АРДАГЕРЛЕР МИТИНГДЕРГЕ КАРШЫ

№553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж

4-июнда Нарын облустук администрациянын жыйын залында облустагы ардагерлер жана жаштардын лидерлери маалымат жыйынын өткөрүштү. Өлкөдө пикет-митингдердин байма-бай уюштурулуп жатышына ар бир жаран кайдигер карабай, ага жапа тырмак, мыйзамдуу түрдө чара көрүү маселесине токтолушту.
Жыйынга Нарын облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Кайып Калназаров, КРнын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Сүйүнбек Бекмамбетов, «НурЖолБер» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Сүйүн Жумалиева жана жаштардын атынан «Жаш данакер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Рахат Асанов катышып, өлкөдө түзүлүп жаткан учурдагы кырдаал тууралуу өз ойлорун билдиришти. Алар бир ооздон бардык жаран өлкөнүн Баш мыйзамын сыйлоого жана мыйзамсыз иш-аракеттерге жол бербөөгө жалпы киришүү ар кимдин атуулдук милдети экенин баса белгилешти.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
10.06.2013. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир эле ардагарлер эмес,бут кыргыз эли каршы.Тынч жашоого ар бир адам укуктуу.Чагымчылдарды Аллах Таалам озу жазаласын!!!
15.06.2013. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООба, эч кандай баш аламандыкты каалабайбыз, акылыбызга келеличи. ар кимге алданбай.
16.06.2013. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир нерсенин карама каршысы болот! Булар митингге каршы болсо, тескерисинче, митингди колдогон ардагерлер да жок эмес. Бул болгону, саясий оюндар. Эки атан жөөлөшсө, ортодо кара чымын кырылат демекчи. Кудайым тынчтыгын берсинчи ар бирибизге!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо