Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТӨКМӨЛӨР ЭЛГЕ ЖАКЫНЫРААК БОЛСО ЭКЕН...

№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж

– Саламатсыздарбы,«Супер-Инфо»! Эгер мүмкүн болсо, сиздердин гезит аркылуу кыргызга төбөсү көрүнүп калган ак таңдай акындар Элмирбек Иманалиев, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучевге ыраазычылык билдирүү менен учурдагы төкмөлүк өнөргө карата оюмду билдире кетсем.
Алгач Элмирбектен баштайын. Элмирбекти төкмөлүктөн сырткары акын жана обончулук таланттын ээси катары жакшы билебиз. Обондору да уккулуктуу, кыргыздын жан дүйнөсүнө жакын. Ошондой эле акындар айтышында сөз байлыгынын кенендиги, өткүрлүгү менен айырмаланып, элдин алкышына арзып келет. Төкмөлүк өнөрдө акын үчүн үн да мааниге ээ экен. Анткени кээ бир акындар бар, сөздөрү жакшы, уйкаштыгы, мааниси жагынан, бирок үнүн келиштире албаган. А Элмирбектики баары төп келет. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, анын улуу жазуучубуз Ч.Айтматов дүйнөдөн өткөндө жоктоп ырдаганы, 7-апрель күндөрүндө бейкүнөө кеткен азаматтарга арнаган ыры жалпы кыргыздын каңырыгын түтөттү. Ал эми Жеңишбектин ырлары да тарбиялык мааниси терең, салмактуу.
Аалы Туткучев тартынбаган, акылы зирек, мекенчил жаштардын бири. Муну анын казак акындарына кайтарган жообунан байкаса болот. Андай болуп ырчыларга татыктуу жооп кайтарууга эрк керек эмеспи.
Бул акындар кыргыздын төкмөлүк өнөрүндө тоодой орду бар Токтогул, Эшмамбет, Калык, Осмонкул, Алымкул, Коргол сыяктуу залкарлардын көчүн улап, улуу өнөрдү унутта калтырбай аркалап келе жаткандарына кубанам. Эзелтеден эл акындары коомдо болуп жаткан окуяларга калыс баасын берип, жакшысын жакшы, жаманын жаман деп, элди, жаштарды тарбиялоодо чоң роль ойношкон. Калк башына кыйын күн түшкөндө же жакшылыктарда жар чакырып, ар дайым эл менен бирге болушкан. Бирок заманга жараша учурда акындарыбыз ал милдетин унутуп баратышкандай же ал бүгүнкү күнгө ылайык келбейби, айтор, аларды чоң акча сайылган айтыштарда гана көрүп калдык. Жөнөкөй эл менен жолугуп, калк аралап, гастролго да чыгышпагандай.
Төкмө акындар айтышып гана тим болбой, санат, насыят, терме, үлгү ырларын көбүрөөк ырдашса, ал кайсы бир деңгээлде элге таасирин тийгизмек. Мисалы, Какен Алмазбеков аттуу акындын «13 жашар баланын арманы» деген чыгармасы ушул күнгө чейин уккан адамды кайдигер калтырбайт. Бул ыр менен канча муун тарбияланып, канча муун таасирленди...
Андыктан Элмирбек, Жеңишбек, Аалы сыяктуу таланттар көбүрөөк эл аралап, эл менен байланышта болуп, алардын кубанычын-кайгысын, жакшылыгын-жамандыгын ыры аркылуу чагылдырып турса, аны уккан эл өздөрүнө сабак алат беле дейм. Акындын бирден-бир милдети ошол да...

Канышай Өмүралиева,
Ысык-Көл облусу


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
17.06.2013. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура сунуш экен
17.06.2013. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы Элмирбек Женишбек чыныгы дуйно таанымы кенен мыкты кыргыздын мандайына намыс болуп келген акындар Аалы да осуп келетат жакшы ийгилик болсун силерге
18.06.2013. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элмирбек женишбек Аалы буларга соз жок коз тийбесин создун кени алардын журогундо бар болгула .
18.06.2013. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан, бироону шайлоодо мактап ырдап айылдарга барбай эле койгулаччы, ошол жаман салтка айланып бара жатат
18.06.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура сунуш экен.Бирок буларга мамлекет же маданият министрлиги каржылап , колдоо корсотуп кыдыртса жакшы болмок, кее бир атка минерлер митингге акча коротпой ушундай пайдалуу иштерге коротсо сооп табышмак, окунучтуу....андай болбойт ко?
18.06.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн туура айтылган ой,азыр илгерки Токтогул акындын заманы эмес да,ошондо Арзымат ырчы деп байларды мактайсын деп бут эл Арзымат ырчыны кошоматчы,байлыкка азгырылган деп суротточу да,азыр булар тойлордо иттун уулу Байгараны деле мактап калбадыбы,корсо илгери Арзымат акынды туура эмес эле жаман коргон турбайбызбы...
19.06.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bul akyndarda sozdun korkomdugu, oidun salmaktuusu, akyldyn terendigi oto jogorku dengeelde. Bulardyn talandyna ar daiym taazim kylam.
20.06.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай токмолорду баалайм
21.06.2013. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорунор жаш-карыга бирдей дайын,татыктуу бол акын деген наамга дайым. Кызыл тилин таанытсын дунуйого,КЫРГЫЗ деген улуу элдин кат кабарын!
22.06.2013. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Аалыга ыраазы болдум казактарга айткан жообуна. Аалы мен сен менен бирге Кыргызстан учун.
24.06.2013. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzdyn chynygy talantary,onoru orkundosun.
24.06.2013. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы сунуш,эми бул сунушту акындардын озуно айтыш керек!эмне дейт экен!кутолу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо