КОШ, АЛА-ТОО, УУЛ-КЫЗЫҢ КЕТТИ АЛЫСКА

№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж

Кеңсебизге «2 кызымды чет өлкөгө иштегени жиберет элем, бирок тааныштарыбыз жок, эмне кылсам болот?» деп бир окурманыбыз баш бакты. Акыркы учурларда мекендештерибиздин чет өлкөдө кор болуп кыйналышы так ушул таанышы жок же өз укугун билбегендиктен келип чыгып жаткандыгы айдан ачык мисал эмеспи. Ошондуктан бул сапар чет өлкөгө барууга чамынган мекендештерибизге кеңеш берели деп чечтик.

ЧЕТ ӨЛКӨГӨ БАРУУ ҮЧҮН ЭМНЕЛЕРГЕ КӨҢҮЛ БУРУУҢУЗ КЕРЕК?
Эгерде сиз чет өлкөгө жумуш издеп же башка себеп менен бара жатсаңыз, төмөнкү коопсуздук эрежелерин эсиңизге тутуңуз:
1. Кайсы өлкөгө бара жатсаңыз, ал өлкөнүн тилин билгениңиз оң.
2. Документтериңиз (паспорт, мурда соттолбогондугу тууралуу аныктама жана башка тиешелүү документтер) толук болушу керек.
3. Эгерде сизге кайсы бир уюмдан «чет өлкөдөн жумуш таап беребиз» деген сунуш түшсө, анда сиз ошол уюмдун кызматкерлеринен чет өлкөдө жумушка орноштуруу үчүн атайын уруксат кагазын көрсөтүүнү талап кылыңыз (алдамчы фирма болушу да мүмкүн). Мындай уюмдардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин кабылдамасынан же 189 телефон номерине чалып тактаңыз (Кыргызстандын бардык аймактарынан чалып сурап алууга болот, акысыз).
4. Эгерде компания же досторуңуз, туугандарыңыз чет өлкөдөн жумуш сунушташса, эң биринчиден, эмгек келишимин талап кылыңыз. Милдеттүү түрдө эмгек келишимин түзүңүз. Ал келишимде сиздин иштөө шарттарыңыз, жумуш берүүчүнүн милдеттери так жана сизге түшүнүктүү тилде болушу керек:

  • Эмгек келишимин көңүл коюп, дыкаттык менен бир нече жолу окуп чыгыңыз.
  • Юристке акы төлөсөңүз да, тийиштүү кеп-кеңештерди алыңыз.

5. Эмгек келишими сизге жакшы көрүнгөнү менен, иш жүзүндө көптөгөн кынтыктарды тапса болот. Ошондуктан төмөнкү эң негизги шарттарды тактаңыз:

  • Сиз иштей турган өлкөнү.
  • Жумуш берүүчүнүн аты-жөнүн.
  • Жумуш берүүчүнүн юридикалык дарегин.
  • Жумуштун түрүн жана иштөө шарттарын.
  • Акы төлөө шартын.
  • Жашоо шартын.
  • Эмгек келишимдин мөөнөтүн.
  • Медициналык жактан камсыздандыруу шартын.

6. Кайсы өлкөгө кетип жатсаңыз, ошол өлкөнүн элчилиги менен байланышып, ал өлкөдө иштөөгө чет өлкөлүктөр үчүн кандай шарттар бар экенин билип алыңыз. Ошол өлкөдө туугандарыңыз же жакын тааныштарыңыз болсо андан да жакшы.
7. Кандай виза менен кетип жатканыңызды тактаңыз. Мисалы, туристтик виза сизге жумушка орношууга укук бербейт.
8. Чет өлкөгө кетип жаткандыгыңыз жөнүндө жакындарыңызга билдириңиз.
9. Бара турган жериңиздин толук дарегин, өзүңүздүн акыркы жолу түшкөн сүрөтүңүздү, паспорт жана башка документтериңиздин көчүрмөсүн үйгө калтырыңыз. Себеби кандайдыр бир себептер менен документтериңизди жоготуп алуу же айрылып калуу коркунучу бар.
10. Өзүңүз жөнүндө кабарды качан жана кандай жол менен үй-бүлөңүзгө, досторуңузга билдирип турарыңызды сүйлөшүп алыңыз.
11. Шартыңыз болсо жаныңызга үйгө кайтып келүүгө жол киреге жете тургандай акча салып алыңыз.
12. Сиз бара турган өлкөдө жашоо канча турарын жана жумушка орношуу жагдайлары жөнүндөгү маалыматты изилдеңиз:

  • Өнүккөн өлкөлөрдө да калктын 5-10 пайызы жумушсуз, жакшы жумуш орундарын болсо ошол өлкөнүн жашоочулары эле ээлеп алышкан.
  • Сиз жогорку билимдүү болсоңуз да, дипломуңуз жараксыз болуп калышы мүмкүн, себеби жумуш берүүчү сизден тийиштүү тилди билүүңүздү талап кылат.

13. Уруксаты жок документтер менен чек араны кесип өтпөңүз. Мисалы, жасалма паспорт же жалган виза менен. Анда сизди эки өлкөнүн жазасы күтүп турат (Кыргызстандын жана сиз бара жаткан өлкөнүн).
14. Чет өлкөгө барганда эч кимге паспортуңузду бербеңиз:

  • Кыргызстандын чегинен өткөндөн кийин паспорт бирден-бир сиздин инсандыгыңызды далилдеген документ болуп калат. Ансыз эч кандай укуктук статусуңуз жок.
  • Сиздин паспортуңузду тартып алууга эч кимдин укугу жок.

15. Визаны сиз кайсы өлкөгө багыт алсаңыз, Кыргызстандагы ошол өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгү берет:

  • Элчиликтин көпчүлүгү эмгек визасын бере бербейт.

16. Эгерде колуңузда туристтик виза гана болсо, легалсыз түрдө жумуш издебеңиз:

  • Легалсыз жумушка орношсоңуз, анда башка мамлекеттин мыйзамын бузган болосуз. Легалдуу эмес жумушчулардын көпчүлүгү эмгек акыны эң төмөнкү чектен да аз алышат. Мындан тышкары сиз социалдык коргоосуз каласыз. Кокус ооруп калсаңыз, сизге эч ким жардамга келбейт. Сиз толугу менен жумуш берүүчүнүн карамагына өтүп, ага толук көз каранды болуп калышыңыз мүмкүн. Кааласа, ал сизге бир тыйын да төлөбөй коёт же башка оор жумуштарга салып иштетет.

17. Барган өлкөдө визада көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч калбаңыз. Сизди кармап алып, депортация кылып жибериши мүмкүн. Депортация болгондон кийин сизге кайра ошол өлкөгө бир нече жылга чейин кирүүгө тыюу салынат.

«Керегем, сага айтам, келиним, сен ук» демекчи, жогорудагы кеңештерге көз жүгүртүп эле тим болбой, эсиңизге түйүп алганыңыз туура. Балким, сиз бакыт издегени башка өлкөгө чыгып жатсаңыз, сөзсүз кереги тиет.

Асхат Субанбеков
kenesh@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРГӨ БАРГАН МЕКЕНДЕШТЕРИБИЗ ЭМНЕЛИКТЕН КУЛЧУЛУККА ДУУШАР БОЛУУДА?

Гүлкайыр Эргешова, Баткен облусу:
– Мен да чет мамлекетке барып иштеп келгем. Биздин жарандар ал жакта өз укуктарын билбей эле иштешет. Көпчүлүгү тил билбейт. Жумушка орношуп жатканда да эч кандай келишим түзүшпөйт. Мындай учурда, албетте, кул болушат же айласыз эптеп жан багышат.

Улан Таабалдиев, Ысык-Көл облусу:
– Көпчүлүгү өз укугун билишпейт. Иште десе эле документин кармата коюп кулча иштей беришет. Албетте, андайда жумуш берүүчү иштеткенден кийин акысын бергиси келбей калат. Жадакалса Кыргызстандын элчилиги бар экендигин билбеген жаштар кездешет.

Мукталы Акматов, Талас облусу:
– Бул негизи бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселеси. Жапжаш эле балдар мектепти бүтүп-бүтпөй чет жакка иштегени кетишет. Анан өз укуктарын билбей, алданып калгандар көп кездешип жатат. Чет жердин жарандарын жөн эле коёлу, өзүбүздү өзүбүз алдап кетип жатабыз.

Кулпунай Маманазарова, Бишкек шаары:
– Мен өзүм Түркияда жана Казакстанда иштеп келгем. Көпчүлүк учурда мекендештерибизге чет өлкөлүктөр көп суммадагы акча убада кылып, алдап коюшат. Андан тышкары чет өлкөдөгү кыргыз элчиликтери такыр эле иштешпейт.

Ишенбек Кененбаев, Нарын облусу:
– Тил билбегендиктен кулчулукка дуушар болушууда деп ойлойм. Канчалык билимдүү болсоң да тил билбесең оор. Кара жумушта иштегени баргандардын көбү кулчулукка дуушар болушат. Эптеп эле барып бир жумушка орношсо болду, айрымдары укуктарын да жакшы билишпейт.

Кененбек Кулманов, Талас облусу:
– Мунун эң башкы себеби, мамлекетибиздин деңгээлинин төмөндүгү. Билим деңгээли да төмөн, анан кайдан өз укугун билсин? Кыргызстанда үй-бүлөнү пенсия, айлык акы менен багыш өтө кыйын. Анан эмне кылат, айла жок жаштар чет жакка чыгып иштеп, байкуштар кул болуп калышууда.

Элеонора Кошиева, Москва шаары:
– Кулчулукка дуушар болгон кыргыздарды көрө элекмин. Бирок ойлонуп көрсөк, баарыбыз эле кулчулукта жүрөбүз. Кандай жумуш болсо да иштейбиз, «эптеп акча табыш керек, боло берет» деп. Мунун баары кулчулукка кирет.

koom@super.kg


Мигранттардын кулагына күмүш сырга

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
15.06.2013. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коюнуз антпениз,Москвага орусча билбеген дубтар агылып эле келип атат.Тест эмес тесттин тсын алышпайт.
SUPER.KG видео
16.06.2013. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
россия боюнча эле 1милион адам журотго. 500мин Москвада эле болсо керек. Мен посолстводо иштегендерге просто тан калам эмне жумуш кылат мени менен чогу жашаган кыргыз жигит айлыгын ала албай посолствого барса айлыгыны алып беребиз 50%ти биздики дейт имиш. просто уят кайсы кыргыз кафе ачса ошол кыргызды гана таанышат ошол кыргыз эле нур бирге газеталарынан чыгат кыйналгандар кыйналып даже жок болуп кетиш керек чем они тут занимается Слова Аллаху я гр-ка России.
Модератор admin_superstan түзөттү 17.06.2013 10:05
17.06.2013. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аида, ото кейиштуу, ар ким укугун билип алышса жакшы болмок
SUPER.KG видео
17.06.2013. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироонун элинде султан болгончо, оз элинде ултан бол
17.06.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызым деп кыйкырып куйуп жургон,
Кыргызыма кереги тийип жургон,
Кыйын чыкма жигиттер кайдасынар,
Журтка таштап иттери улуп жургон

Кайдасынар кыргыздын тегиздери,
Кайрылгыла эл жерге келип бери,
Канат, бутак бололу кайран элге
Караан тутуп турганда сени, мени
17.06.2013. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан,мекеним менин сени аяббай сагындым.Аллах Таалам буйруса жакында барып калам го ... ...Документимдин мооноту бутуп баратат...
17.06.2013. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттин денгээли томон дегенге кошулам. Башка себебин билбейм.
18.06.2013. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр мамлекет элди карабай эле эл мамлекетти тоюндурган заман эмеспи. Кудай ошол алыста жургон боордоштурубузду колдосун, аман-эсен оз мамлекеттерине кайтышсын.
19.06.2013. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттибиз бай олколордон эмес,ошон учун биз таалалап акча таап иштеп журобуз,бир тууган ата-энелерибизден алыстап.Чондорубуз элди ойлобойт оздорун ойлойт.Качангычакты кыйынчылыкта жашайбыз Кыргызстандыктар.Крда иштейин десен 5-8мин айлык ал эчнерсеге жетбейт.Анан башка олкого иштегени акчасына кызыгып кетебизда.биздин чондор онолот десек элек кайра артына кетет.
19.06.2013. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда кудайым буйруса жакында Москвага кетип жатам. бул жерден жакшыле маалымат алдым десем болот рахмат силерге супер инфо
20.06.2013. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мысалы биз Россиянын Екатеринбург шаарында иштеп жашайбыз ,Екатеринбургда Кыргызстандын элчилиги эч Кандай жардам бербейт,жардам сурап кайрылгандарды керек болсо орусча суйлоп эшигинин алдынан кууп салышат.анан оздорун мактап мекендештерге жардам берип жатабыз мактанышат
20.06.2013. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маалыматтар берилиптир. Ушунун баарын билип алышса кандай сонун болмок.
SUPER.KG видео
20.06.2013. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз билген нерселерди кайталагандан башка пайдалуу эч керсе айта албады,Москвадагы биздин посолствонун иштегенин корсон кыжырын келет.
SUPER.KG видео
22.06.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш.
SUPER.KG видео
28.06.2013. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кореяга келсенер болот.бул жакта закон ото кучтуу.
11.05.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мекенге болгон кусалык кучоп барат айла жок эптеп каражанды бир тууган ата энени багыш учун журобуз ботон эл ботон жерде биздин чондор оз чонтогунорду ойлобой элди ойлогула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо