Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МЕН СЕНИ КҮТӨМ!

№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж

Соттун өкүмүн уккан залдагылар бир толкуп алышты. Солкулдаган жигиттин жаштыгын аяштыбы же улам эсинен танып жаткан апасына боору ачыштыбы, айтор, эл уу-дуу боло түшүп тынчыды. Ал эми темир тордун артында турган жигит көзү менен бир гана адамды издей берди. Акыры тапты. Аны көпкө чейин телмире тиктеди да, терс бурулду.

Эртең менен уйкудан ойгонгон Мырза саатты карап алып, ордунан ыргып турду. Апасы даярдап кеткен тамакты шашып-бушуп ичип, калтырган акчаны чөнтөгүнө салып сабагына жөнөдү. Университетке жетейин деп калганда артынан кыйкырган үнгө кылчая калып, жоон топ балдардын коштоосунда келе жаткан Бекти көрдү. Аны көрүп чекесин тырыштырып алды. Анткени бул экөөнүн башынан жылдызы келишчү эмес. Атасы белгилүү фирманы жетектегендиктен, Бектин жан-жөкөрлөрү анын айтканын айткандай аткарышчу. Анын буйругуна моюн толгоп, көрсөткөн жагына баспаган жалгыз гана Мырза эле.
– Кайда шашып баратасың?
– Лекцияга...
– Сабак качпайт. А көрө бери келсең, сүйлөшөлү...
– Сени менен сүйлөшкүм келбейт. Деги эле менден алыс жүрсөң,- деп Мырза жөнөй берди.
Ызырына тике караган Мырзанын үрөйүнөн чочуладыбы, коё берди. Экөөнүн ортосундагы келишпестиктин тамыры тереңде эле. Курсташы Мунира менен Мырзанын мамилеси баарына дайын болсо да, кийинки кездерде Бек жабышып калды. Мунира менен Мырза тээ мектептеги кездеринен бери сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал эми Бек көзү түшкөн кызды коё берчү эмес. Айлана жымжырт. Мырзанын ийинине башын жөлөп отурган Мунира суроо узатты:
– Эмнени ойлонуп жатасың?
– Окуумду бүтүп, аспирантурага тапшырсамбы деп жүрөм. Анан апамды, сени, кор кылбай багып...
– Дагы окуйсуңбу?
– Ооба, окушум керек.
Маанайы түшкөн Мунира ойлуу отуруп калды. Кулагына апасынын үнү жаңырды. «Сен ошол бир бөлмөлүү үйгө келин болуп барсаң жыргайт экенсиң. Китепканачы кайненең, кедей күйөөң болуп... Сенин сулуулугуң менен жок эле дегенде...». «Ооба, Мырза канчалык кыйын болсо да, Бектей болуп мен каалаган байлыкты, жасалгалуу үйдү, алдыма машинаны даяр кыла албайт эмеспи. Демек, мунун жолу башка. Эмитен кеч боло электе...».
Ушинтип ойлогон кыз Мырзаны көпкө карап турду да, үстүнө жамынган пиджагын чечип колуна карматты.
– Мунира, сен кайда?
Ушул окуядан кийин Мунира Мырзадан алыстай берди. Мунун себеби Бектин кымбат баалуу белек­тери эле. Менменсинген сулууну азгырган байлык экенин көңүлүнүн түпкүрүндө
сезсе да, Мырза үмүт үзө алган жок. Туулган күнүнө бара турган болду. Кафенин ичи күрүгүү. Ырдап-бийлеген жаштардын арасында өзгөчө жасанган Мунира жадырай күлүп, өзүн кеченин ханышасы сезип жатты. Бир кезде «Көңүл бургула, азыр силер күтпөгөн шоу болот. Кана, баарыңар сыртка чыккыла» деп чепилдеген Кубат аттуу жигиттин үнү угулду.
Мына сага, кафенин алдында жалтыраган машинанын жанында Бек турган экен. Менменсине жылмайган ал Мунирага жакын келди да, колундагы ачкычты сунду.
– Туулган күнүң менен!
– Койчу?! Бул магабы?
Мунира Бектин мойнуна асыла калды. Ушул учурда топтун арасында өзүн өрттөнө карап турган жигиттин бар экенин сезбеди. Калтырай колундагы жупуну белегин мыжый кармаган Мырза Мунираны телмире тиктеп туруп терс бурулду.
– Мырза!
Артынан кыйкырган досторунун үнүн да уккан жок.

Ххх

Ошол каргашалуу туулган күн­дөн кийин Мырзанын жашоосу түп- тамырынан бери өзгөрдү. Апасынын ыйлаганына карабай окуусун таштап салды. Алгач чакан кеңсеге күзөтчү болуп орношкон. Бою узун, карылуу жигитти көргөндө эле жактырышкан. Ошол жерден «Гранат» деп аталган криминалдык топтун жигиттери менен таанышып калды. Мырза мурун спорттун бокс түрү менен алектенчү. Андыктан анын кара күчүнө кызыккандар ээрчитип өз тобуна кошуп алышты.
Акчанын сормо сазына күндөн-күнгө батып баратты. Алардын темирдей бекем мыйзамын, карышкырдай жулунган жашоо образын, керек жерден өлүмгө башты байлап койгон кашкөйлүгүн үйрөндү. Жан дүйнөсү адилетсиздикке, зомбулукка каршы жигит мындай абалга көп чыдай албады. «Мындан ары чыдай албайм. Кетишим керек. Бирок кайда? Башка шаарга жер которуп кетсем, кутула алаттырмын?» Көптөн бери Мырзанын көкүрөгүн ушул суроо кемирип келет. Мунираны бир көрүп, анан кете берсе арманы жок эле. Акыры тапты. Жолугууга убадалашкан жерге бир саат мурун барып алган экен. Тээ көптөн кийин гана тааныш караан көрүндү. Жай басып келе жаткан Мунираны утурлай чыкты.
– Кандайсың? Мен сени келбейт го дедим эле.
– А мен келдим,- деди Мунира кө­зүнө тике карап. Жүдөп калган экен. Баягы керилген, келбеттүү кыз жок. Көпкө чейин басып кете бе­ришти.
– Үйлөндүңбү? Эки жыл болду жолукпаганыбызга...
– Жок, кыз издегенге убактым болбоду. Өзүң кандай?
– Уккандырсың, Бек менен бир жылдай гана чогуу жашадык. Анан жаман адатын баштады. Ичип, уруп, көрбөгөн кордукту көргөзгөнүнөн апамдын үйүнө кете бергем. Ошол боюнча... Мырза, мени кечир, баарына мен күнөөлүүмүн. Сенин да, өзүмдүн да тагдырымды талкаладым. Мен сени гана сүйчү экем. Кеч түшүндүм.
– Байлык керек беле сага?
– Бул табалаганыңбы?
– Сени эмнеге табалайын? Сени унута албадым, Мунира. Унутуу үчүн канча аракет кылдым? Көксөөм сууйбу деп эмнени гана кылган жокмун? Зөөкүрлүк кылдым. Колум канга булганды. Сен каалагандай акчалуу да болдум. Жүрөгүм ооруп жүрөт, Мунира. Өз жолумдан адашып калгандаймын.
Шуу үшкүргөн Мырза чакан спорттук сумкасынын оозун сыдыра берди. Долларлар... Көргөн көзүнө ишенбей турган Мунирага карап салмактуу сүйлөдү:
– Эми жакшылап ук. Бул акчалар менен бутуңа туруп, жакшы жашап кете аласың. Мен болсо алыс жакка кетип жатам. Кайра кайрылып келе аламбы, билбейм. Анткени артымдан милиция да, башка адамдар да... Ушул учурда Мырзанын кыраакы көзү өзүнө карай келе жаткан милиция кызматкерлерин көрдү. Кимдир бирөө изине салып койгонун сезди. Эми качса да кутула албай калганын туйду. Мунирага шаша ээк какты:
– Кет эми.
– Сенчи?
– Убакыт тар, кет деп жатам.
Милиция кызматкерлери топурап келип калышты. Мырзанын колдору кишенделди. Ал бир кезде артына кылчая берди. Бирок Муниранын караанын көрө алган жок.
Темир тордун артында турган Мырзанын көз алдынан ушулар чууруп өттү. Анын кулагына соттун өкүмү, өзү эмнеге күнөөлөнүп жатканы да угулган жок. Ойлоп көрсө аз убакыттын
ичинде көп нерселерди кылган экен. Эми жазасын алуусу керек. Бирок...
«7 жыл... Күтүүгө дарманым жетеби? Жок, бул жолу Мырза эмес, мен жазаландым. Абийирим, ак сүйүүм жазалады». Ушинтип ойлогон Мунира дирилдеп турду. Анан конвойлордун жетегинде бараткан Мырзага боюн таштап буркурап жиберди.
– Мырза, канча убакыт болсо да сени күтөм. Өмүрүмдүн аягына чейин күтөм...- деди жаш аралаш шыбырай.
Мырза күлүм­сүрөп жиберди. Көптөн бери чын дилинен күлгөнү ушул. Акыркы мүнөттө гана ушул сөздү өмүр бою күткөнүн сезди.

Нуржамал Жийдебаева
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(37)
17.06.2013. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйуунун бар экенин дагы бир ирет далилдеген экен жигит. Бирок, жакшы жагы менен коргозсо мындан да жакшы болмок. Жакшы жагы менен кыздын козунсо болмок. Журок тупкуруно эмес, байлыка азгырылы, алданып жургон кыздарыбыз да аз эмес. Бири-биринердин журогунорду оорутпагылачы суйушкон мекендештер!
17.06.2013. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адамдар ээ суйгөнүнү ойлошот, ошол үчүн баарынан кечти энесичи энесин ойлосо болмок.
17.06.2013. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сен суйгон менен эмес сени суйгон адам менен гана болсон баарына жетесин...
18.06.2013. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sara90, Эки адам бири-бирин суйсо анан гана бактылуу боло алат, мен дагы башында мени суйсо болду деп ойлойт элем, бирок аны суйлосон эч качан бактылуу боло албайт экенсин
22.06.2013. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Cholpon14, менин "больной" точкама тийдин го, секет?!
17.06.2013. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азыр кыздар эле эмес,эркектер деле акчасына карап калган заман!эмнеге озунон 40жаш болсо дагы улуу чалдарга тийип,озунон улуу айымдарды алып жатышат?Баардыгын акча чечип жатпайбы....
18.06.2013. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
allan, токотор жерин айттын, эн туура кеп болду.
17.06.2013. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эхх,журок ооруп кетти го окуп алып... жакшы жазыптыр,чыныгы суйууну чагылдырып.
17.06.2013. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suiuu mn baylik -byilyk...adamdyn jurogun akyly bashkara albay kalgan kez...adal tamak adal ish adal jashoo kaalaim adamzat!
17.06.2013. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыр байлык адамды сүйүүсүн өзгөртө алчу даражага жетти. Баарын акча чечет деп жашагандар канча. Илгерки сүйүүлөр азыр жаралсачы, атаганат...

17.06.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
17.06.2013. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото кайгылуу болуптур...Бирок мен суйгонумо тийгем.менин арманым жок.Бир уулдун бир кыздын ата энебиз.кудаага шугур.
18.06.2013. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
даа кыздардын еен алсыз жери ушу да айабай тез алданышат,уландысы бар болду бекен?
18.06.2013. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
коп жаштарга сабак болчу нерсе экен аттин!
18.06.2013. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элде соз барго"байдын койнунда коркуп жаткандан коро,кулдун койнунда ханыша бол"деген.Ошон учун байлына эмес, оз суйуунорго жеткиле.
18.06.2013. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байлык колдун кири байлыка карабай суйгонунорго жеткиле ден соолук болсо баары озундун колунда байлыкты иштесен табасын суйууну таппайсын
18.06.2013. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байлык башты адаштырган, аягы жакшы болчудай.
18.06.2013. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тарткан портрети Ачиби? Же миллионер из трущоб деген кинодонбу?
19.06.2013. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уландысы барбы???
19.06.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйуунун кучу менен байлыкка жетти бирок жакшы жол менен болгондо аттин...
19.06.2013. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жигит кантип ошондой болсун бир кыз учун АЛЛАХ каалабаган нерсе болбойт да
20.06.2013. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыздардын копчулугу ушундай деп ойлойм! менин да баштан откон
20.06.2013. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уДаа ушундай жашоо экен да бир кем дуйно.Апасына жалко.
22.06.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алда байкуш энесине бербейби ошо долларды.Мурун акчасы жогунда суйбогон азыр суйобу
22.06.2013. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kino kylyp tartsa jakwy kino bolot eken
23.06.2013. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча акча адам барыбир тойбойт туура
23.06.2013. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай сактааа!
23.06.2013. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суйуу деген озу эмне
24.06.2013. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bishkekchanin, биринчиден, башка гезиттерди жарнама кылууга тыюу салынан.
Экинчиден, гезиттин ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
5 күн БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 24.06.2013 12:47
24.06.2013. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мырза Минуранын айынан ушул ишке барган турбайбы...
06.07.2013. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы заманда кыздар эмес балдар байлыкты карап калбадыбы
21.07.2013. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байлык,бийлик менимче иллюзия,озундун фантазияндагы коп нерселерди кылам дейсин бирок,ички дуйнон кем болот,байлык деп журуп коп нерседен ажырайсын.
20.05.2018. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байлык бийлик бир тыйын,Бакыт табуу эн кыйын!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо