ЭХ, КЫЗДАР, КЫЗДАР...

№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж

Шоу-бизнес чөйрөсүндө көз күйдүргөн бойдок айымдар аз эмес. Анда эмесе, жигиттер, чапкыла, көпчүлүк сугун арткан шоу-бизнестин чүрөктөрүнүн жигиттерге болгон талабы кандай, тааныштырабыз.

Марал Койчукараева, актриса:«МЫРЗАЛАР МУРУНКУДАЙ КЫЗДАРДЫН АРТЫНАН ЧУРКАБАЙ КАЛЫШТЫ»

МАРАЛ,
Жашы
– 23тө
Бою – 165 см
Салмагы – 58 кг
Параметри – Мезгил менен өзгөрүп турат
Өзгөчөлүгү – Өзгөчө деле эмес
Фишкасы – Кайраттуу, чечкиндүү

Маралдай керилген бул актриса менен таанышам десеңиз, жолугушууга тырмагыңызды тазалап, жакаңызды үтүктөп, бутуңуздагы байпагыңызды жууп, сакал-мурутуңузду алып, айтор, таптаза келет экенсиз. Марал абдан баамчыл, баарын байкап коёт. «Мырзалар жаныбар сыяктуу, дайыма мергенчиликке чыкканды жакшы көрүшөт» дейт. Эгер эки тоонун чөбүн эңсеген «эчкилерден» болсоңуз, ал адатыңызды калтырыңыз. Антпесе, Маралсыз ээнсиреген үйдө жалгыз каласыз. «Учурда кыздар көп болгондуктан, жигиттерибиз мурункудай кыздарды «ухаживать» этип, артынан чуркабай калышты» деп капа актриса. Ошондуктан Маралды башка илип кетпесин дегендер, көзүнө карап, гүл сатып берип дегендей, көңүлүн алып турууну унутпаңыз. Чечкиндүү, жашоодон эмне каалап жатканын билген жигиттер, чамдагыла, Марал көптөн бери жигит менен мамиле кура элек, марага сиз биринчи жетип келип калсаңыз ажеп эмес.

Элиза Кененбаева, телеалпаруучу:«КЕЧИРИЛБЕС ЖОРУК БОЛБОЙТ»

ЭЛИЗА,
Жашы
– 26да
Бою – 155 см
Салмагы – 45 кг
Параметри – Эсинде жок
Өзгөчөлүгү – Мүнөзү жумшак
Фишкасы – Назик үнү

Кыздардын дээрлик баарына шыңга бойлуу, чымыр денелүү, сулуу жигиттер жагат эмеспи. Жүрөк менен көңүл такыр башкасын тандап калышы мүмкүн деген ойго алпаруучу Элиза Кененбаева кошулат. Эгер келечектеги өмүрлүк жары «алпаруучулукту ташта, сени өзүм эле багып алам» десе, өзүнүн да кошумча талаптарын айтып, телеге чыкпай коюуга даяр. Анан да билимсиз, сараң, майдачыл мырзалар убара болбосун дейт. Эгер Элизадан «жумуштарым көп эле, бошобой жатам» деген жооп уксаңыз, анда сиз жакпай калдым деп акырын жолуңуздан кайта бериңиз. Мүнөзү абдан жумшак, өтө эле кечиримдүү, «мырзалардын кечирилгис жоругу жок, баарын кечирүүгө болот» деп эсептейт. Ашканада мыкты кожойке. Лагман менен мантыны күн ара жаса десеңиз деле эринбей даамдуу жасап берет.

Айгерим Расул кызы, ырчы:«КҮЙӨӨМ КӨЗҮМӨ ЧӨП САЛСА, КЕЧИРБЕЙМ»

АЙГЕРИМ,
Жашы
– 21де
Бою – 173 см
Салмагы – 53 кг
Параметри – 93-63-100
Өзгөчөлүгү – Тайманбастыгы
Фишкасы – Түшүнүксүз мүнөзү

Шоу-бизнестин сексуалдуу айымы десе эле көп мырзалар Айгерим Расул кызын айтышат. Ошондуктан анын ашыгы болгусу келген жигиттерге Айгеримдин бир-эки «секреттерин» ачып коёлу дедик. Айгерим менен таанышам деген мырзалар кадамды таштагандан эле адашпаш керек. Чү дегенде эле көзүңүздү ойноктотуп, жеңил ойлуулугуңузду билдирип койсоңуз, иш чатак. Ырчы айым «мен өзүм эркек мүнөзмүн, анан да айрым адепсиз, кыздар менен айтышкан, ушакчы мырзаларга караганда сөзүмө бекем турам» дейт.
Баса, Айгеримдин көзүнө чөп салсаңыз, сизди эки дүйнө кечирбейт, андыктан үйлөнгөнгө чейин ойноп-күлүп алыңыз. Болочоктогу жолдошу тапкыч, үй-бүлөсүн багып кете ала турган мырза болсо, күйөөсүнүн каалаган тамагын жасап берип, анча-мынча «кыска кийбе, азыраак ырда» деген талаптарына деле «жертва» кылып тынч отуруп калат. Жигиттер, көрдүңөрбү, ырчы кызыбыздын болочоктогу жолдошуна болгон сыйын. Бразилиялык Геннадий аттуу жигит Айгеримди катуу сүйгөнүнөн ислам динин кабыл алыптыр, а силер жүрөсүңөр, Токтогул Алымканды күткөндөй болуп. Эртең бирөө илип кетсе бармагыңарды тиштеп калбагыла.

Назгүл Токтакунова, ырчы:«КҮЙӨӨМӨ ҮЙ ЖУМУШУН КЫЛДЫРТПАЙМ»

НАЗГҮЛ,
Жашы
– 26да
Бою – 165 см
Салмагы – Арык эле
Параметри – Көптөн бери ченеп көрө элек
Өзгөчөлүгү – Өзүнө окшош эч ким жок
Фишкасы – Сары чачы

Шоу-бизнестин дагы бир татынакай бойдок кызы Назгүл Токтакуновага көзүңүз түшүп калса керек. Бул сары чачтуу ырчы кыз баласынын памперсин алмаштырып, кээде тамак жасап жубайына кол кабыш кылган чарбачыл эркектерди анчейин жактыра бербейт. «Турмушка чыксам, күйөөмө үй жумушун кылдыртпайм, баарына өзүм жетишем» дейт. «Үй-бүлөнү эркек киши башкарыш керек» деген принципти тутунат. Талашып-тартышып калсаңыз, такыр айтканынан кайтпайт, көгөрүп тура берет, бирок жини бат келип, бат тарайт. Жасаган тамагы Назгүлдүн маанайына жараша даам берип турат. Эгер тамагы супсак болсо, маанайы жок болгонунан, ал эми даамдуу болсо, маанайы көтөрүңкү экенинен кабар берет. Бир үйдүн көкүрөк күчүгү болгондуктанбы, жашоодо да абдан эрке, анча-мынча айтышып калса «эркелеп жатат» деп түшүнүңүз. Байлыгына чиренип, «акчаң болсо «илибой» кызды чаап алса болот» деп өзүнө ишенген жигиттер, Назгүлгө жакындабагыла, силердин байлыгыңарды колунун кирине теңейт экен.

Гүлнур Асанова, актриса, ырчы:«МЕНИН КААЛАГАНЫМДЫ КЫЛЫШЫ КЕРЕК»

ГҮЛНУР,
Жашы – 25те
Бою – 167 см
Салмагы – 56 кг
Параметри – 87-61-92
Өзгөчөлүгү – Жакындары билет
Фишкасы – Узун чачы

«Мындай-тигиндей жигиттер жагат» деп кылыктанганды жаман көргөн Гүлнур Асанова «эркек» деген атка татыктуу мырза – менин кыялымдагы ханзаада» дейт. Бул кыздын сеңселген узун чачына ашык болгондор канча, кашын серпип койгондо анча-мынча балдар «өчүп» калат. Гүлнурдун жүрөгүн багынтам десеңиз, эң оболу анын каалаганын жасап, көңүлүндөгүдөй болушуңуз шарт. Билимдүү, патриот жигиттердин «шансы» көбүрөөктөй, себеби мекенчил жигиттер ырчынын табитинде.
Сиз үчүн карьерасын курмандыкка чалсын десеңиз, сиз да көзгө көрүнүктүү курмандыкка барышыңыз керек экен. Анан да бул сулуу эркелеткенди абдан жакшы көрөт. Гүлнур эркелеткенде «жаным, жан эркем, жан биргем, жалгызым, күчүгүм, мышыгым» деген эркелетүү сөздөрү жолдо калат. Чимириле чыгыш бийин бийлеп жиберсе, кымбат баалуу буюм сатып берип, үй-бүлөлүк каржы каатчылыгына кабылып калышыңыз да мүмкүн. «Колумдан баары келет, тикмечилик, сүрөтчүлүк өнөрүм бар. Кээде эркектерге тиешелүү жумуштарды деле жасап коём» дейт актриса. Эгер жинине тийип койсоңуз, акыйнек айтышып отурбай, какшыктап эсепти 1:0 кылып коюшу мүмкүн. Кемчилигиңиз болсо, түз эле бетиңизге айтып салат. Терс сапаттарынан бир аз уйкучулук жайы бар, будильник чырылдап жатканда укмаксанга салсаңыз, анда сиз сөзсүз Гүлнурдун жолдошу боло аласыз.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(59)
17.06.2013. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
назгул менен элиза нааазик кыздардан экен параметрлери туура келетко дейм анан калгандары че та шпаклевка тартып койгонго Марал бактылуу бол!
17.06.2013. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Марал менда сага кошулам.Туура айткансын бардык нерсени.Марал жана Гулнур бактылуу болгула силерге ийгилик.Айгеримдин бирда созуно ишенбейм дайыма эле мактана берет.Жакбайт ушул кыз.
17.06.2013. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим учун динин озгортон жигит дейби? Супер-инфо ушул бойунча толук маалымат берсениздер. Бирок жакында эле Айгеримди концерттен коруп тангалдым аябай сонун болуп арыктап алыптыр. Мурун помпошка эле азыр арыктап ачылып алыптыр. Так что чын эле 53 кг экен. Сулуулугуна кызыгам.
18.06.2013. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
JANUM, сунушуңузга рахмат!
Тиешелүү бөлүмгө жеткизип коёбуз.
17.06.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Марал озу жакшы эле кыздай корунот. Бирок жанагы эротика киносунан кийин кайсы бала алат деймда? Ошол кинодон кийин албетте кыйынсынып суйлой албайтта жонокой болгондон башка ага айла жок.
20.06.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
JANUM, муну чыгармачылык деп коет, мындай нерселер эн нормальный корунгуш. антип жапайы суйлобонузчу
17.06.2013. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хаха,бразилиялык Геннадий... Бразилияда туулуп оскон орус эмеспи?)
18.06.2013. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
э азыр айта бересинер тияк мияк деп убагында коросунор кинону
18.06.2013. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактынарды берсин Кудайым!
18.06.2013. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам баласы баарына конот алтындарым, Башка тушсо кыласынар, кечиресинер, коносунор!!!!!!
18.06.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
inoplanetyanin, кимдир-бирөөнү кемсинткен билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
Азырынча эскертүү!
18.06.2013. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
природа сказала женщине:
будь гордой если хочешь,мудрой если можешь,но благоразумной ты должна быть непременно!!
18.06.2013. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Марал, Гүлнур, Элиза, Назгүл бактылуу болгула, кыялыңардагы мырзаларга жетип.
18.06.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бою узуну, жашы, сулуусу, фигурная деле Айгерим экен. Гулнур дагы сулуу калы озуно жарашыктуу озгочо калын узун чачы жагат. Мени кызыктырганы чын эле бразилиялык Генадий мырза Айгерим учун Ислам динин кабыл алыптырбы? Супер инфо так жооп алып берсениздер жакшы болмок.
18.06.2013. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пустой дом го катышкан актрисанын аты Марал экенда. Кебетесин коруп жийиркенип кеттим.
20.06.2013. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
anjella8888, канчанчы кылымда жашап жатасын жаным? Жийиркенсен анда корбойт болчусун, кызыгып коруп алып анан жийиркенген кызык... Бул просто кино, алэми бул кыз просто актриса. Вот и все!
22.06.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ledifech, Актриса болсо эле жаланач тартылыш керек бекен?! Кай жерде кордунор мусульман жаланач киного тартылганын?! Мусульмандар да ПРОСТО жаралган эмесда ledifech! Кайсы кылым дегин? Мындай корунуштор кылымдан зависит этбейт, ыймандан зависит этет Эгер билсен. Жийиркенгенимден ал кинону толук коргон эмесмин.
18.06.2013. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
гулнурду мен оз козум менен коруп тан калгам ушунчалык жонокой назик жана сулуу кыз экен бул озун мен мен дегендерден эмес экен менин жээним эсенгулова махабат менен группалаш бар бол ак жол дейт элем таалантынды эл баалайт
19.06.2013. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элиза жагат...
19.06.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен барынарга бакыт калайм келечекте тенинерди таап тилегинерге жеткиле ар бир инсан оз бактын табуга акылуу.
19.06.2013. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык баарынан арыгы Айгерим го,бирок тескерисинчэ корунот баарынан толугу.
19.06.2013. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне озун ушунтип реклама кылышпаса эр албайбы аларды
19.06.2013. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oshondo tuiogu jok aiymdarby bular?
19.06.2013. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Марал мага жакты кинону коро электе жаман ойлоп жургом мин уккандан бир коргон дегендей жасалма аткарган эмес
20.06.2013. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бардыгынар суйгонунор менен бактылуу болгула!!!! ойлогон ой-максатарынарга жеткиле, ишинерге ийгилик, ак жолунар ачык болсун.
20.06.2013. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары татынакай,кыргыздын сулуу кыздары:))Ийгилик силерге...
20.06.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Маралды корсом эле конулум айланат, ролуна жабышып калгансып, ал болгону роль деп озуму ишендире албай эле койдум.
22.06.2013. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а калган ырчылар кайда
22.06.2013. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
марал дегенинер эрге тие албайт жакында Болот Тентимишевге экинчи аял болсо жарашат
22.06.2013. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим өзүнү прям ангел сезет окшойт,кай жерде болбосун мактанганы мактанган,көрдүк маичи менен сөгүшкөнүн эч кандай тарбиясы жок.Оозду көптүрүп мактанбай иш жүзүндө көргөзсө болот.
22.06.2013. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койгула буроону жамандап куноого батпагыла.
23.06.2013. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-инфо саламатсыздарбы .. эгер мумкун болсо Гулнур бийкечти кантип тапсам болот жооп берип койсонуздар
24.06.2013. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
otin, Саламатсызбы!
Тилекке каршы, биз маалымат бере албайбыз.
23.06.2013. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим менен Гүлнур.
24.06.2013. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары кыргыздын талантуу айымдары, жагат. Ийгилик!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо