Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АЯЛЫМ СЕМИРИП КЕТТИ, АЖЫРАШАМ...»

№553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж

– Биздин үйдө бир маселе жаралганына көп болду. Башкы себеп – аялымдын семиргенден семирип баратканы. Эгер жашыбыз улуу болсо мейли дейт белем, бирок мен болгону 32де, ал 30 жашта. Ушу 30 жашында, ишенесиңерби, аялым 90 килограмм чыгат. Менден 20 килограммга семиз. Эркектин толуктугу анча көңүлгө алынбайт эмеспи, ал эми аялдын толуктугунун дароо көзгө урунганы жаман экен. Бир жакка ээрчишип барсак эле баары бизди карап күбүр-шыбыр. Анан да «артыңардан аялың апаңдай көрүнүп калат» дешет.
Балабыз да толук. 7 жашта, 3-класстын окуучусундай көрүнөт. Балада күнөө жок, ал таза периште. Бирок баланы да, өзүн да семиртип жаткан аялым болуп жатат. Качан көрбө пирожки, пирог бышырып же картошка кууруп жүргөнү жүргөн. Тамактан башка иш да, хобби да жок баштанып...
Өзүнүн да оозу тыйылбайт, баланын да оозуна тыкканы тыккан. Мен аялымдын даамдуу кылып, түрдөп тамак жасаганына каршы эмесмин, тамак-ашка деле акча аябайм. Бирок тамакты ичип-жегендин чеги бар да. Жаш адамдын жаштай, сымбаттуу көрүнүшү жакшы.
Канча айттым, «диета карма же спорт залга бар, арыкта, семиздиктен оору да келип чыгат, баланы да кыйнабай» деп. «Ии» дейт да, анан эле жок. Кыскасы, арыктагысы да, оозун тыйгысы да келбейт. Ушунун айынан чыр да көбөйдү. Мүнөзү да жаман болуп өзгөрүп баратат.
Ачык айтканда, акыркы убактарда аны менен чогуу отуруп, чогуу жатуу да «противно» болуп калды. Салаңдаган курсагы, буржуйган булчуңдарын көргөндө эле төшөккө болгон «аппетитим» бузулат. Анан да мени «башканы таап алган окшойсуң» деп койгонучу...
Арыктоону ойлобосо, ушинтип семиргенден семирип кете берсе, аны менен жашоо кыйындайт, ошондуктан ажырашайын деп жатам. Же меники туура эмеспи?

Исабек, Бишкек.

«Ажырашам» деп аялыңызга айтып көрдүңүзбү? Эгер айтсаңыз, ага да көңүл бурбаса, анда ал үй-бүлөнү сактоого аракет жасабаганы. Чынында эле эркекпи, аялбы өз келбетине көңүл буруп, аны жакшы абалда сактоосу – парз.
Аялыңызда психологиялык кандайдыр бир көйгөй бар. Кээ бир адамдар кыжырдануу, стресс, ачуу сезимин тамакты көп жеп басат. Бул туура эмес. Андыктан эгер аялыңыз арыктайм деп аракет жасаса, психологдорго кайрылуусу керек. Булимия (тамагын тыя албагандык) – бул оору десек да болот. Мындай адам жан дүйнөсүнүн түпкүрүндөгү чечилбей келаткан маселелерин чечип, алдыга максатты так коюп, жашоо программасын өзгөртүүсү керек. Эгер аялыңыз арыктап, келбетине көңүл бурууга аракет жасабаса, анда анын тандоосу ошол. Сиз аны эч качан оңдой албайсыз.
Исабек, сизде адамдарды кандай болсо ошондой кабыл ала албагандык бар. Башка адамдарды өзүңүзгө ылайык өзгөрткүңүз келет. Эгер адамды сырткы келбети эмес, ички дүйнөңүз менен жакшы көрсөңүз, анда адамдардын айткан сөзүнө көңүл бурбайт элеңиз. Аялыңыз семиз эмес, мунжу болсо да кабыл алмаксыз.
Ажырашып кетип, андан жаманга туш болуп калбайсызбы? Аялыңыздын семиздиги эле сизге жакпай турабы? Тараза ташына анын жакшы сапаттарын да коюп, жакшылап талдап көрүңүз.

«КҮЙӨӨМ ЖЕТКЕН САРАҢ, КАНТИП ЖАШАЙМ?»
– Күйөөмдүн сараңдыгы көкөйгө тийип бүттү. Акчаны өзү кармайт, дүкөнгө мени менен кошо барат, кассага да акчаны өзү төлөйт. Анан «ушунча акчага тамак-аш алып...» деп наалыганы наалыган. Же ошонусуна жараша тамакты аз жесечи, дасторкондогунун баарын калтырбай күйшөп жейт. Анан азык аларда битиреп күйдүрөт.
Кийим алганга акча сурасаң, жаны чыгып кетет. Качанкы кийимдерим менен жүрөм. Мен декреттик отпускада болгондуктан, баланы карап үйдөмүн. Жолдошум иштеп акча табууда. Үй-бүлөсүн кожоюну болгон соң иштеп багышы керек да. Ал болсо бакканын милдет кылат.
Майрамдарда белекке эч нерсе бербейт. Белекти акчаны бекер коротуу деп эсептейт. 8-Март майрамында да мени менен кызыл чеке болуп жатып 500 сом берди эле, бирок күңкүлдөгөнүнөн кайра колуна карматып койгом. Же эркелеткен жылуу сөзү жок, ыйласаң боору ачып жоошутпайт.
Баш кошо элегибизде анын мындай сараң, таш боорлугун билбеген экем. Эми эмне кылам, ажырашып жаным тынчыйбы?

Гаухар, Ош.

– Сараң, ач көз адам менен жашоо кыйын. Сараң адамдын өзүнө да жашоонун өзү тозок. Ал адамда кедейликтен коркуу сезими турат. Көбүнчө жетишпей, кедей жашагандыктан пайда болот. Бирок сараңдык кээде бай жашаган адамдарда да жолугат. Бул адамдын мүнөзүндөгү терс жагы, анын түпкүрүндө психологиялык бөгөт бар. Ал адам өзү каалап, өзгөрүүгө аракет жасабаса, аны эч ким өзгөртө албайт. Тескерисинче, улгайган сайын сараңдыгы өсүшү ыктымал. Мындай адам ырыскыны качырат. Балким, сиздин катыңызды окуп, арданып оңолсо жакшы, эгер өзүнүкүн туура көрсө, анда ал адам менен жашабай эле койгонуңуз оң.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(105)
12.06.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Исабек менен Гаухар бири-бирине топ келчудой экен. (тамаша)
12.06.2013. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mindin kenewin uk. Ozun bilgeninerdi kylgyla
12.06.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашайтурган силер анан эже сиз ойлонбон ажырашам десе тешик коз мончок жерде калбайт дешетко
12.06.2013. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чынында тамака саранданса. ал эркек менен жашаш кыйын аялдардын туулган куну анан 8март майрамында белекбербесе ширин соз айтпаса жашабай эле койгон он.омур бою анын козун карап жалдырап кыйнлып жашагандан коро озу иштеп кенири жашаган он. бешенесинебашка жакшы адамды жолуктуруп калар.
12.06.2013. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
менин жолдошумда шумдук саран..ашыкча чыгым болсо жаны чыгып кетчудой бт. Бирок плюс всё так и бар, ушинтип тырышып журуп уй салып ичин кыялымдагыдай кылып бутурду а ушундай эле акча тапкан 'март' достору журушот
12.06.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мени жолдошум семирте албай жатса бул жакта арыктата албай жаткан го!....Деги адамдар кызык элебиз.Муйузу жокго муйуз кайгы дегендей эле болуп атыптыр да....
12.06.2013. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орус элинде жакшы макал бар: Аялы семиздин уйундо жеген ашы бар, аялы арыктын уйундо жээрге ашы жок деп, ансы кандай балким ал хозяйственная, заботливая жена болсо керек. Бул учун суйунуш керек эле го.Гаухар болсо сарандык жаман нерсе. Озунун жеген тамагынан аянган киши кимди жыргатат.
12.06.2013. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жашоодо ар кандай сыноолор болот. Ал сыноого чыдай билиш керек. Аялынызды ойлобонузда ортодогу баланызды ойлон. Наристеде эмне куноо
12.06.2013. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ажырашуу оюнчук эмес...менин башымдан откон ажырашуу...болгону сезимдер очкон...ал эми саран, семиз, урат, тебет, тошокто жаман деген бул шылтоо гана баарын озгортсо болот болгону каалоо керек...Кыргызда бекер айтылган эмес Аял жакшы, Эр жакшы деп...дагы Жакшы аял жаманды жакшы кылат, жакшыны хан кылат деп так что ойлонгула...анан бармагынарды тиштеп калбай...
12.06.2013. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толуп кеткен келин ал менимче куйоосун суйбой жашайт жон гана бала учун эгерде куйоосун суйууп жашаса озун каранып алып журмок же чыныгы сезимдер али ойгоно элек
12.06.2013. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исабек ажырашыш да кыйын бирок чындыгында семиздик аял кишиге жарашпайт азыр токтотпосо жегенин кийин ото кеч болуп болуп калат интернеттен дагы озун корсон керек канча семиз аялдарды алар да бушайманго неге алдын албадым деп сени десе арыкташка аракет кылат.
13.06.2013. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сарандыкты эптеп жибитип алдаса болот.ал эми семиздикти билбейм
13.06.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сарандар эч качан алданбайт менин уйумдун кожоюну дал озу, даже декретте отурсан телефонго салган единицадан бери санайт, балага кийим аларды ыйлайт да качествосуна емес баасына карайт, саран дейин десем озуно келгенде жалан кымбатын алат, ресторанга барат
13.06.2013. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Подарка ал учун ен оор иш, бугун берсе аны сурабай деле кайра алып энесине берип коет.Вот такие бывает пироги , мындайларга тамак жебеген суйлобогон, кийинбеген,оорубаган аял жана бала керек. Озгочо енеси ошондой. даже конокко келген таттууларды да катып турушта
13.06.2013. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче ажырашкан жаманго.биринчи ойлонуңуз ажырашкандан соң жашооңуз кандай болот балаңызда бар экен.шүгүр,сабыр кылыңыз.шүгүр кылбасаңыз ажырашкандан соң жашооңузда анданда жаманы туш келиши мүмкүн.күйөңүзгө Алла өзү инсап берсин.күйөөңүзгө жакшы мамиле кылып,көңүлүн түшүргөн сөздө
13.06.2013. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
күйөңүзгө Алла өзү инсап берсин.күйөөңүзгө жакшы мамиле кылып,көңүлүн түшүргөн сөздөрдөн айтпаңыз.ошондо албетте сизге мээрими күчөйт.баарыңардын ден соолугуңар жакшы.балаңыздын курсагы ток болсо шүгүр кылыңыз.күйөөңүз силерди деп иштесе.анын сараңдыгын балаңыз,&#
14.06.2013. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Исабек сиз аялыныздын ого бетер чунчутуп,же сизди жек коруусуно алып келип атасыз деп ойлойм,менин аялым сиздикинен да салмактуу болчу 9 килограммга,бирок толуктар тошокто ото кучтуу болушат хе.хе.хе.хе....
14.01.2015. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
STARS-BOYS88, )))
14.06.2013. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ажырашпагылачы.
14.06.2013. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажырашып артык кылам деп тыртык кылып албаныз! Бир нерсени бузуу оной, кайра куруу ото оор! Сиз эгер чындап аялынызды суйсонуз семиз эмес торт бурчтук болуп калса да чанбайт болчусуз, аялыныздын жаштыгынын баарын алып анан ажырашам дегениниз туура эмес! Ал эми саран куйоолорду кудайым азыраак жаратса экен!
14.06.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
семиз болсо эмне экен,сен ошону башта суйуп алгансынбы эми аны эмес балдарынды суйуп жаша баары жакшы болот.
14.06.2013. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа кээ бир балдар да толсо ажырашам дептир жеткен пастык озунордун апанар андай эмеспи? тигил байкенерге соз жок ошол аялы ооруп арыктап тошокто жатканда корот элем ошондо айтмак толук бсо да жанымда дени сак жаркылдап жайнап балама татыктуу тарбия берип мурдагыдан таттуу тамактардан жасап турса деп бирок бул кебетеси мн ооруса таштап кетчудой айбанчылык жакшылык жамандыкта таянар тоо болбогондон кийин барынан жогу артык а мечтать надо правильно осторожно все сбывается анын обратный сторонас
16.06.2013. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунбай эркпктерди жек кором. Азыркы убакта анча мынча эркектер ички дуйносуно карабай эле, фигврасына карап калышкан.
16.06.2013. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
siz ayalynyzdy suiyosuzbu??? suisonuz semiz arygyna dele karabait da.... eger chyn ele aryktasyn dep jatsanyz emnege ouznuz da jardam berbeisiz? fitnes klubga jazylgyla da choguu, je andai bolboso dele erten menen choguu 4urkagyla,zarydka jazagyla da,siz ozunuz negizi ayalynga kop dele konul burbai kalgansyz go dep oilop atam,koburook konul bursanyz baary jakshy bolot dep oiloim.
25.06.2013. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муж сказал жене: Худей, или я уйду к другой! Жена похудела и сама ушла к другому. Мораль: н.... нас пугать.
12.08.2013. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ажырашып москвага келсениз жаш тажик озбек жигитерден таап бектей жашай бересиз ......окей
15.08.2013. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай эркектен кудай сактасын. Сиз башынан жаман уйротконсуз
29.01.2014. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биринчи эрин кара кийиз экинчи эрин ак кийиз деген соз бар элибизде
09.12.2014. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар ким конулуно жакканын жашасын бирок чектен ашык эмес
09.12.2014. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meninda bir jenem bar,ozunda ,oozunda tyialbait,jei beret jei beret,kyzy da owondoi 3 jawar,birok chon korun0t, neni bercen owonu jey beret,,owol jenemi kobu anazavur deit. Dinazavurga okwop choon do. :)
12.06.2015. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аялын диета кармабаса озун кармат диетаны кундо келип мээсин чак, санаа чектир,бекер концерттен коюп кор апеттитин буй турган. Адамды санаа арыктатып жиберетко,(тамаша бирок чындыка жараша)
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо