Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ПУТИН АЖЫРАШТЫ. ЭМИ ОРУСИЯНЫН КАНАЙЫМЫ КИМ БОЛОТ?

№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж

Орус ажосу Владимир Путиндин аялы Людмила менен ажырашуусу учурдун чоң жаңылыгына айланды. Үй-бүлөсү, жеке жашоосу дайыма коомчулук үчүн сыр бойдон келе жаткан президенттин минтип агынан жарылышы көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн окуя болду.

30 ЖЫЛДЫК НИКЕНИН ДООРУ БҮТТҮ
Мындай «ысык» жаңылыкты угуп басылмалар тим болмокпу. Орус маалымат булактары көбүнесе «ажырашуудан ажонун аброю түшкөн жок, тескерисинче, рейтинги өсүүдө» десе, батыш басылмалары «балеттин танаписинде кокусунан маек берип, ажырашканын жар салганы бул кадимки уюштурулган спектакль» дешти. «Ири державанын башчысы ажырашуу менен коомдогу үй-бүлө институтуна доо кетирди» деген да пикирлер көп. Өлкө башчы жубайы менен расмий түрдө ажырашып жатканын кээ бирлер түшүнүү менен кабыл алышып, Путиндин бул жоругун чыныгы мырзалык сапат деп да чыгышты. Ошентип, өлкө жарандары үчүн өздөрүн дайыма үлгүлүү үй-бүлө катары көрсөтүп келишкен Владимир Путин 60, жубайы Людмила Путина (Шкребнёва) 55тин даамын татып калганда 30 жылдык никесине чекит коюшту.

«ВЛАДИМИРГЕ АКЫРЫНДАН КӨНҮП, АНАН СҮЙДҮМ»
Жолдошу менен балетке келип, танапис учурунда берген кыска маегинде Людмила айымдын ыңгайсыз абалда болгонун видеодон байкоого болот. Эл алдына чыкканды жактыра бербеген экс-канайым күйөөсүнүн карьерасы деп, өзүнүн милдети болгону үчүнбү, жанында коштоп жүрүп, акыры чыдамы кеткен көрүнөт.
Экөөнүн сүйүүсү экс-канайымдын эскерүүсүндө мындайча башталган. Путин оор басырыктуу болгондуктан, «сүйөм-күйөм» деп деле катуу кетпептир. Президент менен экс-жубайын 1980-жылы ажонун досу театрдан тааныштырган. Ал кезде Людмила стюардесса болуп иштечү. Болочок жолдошу менен таанышуу үчүн учак менен атайын учуп келген деп айтылат. Экөөнүн мамилеси тууралуу Людмила: «Жашоодо бир көрүп сүйүп калуу деген болот эмеспи. А менде андай болгон жок. Владимир Владимировичке акырындан көнүп, анан сүйө баштадым. Жолугушууга эч кечигип барчу эмесмин. А Владимир такай кечикчү. Мен үчүн аны бир жарым саат күтүү кадимки көрүнүш эле. Кечигип келерин билсем деле, «а балким, бүгүн эрте келип күттүрүп коём» деп ойлоп өз убагында келип алчумун. Жумушта пунктуалдуу болуп, жеке жашоодо өзүн таштап коёт окшойт»,- деп эскерет. Мындан сырткары Людмила «менин күйөөм «вампир», бирок ичпейт, чекпейт, урбайт» десе, Владимир «менин аялым менен үч жума жашаган адамга эстелик тургузуш керек» деп айтканы бар.
Эске салсак, экөөнүн ортосунда 1985-жылы туулган Мария, 1986-жылы туулган Катерина аттуу кыздары бар. Эки кызы тең үй-бүлөлүү. Путиндин жакында эле таята болгону тууралуу да кептер айтылып келет.
«Орус кызы Людмила Шкребнёва Владимир Путин эч ким эмес кезинде турмушка чыгып, президент болгондо коё берип жатканынын чыныгы себеби эмнеде болду экен?..» деген суроо жаралат. Ооба, бул баары үчүн кызык. «Владимир Путин ажырашты» деген жаңылыктан да «эми өлкөнүн биринчи канайымы ким болот?» деген суроо баарынын бүйүрүн кызытып жаткан кези. Көркөм гимнастика боюнча Олимпиада чемпиону, Думанын депутаты Алина Кабаева менен ажонун мамилеси тууралуу кептер суюлмак түгүл, тескерисинче, күчөп турган чагы. Владимир Путин менен спортчу айымдын сүйүү мамилеси тууралуу алгач «Московский корреспондент» гезити жазып чыгып, аз өтпөй жабылып калган эле. 2009-жылы «The New York Post» гезити Кабаева Путинге уул төрөп берип, атын учурдагы премьер Дмитрий Медведевдин ысымынан Дмитрий деп койгону тууралуу жазышкан. Ушул эле гезит 2013-жылдын январь айында Алина ажого кыз төрөп бергени тууралуу айтып чыкты. Басылманын билдиришинче, азыр Кабаева эки баласы менен «Бочаров Ручей» резиденциясында жашайт. Мындан да кызыгы, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Людмила Путинаны 55 жылдык мааракеси менен социалдык тармактардын биринен куттуктап жатып «биринчи аялы» деп айтып алган. Мындан улам Путиндин жубайы менен жашабаганына көп жыл болуп калган деп жоругандар бар. Анан ажонун айрым кечелерге аялы коштобой, жалгыз барып калганын көпчүлүк журналисттер байкашкан.

ПУТИНДИК СИНДРОМ
Путин расмий түрдө «ажыраштык» деп элге жар салгандан көп өтпөй, 11-июнь күнү Чехиянын өлкө башчысы Пётр Нечас 25 жыл бирге жашаган жубайы Радка Нечас менен ажырашууга арыз бергени ачыкка чыкты. Интернет коомчулугу буга «Путиндик синдром жугуштуу :)» деп баа беришүүдө. Мындан тышкары Франциянын экс-ажосу Николя Саркози президент болуп шайлангандан бир жылдан кийин ажырашып, модель Карло Бруниге баш кошкон. Ал эми Италиянын экс-премьери Сильвио Берлускони 20 жылдан ашуун чогуу жашаган жубайы менен ажырашып, учурда өспүрүм кыздар менен чардап жүргөнү айтылып келет.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(46)
17.06.2013. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уул торотуш учун куну туну талыкпай аракет жасаш керекда Путин. Эми кайдагы бала сага 60 ка чыгып калыптырсын.
23.06.2013. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lazy_boy.kg, эркек баласы бар уже Алина Кабаева же давно от него родила двоих детей...
17.06.2013. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulanda01 Андай кылуу азыркы аялзатынын колунан келбейтко дейм.
17.06.2013. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баласы бар экен го. балким дагы болуп калаар ким билет:-)
17.06.2013. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мындайларды уксам корком. Эркектерге нисап берсинчи
18.06.2013. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
e baarydanam erkekterge kudaiym *insap* *Iyman* bersin. Putinde uulu jok bolsoda jaman 4e4im kabyl alyptyrlar. Jawtarga jakwy ulgu bolgondun orduna
18.06.2013. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Rozka жана Pozitive тескерисинче кыз кишиге нысаап берсин десенер.Балким Людмила женендин озундо да бардыр бир деме.
18.06.2013. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блин коруп алып аялына боорум ооруп кетти, кантип эле байкуштун ажырашкысы келсин, жашабаса деле ажырашпай эле журо берсе болмок экен. А Алина эчак эле 1уул 1 кызды тороп берген деген маалыматтар да бар экен. Да жогоруда бироо айткандай точно хюррем болуптур да ))))
Модератор admin_superstan түзөттү 18.06.2013 11:17
18.06.2013. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркекке байлык берип, аялдан байлыгын алып сына деген соз бар экен го, жеке озумдун жашоомдо ушул нерсе болуп жаткан учуру
18.06.2013. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кыргыз байыса катын алат,озбек байыса там салат дечу беле? Путин кыргыз окшойт.
18.06.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asemiteeva, орус байыса экоону тен кылат))).
23.06.2013. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asemiteeva, Путин крассавчик экен! мен да ошентмекмин анын оордунда болсом.
18.06.2013. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Путиндин жаңы үй бүлөөсүнө бакыт тилеп койбойлубу бактылуу болуп кетишсин эми эки жаш. Аялы азамат экен бирок.
18.06.2013. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
булар экоосу тен азамат экоосу тен бири-бирин туура тушунушкон жанылыктардан кордум Путин аялы экоосу суйлодуго ”биз ажыраштык деп эле тескери жашабайбыз мамилебиз мурункудай ыссык бойдон кала берет биздеги ажырашуунун себеби убакыт акыркы кундору биз бири-бирибизге убакыт ажырата албай калдык” деп экоосу тен суйлогон демек мындай абалды тушунсо болот туугандар эркектер мындай аялдар андай деп бири-бирибизди ылдый чабуунун кереги жок
19.06.2013. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы иш болбоптур экинчи тойго да расход эми
19.06.2013. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30 Жыл аз эмес го. Путин баарибир озунун аялын издейт болуш керек.
19.06.2013. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунуу менен эле кабыл алам. Жакшы уй-булоолор деле бир себептен улам ажырашып кеткен учурлар коп эле. Ушунча жылдан бери улуу державаны башкарып келаткан кишиде акыл жок дейсинерби. Мурунтан эле бирге жашабай калган болсо, ачыкка чыкканы жакшы да, эми кенен кесири журушот.
19.06.2013. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менимче тура эмес, он же глава государства, он должен быть идеалом для своего народа. Политика закондору боюнча да жол берилбеш керек эле.
19.06.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир чети ачыка чыгышканы жакшы да эмнеси болсо да чечимди кабыл алышты.Жагдайлар коп болушу мункун аны озулору гана билсе к.к. Уул тороп берген болсо анда тукум бар экен да. Первая ледини куто туралы эми.Эркекпиз биз тентекпиз биз.
19.06.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Семья или Россия? Он выбрал Россию.
19.06.2013. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куттуктайм эми жанысын алат
19.06.2013. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kancha jyl jaman jakshy kundordu birge kordu,omurluk jubayi menen ajyrashpai elel tiginisin ala berse bolmok eken!
19.06.2013. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
У полковника одну звездочку сделала жена.
20.06.2013. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустарга эми соз жок да.булардын жашоосун тушунуп болбойт.
Биздин кыкендер деле кем калышпай жататго.ажы деп Эл ишенген молдо соройлор 18 жаштагы актерисаларга коз артып жатткандан кийин.Путинге Тан калып баш оорутуунун деле кереги жок.бирок кыштын кыштай,кыргыздын кыргыздай эле болгону жакшы.
20.06.2013. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi oi!
20.06.2013. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вот это да
21.06.2013. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялына боорум оруду аябай((((
21.06.2013. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз билбей эле жооруй беребиз. Орустарды не кыласынар аны койуп биздин саятсатчылачы? 60 жашта туруп 18 жаштагы кыздарды алып жатышпайбы 4,5-аял кылып
21.06.2013. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга тан калуунун кереки деле жок себеби Путин туура чечим кабыл алган, Биздин Акаевда ушундай чечим кабыл алып КР сактап калса болмок аялынан ажыраша албай канча элди кыйнады элдин мулкун тонотту, буга салыштырмалуу эн жакшы чечим.
21.06.2013. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Путиндин экинчи никедеги аялы 27 жаштагы татар кызы Алина Кабаева Муратовна экен. Бир бала бир кыз тороп бериптир Баласынын аты Димитрий экен. Кабаева Путинден 30 жашка кичуу экен...
21.06.2013. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Legion, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Сиз сайттан 3 күнгө четтетилдиңиз.
22.06.2013. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы картайганда жаш кыз козуно илинди, чапты торотту, анысы унчукпай жашап журду , эми комускодо калгым келбейт десе ажырашты (((
02.12.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Путин "Гиннес рекорддор" кирет! Хи хи.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо