№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж
Айжамал Кабылова:«КЕЛИҢИЗ, КИМПАБ ЖАСАЙБЫЗ»
Кимпаб (корей сушиси) жасоо үчүн төмөнкү азыктар керектелет:
Деңиз өсүмдүгү болгон ким жалбырактары (пресстелген) – 4-5 даана
Күрүч – 500 грамм
Туздалган сельд балыгы – 200 грамм
Бадыраң – орточо 2-3 даана
Помидор – орточо 1 даана
Соя соусу Азыктардан тышкары бамбук супарасы керектелет.
Замира Молдошева:«ЖАКШЫ КҮТҮЛГӨН ЧАЧ АР ДАЙЫМ МОДАДА»
– Аялзаты кийим тандоодон же макияж коёрдон мурун өзүнүн тибин туура аныктап алуусу зарыл. Андан кийин ошого ылайык айрым эрежелерди сактоо менен жарашыктуу түстү тандаса болот.
КАЙСЫ ТИПКЕ КИРЕСИЗ?
Аялзатын 4 типке бөлүп карайбыз. Алар:
Кыш – чачынын табигый өңү кара
Жаз – чачынын өңү күрөң, ачык күрөң
Жай – ак же сары түстөгү чачтын ээси
Күз – кызгылт, күрөң кызгылт, сары кызгылт
ЖАРАШЫКТУУ ТҮС ТАНДАҢЫЗ
Типти аныктап алган соң ага карата көз боёктун, кийимдин түсүн туура тандоого мүмкүн.
Кыш – кара, ак, күлгүн, сыя, кочкул жашыл, кочкул көк, кызыл
Жаз – ачык жашыл, сары, күрөң
Жай – кара, ак, күлгүн, сыя, ачык көк, жашыл, кызыл
Күз – кызыл өң аралашкан түстөр, кызгылт сары, кызыл, ачык кызыл
БЫЙЫЛКЫ МОДА
Кийим
Белгилүү «Луи Витон» мода үйүнүн версиясы боюнча 2013-жылдын тренди деп чакмак сызыктуу кийимдер эсептелүүдө. Жогоруда сөз кылынган типтерди эске алып кызыл-ак, кара-ак, кызыл-сары, жашыл-кара же ушул сыяктуу сизге ылайык түстөрдүн айкалышын тандасаңыз, модалуу кийиндим деп эсептей бериңиз.
ЭНДИК (РУМЯНА)Эндикти тандоодо бир эрежеге көңүл буруу керек. Айымдар азиялык жана европалык деп экиге бөлүнүп каралат. Европалыктардын бети ичке келгендиктен, аларга бетти чоңураак көрсөтүү үчүн күлгүн, кызгылт түстөр колдонулат. Ал эми биздин кыргыз бийкечтерине, тескерисинче, бетти ичке кылып көрсөтүү үчүн күрөң, ачык күрөң түстөгү эндик сунушталат. Эндикти беттин формасын гана жакшыртуу максатында эмес, беттеги чарчоонун издерин жашырып, сергек көрсөтүү үчүн да колдонууга болот.
ЧАЧМезгилге баш ийбеген, ар дайым модалуу деп эсептелип келген чач жасалгасы – жакшы күтүлгөн, жалтырак жана жандуу узун чач. Андан тышкары бир канча жылдан бери модадан түшпөй келе жаткан креативдүү каре. Тактап айтканда, алды артынан узунураак же бир капталы экинчисинен кыска жана ушул сыяктуу өзгөчө кыркылган чачтар быйыл да актуалдуу.
Неля:«БАЛЫКТЫН ЖЫТЫН КЕТИРСЕ БОЛОТ»
Нурзат Токтосунова:«КҮРҮЧ КҮЙҮП КЕТСЕ КЕЙИБЕҢИЗ»
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
анан да Гулпери макияжды аябай улуу корсотуп жазап салат, каштарынды тубуно чейин кыркып,
Бул көйгөй тууралуу адистерге кабарлап койдук. Жакынкы арада оңдолот деген ойдобуз.