Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАБЫШМАКТУУ УУРУЛАР ЧЫГЫП, ЭЛ КОРКУП ЖАШООДО

№553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж

«Баткен районунун Кызыл-Бел айылында эки айдан бери 15ке жакын адамдын үйүнө ууру кирип, эл коркуу менен жашап жатат» деген маалыматты угуп, ал айылга жол тарттык. Айылга барып эл менен сүйлөшкөндө акыркы эки айдан бери табышмактуу уурулар пайда болгонун айтып беришти.

УУРУЛАРДЫН «БЕСПРЕДЕЛИ»
Кызыгы, колу туткактар бүгүнкү күнгө чейин кармала элек. Башында айыл тургундарынын буюмдары жоголуп келген болсо, акыркы күндөрү уурулар үйлөргө кирип, бейкапар өз ишин жасап чыгышууда. Дүкөндөрдүн эшиктерин бузуу үчүн колдонгон каражаттары, темир кесүүчү араа, балталары калып калган.
Башка адамдын үйүнө кирип, үйдө болгон бут кийимдердин баарын сууга салып, унаанын үстүнө тизип койгон. Дагы бир тургундун таза идиштерин жугундуга салып чыгып кеткен. Түнү бир үй-бүлөнүн кыздары жаткан бөлмөгө кирип, сандыктарды аңтарып эч нерсе таппай, ашканада турган майды килемге, жаздыктарга төгүп, күзгүгө помада менен «ха-ха-ха» деп жазып коюшкан. Бул убакта бөлмөдөгү кыздар корккондугунан үн чыгарбай жата беришип, алар кеткенден кийин ата-энесине айтышкан.
Дагы бир окуяда бир үйгө кирип, уну менен күрүчүн үйдү айланта чачып коюшкан.
Акыркы жолу Инаят Юлдашованын үйүнө кирүүгө аракет кылган. Ал окуяны төмөнкүчө баяндап берди:

– 30-май күнү кечинде тамактанып бүтүп, эс алганы ар ким өзүнүн бөлмөсүнө кирип кеткен. Биз уктап жатканда улуу кызым уктабай, интернетте отурган экен. Түнкү саат 1де айнек тыкылдап баштады. Анан кызым экөөбүз коркуп, энеме да айтып, колубузга таш алып үйдү айланып чыктык. Үйдүн жанында дөң бар эле, терезенин астында ошол дөңдүн алдында боюн ылдый кылып бирөө отурат, колумдагы таш менен аны урдум. Ташым тийбей мүрүсүнөн өтүп кетти эле, ал адам шашып кошунамдын үйү аркылуу качып кетти. 30 жаштан ашкан кишидей көрүндү. Караңгы болгондуктан, жүзүн даана көрө албадык. Бул адам жалгыз эмес болуш керек деген ой менен үйдүн айланасын карап чыктык. Ошол түнү уктай албадык. Ансыз деле айылдагы уурулук боюнча угуп коркуп жүргөнбүз. Бул окуядан кийин түнү да жакшы эс ала албай калдык. Эми мындай нерселер кайталана берсе, бизде жакында өрүктүн сезону башталат, анда кандай кылабыз билбейм...

«МИЛИЦИЯГА КАЙРЫЛСАМ МАЙНАП ЧЫГАБЫ?»
Элден сураштырсак, бир канча үйгө кирген учурда билип калып артынан кууп жетпей калгандар көп экен. Бирок ууру кирип, алчусун алып кеткенин билбей калган учурлар да кездешет. Аталган айылдын тургуну Сайдимар Абдуллаевдин 15 миң сомго бааланган 3 кап өрүгү түндө жоголуп кеткен.

– Менин үйүмдөн түндө 3 кап өрүгүмдү уурдап кетишти. Биз ууру киргенин билбей эле уктап жата бериптирбиз. Эртең менен турсак эле килограммы 160 сомдон болгон 95 килограмм өрүгүм жок.
Бир майнап чыгабы же жокпу деп милицияга кайрылбадым. Ууруларды өзүм кармоону чечип, түнү унаамды үйүмдүн жанына коюп, бир нече түн ошонун ичинде жатып жүрдүм. Уурулар кайра келеби десем келген жок. Өзүм кармай албаган соң 2-3 жолу аймактык тескөөчүгө барсам жумуш ордунда жок экен, ошол бойдон аларга да кайрылбай койдум.
Дагы бир жумадан кийин түнү жубайым сыртка чыгып, үйдүн кырында бир адам турганын көрүптүр. Мен ал адамды жолунан чыгып тосуу максатында үйдү айланып өтсөм, мени көрүп, качып кетүүгө үлгүрдү. Эркек киши экен, дамбал кийип алыптыр. Ошентип, экинчи жолу да кармай албадым. Андан көп өтпөй эле Токтогул деген досумдун 2 кап өрүгү уурдалды. Азыр балдар топтолуп, түнү күзөткө туруп кармайбыз деп жатышат, бирок дагы деле кармала элек.
Учурда айылда абал кооптуу. Айыл тургундары коркуп, тынч жашоо жок. Айрыкча бизде жаштар чет мамлекетке иштеп кетип, неберелери менен калган чоң ата-чоң энелер көп. Баарынан да ошолорго кыйын болуп жатат. Ушуга чейин эл милицияга кайрылбагандыктанбы же башка себептенби, эч кандай кылмыштын бети ачыла элек. Биздин айылда болуп жаткан окуяга олуттуу көңүл бурган адам жок. Айыл тургундары өзүбүз түнү чыгып кармоого аракет кылып жатабыз. Бир жагынан караганда буларды ууру деп атасаң, акыркы кылган жоруктарын карап акылы тайкы немелер го деген да ойлор келет. Качан гана айылдан бир адам катуу запкы жеп болбой калганда жетиштүү түрдө көңүл бурулат окшойт.
Айыл элинин ушундай сөздөрүнөн улам аймактык тескөөчү Талант Кожогуловго барып жолуктум. Бирок ал менин оозумду ачырып «эч кандай уурулук боюнча билбейм, уккан эмесмин» деди. «Бизге эч ким арыз жазган эмес» деп жолума салды. Бул тууралуу айыл өк­мөттүн да пикирин угайын деп аны менен байланыша албай койдум. Ар ким өзүнүн эле казанында кайнап жүрөт окшойт деген жыйынтыкка келип кайта бердим. Уурунун арты кууш, бир күнү кармалар...

Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(55)
10.06.2013. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл белдеги еле балдар кылып жатса керек деп ойлоп койдум айтышатко ууру алыстан келбейт деп.
10.06.2013. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошол айылдын озунун тургандары жасайт аны айылдаштарынын психолгиясын характеристикаларын уйронгон билген адам гана коркпой ошондой иштерди кылбаса жат адам кантипле бироонун уйуно тун ортосунда кирип алып идишин жууп уйун тазалап кенири журуп алмак озунордон чыгат алар
10.06.2013. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык не дешинди да билбейсин.ынсап берсин.
10.06.2013. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Капыраай десе...
10.06.2013. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкача ууруларго
10.06.2013. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
адал уурулар экен. акысына уйду жыйнаганды унутпагыла
10.06.2013. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо. Кантип болсун! Чын эле кинонун таасири окшойт. Ууруну алыстан издебегиле.
11.06.2013. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чондорубуздан баштап ууруларыбызга чейин мээси айный баштаптыр.....
11.06.2013. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар кыргыз деле болбошу мумкун.
11.06.2013. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурунку жылы Самаркандектеги Жаны Бак айылында болгон ушундай окуялар.Ошол ууру Кызыл Белге кеткен окшойт.Окуялар точно кайра кайталаныптыр
11.06.2013. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
patriot_doni, ошол ууру кармалдыго жакында азыр камакта болсо керек булар башкалар ну буларда кармалатго
11.06.2013. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызылбелден ким бар?
11.06.2013. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай уурулар тажатып ийдиго кара пайым элдерди тутуп алып атыш керек буларды))))))
13.06.2013. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
doni89, атыш керек жеп катуу кеткен экенсин?
18.06.2013. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ula777, Анда ошо сен болуп журбо алардын тарабын алганына карганда?
11.06.2013. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде орган кызматкерлерине болгон ишеним жок экени байкалып турат! КРда ар бир кызмат ордун ээлеген адам жоопкерчиликтуу болсо кана?! Эх, эл учун кам коргон адамдар кобойсо экен элибизде!
11.06.2013. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
М.м
11.06.2013. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атын чыкпаса жер орто
11.06.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ууру эмес эле приведения го?))
11.06.2013. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Американын кинолору уйротуп жатышпайбы, кантип уурдоону. А балким бул жерде биздин закон коргоочуларыбыз аралашып журбосун (милиция дегеним да).
11.06.2013. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы кундору коруп жургон "ужас" кинодогу "ужастик" адамдарга окшош го... Айрыкча идиштерди жугундуга салып, куруч, ундарды килемге чачып, бут кийимдерди машинага жайып, кузгуго "ха-ха-ха" деп жазгандары "монстрга" эле окшошот го... тообо кылдым
12.06.2013. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык жерде ушул эле корунуш, жок дегенде ар бир учунчу адамдын уйуно ууру киргенин угуп эле журобуз. Погончондорго кайрылуудан тыянак жок да, озубузго сак болуп, бир Кудай деп эле жашаштан башка айла калбады го туугандар!!!
12.06.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына ушундай опурталдуу окуяга туш болгондордун окуясын жазса да, суротун, аты-жонун жарыялабаса...Анткени, оч алууга шарт тузуп бергендей эле болуп калып жатат.
12.06.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
один дома фильминдеги уруулар го аркасынан фирменный знактарын калтырган
12.06.2013. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой бооой!!!уурулар ким болсо дагы ,абалы чамалары орукко тушуп калыптырбы аа?
13.06.2013. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкекте эжемдин уйуно ууру кирип,терезени талкалап,уйду чачып,телевизорун которуп кетсе,эжем барып,арыз жазып,участковыйды ээрчитип келип ошо турушунда корсоткон кен.Ал коруп туруп,озун эле жасагансын деп кетип калыптыр.Мына милициянын аракети...
14.06.2013. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уурулукку коруп-билип эле жургон адам кирет. Анан алар милицияга улуш беришеери анык,баардык жерде ушул система. Мисал учун базардагы чонтокчулорду ошол аймака караштуу милиция тааныйт,маршруттук таксидеги чонтокчулорду айдоочулар тааныйт дегендей,анан албетте уурулар ооз басырык кылышат
14.06.2013. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неудержимые гоооооо
14.06.2013. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунчалык тушунуксуз уурулар го, кылган иштерине караганда алар ууру деле эмес. балким ошол адамдарда очу бар беле деген ойлор келип жатат
14.06.2013. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп жыл мурун биздин уйго да ууру кирген.Шектуу адамды озубуз кармап,орган кызматкерлерине откоргонбуз.Туалетке чыгып кетип жок деп качырып жиберишкен.Милиция,прокуратура ишти жаап салган.Аларга ишенич жок.
16.06.2013. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арыз жаз милицияга.
17.06.2013. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тамашасы жок эле мурда жылы Жаны-бак айылындагы кармалганды озу имам экен деп айтышты буларды да дааватчылар деген миш миш уктум. Булар уурдабайт экен жон гана кирип коркутуп майына суу куюп заневескаларды кыркып айтор акылга сыйгыс иштерди жасашат экен. Биринин машинесин тоо кыр деген тообуз бар ошол жакка алып барып таштаптыр .Антип ганжак деп кулбосон kg.nurik бироого кулсон эртен эле башына келет. Айтатго бироого кулсон ошол сенин башына келмейинче бул дуйнодон коз жумбайсын деп
24.06.2013. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yiman, дааватчылар эмесго булар. ислам дининдеги дааватчылар дааватка чыккан кезде аллахтын уйундо олтурушат. сиз айтып жаткан имам дегениниз башка диндин адамдары болуп журбосун??? "Хизбуд-Тахрир"лерден. менин угушумча баткен тарапта кобойуп кетти деп коп угуп калдм эле. так жана толук маалымат билгенче адамдын артынан суйлогон болбойт. аллахтын алдында чон куноо болот!!!!
24.06.2013. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тообо!жашаш барган сайын коркунучтуу болуп баратат.жараткандан деле коркушпайт окшойт, динден кабары болбосо ушул да.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо