№553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж
31-майдан 5-июнга чейин Ош-Бишкек жолунун Сузак районунун Барпы айылынан буулушу түндүк менен түштүктү бириктирген дагы бир жолду салууну тездетүү керектигин ачыктап койду. Саясий оюндарда куралга айланган Ош-Бишкек кан жолуна муктаждык абдан жогору. Муну эске алган өлкө президенти Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановго тапшырма берди. Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген экинчи жолдун курулушун тезинен баштоо боюнча. Президент бул жол өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдарга жана баш аламандыктарга көз карандысыз болуп, жарандардын каттоосуна шарт түзүп берүү үчүн керектигин баса белгиледи.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |