№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков Тажикстан менен чектеш Көк-Таш чек ара айылына спортзал курууга өзүнүн резервдик фондунан 280 миң сом бөлдү. Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылында 700гө жакын түтүн же 3500 адам жашайт.
Мындан 2 жыл мурда чет өлкөлүк гранттын жардамы менен тургузулган мектептин алдындагы спортзалдын курулушу башталып, бүтпөй калган. Токтогон курулушту аягына чыгаруу боюнча облус башчысы Жеңиш Разаковдун демилгесин колдоп Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков 50 миң сом, Баткен ОИИБинин башчысы Анарбай Алимбеков 12 миң, УМККнын башчысы Талант Салиев 12 миң сом акчалай жардам көргөзүштү.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |
3 күн БАН!