Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ИЮНЬ ОКУЯСЫНДА УУЛУМДУ ЖОГОТУП, ТИЛДЕН КАЛДЫМ»

№553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж

Быйыл Июнь окуясына үч жыл толот. Коогалаңда 500гө жакын адам набыт болуп, 1500дөй киши жаракат алышкан. Дээрлик 2 миңге чукул адамдын тагдыры чагымчылардын колунда оюнчукка айланып, миңдеген үйлөр жана мекемелер өрттөлүп-талкаланган. Биз окуянын очогуна айланган Ош шаарынын тургунунун өмүрү тууралуу баянды сунуштайбыз.

Каарманыбыз дарыгер Касымбек Жусупакматов 38 жашында Ош окуясынын от болуп күйүп турган опурталдуу күндөрүндө өмүрү менен кош айтышып кете берген.

Абдисалим Анарбаев, Ош облустук балдар ооруканасынын директору:«КИЙИП ЖҮРГӨН ЧЕПЧИГИ ДАЛЕ КАБИНЕТИНДЕ ТУРАТ»
– Касымбек көз алдымда чоңойгон жигит, ата-энеси менен кошуна турчу элек. Окуусун Бишкектеги Медициналык академиядан аяктап келип, 1999-жылы мен иштеген балдар ооруканасына орношкон. Ачык-айрым, шайыр, дилгир, улуунун сөзүн эки кылбаган, коомдук иштерге активдүү катышкан кызматкерибиз болчу. Жубайы Назгүл менен да бейтапканадан таанышып, кийин үй-бүлө курушкан.
Кесиптештери үчүн анын каза тапкан күнүн эстөө оор. Оорукана өзбектердин Жийделик айылына жакын жайгашкан. Каргашалуу күндөрү эч кайда кетпей, жумушта калып иштедик. 16-июнда кечки саат 5терде иштен чыгып кеткен Касым үйүнө жетпей калыптыр. Дайынсыз жоголгонун билерибиз менен баарыбыз чогулуп издей баштадык. 30-июнь күнү гана анын сөөгү Өзбекстандын Анжиян дарыясынан табылды. Бир жылдан кийин бейтапкананын хирургия бөлүмүнүн бет маңдайына анын эстелигин тургуздук.
Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө ординатор жана патологиялык-анатомиялык бөлүмдүн башчысы болуп иштеп калды. Азыр Касымбек иштеген кабинетте башына кийчү чепчиги дале турат, жанына сүрөтүн да коюп койгонбуз.

Калдар Айбашов, кесиптеши:«КЫЗЫНЫН ТУУЛГАН КҮНҮН КУТТУКТООГО ЖЕТИШПЕЙ КАЛДЫ»
– Ооруканада мен иштеп баштагандан 5 жылдан кийин Касым келди. Шамдагай жана бат үйрөнүп-өздөштүрүп кетчү жигит эле. Хирургия бөлүмүндө канчалаган наристелерди айыктырып, ата-энелердин алкышына көп арзычу. Коогалаң күндөрү экөөбүз бир бригадада «Тез жардамдын» унаасы менен жаракат алгандарга чыгып жүрдүк. Врачтар улутуна карамак беле, Касым да ошондо бир өзбек аялды дарылап чыгарганын билем. 10-июнда башталган жаңжал 16-күнү араң басылды. Бул аралыкта үйгө кетпей, бейтапканада жатып иштегенбиз. Касым «кызымдын туулган күнү эле, ушуну менен болсо да куттуктап келейин» деп, колуна бир «Коланы» көтөрүп алган экен. Биз ошол бойдон кесиптешибизди көрө албай калдык, кызынын туулган күнүнө жетпей калды.

Улук Жусупакматов, бир тууган иниси:«БАЛДАР-КЫЗДАРЫ МАГА БЕЛЕК БОЛУП КАЛДЫ»
– Агам тууралуу канча айтсам да аздык кылат. Жоголуп кеткен окуядан эки күн мурун агама атайын ооруканага барып жолугуп келген элем. Ошондо «жакында Мирзаданын туулган күнү, ошондо үйгө барам, аш басып белгилейли» деген болчу. 16-июнь күнү оорукана жакта жашаган досторум чалып, «агаңды өзбек айылына алып кирип кетишти» дешти. Чогуу иштеген врачтар, аксакалдар болуп топтолуп, алар тараптан чыккандар менен жолуктук, бирок алар бизге «жок экен» деп коюшту. Издөөнү уланттык, таппадык. Кийин сөөгү суудан табылды. Башына жана көкүрөгүнө атып, анан өрттөп, дарыяга ыргытып жиберишиптир. Биз сөөктү билген белгилерибиз менен тааныдык.
Өзүбүз үч бир тууган болчубуз, агамдан сырткары эжем бар. Экөө жакшы окуду, мен тентектигимден 10 мектеп котордум. Кандай шоктук кылбайын, агам мени бир да жолу урушпады, катуу сүйлөбөдү. Тескерисинче, мага болушуп турчу. Өзгөчө бир камкор мамиле жасап, кийин мени үйлөнтүп-жайлантты.
Орду толгус жоготуу болду, катуу жоктодум. Кеңешке муктаж болуп калганда, конокко барып калсам же аш-тойлордо агамдын жоктугу оркоюп билинип турат. Сагынганда кадимкидей ыйлайм. Эш тутканым, медер тутканым – анын балдары, алар мен үчүн белек. Улуу баласы Муса быйыл 5-классты бүттү, атасынын көчүрмөсү. Кичинесинде агам дал Мусанын өзүндөй болчу.

Лютфулла Жусупакматов, атасы:«БАЛАМ КЫЗМАТТА ЖҮРҮП КАЗА ТАПТЫ»
– Элдин башына түшкөн кайгы мага да келди. Уулум атуулдук милдетин, кызматтык ишин аткарып жүрүп каза таап, артында 3 кыз, 2 уулу калды. Азыр келиним, балдары мени менен турушат. Байбичем да 2007-жылы рак оорусунан кайтыш болгон.
Турмуштун жазганын көрүп жатам, баланын күйүтүн Жараткан эч кимге салбасын. Үч жолу инсульт болдум. Азыр топтоп келген материалдарымды китеп кылып басып чыгарууга даярдап жатам, өзүмдү алаксытып... «Саймалуу-Таш» тарыхый комплексиндеги петроглифтердин каталогун түзүүдөмүн. Буга чейин 20 китептик эмгек жазгам. Дагы көп иштерим бар эле, бирок өмүрүм жетпей калат окшойт...


Лютфулла ата өзү ОшМУнун кыргыз филология факультетинде эмгектенет, филология илимдеринин доктору, профессор. Экөөбүздүн жогорудагы маегибиз «кызым, мен сүйлөбөй калдым эле» деп башталды. Уулунун күйүтүнөн улам үч жыл мурун тилден калыптыр. Андыктан, сөзүбүз ак кагазга жазуу менен уланып отурду.
Июнь окуясы ушинтип далай атаны уулунан, бирөөнү ата-эне, ага-карындашынан айырды. Көкүрөктө так калды. Өлкөбүздө тынчтык болсун, эч ким өксүбөсүн дейбиз.

Элира Чынтемир кызы
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
10.06.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул врачты озбектер кармап алып, жаралангандарын дарылатып, башы жарылганын тандырып алган сон олтуруп сууга ыргытып ийишкен. жаткан жери жайлуу болсун! Эки улуттун ортосуна чок салгандарга наалат!
10.06.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ким чок салмак эле.Жон гана озбектер кобуп кетип ушул ишти башташкан да.Бийликтегилер Бакиевди кетирсек эле бир область силердики деп убаданы берип койсо.А эми биздики да деп Жалалабатта Батыровду губернатор кыла коюшту.Эл карап турмак беле айдап чыкты бардык озбектерди ал жерден.Ошого очошуп чыккан нерсе да бул.Анан кайдагы учунчу кучту айтасынар жаш баланы алдагансып.
10.06.2013. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
nazimka, Жалган жазбагыла, бир Аллах билет эмне болгонун, ар ким оз жазган, озунан чыккан созу учун жооп тартат.
10.06.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Атка минген чондор акмак,баарын билип угуп туруп деле,аягында ким куноолу КЫРГЫЗ куноолу,эй чон жееген Чо.........ор...ойлонгулачы,ушул туугандарга жалдырабагылачы болбогон голос учун,шайлоо сайын жалпандайсынар ушуларга,сазайын бериш керек эле буларга,чыгып кеткен 100 000 адамды эмнеге артынан барып жалдырап алып келдинер,ошол 100 000 адамсыз эле жашайт элекко,качан онолосунар аа???...Кыргыз качан озунун мекенинде кенен кесир жашат???
10.06.2013. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
gooool, Кыргыз элинин пейили качан онолуп, акчага сатылып, депутаттарды, атка минерлерди шайлаганды койгондо ошондо онолот, ага чейин озгоруу болбойт, Элге ыйман берсин андан коро.
10.06.2013. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындай окуя кайталанбасын )-:
10.06.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен иштеген иш канада озбектерда иштешет, алар менен чогуу иштешкендиктен мамиле тузобуз(общаемся),бирок мен аларды абдан жек коромун. Уй ээси бош болсо, коногунду тордон тааны болдук да.
10.06.2013. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
gutler, турциянын ээси катуу адам, коноктору эмне кылды курттар. Ал уй ээсине эч кандай тийеше болбойт. Кудайыбыздын мандайыбызга жазганы ал.
10.06.2013. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Июнь окуясын 1 эле кун эскеримиш болушуп а апрель окуясын 3 жылдан бери айтып туготушподу. Между прочим июнь окуясында миндеген адамдар набыт кетишкен озбектердин мыкаачылыгынан оз элин коргойбуз деп!
11.06.2013. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
alievna.1989, кимдир-бирөөнүн улутун кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган.
Азырынча сизге эскертүү!
11.06.2013. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунча адамдын каны менен келген бийлик эшектей иштеш керек эле эл учун, дагы эле баягыдай таз кейпбизи менен кетип бара жаткандайбыз, озбек озбек дейбиз кыргыз озубуз кыйратып жатабызбы, кыргыз - тилин онуктуролу деген мыйзам кабыл алсак аны кокуй бул болбойт эрте деп президентибиз каршылыгын билдирип койду. Ушинтип журуп кыргыз жер бетинен жок болуп кетер бекенбиз, кыргызды кыргыз экенин тилинен билебиз да, анан тил жоголсо кыргыз экенибизди далилдеш учун генентикалык экспертизадан отмок белек
11.06.2013. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ошол тополондо 3.кун болдум. Карындашым Шаарда болчу туратын жерине жете албай еки кун убара болдум. Шаарга биринчи болуп биз киргенде калсовой деген жерге барганда Кыргыз жарандарын олуп жатканын кордук. Бары сойлган ортолгон ещо пажарники гайшники. Журоко каты. Мен ойлойм азыркы бийлик Кыргызстандык жок кылып жиберет.
11.06.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жигит болчу,бир короодо жашап калган элек,мындай болбошу керек эле.Согушту чондор башташат,жаштар азап тартышат деген чын экен да.
11.06.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asil-08, ачууга алдырбаңыз. Кимдир-бирөөнүн улутун кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган.
Азырынча сизге эскертүү!
12.06.2013. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба бул врач жоголуп канча кун издешти байкуштар.Чындыгында мындай окуя кайталанбасын,башыбыздан откордук го каргашалуу кундорду.Эч кимдин башына салбасын,эч качан болбосун мындай согуштар.Эми биз коргон кундорду балдарыбыз корбосун!Кыргыздар да,озбектер да коп жоготуу тартып эсине келгидей эле болушту,ушул кундордон сабак алып эми мындай кызуу кандуулукка алдырышпаса экен.Жердеги жаткан адамдар,атылган октор,жалындаган орттор,адамдардын мыкаачылыгы дагы деле коз алдыбызда,эми кайталанбасын!!!
12.06.2013. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогум мыкчылып,Журогум ооруп чыкты.Эч качан уруш согуш болбосунчу.Заманыбыз тынч болсун.
13.06.2013. 07:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azyrkylardyn Bakievdi biylikten ketiruu uchun jasagan "podstava" synyn kesepeti.
14.06.2013. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу олсун,кейибе кыргыз жакшы уулум кетти деп,алар тируу,жарык берген кундун нурунда,жаны бышкан нандын жытында,балдарыбыздын тунук кулкусундо,тынч замандын ар мунотундо туболук жашай берет
14.06.2013. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Legion, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө жол берилбейт.
3 күнгө сайттан четтетилдиңиз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо