№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
Кытайлык кыргыздарга баруу үчүн кезекти Гүлнур Сатылганова алыптыр. Мурун ырчы айым ал жакка бара элек экен, кытайлык кыргыздар суранып отуруп араң көндүрүшкөнүн айтат. «Мурда ишеничтүү адам жок, тааныбаган элге, жерге кантип барам деп чочулап барчу эмесмин. Эми болсо андай кишилер табылып, жакында жөнөгөнү жатам. Алгач Үрүмчү шаарында 2 күн концерт берип, калган сапарымды Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунда улайм. Буга чейин барган ырчылардын баары «сизди көп сурашат» деп айтып келишчү. Менин кезегим келди окшойт, алыстагы боордошторумдун амандыгын сурап, ыр-күлкү тартуулап келейин деп турам»,- дейт Кытайга сапар тартканы камынган Гүлнур Сатылганова.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Чыныгы талантты минтип алыста жашагандар да сыйлайт.Талантыныз ташкындай берсин!!!