Айпери Кубик кызы: «МЕН ЖИГИТ ТАЛАШПАЙМ, ЖИГИТТЕР МЕНИ ТАЛАШЫШАТ»

№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж

«Айпери Кубик кызынын жигитин Айгүл Чалова тартып алыптыр» деген кеп жүрөт шоу чөйрөдө. Бирок ырчы өзү мындай кепти уга электигин айтып таң калууда. Бизге жеткен сөз Айпериге кантип жетпей калды экен деп биз таңбыз.

– Айпери, иштер жакшыбы? Суперфутболго катышам деп жатып аз калганда баш тартууңа эмне себеп болду?
– Рахмат, жакшы. Эл аралык университетте 5-курсту аяктап жатпаймынбы, ошол себептен убактым бир аз тартыш болуп жатат. Анын үстүнө Суперфутбол жума күнү башталды. Мен кичинекейимен жеңил атлетика менен футболго кызыкчумун. Өзүңөр билгендей, «Суперфутбол-2012де» «Мыкты футболчу айым» наамын алгам. Ошондон кийин футболго ого бетер кызыгып, баалап калган элем. Бул жолу ойноого шарт болбой калды.

– Дипломду алсаң, үзүрүн көрөсүңбү же сандыкка катасыңбы?
– Албетте, иштейм. Бул тандоо жалгыз меники эмес. Ата-энем дагы «кызыбыз министрликте иштесин, элчи болуп эл-жер көрсүн» дешти. Кичинемде элчи деген кесип бар экенин билген деле эмесмин. Чемодан көтөрүп, чыкчыйып кийинип жүргөндү жактырчумун. Практикада Тышкы иштер министрлигинде болдум. Ал жактагылар «бизде стажировкадан өтүп, бул жерде кал» деп жатышат. Бул биринчи планым. Андан сырткары Коргоо министрлигинде да бир жылдай эмгектенип, окуума байланыштуу чыгып кеткем. Алар да кайрадан жумушка чакырып жатышат. Кайсы бир бөлүмүндө кызматкер катары иштеп, ошол эле учурда оркестрде солист болуу сунушу менен. Ойлонуп көрүп, бирөөнү тандайм да.

– Айгүл Чалова менен сени жигит талашты деп айтып жүрүшөт...
– Биринчиден, мен Айгүл эже менен сыймын. Анын өзүнүн жашоосу, менин өзүнчө жашоом бар. Экөөбүз жигит талашкан эмеспиз. Мен жигит талашпайм, жигиттер мени талашышат.

– Сүйүү үч бурчтугу деген нерсе бар эмеспи. Бир эле чөйрөдөгү үч адамдын ортосундагы сүйүүгө кабылып көрдүң беле?
– Мындай көрүнүштөр учурда көп эле болуп жатпайбы. Буга башымды оорутпайм. Мисалы, жигитим менден таппаган нерсесин башкадан табышы мүмкүн. Ар бир адам өз бактысын табыш үчүн колдон келген аракетин көрүш керек да, туурабы? Мен буга чейин бирөөнүн турмушуна кийлигишкен эмесмин, мындан ары деле кийлигишпейм. Бирөөнү ушактап, артынан сүйлөгөндү жактырбайм.

– Ал эми сенин жашооңо кимдир бирөөнүн кийлигишүүсүнө кандай карайсың?
– Менин жеке жашоом бул – менин гана жашоом. Кимдир бирөө мурдун тыгышын каалабайм. Анын кандай акысы бар экен, бирөөнүн жашоосуна аралашканга?!

– Ата-энең дагы аралашпашы керекпи?
– Ата-энем аралашпаса болбой калат го. Алар «турмушка чыкканга чейин биздин көзөмөлдө болосуң. Турмушка качан чыгасың, ошол күндөн тарта биз сени күйөөңдүн карамагына өткөрүп беребиз. Каалаганыңдай жаша, сага эч нерсе дебейбиз» дешет.

– Сенин сезимиң менен ойногон, сезимиңди тебелеген жигиттерге кандай реакция кыласың?
– Турмушта сезимим менен ойногон же тебелеген жигиттер болгон жок. Бирок адамдар болду. Алар кимдер? Мен сыйлаган достор, ага-эжелер. Менин атым үчүн же жакында болчу тоюна ырдатыш үчүн сиңдим, карындашым деп пайдалангандарга көп жолуктум. Тойго ырдагандан сырткары бирөөнө машинам же акчам керек болуп калат дегендей. Көбүнчө аялзаты ушундай мамилеге жакын келишет экен. Мындай мамиледен улам менде адамдарга болгон ишеним жоголот. Ал эми жан дүйнөмө сабырдуулук орнойт. Акыркы учурда сабырдуулук деген нерсени пайдалана билишти үйрөндүм. Канчалык меники туура болсо деле ажылдап, ызылдап урушканга барбайм. «Ооба, сиздики туура» деп унчукпай кутулам.

– Өткөн ишке өкүнүп, муну мындай кылсам болмок экен деп бармак тиштеген учур болду беле?
– Өткөн иш өтүп кетти, ошого шүгүр деш керек. Жашоодо кетирген каталарың сени акылдуу кылат. Ал сага сабак болот. Өкүнгөндө эч кандай пайда жок. Болбой калдыбы, ал ошондой болуш керек. Кандай сыноо, кыйноо болбосун, мен ага туруштук берем, көтөрөм.

– Жогоруда сүйлөгөн сөздөрүңөн улам сабырдуу, токтоо боло баштаганыңды байкадым. Мен билгенден сен бетке айткан, эмне ойлосоң ошону балп эттирген мүнөзгө ээ элең. Өзгөрүшүңө эмне себеп болду?
– Бир молдо мага дайыма дем салып берет. Ошол адамдын айткандары жан дүйнөмө жакын болду, жашоомдо дем-күч берди, өзүмдү-өзүм тарбиялаганга үйрөттү. Ошондон улам намаз окуп баштаганыма бир жыл болду. Шариятта сабырдуулук деген сөз чоң мааниге ээ да. Турмушунда бир чоң сокку болсо да намаз окуп калышат деп коюшат го. Бирок менде андай болгон жок.

– Эмнеге дем салып берет?
– Эл ичинде көз тиет, каргайт деген кептер айтылат эмеспи. Ошол чын болуш керек. Мен эл алдына чыгып ырдагандан кийин алым кетип, эч нерсеге көңүлүм келбей, өзүмдү жаман сезем. Адамда жаман аура болот го, мени ошол нерсе курчап алат окшойт. Молдо дем салгандан кийин өзүмө келем.

– Ата-энең учурда дыйканчылык менен алектенип жатыптыр, барып жардам бересиңби?
– Чынын айтайын, болгону бир жолу бардым. Алар мени жардам берсин, талаадагы ишти бүтүрсүн деп эмес, дыйкандын эмгегин бааласын, сезсин деп алып барышты. Кетмен кармап, чөп чапкам, колумдун жооруганы эмдигиче кете элек.

Сүйүн Кулматова
(Айрым сүрөттөр ырчынын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(55)
17.06.2013. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул кыздын фигурасы вообще шикарный, менимче спротзалды жакшы корот.Kg.lady туура айтасын тарбия коргон кыз Айгеримдин кийген кийими менен элди отталкивать этирин озу билсе жакшы болот эле озгочо медсестранын порнокостюмун орттоп жибер деп айтат элем Расул акага.
17.06.2013. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жагат айпери ийгилик сага!
17.06.2013. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ар дайым ушул сулуугундан жазбай журо бер!
17.06.2013. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ото эле арык го...
17.06.2013. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул жерде Айгерим ж-до соз болбогондон кийин аны аралаштырбай эле койбопсунар достор!акыркы убакта мен ынандым, ким биринчи ком калтырса ошонун артынан эрчимей. жакшы десе жакшы жаман десе ага кошумча болуп тээ алыс жакка суроп алып барып коймой! айтмакчы ынандым деген созду жаттакп алдым суперден
17.06.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
фигурасыга 100деген баа берем ушул кыздын))))))
17.06.2013. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгеримге караганда ыймандуу эле ийгилик.
17.06.2013. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшыбы жаманбы билбедимго ушу жылдыздар намаз окуйм, тигинтем мынтем дей беришет ананле башка нерселерди коро беребизго...
17.06.2013. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
bagira MUK ta men dele okugam birok MUKtun buturru4usu dep je jakwi okuit dep ele ministerstvogo ala berbeit . aiperi bolso kolledjdin aldina turup alip ele tameki 4egip tur4u ka4an korbouin kolunan tameki tuw4u emes ertsei kelip interview berip ko4u men iymanduumun dep oz kozum mn kor4um uksam meili deit elem
20.06.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_07,ичинер тар экени ушунданле билинип калат да.жамандадын не чыкты?
22.06.2013. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg_07, тамеки тартаарына мен ишенбейм тартса сага не ийгилик сага!!!
17.06.2013. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айпери сага ийгилик.сени сыйлайбыз таалантына таазим.Айгеримге караганда сен 100 эсе бийик турасын.
17.06.2013. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Айпери Айгеримдин жанында корунбой калат. Кайсыл темага кирбейин соссуз Айгеримди кошуп жазышат демек она популярная.
Модератор admin_superstan түзөттү 18.06.2013 22:27
17.06.2013. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
JANUM, сен Айгерим окшойсун эээ таптымбы)))
17.06.2013. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Agusha, оооо мен Айгерим эмесмин, бирок айгеримдей сулуу болсом ашыкча болбойт болчу. мен оз ойумду жаздым сулууну сулуу деп айтыш керек. Тообо анда эмне бул жерде Айгеримди жамандап жазгандар Айпериби?
18.06.2013. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
JANUM, бул эмне дегенин кошунасы болсон жон эле коро албай ушак таратып жатасын го ээ, эгер туура эмес журум туруму болсо шоу бизнесте ката алмак эмес. дароо чыкмак, антип жалаа жаппа ак кишиге
17.06.2013. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери Борончу мн тушкон суротундо жакшы чыгыптыр. Башка суротторундо ото *строгая* анан да *крутая* кыздын образын чагылдырам дей беретта эмнегедир хотя сама очень *простоя*. Эч бир суротто жан дуйносу кубанычка толо болгонун корбодумда, айтаарым ушундай бп суротко тушсо абдан жарашмак
18.06.2013. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
жигитер мени талашат дэп....озунду пияр кылып, Кыргызстанда жигитерди кыздар талашат билип ал антип журо берсен тазга жолугуп калба абайла..
18.06.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aizatka.kg, JANUM, кимдир-бирөөнүн абийирине шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган!
Эсиңиздерде болсун..
Азырынча эскертүү!
18.06.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айгерим Расул кызы менен салыштырган болбойт. Айгерим кылгандын бул четин дагы кыла элек. Качан Айгерим башкы бетке чыкса ото чон кызыгуу жаратат элдин баары ошону жамандап же мактап жатып калышат по просмотрам дайыма биринчи орунда. А Айпери башкы бетте журот бирок эч кызыгуу жаратпайт даже по просмотрам почти акыркы. Она уже не интересная байкап корсом бул жерде дагы талкуу Айпери жонундо эмес эле Айгерим жонундо болуп кетиптир. Даже здесь Айгерим отбирает кусочек славы у Айпери. очень жаль
19.06.2013. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
AidaiAlieva, Да я согласна с Вами!айпери холодная девушка
18.06.2013. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айнанайындар эмне эле болуп жатасынар биринчи озубузду кузгудон карап королучу анан сынайлы айгерим да айпери да кыргызымдын сулуу кыздары экооно тен чыгармачылык ийгилик каалайм
22.06.2013. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asil-08, оюнузга кошулам бир тутам элбиз торт ырчы кызыбыз аны да тиги жаман бул жаман дештин кереги жок
18.06.2013. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апей Мирбек Масалиев Чалованын жигити дейби кайсы бир убакта Айперинин жигити эмес беле демек ушак жон жерден чыкпаптыр даааа.....
19.06.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Айперинин клиптерин рахаттана көрөм. Клиптерин сулуулугу, үнүнүн өзгөчө жагымдуулугу, артисттик чеберчилиги, келишкен бой-турпаты менен эле кооздоп, көркөмдөп турат. Бийлегениндеги кыймыл-аракетинин бой-мүчөсүнө шайма шайлыгы, көз жоосун алат. Болгону шоу дүйнөсүнө баш-оту менен кирбейт. Балким, ушунусу да жакшыдыр.
19.06.2013. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана айтарым, эч бир адамда Кудайга сеникинен артыгыраак доступ болбойт, ошондуктан Кудайга ден-соолук сурап, жамандыктан, жаман ойлуу адамдардан, кара күчтөрдөн сактоосун сурап, өзүң эле сыйынып жүр.
19.06.2013. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ar bir adamdyn ozuno tiyiwtuu sapattary bolot jana ozunun tandoosu bolot. Misaly, men dele Aigerimden karaganda Aiperini oido koiom. Sebebi, Aigerimde emnegedir boi, kotorup kalkyp kaluu bap. Birok, bul menen Aigerimdi jaman debeim. AIPERI SUPERSIN !
19.06.2013. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eeei alardy jakshy jaman dep talkuulasak bizge paidasy ne?Bular yrchy,jyldyzdar,siler kuiup byshkanynardyn kajeti jok go?Jon ganan chygarmachylyk iygilik kaalaily!
19.06.2013. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпериге ийгилик
20.06.2013. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой-бооой ич куйдулукторду аздан кылсанар болбойбу, Айгерим да кайталангыс сулуу кыз, а Айпери да башкача татынакай кыз. Айперинин фигурасы чындап эле Анжелина Жолинин фигурасына окшош экен, карап корсонор жакшылап.Экоо тен тарбиялуу, акылдуу кыздар экендигине шегим жок! Бар болушсун Айпери менен Айгерим!
20.06.2013. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула кыргыздын сулуу татынакай кыздары
20.06.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айпери сага кааларым ишине ийгилик жана айта кетсем ен жонокой кыз 2010ж менин айылыма келгенде биз конок кылганбыз ен жакшы кыз екен жонокой сын сыпатуу ойлоп суйлогон жамандыгы жок екен адамго екообуз коп чейин суйлошуп майек куруп олтурганбыз
21.06.2013. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Айпери чыгармачылык ийгилик,кыргыздын керегине жараган кыздардан болуп жүрө бер.
21.06.2013. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiperi janymgo menin
21.06.2013. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммммммммммммммммммммммммммммм
21.06.2013. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери азаматсың.кимдир бирөө жазыптыр чыгармачылыгына баш оту менен кирбейт деп мен да кошулам ушул пикирге.Баш оту менен киргендерди көрүп атабыз өзүнөн улуу кишилерге кол көтөргөнгө чейин барган жылдыздарыбыз.Кел бетине сөз жок эң эле сулуу кыз.
24.07.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уфф дагы башталды озун коз коз кылмай,.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо