Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ИЮНЬ ОКУЯСЫНАН УЛАМ ЭГИЗДЕРИМДИН БИРИ ЖАРЫМ ЖАН БОЛУП КАЛДЫ»

№553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж

Эгиздердин апасы Касиет айым менен бир иш-чарада таанышып калдым. Эгиз уулунун бирин колуна көтөрүп, бирин жетелеп жүргөн эненин баяны каарманыбыздын өзүнүн сөзүндө баяндалсын.

КООГАЛАҢДА ЖАРАДАРЛАРГА ЖАРДАМ
– Жашым 43тө. 2 кыз, 1 уулум, анан ушул эгиздерим бар. Жолдошумдун жашы 70те. Улгайып баратканда тапкан эгиздеримдин аты – Жаныш, Байыш, учурда 3 жашка чукулдап калышты. Жөнөкөй адамдарбыз, эки кызымды турмушка бердим. 4 неберем бар. Кош бойлуу экениме 5 ай болгондо боюмда эгиз экенин билгем. 9-июнда Жалал-Абад облустук төрөт үйүнө келип жатып калдым. Анан эле Июнь окуясы чыгып кетти. Биз жаткан учурда алдыбызда ооруп жаткан өзбек келиндер төрөгөнүнө 1 күн болсо да чыгып кете беришти.  «Кыргыз-өзбек урушу чыгып кетет окшойт» деген сөздөрдү угуп калдык. Мен маани берген эмесмин.
Биздин үй Таш-Булак айылында болгондуктан, өзбек туугандар менен кошуна жашап келебиз. Ошентип уруш чыгып кетти. Мен турбай жатышым керек болчу, сыртты тыңшап эле жата бердим. 10-июнь күнү оорукананын алдында ызы-чуу башталып, атылган, жарылган үндөр чыгып жатты. Бир тараптан капкара болгон өрт көрүнөт, бир тараптан кара түтүн, мен ооруп жатканымды да унутуп калыпмын. Үйдө балдарым эмне болду экен, жолдошум кантти экен деп санаам тынчыбайт. Көп өтпөй ооруканага жарадарлар түшө баштады. Андагы көргөндөрүм дале көз алдымда турат, башына ок тийген, бутунан жарадар болгон, келтек жеп сабалган, айтор, оорукана кымгуут түшүп эле жатып калдык. Медайымдар бизди да унутуп коюшту, а  мен болсо өзүмдүн ооруп жатканымды эсимден чыгарып жарадарларды айланчыктап жардам берип жүрөм. Өзүбүз жаткан керебеттерге  жаткырып, оор абалда келгендерин облустук ооруканага жөнөтүп жатышты.

«ЭГИЗДЕРДИН БИРИ ӨӨРЧҮБӨЙ КАЛЫПТЫР» ДЕШТИ»
– Кош бойлуу маалда бардык нерсеге маани бере жүрүү да жакшы экен. Ошентип, 20-июнда төрөт үйүнөн чыгып кеттим. Жайлоого чыкчубуз, 3 бээ саачумун. Кош бойлуулуктун 7-айына жетип калган болчумун. Кулундар байланган желеге бара жатып тайгаланып кеттим да, сол капталым менен жерге кулап түштүм. Абайлап жатып колум менен таянып калайын десем да, катуу тийгендиктен сол тарабым заматта көпкөк болуп көгөрүп кетти. Анан эле ооруканага келдим кайра. Дарыгерлер «эгиздердин бири жакшы өөрчүбөй калыптыр» деп айтышты. Ошондо коркуп калганымды билдим. Себеби коогалаң бүткөндөн кийин да түшүмдөн чочуп уктай алчу эмесмин. Адам каны, онтогон үндөр, бакырык, атышуулар түшүмдө эле эмес, өңүмдө да көпкө чейин унутулбай жүрдү.
Эгиздин бирин өөрчүтүү боюнча аракет кылдырып, гимнастика жасатып башташты. Ошентип жүрүп 30-ноябрь күнү эгиздерим жарык дүйнөгө келишти. Ага чейин 5 күн толгоо тартып аябай кыйналдым. Улуусу Жаныш 2 килограмм 500 грамм, Байыш болсо 1 килограмм 800 грамм салмакта төрөлдү. Төрөлгөндө да көпкө чейин ыйлаган жок. 20 мүнөтчө медайымдар кармалап жатышып, анан бир аз ыйлаган болчу. Уулум ошол бойдон эсине келбей, 18 күн дегенде араң өзүнө келди.
Азыр Жаныш жакшы абалда. Бар көңүлүм Байышта болуп калды. Узун түтүкчө менен сүт ичиребиз, анда да какап кетет. Ошентип ооруканадан да чыктым, эгиздеримдин аман экенине кубанып жүрө бердим. Байыштын колунун бармактары да, буттары да жакшы иштебейт. Төрөлгөндөн 5 ай өткөндөн кийин эле талма оорусу пайда болуп, кармап калчу адат пайда болду. Отурган жеринен терең дем алат да эсин жоготот. Ошол бойдон 10 күндөй өзүнө келе албайт.
Жаныш так секирип жүрөт, Байыш баса элек. Ошентсе да эгизи менен катар эр жетер деп тилек кылып жүрөм. Байыш азыр кадам шилтей албайт, бирок колунун манжалары ийкемге келип калды. Эми аз күндөн кийин Бишкекке барып, дале дарыланууну улантсак дейм. Жашоого нааразы болбойм, бирок ооруканадан башым чыкпаганына бир кейисем, уулумдун бири чуркап, а бири басууга алы жетпей ооруп жатканына бир ыйлайм. Элибизде тынчтык болсун, эл тынч болсо эне аман, эне бапестечү бала да аман болор. Ал коогалаңдын таасири көптөргө тийди. Эми дагы элдин ичи бөлүнбөсө экен, жаңжал чыкпаса экен дейм.

Каалаганыбыз, ар бир эне, ар бир бала дени сак болсун, кайгы көрбөсүн! Байыш да кадамын шилтеп басып, эгизи менен катар энесин кубантып жүрө берсин демекчибиз.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(27)
10.06.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даа озбектер ушул окуя маалында ооруканданбы башка жактанбы акырын гана чыгып кетишти...
10.06.2013. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jaman... Ayigip ketsin balanyz!
10.06.2013. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кудайым шыпаасын берсин
10.06.2013. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
а что ты хотела в 43 года?
10.06.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
janet, Бул да болсо жараткандын буйругу.Андай дегенинзге тушуно албадым.Аллахым сынайм десе,ар тараптан берет сыноосун
10.06.2013. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллах Тааланын бергенин кээ бир эси жокторго окшоп олтуруп койбой торогон эжекеге рахмат!!!...Аллахым дартын берген,дабаасын да берсин,сабырдын тубу сары алтын эжекеси,сабырдуу болунуз.Аллахым колдосун!!!
11.06.2013. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
janet, Аллахтан коркунуз минтип суйлогондон!!!Эч кимде кепилдик жок!Эртенки куну озунуз ушул абалга кабылып калсаныз, озунузго да ушундай "диагноз" коесузбу?
11.06.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janet, ни ты а Вы!
13.06.2013. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janet, АЛЛАХТАН коркпогон кандай немесин??? АЛЛАХГА гана маалым. Ким качан тороп ,ким качан олору! Журогун жок немесинго!
10.06.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
43 жашта торогон эжеге рахмат, эмне экен, жаштарыбыз торогондон же баккандан коркуп аборт кылдырышат. Жакында эле Россияда 55 жаштагы аялдын эгиз торогонун "Пусть говорять” беруусундо корсотту го.
10.06.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланыздын мээнетине жараткан шыпаасын берсин. Кудайым берем десе баланы 50 жашта деле берет. Ошондуктан Жаннет так не говори.
10.06.2013. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да болсо Аллахтын берген сыноосу, бироону куноолоп, куноолууну издеп кереги жок.
10.06.2013. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
басып кеттсин эгиз ине окшоп
10.06.2013. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudaim menetin Bergen son wpasynda kowo herein.
11.06.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже аллах шыпаасын берсин баланыз жакшы болуп кетет.Сиз Бишкеке созсуз алып барып корсотунуз.Менин женемдин кызы да дал ушинтип когоруп талып калчу бир кундо 13 жолу кайталанган кундору болгон Бишкеке алып барышкан азыр кудаага шугур басып журот .
11.06.2013. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайым жакшы болуп кетсин!
11.06.2013. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмактардын кетирген кемчиликтеринен карапайым эл жапа чекти,мындай мисалдар ото эле коп.Эстесен журогун зыркырайт.Ушул эгиздер омур бою кол кармашып бир журушун алладан тилеймин.
12.06.2013. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайым баланызга кудайым шыпаасын берсин!!! Балдарыныз омурлуу болсун,эс акылдуу болуп чоноюшсун.
12.06.2013. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
semi_89, талкуудан алыстабаңыз.
Сын-пикирлер жана сунуштар info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 12.06.2013 14:06
12.06.2013. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым колдосун.Умутунузду узбонуз буйруса баланыз айыгат.
13.06.2013. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже АЛЛАХ ТАЛЛАМ шыфаасын берсин. Баланыз айыгып мандайынызда аман болсун. Сизге сабыр калайм,сабырдуу болунуз!
13.06.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин намаздарыбызда бул эженин эгиздерин дуа кылууда унутпайлы туугандар,а жанеттага айтаарым Аллахтан корк озуно ыйман тиле Алладан
14.06.2013. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шыпасын берсин уулунуз аман эсен болсун
14.06.2013. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шыпаасын берсин сизге сабыр берсин корбогондой болуп кетин балдарыныз аман эсен болушсун оомийн
15.06.2013. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже,эч кайгырбаныз баары жакшы болот. Оорусун берген,шыпаасын дагы берет.
15.06.2013. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men bul ejeni taaniym, balasyn bashkacha meerim mn karajt, ar daim kotorup jurot. Baldaryngyzdyn urmat syjn korung.
16.06.2013. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайымдын мээрими чексиз,буюрса баары жакшы болот,тойлорунда баш болунуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо