Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлнур Сатылганова, КРнын Эл артисти:«ЖАЗДЫККА БАШЫМДЫ КАТЫП ЫЙЛАГАН АЯЛ ЭМЕСМИН»

№553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж

Кыргызга кадыры сиңген, дайыма сый-урматтын үстүндө жүргөн ырчы Гүлнур Сатылганованын бейнесине сүртүмдөр. Турмуштун кубанычы, кайгысы, түркүн кырдаалы ырчыны бир топ эле калчады. «Биз он бир тууганбыз» деп сүйүнүп жүргөн эжебиз бир жыл мурун улуу агасынан ажыраган. Төмөндө ырчыга байланышкан ар түрдүү окуяларга, маалыматтарга ээ болосуз.

«АТАМДЫ ТӨРТ ЖЫЛ КӨРГӨН ЖОКМУН»
Ата-эненин ыйыктыгын ар ким ар кайсы куракта, ар кандай учурда түшүнөт экен. ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА ата-энеси туурасында мындай дейт:
– Бир үйдөн бир күйүмдүү чыгат деп коюшат го. Биздин бир туугандардын арасынан күйүмдүүсү мен болдум окшойт. Апам байкуш бала кезинде бир жакшылык көрбөптүр. Аны бизге көп айтып берчү.
Апам он бала төрөдү. Ортобуз бир-эки жаштан. Бала багууда илгери азыркыдай шарт кайда? Удаа болгон он баланы чоңойтом деп жүрүп оорулуу да болуп калды. Ушунун баарын ойлоп апама боорум ачып, эс тарткандан «маанайы көтөрүлсүн» деп өзүм бутума тура электе эле тамак-ашымды, белегимди ташына берчүмүн.
Апам 1938-жылы туулган. Эс тартып калганда атасы согушка кетип, таенемдин курсагындагы перзенти ичинен өлүп түшүптүр. Эмне болуп кеткенин толук аңдай албаган таенем баласын карга көмүп салыптыр. Ошондо аны кылмышкер деп Сибирге айдап жиберишкен экен. Апам ал учурда 4-5 жашта болсо керек, иниси экөө туугандардын колунда калыптыр. Кара курсактын айынан апам тырмактайынан ашканада иштеп, кечкисин жатарга жер жок, тамак куйчу чоң чаралардын ичине уктачу экен. Ошол маалда белгисиз бирөөлөр тик учак менен келип жетим балдарды бир жакка алып кетип, арасындагы таякем да кабары жок жоголуптур. Эсимде, апам ошол инисин издетип, таппай койду.
Апам байкуш 3 класс гана билим алган. Кичинесинде эле ашпозчулук тажрыйба топтогон апам 35 жыл бала бакчада шеф-повар болуп эмгектенди. 45ке чыккандан кийин ооруп калды. Дарылатып, тамак-аш ташып, баарына мен чуркап жүрдүм. Асылган оору апамды 2005-жылы 66 жашында колубуздан жулуп кетти. Көз жумганда тиреп турган тоом урагансыды, жер астын-үстүн болду да калды. Баарыбыз апамдын айланасына чогулчубуз. Апамды караан тутуп, туулган күнүнө белегибизди көтөрүп жөнөчүбүз.
Атам болсо апама чейин 10 жыл мурун каза болгон. Атам салтты өтө катуу кармаган киши эле. Апама эркелеп, атамдан сестенип турчубуз.
1985-жылы атам улуу байкелерим менен айылда калып, мен Искусство институтуна тапшырган жылы апам бизге жөлөк болом деп борборго келе берген. Каникул сайын айылга барып атама тамак жасап, кирин жууп берип турчумун. Окуумду бүтүп, турмушка чыгып кеттим. Кыргыздын салты боюнча кайын журт кыздын ата-энесинин алдынан өтүш керек эмеспи. Кайындарымдын төркүнүмө барганга шарты жок болуп, мен алар менен чогуу барам деп жүрүп арадан төрт жыл өттү. «Күйөөгө чыкты» десе туугандар «кулдугубуз бар деп кудалар качан келет...» деп күтүшөт да. Бара берсемби дейм, кайра туугандарымдын сөзүнөн айбыгып жүргөнүмдө атамдын көзү өтүп кетти. Атам күйөө баласын да, кудаларын да көрбөй калды. Кайын журтту карап отура бербей, жолдошум менен бара берсем болмок экен деп катуу өкүндүм. Өзүмдү да бир аз күнөөлүү сезип калам.

«ЖОЛДОШУМДУН ЭМНЕДЕН КАЗА БОЛГОНУН ТҮШҮНБӨЙ КАЛДЫМ»
Анархан апа менен Абдыразак атанын кичинекей Гүлнурун элестетип, ырчылыкка болгон сапарына саякат жасайлы.
– Атам 6 бир тууган. Бир туугандарынын ичинен билимдүүсү атам эле. Кесиби зоотехник болгондуктан, коңшу айылдарга чейин кыдырып, түнү менен үйгө келбей иштеген күндөрү болуптур. Апам мени төрөгөндө атам иш менен алыста экен. Мен 1-ноябрда түнкү саат экиде төрөлгөм. Ошентип апамды кыйнап жашоого келгем.
Бала кезден эле ырга жакын болуп, ыр боюнча мектеп жылдызы элем. Аттестат алгандан кийин Токтогулдагы «Миң кыял» ансамблинде ырчы болуп эмгек жолумду баштадым. Андан соң «Жетиген», «Арашан» топторунда ырдадым. Шаршен атындагы куудулдар, кийин Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театрда да кызмат кылдым.
Актриса болуп жүрүп жолдошумду таптым. Жарым жылга жакын сүйлөшүп, 1992-жылы баш коштук. Жолдошум келбеттүү, кандай роль бербесин, жеткире аткарган талант болчу. Экөөбүз бир гана спектаклде башкы ролду жараттык. 3 жылдан кийин Арнас аттуу уулдуу болдук. Уулубузга 5 ай болгондо жолдошум каза болду. Эмнеге ошондой болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Ар түрдүү сөздөр айтылды, ошонун баарына чыдадым. Бир жыл өткөндө Искусство институтунун эстрада бөлүмүндө вокалдан сабак бере баштадым. Анан консерватория ачылып, эстрадалык студиясына солист болдум, акыры ал-күч барда ырдап алайын деп ырчылык жолумду уладым.

«МЕН ДЕЛЕ ЭС-УЧУМДУ ЖОГОТУП СҮЙГӨМ»
Аялзаты табиятынан назик, ыйлаак келет. Ал эми Сатылганова – күчтүү аял.
– Мен деле 5-6 бала төрөп, бактылуу эне болуп отурсам деп кыялданчумун. Бирок баары эле биз ойлогондой болбойт экен. Ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам ажырашкандар же мага окшогон тагдырга тушуккандар канча? Ар бир аял өзүн сыйлаган эркектин жанында болушун каалайт. Кээ бир эркектер акча таап келип, үй-бүлөсүн багайын дебейт же аялына жылуу сөз айтпайт, арак ичип, кол көтөрөт. Ал эркектин ошондой эле энеси, карындашы бар да, ошону түшүнүшпөйт.
Мындай жубайлардын жоругун сүйүүгө таңуулай албайм. Сүйсөң дагы сезим менен эмес, акыл менен сүйүш керек. Сүйүү сасык тумоо сыяктуу оору экенин окумуштуулар айтып чыгышпадыбы. Оору сыяктуу сүйүү деле убактылуу адамды кыйнайт да, өтүп кетет.
Мен деле жаш кезде эс-учумду жоготуп сүйгөм. Азыр акыл менен гана ойлоном. Эркек менен аялдын ортосундагы сүйүү сакталыш үчүн баары бир акыл керек да, туурабы? Турмушка чыккан жокмун деп капа болбойм. Мен чыгармачыл адам болгондон кийин жалгыздыктан коркпойм. Жалгыздык чыгармачыл адамдарга жардам берет. Чынында, ырчылыкты аркалагандарга эркиндик керек. Каалашыңча иштейсиң дегендей. Жалгызмын деп жаздыкка башымды катып ыйлаган аялдардан эмесмин. Мен элимдин эрке кызымын. Ырымды сүйүп уккан элим бар. Мен ишенген жакын адамым, тирегим – уулум бар. Арнас быйыл Кыргыз-Түрк «Себат» лицейин бүтүп жатат. Кудай буюрса, окуусун Түркиядан улантууну көздөөдө.

«АЛТЫНГА ДА, АКЧАГА ДА БАЙЛАНБАЙМ»
Алтынга, акчага алданбаган аял жок дешет. Ырчы бул туурасында мындай ойдо:
– Көпчүлүк аялзаты алтынга кызыгат эмеспи. Мен артынан кубалабайм, жөн гана кесибиме байланыштуу кийген формаларыма ылайыктап зер буюмдарын сатып алам. Биз маданияттын өкүлү болгондуктан, башка аялдарга үлгү болушубуз керек.
Мен ырчылык менен акча табам, ырчылык – менин кесибим. Ошону билишпей, бекер ырдаткысы келгендер да четтен табылат. Кылган бизнесим деле жок. Кээде колумдан келип калса, жетим балдарга, жардамга муктаж адамдарга материалдык колдоо көрсөтүп жүрөм.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(34)
10.06.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулнур Сатылганованын бардык ырлары сонун. Абдан жагат
10.06.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат Гулнур! Кудай бир жагын берсе бир жагын ченеп коет турбайбы.....аят катары бактылуу болбосон да ырчы катары эн бактылуу аялсын! Сени мн элин ар дайым бирге! Ар бир ырын элдин журогуно жетет! Бул бакыт эмей эмине! Ошентсе да кыздын чырагы кырк дейт али жашсын бактынды тапканга аракет кылганын деле он!
10.06.2013. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элдин сыймыгы Гулнур эжеке,азаматсыз!Башынызды дайым ойдо которуп,элдин эрке кызы болуп журо бериниз,сизди сыйлаган,эркелеткен элинизди жаны,тарбиялуу ырларыныз менен суйунто бериниз.Аллах Таалам ден-соолук берсин,жаман создон,суук коздон озу сактасын!!!
10.06.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз Гулнур айым.талантынызга таазим.
10.06.2013. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уулунуз атасына окшош болуптур!
10.06.2013. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ushul jaktagy baardyk kommentariylerge koshulam,omurunuz uzun bolsun!!!Bİrok akyrky uchurdagy yrlarynyzdyn ancha daamy jok bolup baratkansyit,je maga oshondoibu bilbeim...oshondoi bolsoda talantynyzga taazim!
10.06.2013. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кучтуу аял. Уну сонун! Интрига менен баш оорутпайт. Озу айтмакчы, ыр менен жан багат! Кенен айтып берип, жасалма эмес маек куруп бериптир.
10.06.2013. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз эстрадасынын жанып турган чолпон жылдызы - Гулнур айым! Ырларынын мазмундуулугу менен музыкасынын мукамдуулу айкалышып эл арасына синип келет! Ийгилик!
10.06.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар дайым бар болунуз!!! Элиниздин сыймыгы болуп журо бериниз!Сизди жакшы коробуз,сиз менен сыймыктанабыз эже!!!
10.06.2013. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баласы экоонун башка тушкон суроттуу жокко дейм жэ 3- адамды деле корсотуп койсо болмок))))))))))))) жеке менин ойум.)
10.06.2013. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульнур эже ж-до айтсам баалайм, сыйлайм, кучтуу аял! Азаматсыз!
10.06.2013. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлнур эже бар болуңуз. Талантыңызга таазим.
11.06.2013. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эженин ырларын ушунчалык берилип угам.Озгочо Асман деген ырын машинеме бакыртып коюп алам ээн жолдо айдап кете бергим келет да.
11.06.2013. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм буйруса баланыз чонойуп сизди карап уйунуз неберелерге толсун.
11.06.2013. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эже бар болунуз баланыздын убайын корунуз! Азаматсыз аябай эрктту аял экенсиз баардык жаман жакшыны женип отуп келе жатасыз. Бактылуу болунуз!!!
11.06.2013. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз!Сизге ийгилик!Тенир клодоп, баланыздын урмат сыйын корунуз!
11.06.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз!Бар болунуз! Сизди ото урматтайбыз! Сиз аткарган ырларды мыкты ырдайсыз! Айрыкча таалада Биз "Туулган жерди" !!!!!!
11.06.2013. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
уну озгочо аябай жагат..
12.06.2013. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульнура эже кыргыз элим ар дайым сиз менен.Өмүрүңүз узун болсун,ден-соолукта болуңуз,ырларыңыз менен көп көп кубанта бериңиз.Мени абдан сизге окшоштурушат.Сиз менен сыймыктанабыз.
13.06.2013. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Энекем" деген ырын биринчи укканда ушундай ыйлагам. Журокту сыздатып,муунунду бошоткон ыр. Ишинизге ийгилик,бар болунуз!!!
14.06.2013. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичине болсо дагы берген интервьюларында окшоштуруп берсе. Адамдардын баары сокур эмес да. Артын карап суйлош керек
14.06.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаштарга улгу бербей эле койчу
15.06.2013. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам супер инфо! Гулнур Сатылганова жанагы кайындары деле маданият искусство адамдары экен жамандабайэле койсо болмок, алар деле баласынан айрылып сыздаган да убагында. аттин дуйно атаганат!
15.06.2013. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Maga jam an interest bolatat kuiosy emne bolup oldu ele bilgender hoop jazgulachu
15.06.2013. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыздын алтын ундуу айымы!
15.06.2013. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
JANUM эмнеге антип жатасың? Көргөнүң ,билгениң,укканың барбы? Сен антип айтпасаң деле Гүлнура эжекеден үлгү алгысы келгендер аз эмес.Жашоосу кандай болсо да ал эженин баскан жолун сен басып көргөндө гана билесиң.
17.06.2013. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин эн баалаганым ушу убакытка чейин баласын багып бой жургону. Жеке жашоодо сени ар ьраптан колдогон жолонор тоон жок болсо кыйында. Турмушка чыканыма аз эле болсо да мен ушуну сезинем жана куйом жок жашоону элестетким келбейт. Баардык кылган эмгегин сыйлап баласы куйумдуу болсун!
18.06.2013. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульнур эже аман болунуз, омурунуз узун болсун, ар дайым сизди ийгилик коштоп журсун. Уулунуздун сый урматын корунуз, бар болунуз. Сиз менен биз сыймыктанабыз.
27.06.2013. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kamirgul, эскертүү!
Баш тамгаларды грамматикалык эрежеге ылайык колдонуңуз.
24.07.2013. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эже кыргызстандын сыймыгы..ийгилик сизге.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо