КЫЗДАРДАН ЭРКЕК КЕМ БЕКЕН, УЗУН ЧАЧ КОЙСОМ ЭМНЕ ЭКЕН?

№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж

Кыргызбыз да, эркектер чачын өстүрүп алса өөн учурап, «эркек деген эркектей эле болбойбу» деп көп жактыра бербейбиз. Бирок ошол узун чач коюунун да кандайдыр бир сырлары болсо керек. Бул тууралуу узун чачтуу мырзалар айтып беришет.

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр:«ЖЫЛЫНА БИР ГАНА ЖОЛУ ЧАЧТАРАЧКА БАРАМ»
– Мен атайын өстүрүп, чач жасалга кылбайм. Оюмдун баары тасма менен болуп, чачымды да унутуп кетем. Жылына бир гана жолу чачтарачка барам. Мурун чачтарым тармал, коюу болчу, барган сайын азайгандан азайып баратат. Ишенсеңиз, чачымдын майлуу же кургак экенин да билбейм. Себеби күндө жууган бойдон тарабай деле жүрө берем. Кээ бирлеринин жубайлары «кыскартып ал» деп кирише берет эмеспи. Меники чыгармачыл адамдын чач кырктырганга убакыты аз болуп жатканын түшүнүү менен кабыл алат, студенттик кезден бери ошентип жүрөм да, түшүнбөскө айла деле жок болушу керек (күлүп). Айланамдагы адамдардын баары көнүп бүттү, узундугу деле байкалбайт. Ошондуктан эч кимден сын укпайм. Сын айтканда эмне, өзүмө жакса болду да.

 

 

Мурат Мамбетов, актёр, режиссёр:«МЕНИ КЫЗ ДЕП ОЙЛОП, БОЛОТ ШАМШИЕВДИН АЯЛЫ ЧУУ САЛГАН»
– Ой, менин чачым «это – святое»! 8-класстан бери өстүрүп, бир калыпта алып жүрөм. Совет доорунда тартип катуу учурунда да узун чачымды канча куткарып жүрдүм. Кайда барбайын баары «алдырчы чачыңды» деп акыл айтып киришет, кийин кантип көнүп калышканын өздөрү да билбей калышты окшойт. Жубайым канча жыл болсо да анда-санда «аябай эле жүдөп кеттиң, кыскартып алчы, кагылайын» деп калат. Ошондо угумуш болуп, башымды кичине кайчы менен беттештирип коём (күлүп).
Бир окуя эсиме түшүп кетти, ал кезде жашпыз, режиссёр Болот Шамшиев экөөбүз анын унаасында баратканбыз. Астыңкы отургучуна кыйын болуп отуруп алгам десең, ошондо эсимде, чачымды аркага байлап алган элем. Бизди Болоттун жубайы көрүп калыптыр. Кыйла эле айласын кетирип, «ал кыз ким? Мен көрдүм силерди» деп ызы-чуу салган экен. Аны кийин угуп калбадымбы. Андай боорду эзген окуялар бизде көп болду. Канчалык чачымды жакшы көрбөйүн, кээде роль үчүн кыскартканга туура келет. Эми убакыт келип биз да өзгөрдүк, бирок менин чачым дале узун бойдон. Бир аз агарганы эле болбосо, аны деле боёп коёбуз. Жакынкы арада кыскартып салсамбы деп жатам, бирок чыгына албай жүрөм. Жиним келсе өмүр бою ушинтип өтөм, узун чачтын эмнеси жаман? Жеке мага эч жамандык алып келе элек.


Нурбек Савитахунов, ырчы:«СҮЙГӨНҮМ ҮЧҮН ЧАЧЫМДЫ ӨСТҮРГӨМ»
– Бир жолу сүйлөшкөн кызым «сага узун чач жарашса керек» деп койду. Ошондон улам чачымды өстүрүп баштагам, туура бир жыл өстүрдүм. Анан сүйүктүүм менен эки ара жолго түшкөндө дароо эле бардым да, чачымды кыскартып салдым (күлүп). Анын көңүлүн кыялбай узун чач үчүн туугандарымдан да бир далай сөздөрдү уккам. Көбүнчө «мындай чач эркектер үчүн эмес, эмне, сен кыз белең?» дегендер чыккан. Чынын айтсам, өзүм да жүдөп кеттим, себеби кам көрүү мен үчүн азап эле болчу. Аны убагында жууп туруш керек, болбосо майланышып кетет дегендей. Бир жакка баратсам көбүнчө байлап же баш кийим кийип алам. Бирок азыркы чачым эле сонун мен үчүн, кандай болсо да бул кылыгым менен романтик экенимди билдирдим окшойт.

 

 


Адил Чекилов, ырчы, музыкант:«ЧАЧСЫЗ АДИЛ ЭМЕСМИН»
– Досторум айткандай, мен узун чачсыз Адил эмесмин (күлүп). Мындай заманбап чачтар ар кимде эле боло бербейт. Чыгармачыл адам бардык жагынан өзгөчөлөнүп туруш керек. 8-классымдан баштап өстүргөн чачымдын кыздар менен сүйлөшкөндө жардамы көп тийди. Себебин билбедим эмнеге, кыздар өздөрү эле жактырышып, тартыла беришчү. Оо, анда Адилдин жаш, «красавчик» убагы эле да. Бул чачтардын «Чыңгызхан» тасмасында эпизоддук роль жаратканда чоң жардамы тийген, анда чачымды өрүп тартылган жерлерим бар. Чачыма карата айтылган сынды мектепте окуп жүргөндө угуп бүткөм. Эжей-агайлар тили тешилгенче «чачыңды кыскарт» дешкен. Бир жолу кырдырып да көрдүм, бир нерсе жетишпегендей, бир нерсем кемип калгандай жаман болгом. Ошондон кийин чачтарым менен узакка коштошо элекмин (күлүп).

 

 


Асан Бердибаев, модель:«УЗУН ЧАЧ МАГА ЖУМУШ ҮЧҮН КЕРЕК»
– Мен андрогин модель эмесминби, ошого чачымды өстүрүп жүрүшүм керек. Подиумга кыз катары да, эркек катары да чыга берем, ошого узун чач керек. 2 жылдан бери өстүрүп жүрүп, азыр чачым желкемден өтүп калды. Ар дайым кызыл түскө боёп жүрөм. Терим аябай сезимтал, ошондуктан чачыма да кылдаттык менен кам көрөм. Анан чачым бир аз тармалыраак, күнүмдүк жашоодо тарап алып жүрө берем, бир жакка барарда үтүктөп түздөп алганды жактырам. Чачымды көрүп суктанганы да бар, тескерисинче, «эмне мынча узун?» деп сын айтканы да кездешет. Бирок эч нерсеге карабай чачым өзүмө жагат. Жеке жашоомдо узун чачым мени кызга окшотуп коёт, туура. Бирок сүйлөшкөн кызым баарын түшүнөт. Эч качан сындабайт. Ошол нерсе мен үчүн эң маанилүү.

 

 


Руслан Маматкулов, ырчы:«ДОСТОРУМ МЕНИ «СИМБА» ДЕШЕТ»
– Узун чачым менин чыгармачыл адам экенимди маалымдап турчу нерсе. Башка ырчылардай «банально» көрүнгүм келбейт. Кээде кыздар «ии, менин да чачым сеникиндей болсочу» деп суктанып калышат, аны мен комплимент катары кабыл алам. Бат өскөндүктөн, эки ай сайын кыскартып турам. Кам көрүүгө келгенде бальзам колдоном, шампунду эжем Айгерим алып келет, анысына анча көңүл деле бурбайм. 3-классымдан бери өстүрүп жүрөм да, анан мектепте балдар «Тарзан, Маугли» деп жиниме тийип калышар эле (күлүп). Азыр болсо досторум мени «Симба» деп коюшат, бүт сырларым ачылмай болду го (каткырып). Өзү чачым жакшы, түшпөйт, гүлдөбөйт, какач болбойт. Ушул убакка чейин эч бир көйгөй чыга элек. Ошонусуна шүгүр деп өстүрүп жүрөм.

 




Султан Каримов, ырчы:«КОЛДОН КЕЛСЕ, МАГА ОКШОП ЧАЧ КОЮП АЛГЫЛА ДЕДИМ»
– Негизи, адам күзгүгө каранган сайын кандай кемчилиги, артыкчылыгы бар экенин сезет эмеспи. Мен да узун чач жакшы жарашарын билчүмүн. Ошентип, 1975-жылдан бери ушундай чач жасалга менен келатам. Канчалаган сындарды уктум, эми айта берсем абдан эле көп. Акырында «колуңардан келсе, мага окшоп узун чач коюп алгыла, эптей албайсыңарбы, унчукпагыла» дегенге өттүм. Азыр өзүмө да, башкаларга да жагат, ошондуктан чачымды такыр кыскарткым келбейт. Эл катары кам көрөм, жууйм, тарайм дегендей, андан башка сырым деле жок (күлүп).

Мындан сырткары ырчылар Тынай Алыбаев, Ырыскелди Осмонкулов, Мирлан Жетигенов, Өсөр Козуев, каскадёр Адилет Акматов, режиссёр Жаныш Кулмамбетов жана башкалар да узун чач коюп жүрүшөт.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Кыздардан эркек кем бекен, узун чач койсом эмне экен?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(28)
17.06.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимдики озуно ай корунот козуно дегендей оздоруно жакшы болуп корунушу мумкун, бирок, мен пикиримди кошо турган болсом бирисине да жарашпаптыр! А тиги Асанбаев "Францияга" эле барып жашашы керек экен ))))))))
17.06.2013. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек деген болток-салтак болуп эркектей эле болгону жакшы.Кыздын кырк чачы улуу деп айтылат да,каерделе эркектин кырк чачы улуу дечи эле???
17.06.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расул ака качантан бери Руслан болуп калды? Негизи узун чач аялзатына таандык деп эсептейм. Бирок азыркы кезде эркектер чачын остуруп, сойко, пирсинг ж.б.у.с. аялдарга таандык нерселерди алып жургону мага аябай жакпайт. Эркектин эркектей эле болуп жургону жакшы.
17.06.2013. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wave., Ал баласыыыы...Баласы да ырчы экен. :-)))
17.06.2013. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira1989,

Ой атандын кору десе....мен замандан артта калган окшойм жаны ырчыларды тааныбай....
17.06.2013. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wave.Ал баласы Расулдун
22.06.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wave., Расулдун баласы Руслан
17.06.2013. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкаларын билбедим го Тынай Алыбаевдин чачы озуно жарашыктуу,анан Асан Бердибаевдин чачы "айланайын" экен:-)
17.06.2013. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздоруно жакса узун чач,коюп журо беришсин.Ар бир адам каалагандай жашайт.
SUPER.KG видео
17.06.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын учун чачтан эркек болгондон кийин алдырып эркектик сапаттарга ээ болуп журуш керек та
17.06.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламалейкум жамагат. Бизде чачы узун Байкелер коп турбайбы. Мусулман адамга жарашпайт чач остуру. Мен озум кичинекей кезимде жеенибиз Дайрбеков Токтарали арты кайрлы болсун. Уйдо уктап жатканда чачын кайчы менен кыйып таштагамын анан айбай Атамдан тайак жегемин.
Модератор admin_superstan түзөттү 17.06.2013 16:42
17.06.2013. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бердибаевдин кейпи кантет, озунчо эле транссексуал го кыргызга кызыл чач жарашпаган нерсе го дейм
17.06.2013. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Astagfirulloh bul emne degen nerse... erkek degen erkektey ele jurso..paygambaribiz S.A.V aytkan kim ozunu bawkalarga okwotso kiyamat kunu owondoy bolup tirilet dep...azirki kezde ayaldarda erkektey kiyinip chachin kesip algan bul emne degendik...???al emi minabul woubiznestegi adamdardi karagila kizdardin chachinday osturup alganin biz musulmanbiz owonduktan jakwi nerseni jarawkanin kilayli...
17.06.2013. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«колуңардан келсе, мага окшоп узун чач коюп алгыла, эптей албайсыңарбы, унчукпагыла» так что унчукпагыла экен, кудай ар бир адамга бирдей кылып берген баардык органды ага кам коруу аны оз каалагандай алып журуу адамдын оз ыктыяры, кудайга отчетту озу берип алат жарашкан жарашпаганын не нам судить
18.06.2013. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"чачымы алдырсам баш пустой болуп "-дейтко Руслан.демек мээнин тамырлары чачина чеин орчундоп кетиптир.тамаша
18.06.2013. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрнест Абдыжапаров наоборот лысый болуп журсо жакшы болсо керек Федор Бондарчуктай болуп. Анан да Руслан короткий стрижка мн журсо созсуз турдо мачо жигит болуп калаарына шек жок.А Нурбекке азыркы стрижкасы аябай жарашкан чачы узун кезине караганда. Калганына созум деле жок!)))))))
SUPER.KG видео
18.06.2013. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыздардан эркек кем бекен деп юбка кийип алгыла эми!
19.06.2013. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек деген эркектей,аялдар аялдай эле болушса оз сындарынан кетпей.
19.06.2013. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ааай эркектер эркектеееер качааааан акылынарга келесинер дейт беле кинодогу кыз?
19.06.2013. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apeei Rasul Mamatkulovdun balasyda yrchy bolup ketti bele?Emnesi bolsoda yrchyny balasy yrchy bolsun zaman ekenda!
19.06.2013. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии десе узун чач жарашканга жарашат эле !ырыскелдиге аябай жарашат,тиим эле !!!а тунгучтагы актер акам аябай каарып кетиптир,аябай сонун актер да!!!руслан болсо-расул-2 !!!
20.06.2013. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыштын кыштай, кыздын кыздай болгону жакшы дегендей эле.Эркектин эркектей,эшектин эшектей болгону эле жакшы го деп ойлойм (тамаша).
03.08.2013. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pearl.06, erkektin erkektei eshektin eshekei bolgonu jakshy dep kishini jaaman jyktynar go kulap kaldym kulo berip
20.06.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундан коро сакал койбойсунарбы
21.06.2013. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстдардын мага сындаганы жакпайт менин ойумача бул кыргызсдардын бири бирине коро албастыгы
SUPER.KG видео
21.06.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да жакпайт еркек еркектей еле болсо негизи айтышкан акыр заман жакындаганда аял менен еркектердин айырмасы калбай калат деген
22.06.2013. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адил Чекилов качан Чынгызхандын тасмасында эпизоддук роль жаратты дискети кайсыл жерде бар карап королу? Эркек сакал коюш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо