуш болуп, тарбия-таалим боюнча «лекция» окулган. Менден да Асел кыз бала, ага кыйыныраак болду окшойт. Ал экөөбүз аябай жакын доспуз.

– Асел менен доспуз деп жүрүп сүйүүгө өтүп кетпейсиңерби?
-Чынын айтсам, Кудай билет, ай, ким билет, ким билет?.. Балким, тагдырым ага байлангандыр?.. Экөөбүздүн турмуш жолубуз бирдир, азыр бир нерсе деш кыйын. Элдеги жүрөк менде да бар, мага жар болчу айым чын эле Аселби, баарын убакыттын сынына койдум. Балким, чын эле жарашып, жанашып каларбыз, ээ (күлүп)?

– Кыз-жигит мамилесиндеги негизги нерсе эмне?
-Баарынан мурда сый болуш керек. Азыр жигитин башкарган кыйын кыздар көбөйдү. Ага менин көз карашым терс, кыз бала назик, ийкемдүү жан болушу керек. Мусулманчылыкта эркек кишини башкарган аялзаты катуу талкууга алынат. Бизди сыйлаган кыздарга андан өткөн сый кайтарабыз. Ошондуктан, карындаштар, антпегиле демекчимин.

– Принципиалдуу жана пунктуалдуу адамсыңбы?
-Анчалык эмес, мисалы, тишимди сөзсүз 2 жолу жуушум керек деп өлүп баратсам да жуубайм, кол тийгенде дебейинби (күлүп). Пунктуалдуулук боюнча айтсам, мурда өз убагында келүү деген мага өлүм болчу, азыр чоңойдумбу, бир топ жоопкерчиликтүү боло түштүм.

– Асел, айтсаң, Нурлан экөөң тууралуу «сүйүшкөндөр» деген сөздөр чыкты...
-Ырчылыкка аралашкандан бери ушул сөз мага жабышып алды. Ооба, чын эле бирге көп жүрөбүз. Экөөбүздүн табитибиз дал келет, ошондуктан досум катары аны ээрчитип алам. Нурланга кийим тандашам. Ал менин эң жакын досум, бул сүйүүдөн да бийик турган сезим. Азырынча элге кыйратып атым деле чыга элек. Бирок кептер айтылса, демек, эл мени тааный баштады, мен жөнүндө сүйлөп жатат, ошого кубанам.

– Нурланга болгон сезим сүйүүдөн да бийик турса, «достуктан сүйүүгө бир кадам» дегенге кандай карайсың?
-Азыр бир нерсе деп айтуу кыйын. Андай болушу деле мүмкүн же такыр тескерисинен чыгып калар. Кана эми досуңдан сүйүктүүңдү тапсаң? Анда келишкен түгөй болуп эле жарашып калабыз го...

– Өзүң айтпадыңбы «элге анча атым чыга элек» деп. Нурлан экөөңөргө тиешелүү бул кеп сага пиар болуп жатат деп ойлойсуңбу?
-Чынын айтсам, ушинтип жарнамаланбай эле койсом жакшы болмок. Себеби элге таза, назик кыз катары таанылгым келет. «Нурлан менен Асел никесиз жашап алышыптыр» деген кеп мага пайда алып келбеди.

– Биринчи өбүшүүнү ар бир адам эстеп калат дешет. Сен да унутпагандырсың...
-Ооба, андай нерсе унутулбайт го. 9-классты бүткөндө жигитим менен өбүшкөм (күлүп). Азыркыдай ар кандай түрлөрү болот экенин деле билбепмин анда. Эптеп үйрөнгөнбүз иши кылса :)

– Акыркы жолу качан ыйладың?
–Аябай жашыкмын, ошондуктан болор-болбос сөзгө көзүмдө жаш даяр турат. Бир ай мурун катуу ыйладым. Буга жеке жашоомдогу маселелер себеп болду.

– Өзүңдү маңдайга жазылганы болот деп өзүн тобокелге салган адам деп эсептейсиңби?
-Мен аябай жалкоомун, ошого кээде «болгону болот да» деп койгон учурлар кездешет. Бирок өзгөрүүгө умтулуп, өзүмдүн кемчиликтерим менен дайыма күрөшүп келем.

– Матриархатты тандайсыңбы же патриархаттыбы?
-Экөө тең мага өөн учурайт, болочокто менин үй-бүлөмдө теңчилик болсо дейм. Теңсиздикке жөн карап тура албайм. Себеби эркек киши менен аялзатынын укуктары бирдей. Эч бир эркекке мени басынтып, багынтып алуусуна жол бербейм.

– Маегиңерге рахмат!

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Нурлан & Асел: "Достуктан сүйүүгө бир кадам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(86)
11.06.2013. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой жон эле мага акчалуу бир кыйын чыгып калса Анжеликанын жолдошундай, анда Нурландын мага эмне кереги бар деп койбойт беле ))))))))))))))))))))
11.06.2013. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан менен Асел никесиз жашап алыптыр деген пайда алып келбеди дептир а Асел пайда коройун деген окшойт. Пайда алып келбесе пайдалуусун ойлоп тап. Кызык кыз экен. . . . .
11.06.2013. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асел айым эл мен жонундо соз кылганына кубанам дейт го тообо кылдым, ушак созго да кубанчы беле адам.
11.06.2013. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aselya ty takaia jakwynakaia,anan tatynakaia))
11.06.2013. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыздын кандай ырлары бар эле че то тапай калдымго?
11.06.2013. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жанагы оштогу керемет тв дагы озбек бала менен бир передачаны алпарган кызбы же окшоштуруп жатамбы мурда чыкчу эле
14.06.2013. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asil-08,
дал озу сиз айткан кызда бул
11.06.2013. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уфф..ушулардын 'ой журогум бош, жон эле досум, чыныгы суйуунун даамын тата элекмин' деген дежурный создоручу..! Всё ж тут ясно
11.06.2013. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча эки жаш бири бирине абдан төп келишип калат экен, эгер кыз жигит болуп калышса аябай суктанаарлык түгөйлөрдөн болушмак.
Кыз кылыгы м.н дегендей экоо сыр кылып жатышатко.
Биринин сырын бири жатка билет экен.
Ийгилик гана дейм!!!
SUPER.KG видео
12.06.2013. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоондун тен оюнар бар экен бири бирине Нурлан сага ийгилик каалайм!!!
SUPER.KG видео
12.06.2013. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан магазинден ушул кызга койнок алып берип жатканда сүйлөшкөн кызы экен деп ойлогом, ырчы экенин биринчи билдим. Асел жанынан мындан да татынакай көрүнөткен, бирок Нурланга аябай эркелейт экен да. Жакшы түгөйлөрдөн боло тургандайсынар. Ийгилик!
12.06.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiabai okwop ketiwet eken,okwowtor baktyluu bolot dep koiuwatgo
12.06.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу жаралып келе жаткан экен,аны эми улантасынарбы жокпу экоон гана чечесинер.
12.06.2013. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oooo kyrgyzy men'we zavesti I nenavisti k dryg drygy)))) Asel chynynda da tatynakai waardyk kyz eken tobo Nyrlan menen jyrgonyno ichenbeim piayr dep ele oiloim. Nyrlanda popylayrnost' ele bar artynda kyiratkan nersesi dele jok. Emne Aseldi ailga alparyp otyrgyzaby? Baikyw ech kozym jetpeit. Dos ele boiuncha kalychkany on. Aselge kolynda bar adam kerek Nyrlanga jonokoi ele kyz tyyra kelet dep esepteim.
12.06.2013. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири бирин чынында суйуп калышса Асел айылга чыдайт Нурлан шаардык кыздын жооруктарына макул болот.Экоо тен жонокой адамдар.
12.06.2013. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тишин ондотуп алса абдан сонун болмок экен...
13.06.2013. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол нурик.
13.06.2013. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асел, имиджин жакты, жасалма деген сыяктуу создорго: ичин куйсо туз жала, жата калып муз жала деп кой да конул бурба...
13.06.2013. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер кыз бала уй-булоодо тендин болушун каалайм деп айткан болсо анда ал уй-булосун башкаргысы келип жатканынын белгиси Асел Нурланды башкаргысы келген окшойт
SUPER.KG видео
13.06.2013. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хаха килип....дейт ко
SUPER.KG видео
14.06.2013. 05:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоо жарашыктуу элего
15.06.2013. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mm.Маек жакшы болуптур.Кызык Нурлан !А неге кечээ Киев кочосундо Караван соода борборунун жанында экоо эки башка кетип баратасын?Нурлан 10 метр алдыда.Артында шашпай жай басып Асел.Повод бербей.:).Ушак ээрчибесин дегенсинер го.Туура кылыпсынар.
15.06.2013. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гезит саткан дукондун сыртында биздин СУПЕР ИНФО илинип туруптур.(сайтка катталгандан бери гезит сатып ала элекмин).Карап отуп баратып капыстан сол жакты карасам Нурлан келатат.Так ушул кийимчен.Кызык азыр эле гезиттен кордум эле деп ойлогуча мандайымда Асел келатат.Ал да ушул койнокчон экен.Экоо тен коз айнечен.Бирок тааныласынар,баары бир.:) :) :) :)
15.06.2013. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлогон созунордон эле билинип турат бирок чындыгында суйуу бардай го
15.06.2013. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантынарга ийгилик! Ар ким мандайына жазылганын коротда.
16.06.2013. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabai jawy korom uwul balany dagy kyzdy dagy!
17.06.2013. 05:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу кыз эмнегедир жакпайт жээ мурда озубектердин каналында, озбектер менен иштегенгеби билбейм. А сулуулугунда соз жок.
SUPER.KG видео
22.06.2013. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асельдин ВЛКСМ да окуганын билбейм го.Макаренкодо окуганын анык билем.озгоруп кетиптир
06.08.2013. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан весельчак,Асель умная приятная
13.10.2013. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cosmopolist""''nurlandyn tiwi mn iwin bolbosun ok kudaidyn buiurgany da
SUPER.KG видео
02.04.2014. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiabai sladkaia paro4ka bolyp kalat eken.oilogon oilory okwow ,4ogyy bolso andan jakwy korynmok.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо