Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«БАЛАМ МЕНИ САБАЧУ, КАПЫСЫНАН ӨЛТҮРҮП АЛДЫМ»

№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж

«МУШТАША КЕТИП, АТАСЫ УУЛУН БЫЧАК МЕНЕН ЖҮРӨККӨ САЙГАН»
Окуя тууралуу Каракол ШИИБинин тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү ЖЫЛДЫЗБЕК КЕНЖЕБАЕВ төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Үстүбүздөгү жылдын 15-май күнү Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Акылбек аттуу жаран кайрылып, «кечээ түндө балам мас абалында келип, үйүбүздө чыр-чатак салганынан капысынан аны өлтүрүп алдым» деп билдирген. Айтылган дарекке бардык. Маркум Каракол шаарында 1974-жылы туулган Канат экендиги аныкталды. Аны өлтүргөн деп атасы, 1953-жылы туулган Акылбек шектелүүдө.
Тергөөдө маалым болгондой, ошол күнү маркум Канат үйүнө мас абалында келип, ата-баланын ортосунда ар кандай сөздөр айтылып, экөө мушташа кетишет. Анан атасы баласына 2 ирет бычак сайып жиберген. Биринчиси төшүнө, экинчиси жүрөгүнө сайылып, баласы каза болгон. Учурда кылмышка шектүү Каракол шаардык СИЗОго киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүүнүн «балам мас абалында мени сабады» деген көрсөтмөсүнүн негизинде экспертиза жүргүздүк. Чындап эле денесинен жаракат алып, көзү шишип, кийме тишинин үстүңкү бөлүгү үчкө бөлүнүп кеткен экен. Кылмышка шектүү жарандын жубайы «балам өзү ошого жеткирди» деп айтып жатат. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүнүн күнөөсү далилденсе, 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«БАЛАМ КЕЛАТКАНДА НЕБЕРЕЛЕРИМ КЕРЕБЕТТИН АСТЫНА КИРЕ КАЧЫШЧУ»
Дүйнөгө баланы жаратып, кайра аны өз колу менен өлтүргөн адамдын абалы кандай? Эмне себептен мындай кадамга барды? Бул суроолорго кылмышка шектелип жаткан АКЫЛБЕК МЫРЗА төмөнкүдөй жооп берди:
– Жубайым экөөбүз эки уул, эки кыздуу болуп, аларды эч нерседен кем кылбай өстүрдүк. Улуусу Канат эле. Экинчи уулум мындан тогуз жыл мурун сууга чөгүп, каза болуп калган. Бир кызым турмушка чыгып, күйөө балам экөө Орусияда иштеп жүрүшөт. Эки неберем биздин колубузда. Кенже кызым жогорку окуу жайын жаңы эле аяктап, ага жумуш издеп жатканбыз.
«Бир үйдөн бир сасыткы чыгат» деген сөз чын окшойт. Кыздарым атам-апам деп көзүбүз менен тең айланып турушат. Канат 10-классты бүтүп, үйлөнөм дегенинен жашында эле үйлөнттүк. Үй-бүлөсү менен өзүнчө түтүн булатып, бир кыздуу болгон. Бирок баламдын жашоосунун негизги бөлүгү ичкилик болуп, арактын айынан кызы үч жашка келгенде келиним экөө ажырашып кетишкен. Андан соң Канат биз менен бирге жашап жүргөн. Азыр неберем мектепти аяктап калды. Канаттын арак ичкени токтободу. Күнү куру эмес үйгө мас келет. Ачык эле аракка деп апасы экөөбүздүн тапканыбызды алып кетер эле. Акча бербей койсоң уят сөздөр менен сөгүп, кол көтөрчү. Ал келе жатканда бир жарым, анан үч жаштагы неберелерим коркконунан керебеттин астына кире качышат. Тамак жакпай калса, отурган столубузду тамак-ашы менен көмкөрүп ийчү. Мындай күндөр бир канча жылдан бери уланып келе жаткан.
Соолукканда акылымды айтып, «аракты токтотчу, жок дегенде алыңа ченеп ичип, жумуш таап, ишке алаксы» деп какшайм. Айтканың бир тыйын, баарын кулагынын сыртынан кетирип, кечинде кайра баягы абал. «Сен мага акыл үйрөтөсүң» деп басып алып сабаган күндөрү көп болду. Акыл айткан кошуналарыбызга да «силердин ишиңер болбосун» дечү. Айлабыз кеткенде апасы 2-3 жолу милицияга кабарлап, алар Канатты алып кетишип, кайра эле эртеси «мени каматып эмне таптыңар?!» деп чыгып келчү.
Бир айда жок дегенде бир жолу бети-башым көгөрүп, кесиптештериме билдирбейин деп көз айнек тагынып жумушка барам. «Көзүң эмне болду?» дегендерге «балам сабады» деп айтыштан намыстанып, «отун тийип кетти» деп шылтоо кылчумун. Кийинки күндөрү кесиптештерим «эмне болду?» дегендин ордуна дароо эле «көзүңө дагы отун тийдиби?» деп калышкан. Канат мас болуп келип, таяктаган учурда жумушка барып түнөп, эртең менен иштеген учурларым болду. Бир ирет мени сабап, мурдум канап жерде жатканымды көргөн кичүү кызым катуу коркуп, психикалык жактан оорулуу болуп калган. Ал азыр дары ичип жашап келет.

«ӨЗҮМ АБАКТА БОЛСОМ ДА, ҮЙДӨГҮЛӨР ТЫНЧ УКТАП КАЛЫШТЫ ГО»
– Ошол күнү үй-бүлөбүз менен кечки тамакты ичип, эс алалы деп жаткан элек. Уктап кеткен экенмин, бир маалда үйдөгү ызы-чуудан ойгондум. Канат адатынча апасынын, карындашынын кой дегенине болбой ызы-чуу салып жатыптыр. Коркконунан аялым балдарды алып ички бөлмөгө жашынып, эшикти ичинен бекитип алды. Мен сырткы бөлмөдө элем, Канат мага келип асылды. Анын мас экенин көрүп, «жатып эс ал» деп өзүнүн бөлмөсүнө киргизсем, мени төштөн ары бир сокту эле, диванга кулап түштүм. Турайын десем дагы бети-башка тепкилеп кирди. Жаагыма катуу тепкенде жасалма тишимдин алдыңкы бөлүгү быркырап, үстүңкү бөлүгү үчкө бөлүнүп кетиптир. Каршылык көрсөткөнүмдө жакамдан кармап, дубалга башымды сүздүргөнүн билем, андан ары колума кандайча бычак алып, кандай сайып жибергенимди билбей калдым. Бир маалда эсиме келип, эки жагымды карасам, Канат полдо жаткан экен. «Ии, уктаптыр» деп эшикке чыктым. Денем жанчылып, башым сынып кетчүдөй абалда элем. Тамеки чегип, саатты карасам, түнкү бир болуптур. Канаттын полго жатып алганынан жанына барып карасам, төшү канга боёлуп, жансыз жатат. Ошондо гана аны өлтүрүп алганымды билдим. Өз көзүмө ишене албай, дене боюм калчылдап, эмне айла кыларымды билбей калдым. Аны көрсө кызымдын оорусу дагы кармайт деген ой келди. Канаттын жансыз денесин эптеп көтөрүп чыгып, тооккананын жанына алып барып жаткырып, үстүн күл менен жаап койдум. Муунум калчылдап, эки-үч сааттай эшикте темселеп басып жүрдүм. Анан эртеси күнү өзүмө келип, милицияга окуянын болгонун айтып бердим.
«Жини келсе жыланга да тил бүтөт» экен, өз каныңдан жаралган бала чоңойгондо ушуну кылабы, мени сабасын деп өстүрдүмбү деп ыза болом. Эмне себептен, кайсы күнөөм үчүн өз баламдын душманына айланганымды билбейм. Бир күнү оңолор деп үмүт кылып жүрүп, тилекке каршы, андай болбоду.
Кантсе да ал менин балам болчу. Мен Канатты өлтүрөйүн деп эч качан ойлогон эмесмин. Жөн гана өзүмдү коргоюн деп ушул кадамга бардым. Жубайым, кызым мага туура эле түшүнүп жатышат. Өзүм абакта болсом да, үйдөгүлөр тынч уктап калышты го деп ойлоп жатам. Күнөөмдү толугу менен моюнума алам.

«ЖЕР ЖАМАНДАП БАРБАСЫН, БИРОК МАРКУМ ИЧКИЛИККЕ БЕРИЛИП КЕТКЕН»
Канынан жаралган уулунан айрылып, өмүрлүк жолдошун темир тор артынан көрүп турган эне деген асылзаттын жүрөгү эзилип, жанын коёрго жер таппай тургандыгы айтпаса да белгилүү. Маркумдун энеси, кылмышка шектүү адамдын жубайы менен байланышканыбызда, ал эч нерсе айта албады. Бул үй-бүлөнүн коңшуларын кепке тарттык. Өзүнүн атын жашыруун калтыргысы келген мырза төмөнкүлөргө токтолду:
– Коңшу жашаганыбызга он жылга жакындап калды. Бул үйдөн уруш-талаш, жаңжал үзүлбөйт. Мен ата катары кылмышка шектелип жаткан Акылбек мырзаны жакшы түшүнөм. Кудай эч кимге андайды бербесин. Карыганда өз баласынан көк ала болуп, коркуп-үркүп эле жүрчү. Жадакалса биздин көзүбүзчө эле уулу атасынан аракка акча сурап, бербесе кыйначу. Жер жамандап барбасын, бирок маркум чынында абдан ичкиликке берилип кеткен, ата-энесине кылган мамилеси аябай начар болчу. Атасын өз душманындай көргөнүнө таң калчубуз. Акылбек деле аргасыздан ушуга барды болуш керек, өзү кээде гана ичимдик ичип койчу. Көпчүлүк убакта тынбай иштеп жүргөнүн көрөбүз. Кошуна катары эч кимге зыяны тийген эмес. Акыры ушундай окуя менен аяктап жаткандыгы өкүнүчтүү.

Аракты ашыкча ичип жүрүп баласы өмүр менен кош айтышса, атасы уулун өлтүрүп алып, пайгамбар жашында, небере-чөбөрөлөрүн эркелетчү убакта темир тор артында күн өткөрүүгө мажбур. Мындай тагдырды эч кимге тушуктурбасын.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(63)
18.06.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
а жап кылыптыр баласын олтуруп болбосо мындан да жаман кундорду корсотмок атасын камабай эле коюшса экен
18.06.2013. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу ыйман берсин Ата енеге кол которуп кордогон бул кудай алдында кечирилгис куно деп есептейм, Байкенин абалы оор екенин ачыктан ачык айкын еле болуптур укук коргоочулар байкенин куносун женилдетишине тилектешмин. Байкени камап койсо Аялын кызын неберелерин ким багат деген ой келет
18.06.2013. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасы камалбаса экен...
18.06.2013. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тарбиясы начар болгон да,коп эркелеткен жаш кезинде.арака атасынан акча сураган бала бул бала эмес эле балааа да.мен атаман арака акча сурамак тугул,жашым келип калды уйлоном деп айтканга оозум барбай журот.ата-эненин ыраазычылыгын алган адам гана бейишке кирет.эми атасын кокустан олтуруп алуу деген пункт менен соттошсо экен
19.06.2013. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurkojo, баш тамгалар грамматикалык эрежеге ылайык колдонулушу керек.
Азырынча эскертүү!
19.06.2013. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кишини тушунсо болот, кесиптештери да баласынын акмак экенин, тууган-уруктары баары билчу экен, пайгамбар жашында жаман болду, андай ыйманы жок баланы бербей эле койсун. Мен каалар элем ал адамды актап чыгуусун. же болбосо акырын алпарып комуп салса болмок, кыргызча ырым=жырымын жасап туруп.
19.06.2013. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тообо ушундай баладан Аллахым озу сактасын
19.06.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай баланын барынан жогу жакшы. Атасы туура эле кылган.Эч кандай тынчтык бербесе, же озу иштеп акча таппаса, ичкени жалан арак болсо, ичип келип алып ата-энесине кол которсо андай баланын эмне кереги бар. Муну Аллх деле кечирбейт. Ата-энени сыйлаш, урматташ керек. Анткени алар биздин ысыгыбызга куйуп, суугубузга тонуп багышкан. Ал эми сот, ал аксакалды актап бошотуш керек. Анткени ал озун коргоду жана уй-булоосун коргоду.
19.06.2013. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла ошондой баладан сактасын! канча криминал, канча адам олтургондор деле камалбай эле журушпойбу! Байкуш атасын камабай эле койсо кана?! андай кылбай калышты го, байкуш, ушундай колунда акчасы жок, карапайымдар камалат да(((((
19.06.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
камабай койсо да туура эмес бп калат бирок аябай окунучтуу.
19.06.2013. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллhым ар бир пендендин журогуно кип кичинее болсо да ыйман берчи, Анан бир туугандар бири бирибизге болгон таарынычтар болсо кечиришеличи, Ошондо Аллага жагабыз бир туугандар. Атаны соттошсо да аз гана убакытка соттошсо экен. Аа баласына куран окутуп турушса экен Ошол баласын атасы кечирсе экен... Коп нерсени айткым келет бирок тилим кыска. Аллаадан ыйман тилейличи туугандар!
19.06.2013. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акталып чыкса экен кесилсе да 1 2ж жетет
19.06.2013. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай ушундай балдардан алыс кылсын ата-энесин сыйлабагандардан
20.06.2013. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге атасын камап жатышат. Оз канынан чыккан баласы озун душмандарча уруп-согуп жатса, ит кордукту корсотуп жатса , анан ал айласы кетип, озун коргош учун бычак алды да. А баласы уруп жатып атасын олтуруп койсо эмне болмок. Бул адам атайын мыкаачы болуп олтургон жок, эгер мен сот болсом бул адамды актап чыгармакмын.
20.06.2013. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимдин башына мындай окуя келбесин. Балдарыбызга эмитен жакшы тарбия берели.
20.06.2013. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш атага ден соолук,сабыр берип кудайым куноолорун кечирсин.сиз туура кылгансыз,эч кейибешиниз керек.даже аялыныз кызыныз тушунуп аткандан кийин биз эмне демек элек.
20.06.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арак баардык нерсеге кунолу.аракты магазиндерге сатырбай эле койсо болот да.канча деген адамдардын семьясы арактын айыбынан бузулуп атат.чечнянын президенти запрет кылып койду го.магазинде ким арак сатса магазин полный жаап салсын деп указ чыгарып койдуго.ушинтип эле биздин кырг.президент указ чыгарса жакшы болмок.
20.06.2013. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baitikov.82, Куноону аракка койгондун кереги жок, ошол арактын кулу болуп алган озубуздун эргулдардын алсыздыгы да, арак саттырбай койсо мурунку алкаштар баары наркоман болуп кетишээр. Андан коро Алла озу сактасын,баарыбыз умут менен бала чонойтуп жатабыз.
21.06.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул байкени соттобой эле ачык кама жибергени он соттобой эле койсо болмок дегенибиз менен баары бир соотошот мындай учурда кыргыздын милициялары закондуу иштеп калышат а башка учурда законду билишпейт
21.06.2013. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-эне озу кунолуу. Кандай тарбия берди, ошондой бала осуп жетилди.
Бирок мен бул адамдын жасаганы туура деп ойлойм.
21.06.2013. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БИЗде еркектер бары еле биринчисин уул бала босо екен дешет ошону гана тилешет баланы АЛЛХТАН тилеп алгандан сон аны акылду йыманду сабырдыу бала бер дешпейт баланы тилеп алгандан сон аны жакшы тарбиялаш керекта
21.06.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге атасын уруп жаткан баланы бир кундон кийин эле камактан чыгарып жиберишет? Эми минтип озун коргонуу максатында олтуруп алган кары чалды 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратып...
21.06.2013. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тарбия ушундай болсун деп тарбиялады дейсинерби"баланы берет кыял жоругу менен кошо берет"деп туура айтышканда атада эмне куноо,ким эле баласын эркелетбейт.акталсын деп тилейм
21.06.2013. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииии бечара атага кыйын иш башына түшүптүр.Жүрөгүм ооруп турат окуп алып.Кудайым бар го пендем десе жөн койбостур бул атаны.Теңирим кечире көр адам затын.
22.06.2013. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай ата-энесиге зыяны тийген баланын жок болгону жакшы болуптур. Бирок бечара карыяны камагандан эмне пайда табат, аксакалдын жакшы жактарын эске алып жана уй-булосун эске алып аз эле жашы калганда уй камагында жэ толук элек актап чыгарыш керек. Аксакал сабырдуу болун сизге да кун тийгени калды
22.06.2013. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атасын камабай эле койсун корунуп анда куно жок анда башка кунолу адамдарды камап алышсынчы бутукаев ташиев сыяктуу
22.06.2013. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы ойлоно берем балдарыма кантип тарбия берсем деп. Уруп же еркелетип, кеде укпай калышса журогум сыгылып кетет тура емес тарбия берип жатат окшойм деп.
23.06.2013. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атаны ачыка кессин кесе турган болсо бала эмес эле бала турбайбы ал атаны камаштын кажети жок неге дегенде апасын карындашын ким багат атаны камаса
23.06.2013. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кишии туп тура кылган баарын менда ошентмекмин егер окмот камаса ал кишини бул тура емес вопщеее
23.06.2013. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошошчун спирт ичимдиктеринен алыс болгонубуз жакшы, ичип алып киши эмнени гана кылбайт...
24.06.2013. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baikuw ataga kyiyn ele bolgongo sot adilettu bolso kamawpai dele koiso bolot birok alarga aila dele jok atany 10 jylga kamap dele jiberiwet myndailarga ku4toru jetetda beteri 4ydasa oilonup iw kylywatyr sot akamdar
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо