Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАТУУ ШАМАЛ ҮЙЛӨРДҮН ЧАТЫРЫН УЧУРУП, ЭЛГЕ ЧЫГЫМ АЛЫП КЕЛДИ

№553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж

Баткен облусунда 2-июнь күнү катуу шамал, андан кийин сел болуп, облус тургундарына көптөгөн чыгымдарды алып келди. Бул күнү саат 03:00 чамасында Тогуз-Булак, Сумбула айыл аймактарында жана Исфана шаар башкармалыгынын аймагында ылдамдыгы секундуна 28 метрге чейин жеткен катуу шамал болду. Шамалдын кесепетинен Тогуз-Булак жана Кара-Булак айылында 12 турак үйдүн чатыры, Миң-Жыгачта 43 турак үйдүн, Айбике айылында 12 турак үйдүн, Айкөл айылында 45 турак үйдүн жана Наргозу баатыр атындагы орто мектептин чатырлары шамалга учуп талкаланды.
Ушул күнү саат 16:00 чамасында сел каптоо болуп, Тогуз-Булак айыл аймагында «Белес» эс алуу жайына бара турган жолду алып кеткен. Унаадагы эл (10 автоунаа, 40 адам) жолдон өтө албай калган. Мындай окуялар Баткен районунда да болуп, Ак-Татыр, Кара-Булак, Самаркандек, Суу-Башы, Ак-Сай, Дара жана Төрт-Күл айыл аймактарында катуу шамал катталган. Мындан сырткары дагы бир канча айылдардын калай чатырларын да учуруп кеткен.

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
10.06.2013. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба Халмион,Абдусамат айылдарында да катуу шамал болуп,уйлордун,туалеттердин крышаларын учуруп кетти.80 ге жакын терек сынып,9 автоунааны басып калды.Дагы жакшы ошол жерде Азамат,Руслан,Абылай деген жигиттер келип адамдарга жардам берди.Электр линясын Олмос ака улады.
16.06.2013. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4almalyk, ака дечи
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо