Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ШЕЙИТ КЕТКЕН АПАМДЫН АТЫНА НЕБЕРЕСИН АЙША ДЕП КОЙДУК»

№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж

2010-жылкы Июнь окуясында бейкүнөө кеткендердин бири, Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ардактуу окутуучусу Айша Маматсакова жөнүндө эскерүү макала даярдайлы дедик. Каарманыбыздын атын уккан ар бир мугалим башын чайкап «Айша мыкты адам болчу» деп көзгө жаш алды. Жакшы адамдын артынан пайда болгон жараат, жакшы адам үчүн төгүлгөн көз жаштар үч жыл болсо да сакайып, кургай элек экен...

«КОШУНАЛАРЫ АЙША ЭЖЕНИ САКТАМАК ТУРСУН АРАЧЫ ДА БОЛУШПАДЫ»
КАНЫБЕК ИСАКОВ, ОшМУнун ректору:
– Айша эжебиз бул институтта 30 жыл эмгектенген кадыр-барктуу окутуучу эле. 2006-жылдын 7-декабрында мен ОГПИнин ректорунун милдетин аткаруучу болуп келгем. Айша эжекебиз биринчилерден болуп «ушул жигит жөнүндө жакшы сөздөрдү көп уктук, бизге келиптир, ишеним билдирели, иштеп көрсүн» деп ак жол каалаганы эсимде. Мен эженин алдында чоң жоопкерчилигимди сезип, сөзүнө ыраазы болуп жүрдүм.
Бир жолу Айша эже мага «турмуш шарты оор студенттерге жардам бериңиз» деп калды. Ал колледжде кесиптик кошуундун төрайымы болчу, жардамга муктаж студенттердин баарын жатка билер эле. Ар биринин көйгөйүн, ооруп калган студенттердин да ал-абалын энелик мээрими менен сурап турчу. Эженин демилгеси менен 25 миң сом акча бөлдүрүп, студенттерге жардам бергенбиз.
Кээде окуу жайдын иш-чараларында жакшы ырдаган окутуучуларга «элдин көңүлүн көтөрүп ырдап берсеңиз» деп айтсаң макул болбой коюшат го, ал эми Айша эжеде мындай учурда «жок» деген сөздүн өзү жок болчу. Эсимде, бир жолу ырдай турган болуп, улуттук формасын унутуп калып, үйүнө такси менен барып формасын алып келип, элдин маанайын көтөргөн. Эже аябай жакшы ырдачу. Жагымдуу, мукамдуу ырларды берилип аткарар эле. Анын жүргөн жери майрам болчу.
1990-жылкы Ош окуясында да Айша эже Кара-Суу көчөсүндө жашачу экен. Ошондо ошол көчөнүн башчысы катары кошуналарын сактап калыптыр. Каргашалуу окуя 20 жылдан кийин кайра кайталанып, анда да Айша эже «мен кошуналарымды сактап калышым керек» деп далбастап, оюнда жакшылыктан башка ой жок жүргөн жеринен өзү сактап калган кошуналары Айша эжени сактай алышкан жок. Сактамак турсун жырткыч зөөкүрлөр эжени кыйнап өлтүрүп жатканда да арачы боло алышпады.
Айша эжени жоктоп жамаатыбыз куран окудук. Үй-бүлөсүнө Билим берүү министрлиги 100 миң сом, институттун жамааты 80 миң сомго жакын акчалай жардам бердик.

«10-ИЮНДА МИҢ ӨЛҮП, МИҢ ТИРИЛЕБИЗ»
ЭЛИЗА ШАДЫБЕКОВА, сиңдиси:
– Үй-бүлөдө 6 бир тууган: 3 уул, 3 кыз элек. Эжем кыздардан экинчиси болчу. Бир туугандар ортосунда кандай көйгөй жаралса, эжемдин үйүнө чогулчубуз, сабырдуулук, акылдуулук менен чечип берчү. Ар жылы 10-июнда миң өлүп, миң тирилебиз.
Жашоодогу эң оор нерсе – адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү. Айрыкча бир тууганың, жакын сырдашың, санаалашың, таянар тооң мыкаачылардын колунан өлүп кеткени эки эсе оор. Мындай аял дүйнөгө аз келет, башкаларга үлгү болуш үчүн да жашаш керек эле... Жардамга муктаж студенттерине менин кийимимди деле берип койчу. «Сен иштеп, башкасын алып аласың» дечү.
Бул тополоң менин эжемдей канчалаган бейкүнөө жакшы адамдардын жанын алып кетти?! Кыргызда «атаң өлсө да, атаңды тааныгандар өлбөсүн» деген сөз бар. Эжемди кадырлаган ошол адамдар өлбөсүн. Мен тааныбаган адамдар эжемди урматтаганы үчүн мени менен саламдашат.
Ошол күнү эжем менен бат-баттан эле байланышып турдук, «кошуна балдар менен чай ичип отурам, өзбектер келсе булар чыгат, кыргыздар келсе мен чыгам, коркпогула, баары жакшы» деди. «Келчи биз жакка» десек такыр көнбөдү. «Мен бул көчөнүн жетекчисимин, ушул жерде болушум керек» деп туруп алды. Акыркы жолу сүйлөшкөнүмдө октун үндөрү угулуп жатты. «Мен жакшымын, анан өзүм чалам» деп өчүрүп койду. Үнү дирилдеп, коркуу сезими бар эле. Көп көтпөй дагы байланышсам башка бирөөлөр алып «мына бул аял өлүп жатат» деп сөгүнгөн кыйкырык үндөр чыкты. Үй-жайы менен өрттөп салышыптыр. Көрсө, үнү дирилдеп калганда эле эжем барымтага алынган экен, анын баары тергөөдө билинип жатат. Өмүрү өлүм астында турганда да эжем айкөлдүк кылып бизге эч нерсени билдирбептир.

«ӨЛДҮ, ГИТЛЕР КАПУТ!» ДЕГЕН ЖООП КЕЛДИ»
ШИРИН ТОКТОМУШОВА, курбусу:
– Жакында эле түшүмдө Айша мага «ыр жаздым эле, типография берип, китеп чыгарып берчи» деп жаткан эле. Көрсө, бул түшүм аян берип жаткан турбайбы, Айша жөнүндө сурап келип калдың. Айша мага дагы эле тирүүдөй, бир карасам тепкичтен чыгып келе жаткансыйт, бир туруп артымдан басып бараткансыйт. Канча айттым «ошол жерден чыгып кетчи, сатып жиберчи үйүңдү» деп. «Жок, мен буларга жардам беришим керек» деп жүрүп жардам берген кошуналары анын жанын алып тынышты.
Тополоңдо телефон чалып эмне кылып жатканын сурасам, «бир байкуш кошунам бар эле, жакында баласын үйлөнтүп той бермек, ошого сойчу букасын кайтарып жатам, бирөөлөр уурдап кетпесин деп» деди. Бир убакта телефонун такыр албай калды. Анан СМС жибере баштадым, анан «Өлдү, Гитлер капут!» деген жооп келди. Жанымда туугандарым бар эле, «ушундай СМС келди го» деп аларга айтсам, «Айша эже тамашакөй эмеспи, өзбектерди Гитлер деп атап койгон го» деп коюшту. Көрсө, ал СМСти аны өлтүргөн адамдар жиберишкен экен.

МИРЛАН АБДУРАИМОВ, уулу:
– Апам атамдан 21 жашында ажыраган. Өмүрүнүн баарын мага арнап, мага тарбия берип жашап келген. Апамдын көп мүнөздөрү менде, үч небересинде калды. Аны жоготуу чоң бир дүйнөнү жоготконго барабар болду. Апамды жакындары эркек аял деп коюшчу.
Шартка байланыштуу Бишкекте жашап калдым. Апамдын урматына көп кайрымдуулук иштерди өткөрүп жатабыз, дагы андай иштерди өткөрүүдө көп пландар бар. Жакында апамдын наамында фонд ачабыз, жакшы окуган студенттерге колдоо, жардамга муктаж студенттерге жардам көрсөтөбүз. Апамдын үчүнчү небереси Ош окуясы болгондон бир айдан кийин төрөлдү. Атын апамдын урматына Айша деп койдук.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(22)
17.06.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Июнь окуясына бирден-бир болуп кенен кайрылып жаткан Супер-Инфо гезитине ыраазычылык! КТР бере бекен десен озбектерди тартып келишиптир "тынч жашап жатышат" деп... Элди ушундай алааматка туш келтирген биздин ошол кездеги бийликке калктын каргышы тийсин!!!
17.06.2013. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызыныздын аты окшош,бирок тагдыры окшошбосун.Аллах Таалам ошол окуядан каза тапкандарга жаннаттан жай берген болсун,билип-билбей кылган куноолорун озу кечирсин!!!
17.06.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адам канын тогуп коюп жер устундо басып жургондорун,акмактардын.Кан уктатпайт дечуу эле,эженин арбагы уктатпасын!!!
18.06.2013. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kg.lady, уже кудай аларды жазалап баштады дей бергиле....ыры бутот скоро...анан мен айтам!!
17.06.2013. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото окунучтуу окуя. Айрыкча ушул Айша эжеге боорум ооруйт. Мындай айкол адамдар бар да жашоодо. Гитлер капут деп жонотуп ийгени, ошол эле коншуларынын кылыгы.
17.06.2013. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен еми уктум!!жакшы ежеке еле журогум ооруп кетти
17.06.2013. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
мени мин улутчул десе дагы арданбайым ооба мен улутчулмун...
Модератор admin_superstan түзөттү 17.06.2013 15:27
17.06.2013. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Chopik мен дагы
17.06.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
орун жоок кыргыз жеринен ушул улутка канкор булар арамдар элдин каргышы тийсин ылайым жакшылык корбосун ким кыргызымды олтургон болсо.........
17.06.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
чынында аябай окунучтуу..ыйлап окудум..жузу жок болушат озу алар. Олтургондорго жакындарынын каргышы тийсин. Ненавижу их!
17.06.2013. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Beka_89_kg, башкалардын улутун кемсинткен, "сарт" деген сөздөрдү камтыган билдирүүлөргө тыюу салынат.
3 күн БАН!
17.06.2013. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
оа аябай сонун эжеке болчу ошол жылы окуу жайдын 5курсунда элем, окуядан кийин коп отпой угуп журогубуз тушкон орттоордон мурун денесин, бут органдарын кескилеп ташташыптыр эженин жайы жаннаттан болсун негизи ошол кочодо жашаган озбек кошуналарын кыргыздардан сактайм деп озу озбектерге тутулуп калган
18.06.2013. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал эми Айша эже жакшы эже болчу. Кошуналары кантип баш которуп жашап жатты экен!
Модератор admin_superstan түзөттү 18.06.2013 11:16
18.06.2013. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кантип ошондой мыкаачылыкка колдору барды, акмактар! жок дегенде аялзатына тийбей коюшпайбы! алардын эмне энеси жокпу!
18.06.2013. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
prezent, башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган.
Сайттан 3 күнгө четтетилдиңиз.
19.06.2013. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун.сабыр кылыныздар,окуп ыйлагынды келтирет,мындай окуялар эми кайталанбасын.
19.06.2013. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көзгө жылуу учурайтго, Оштун кайсыл жеринде жашайт экен?
Журогум ооруп чыкты окуп алып, жаны жанатта болсун!
эххх...ошол жылды эч эстегим келбейт, мен учунда орду толгус жоготуулар болгон!!!
20.06.2013. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба мен да эстесем корком,журогум ооруп кетет.Балдарыбыздын келечеги учун дагы деле кыжаалат боло берем.Дуйнодо тынчтык болсо экен,мындай окуялара кайталанбаса экен.Эженин олумун укканда кадимкидей козубузго жаш алганбыз.Адамдын душманы адам экен да озу,каргыш тийсин ошол олтургондорго,мин наалат.Эженин жаткан жери жайлуу болсун,балдарына,неберелерине калган омурун берсин.Жер жузундо согуш болбосун!!!
20.06.2013. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындай окуялар коп болгон
21.06.2013. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан кайгылуу окуя Айша эжебизге Аллах бейиштен оорун берсин.
21.06.2013. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун. Күнөөлүлөр жазасын алышсын ылайым. Эжеке жакшылык кылам деп байкуш ошонун кадырын билишти бекен эми ошо жерде тирүү калгандар? Ушуларга эстелик тургузуш керек мындай азамат эр журоктордун канчасы кетти
22.06.2013. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушунчалыкка чейин жеткирген бийликке наалат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо